Reporter.kg_kyrgyzcha
- Kanalning o'sishi
- Post qamrovi
- ER - jalb qilish nisbati
Ma'lumot yuklanmoqda...
Ma'lumot yuklanmoqda...
Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону Орозобек Токтомамбетов Иорданияда өткөн чемпионатта желекке тизелеп олтуруп, ага таазим кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев Reporter.kg’ге билдирди. Анын айтымында, Орозобек Токтомамбетов өзүнүн салмагында биринчиликти бербей, акыркы күрөштө үчүнчү алтынды тагынды.
Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, райондун Жетим-Дөбө айылында түнү сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Бир бала куткарылып, үчөөнүн сөөгү табылып, 10 жашар бала изделип жатат. Белгилей кетсек, Ноокаттагы селден кийин 9 адамдын сөөгү табылып, бирөө изделип жатат.
Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында жаш баланын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аким Жакыпбек Субакожоев билдирди. Анын айтымында, дайынсыз болгондордон бирөө табыла элек. ӨКМдин маалыматында, бүгүн издөөгө 85 куткаруучу чыкты. Андан сырткары, 67 куткаруучу тарабынан сел кирген жалпы 20 турак үйдү тазалоого киришти. Ага 16 атайын инженердик техника тартылды. Жабыркаган үйлөрдүн жана курулуштардын саны такталууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнь күнү 8 турак үй тазаланган. Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Селдин айынан 9 адамдын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрү кыйылган. Каза болгондордун арасында Казакстандын 4 жараны, жаш балдар каза болду. Кечээ кайра жамгыр жаап, райондогу бир нече көпүрө, анын ичинде Баткен — Ош жолундагы мост дагы бузулуп, жол жабылды. ӨКМ «Абшыр-Ата» эс алуу жайынан 1300 жаранды куткарды.
https://reporter.kg/nookattagy-selden-kaza-bolgondordun-sany…Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.