cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

Курандын кыргызча мааниси

Ko'proq ko'rsatish
Mamlakat belgilanmaganTil belgilanmaganToif belgilanmagan
Reklama postlari
468
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
Ma'lumot yo'q7 kunlar
Ma'lumot yo'q30 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

Hammasini ko'rsatish...
ШЕЙХ АЛЬ-УСЕЙМИН ОРОЗО ФИТИРДИН ӨЛЧӨМҮ ЖАНА АЛ КИМГЕ МИЛДЕТТҮҮ?

🌿 ФИТР САДАКА (же ОРОЗО ПИТИР) - Рамазан учурунда, ар бир кишиден, белгилүү тамак-аш менен, белгилүү өлчөмдө берилчү, милдеттүү садака.http://islamjolu.kg/3...

00:40
Video unavailableShow in Telegram
Хужурат (49:13) يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ
Hammasini ko'rsatish...
00:22
Video unavailableShow in Telegram
Качан намаз окуйсун?
Hammasini ko'rsatish...
🌙 ЖАРЫЯ: Саудиядагы ай кароо боюнча комитеттердин билдиришинче, бүгүн Саудиянын бир нече аймактарында Рамазандын жаңырган айы көрүндү. Ага ылайык, Сауд Аравиясынын Жогорку соту, эртеңки ишемби күндү Рамазан айынын алгачкы күнү - деп расмий түрдө жарыялады. Кирип келген Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!
Hammasini ko'rsatish...
00:39
Video unavailableShow in Telegram
«Шарх» сүрөсү سورة الشرح Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен! 1. Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи? 2. Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык. 3. Ал сенин желкеңди эзип турган. 4. Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк. 5. Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. 6. Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. 7. Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш 8. жана Раббиңе гана умтул!
Hammasini ko'rsatish...
Шуара 176-191-аяттар
Hammasini ko'rsatish...
«Маида» сүрөсү Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен! 116. Жана бир кезде Аллах айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң! 117. Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң. 118. Эгер аларды азапка салсаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!” 119. Аллах айтты: «Ал (Кыямат) Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул -эң улуу жеңиш! 120. Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасында болгондун баары Аллахтын мүлкү! Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»
Hammasini ko'rsatish...
ИСА МЕНЕН АЛЛАХТЫН МАЕГИ! ХРИСТИАНДАРГА ДАЛИЛ! АЛЬ-МАИДА СҮРӨСҮ 116-120-АЯТТАР
Hammasini ko'rsatish...
Жыйырма тогузунчу бөлүм 67 «Мүлк» сүрөсү سورة الملك Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен! 1. (Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. 2. Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү! 3. Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?! 4. Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет! 5. Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук. 6. Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу! 7. Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган! 8. (Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?»-деп сурайт. 9. Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”. 10. Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!». 11. Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!
Hammasini ko'rsatish...
Жыйырма тогузунчу бөлүм «Мүлк» сүрөсү سورة الملك Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!
Hammasini ko'rsatish...