Калем✍
Жаш акындар тобу❤️ Поэзия сүйүүчүлөр сиздер үчүн 🌟 Ырлар дүйнөсү ❤️ Админ менен баарлашуу үчүн: @nagimatagul @aidanakg
Ko'proq ko'rsatishMamlakat belgilanmaganTil belgilanmaganToif belgilanmagan
580
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
Ma'lumot yo'q7 kunlar
Ma'lumot yo'q30 kunlar
- Kanalning o'sishi
- Post qamrovi
- ER - jalb qilish nisbati
Ma'lumot yuklanmoqda...
Obunachilar o'sish tezligi
Ma'lumot yuklanmoqda...
✨
Занятия, которые помогут тебе вернуться в ресурсное состояние:
1. Уборка = чистое пространство
2. Чтение телеграм канало
3. Прогулка по парку/улице
4. Физические упражнения
5. Мотивационная литература
6. Ранние подъёмы, хороший сон
7. Планирование
8. Неспешный уход за собой
9. Встречи с друзьями и разговоры обо всём
10. Выставки/поход в музей/театр
#саморазвитие
https://www.instagram.com/p/CSLtNZtMp9Z/?utm_medium=copy_linkЖүрөгүмдө кыш сыяктуу
Болуп турат
Жылытарга адам таппай
Тонуп турат
Өзүнчө капалуудай
Согуп турат
Мээрим издеп
Кайдадыр олуктурат
Шашпа дедим
Жаз дагы кирип келет
Жүрөгүмө жылуулук
Мээрим берет
Күндөр өтүп жай дагы
Кирип келсе
Кыналып жүрөктөр да
Ысыктан Эзилишет
Айланып күндөр өтүп
Куз да келет
Жазда экен данегибиз
Момоо берет
Мына минтип бир жылдык
Убактыбыз
Кеде үшүп Кеде ысып
Өтө берет
Автор: А.Алыкулов
СООЛУБАСЫН МАХАБАТ
Үч сөз терип айталбадым, татыксыздай жаштадым,
Айлам кетип ырлар менен, сезим арнап баштадым.
Сезбединиз не кылайын, күч жок экен айтышка
Ушунчалык ойго батып, суроомо жооп таппадым.
Акыл калчап көп ойлондум себептерин издедим,
Жүрөгүмө жай бербестен сурамжылап тилдедим.
Согуп-сокпой тыс-тыс этип, "мен да билбейм" дегенде,
Билесизби асыл инсан, мен не дешти билбедим!
Эркелетип не кыласыз, үмүт менен кубанып?
Жашырбайын эртели кеч дал мен сымал кубарып.
Эки жолго түшөөрүбүз болсо анык айтсаныз...
Неге анда азыр барат мамилебиз уланып?
Баратабыз сапар тартып кайсы жайды аралап?
Көңүлдөрдү албайлычы кокусунан жаралап
Бакыт гана тартуу кылып болсок кана бактылуу?
Жан дүйнөдө гүл ачылган соолубасын махабат.
Автор: Эльмарт кызы Эльзада
19.04.2021
Адал м-н арамды билбейсиңби
Адамдарды бай кедей деп иргейсинби
Беш күндүк мына жалган дүйнөдөн сен
Жакшылык кылбай өтүп кетесинби
Өмүрдүн гүлү соолуп күндөн күнгө
А сен болсо жүрөсүң кыйын болуп
Көкүрөктү каккылап кыжырдантып
Акчаң менен мактанасың жер жүзүнө
Эй тууганым! Эсине сал, унутпагын
Акчаң эртең маанисиз кагаз болот
Күнөөлөрүн таразага салган кезде
Акчаларың сага келип колун созбойт
Кел тууганым кыйынсынба бул өмүрдө
Жаратканым окшош эле жараткан го
Топурактан жаралганбыз эгер билсең
Ошон үчүн жөнөкөй бол, менменсинбе
Ахмат кызы Ализа
Адам болгун!!
Кандай баштайм, сөздөрүм ичиме толуп барат
Көңүлүм баарын көрүп негедир, тынчсызданат
Кайда калган? Жоголгонго адамдык сапаттарын
Кылган ишин мүнөзүңдү булгап турат!!
Адам болгун! Мүнөзүңдү түздөп тургун
Кылчайып муктаждарга колуң сунгун
Корс болуп, көңүл сынар сөз айтпагын
Көңүл деген назик болот унутпагын!
Баш көтөрүп бийик койгун намысынды
Азыр оңдоп,ташта жаман адатыңды
Эч болбосо,бир ирээт ойлоп койгун
Жаныңдагы ата-эне жакыныңды
Автор: Калиева Каниет
Сиздин өсүп-өнүгүшүңүзгө, маанайыңыз көтөрүлүшүнө, жан дүйнөңүз азык алуусуна түрткү бере турган каналдар топтому төмөндө👇
ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ
МААНИЛҮҮ ГАНА ФОТО-ВИДЕОЛОР ТОПТОМУ
ЖАШ АКЫНДАР ТОБУ🎶❤️
Алтын сертификат сизге насип кылсын
🌼ПАЙДАЛУУ МААЛЫМАТ🌼
Диктор кыз
Китеп дүйнөсүнө саякат!
КЫРГЫЗЧА ФАКТ ДҮЙНӨСҮ💡
СИЗ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ КАНАЛ
Жан дүйнө азыгы
🖤СҮЙҮҮ ВИДЕОЛОРУ
💚Аллах жүрөктөрдүн ээси..!!!💛
Музыка🇰🇬
🕊Асыл ойлор 🕊
ЦиТаТаЛаР пЛаНеТаСы🕊
🎓Окууга түрткү берүү🎓
🦦 сенин оюң менин чөнтөгүмдө
Автор : Замир кызы Алтынай
АГАЙ МЕНИ СҮЙӨСҮЗБҮ?
Жактырып калдым сизди агатайым,
Сабакка сиз бар үчүн барам дайым.
Кызыктым жашооңузга билгим келди,
Жок бекен жашооңузда башка айым.
Бир күнү сүйгөн жарым жок дедиңиз,
Чын эле жүрөгүм бош дедиңиз.
Өзүңүз жөнүндө айтып жатып,
Мен туулуп өскөн жерим ош дедиңиз.
Сиз келип кызык болду мектеп мага,
Сезилди жагымдуудай китепкана.
Бир карыш жаныңыздан чыкпай жүрүп,
Өмүрдү сүрүп калдым сиздеп гана.
Мектепти аяктадым ашык болуп,
Көзүмө көштошкондо жашым толуп.
Балалык аруу таза сүйүктүмсүз,
Жолочум сиз болдуңуз багыт берип.
Айтпасам ичке катып сезимимди,
Агатай кийин сизге кезигемби?
Жашырып сүйөөрүмдү айтпай жүрүп,
Ашыкмын деп айтууга кечигемби?
Өзүмдү кыйнабай айтып салып,
Каламбы көздөрүмдү алып качып.
Сиз мени сүйбөймүн деп кетесизби,
Жүрөккө кайгынын тагын жазып.
А балким мени сүйүп жүрөсүзбү?
Билгизбей көрүшкөндө күлөсүзбү?
Менин да сезимимди козгоп анан,
Жашыруун ичиңизден сүйөсүзбү?
АК СҮЙҮҮ
Арман болбос койсоң өзүң кезигип
Сен да койчу бул тагдырды кечирип
Жолотпостон өзгөлөрдү жаныма
Тиленгеним калбачы сен кечигип
Бүтүн аалам мага чексиз сезилет
Жоктугуңда жүрөк ыйлайт, эзилет.
Ырларыма өзүң болуп себепкер
Жан дүйнөмдө сыйкыр күүсү чертилет
Алыстарга алып кетчи түбөлүк,
Аалам сырын бирге чечип жүрөлүк.
Аппак таза сүйүүбүздү тоңдурбай
Жетелешип турмуш доорун сүрөлүк.
АВТОР: ЭЛЬМАРТ КЫЗЫ ЭЛЬЗАДА
Boshqa reja tanlang
Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.