cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

ЖРТ - "СЕКОМ"

Ko'proq ko'rsatish
Mamlakat belgilanmaganTil belgilanmaganToif belgilanmagan
Reklama postlari
2 683
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
Ma'lumot yo'q7 kunlar
Ma'lumot yo'q30 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

3) Үсөнбек мугалимби? Үсөнбек деген сөздөн кийин кандай тыныш белгиси коюлушу керек?Anonymous voting
  • үтүр
  • сызыкча
  • кош чекит
  • тыныш белгиси коюлбайт
0 votes
1) ка...ат, ише...би, ка...чы, та...байт Кайсы катардагы тамгаларды ирети менен койсок, жогорудагы сөздөр туура жазылат?Anonymous voting
  • в, м, ч, н
  • в, н, ш, м
  • б, н, ч, н
  • б, м, ч, м
0 votes
2) Кайсы варианттагы сөздүн акыркы мүчөсү жаңы маанидеги сөз жасады?Anonymous voting
  • чогоолдук
  • жоголдук
  • корголдук
  • торолдук
0 votes
3) Төртүнчү (4) абзацта айтылгандар -Anonymous voting
  • жыйынтыктоо
  • жалпылоо
  • чечмелөө
  • далил
0 votes
2) Биринчи абзацтагы “озуйпа” деген сөздү кандай түшүнүү керек?Anonymous voting
  • кызмат
  • милдет
  • касиет
  • карыз
0 votes
1) Автордун ою боюнча төмөндөгү айтымдардын кайсынысы туура?Anonymous voting
  • Балага атты улуу адамдар гана коё алат.
  • Бала өз атын көтөрө албай калышы мүмкүн.
  • Молдо чакырып, баланын кулагына азан айттырса болот.
  • Баланын ата-энеси ага ат коё алышпайт, койбошу керек.
0 votes
(1) Төрөлгөн баланын ата-энеси, демейде, ага ат берүү укугун өзүнөн улуу жакын адамдарына ыроолойт. Уулума же кызыма ак бата берип, ысым ыйгарыңыз деп биринчи кезекте өз ата-энелерине кайрылышат. Алар өз кезегинде чоң ата-чоң энеге, айрым учурларда таята-таенеге ушул сыймыктуу озуйпаны өтөөгө жол бошотуп беришет. Чүрпөсүнө өз алдынча ат тандоо адепсиздиктин, салт билбестиктин белгиси катары бааланган. (2) Ат коюу акысына ээ болгондордун ана башында айылдын аксакалдары, аалымдар, олуялар, устаттар, бий-төбөлдөр да болушкан. Бул ысымды түкүн залкар, балан баатыр ыйгарган деп айтуу да өзүнчө бир сыймык эмеспи. (3) Беделдүү-белдүү адамдардын алдынан өтүп, анын атын өз бөбөгүнө ыйгарууга уруксат суроо салты да бар бизде. (4) Ушундай жолдор менен ата-эне бир канча максатка жеткен. Биринчиден, атын сиз коюп бериңиз деген кичипейилдик кимдин гана болбосун жүрөгүн жылытпай койбойт. Жүрөктүн жылышы жана жибиши — бул берилген ак батанын дал өзү. Экинчиден, аны-муну көбүрөөк көрүп, тереңирээк билген улуу адамдардан, дагы да олуттуу сунуш, салакалуу акыл чыгары чындык. Үчүнчүдөн, бул — көңүл алуунун мыкты жолу. Таарынышкандарды табыштырчу, тааныштарды жакындатчу, жакындын жакындыгын, кымбаттыгын тастыктачу адамгерчилик ишарат. Төртүнчүдөн, чыгаан адамдарга ат койдурууда ошолор багынткан бийиктикти балам да ашып өткөй деген купуя тилек камтылган. (5) Атты баланын оң кулагына азан, сол кулагына комат айтып, анан коюу шарты жана салты бар. Көпчүлүгү бала төрөлүп, бир канча күн төрөт үйүндө жатып, анан үйүнө келип, ат коёлуга келгенде гана атайын молдо чакырып, анан азан айттырат баланын кулагына. А чынында бул милдет үчүн молдо чакыруу шарт эмес. Ата өзү же дагы башка жакындары деле даарат алып, дене менен дилди аруулап туруп айтса болот азанды. Баланын ырыстуу болушун тилеп, бул дүйнөдөгү эң алгачкы укканы ыйман сөзү болсун деп, ал төрөлөрү менен кулагына азан айткандар бар. Ал үчүн балага ат тандалышын күтүү талабы жок. (6) Кээ бир аттарды оор деп балага коюшкан эмес. Мисалы, Манас деген атты ар кимге эле жараша бербейт, көтөрүү оор деп эсептегендер бар. Мен мурда мындай ат бала үчүн оор деп ойлочу элем. Көрсө, бала үчүн эмес, анын ата-энеси, жакындары, чөйрөсү үчүн оор болот тура. Ата-эне деген баланы кээде урушат, ага ачуу жана катуу айтат. Ага-эженин, тууган-туушкандын деле айрым учурда оозунан ак итип кирип, кара ит чыга тилдеши боло жүрчү көрүнүш. Бирок "Ээ, Манас" деп атын атап, баланы сөгүү же каргоо — кандай бейопа көрүнүш. Балаңа пайгамбардын, баатырдын, аалымдын же жөн гана ардактуу, сыйлуу инсандын атын берген соң ошого жараша сый-урмат көрсөт. Атамдын көзү өткөн соң агамдын уулу төрөлүп, аны Кадырбек деп атоону ойлонуп, кайра баш тартканбыз. Анткени бала тентектик кылса ачуу менен Кадырбек атанын атына акарат келтирүүдөн корккон элек. (Нуржигит Кадырбеков, https://sputnik.kg/columnists/20201227/1050917281/at-koyuu-madaniyaty.html)
Hammasini ko'rsatish...
Баланын шагы сынып, көңүлү түшпөсүн! Кыргыздын ат коюу маданияты

Колумнист Нуржигит Кадырбеков бала балакатка жетип акыл-парасаты жетиле баштаганда өз ысымы үчүн шагы сынып, көңүлү түшпөгөндөй, ата-энесине нааразы болбогондой нарктуу ысым табуу милдет экенин эске салды.

3) март : апрельAnonymous voting
  • жума : ишемби
  • кайырма : куплет
  • июль : август
  • декабрь : январь
0 votes
2) тарак : чачAnonymous voting
  • кашык : айран
  • калем : кагаз
  • кайчы : кездеме
  • автоунаа : бензин
0 votes
1) татаал : кыйналууAnonymous voting
  • кымбат : соодалашуу
  • катуу : жумшартуу
  • жаңы : сатып алуу
  • суук : үшүү
0 votes
Boshqa reja tanlang

Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.