6 659
Підписники
-324 години
-127 днів
-4530 день
Архів дописів
Repost from ТИЛМЕЧ
🎥 ТАКБИР ТАШРИК АЙТУУ ВАЖИП, АНЫ АЙТПАСАҢЫЗ КҮНӨӨКӨР БОЛОСУЗ
Максат ажы Токтомушев
⚠️ Такбир ташрик дубасын төмөндөгү шилтеме аркылуу көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/dubazikir/174
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Repost from ТИЛМЕЧ
⚠️ ЭРТЕҢ АРАФА КҮНҮ:
Быйыл 2026-жылы Арафат күнү 26-майга туш келет.
Repost from ТИЛМЕЧ
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2026-жылы Арафат күнү 26-майга туш келет.
Арафат күнү боюнча орозо убактыларын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/tilmech/5286
Repost from Дубалар жана зикирлер
+7
🔵 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ ЖЕТИ ЗИКИР СӨЗҮ
Бул зикир сөздөрүн маанисин түшүнүү менен дайым айтып жүрүү көптөгөн соопторго жеткирет.
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ЗИКИР СӨЗДӨРДҮН МААНИЛЕРИ:
🔹 СУБХАНАЛЛАХ – Аллах айып-кемчиликтерден аруу.
🔹 АЛХАМДУЛИЛЛАХ – Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун.
🔹 АЛЛАХУ АКБАР – Аллах улук.
🔹 ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ – Аллахтан башка кудай жок.
🎞 АЛЛАХКА ЭҢ СҮЙҮКТҮҮ 10 КҮН КЕЛДИ
⚠️ Быйыл 2026-жылы Зулхижжа айы 18-майда башталат.
▷ t.me/risalatkg
Repost from ТИЛМЕЧ
❏ ЗУЛХИЖЖА АЙЫНДАГЫ ОРОЗОДО ООЗ БЕКИТҮҮ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат.
❏ ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ ЖАНА КАЙСЫ ДУБА АЙТЫЛАТ?
Зулхижжа айынын орозосу деп жүрөктөн ниет кылынат жана дуба айтыш шарт эмес. Ниет кылса жетиштүү.
❏ СӨЗСҮЗ ОН КҮН ОРОЗО КАРМАШ КЕРЕКПИ?
Эгерде Курман айтка чейинки тогуз күндү толук кармаса, анда сообу да ошончолук көп болот. Себеби хадисте пайгамбарыбыз ﷺ тогуз күндү толук кармаган деп келет. Эгерде толук кармай албай тургандай абалда болсо, анда колунан келишинче кармай берет, канчалык көп кармаса, ошончолук сооптуу. Айрыкча Курман айттан алдынкы Арафат күнүндөгү орозону сөзсүз кармоо зарыл.
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2026-жылы Зулхижжа айы 18-майда башталат.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Repost from ТИЛМЕЧ
⚠️ Быйыл 2026-жылы Зулхижжа айы 18-майда башталат.
Намаз календарындагы багымдат намазынын убактысына чейин ооз бекитилип, шам убактысында ооз ачылат.
➤➤ https://t.me/tilmech
Repost from ТИЛМЕЧ
❏ СУРОО:
Айт күнү курмандык чалам деген адамга чачын жана тырмагын алганга болбойбу? Бул анын аялы, бала-чакасына да тийиштүүбү?
❏ ЖООП:
Курман Айтта мал соём деген адамга чачын, тырмагын жана денесиндеги (б.а. колтуктагы, жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы) түктөрдү алууга болбойт. Андыктан мал соём деген адам Зулхижжа айы кире электен алдын чачын, тырмагын жана денесиндеги түктөрүн алып тазалануусу зарыл. Умму Салама риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ айткан:
«Кимде-ким курмандыкка мал соё турган болсо, анда Зулхижжа айы жаңыргандан баштап курмандык чалганга чейин чачын кыркпасын жана тырмактарын албасын». (Сахих Муслим, 1977)
Бул өкүм курмандык чалган адамдын жеке өзүнө гана тийиштүү, анын аялы, бала-чакасына тийиштүү эмес. Ал эми ким чачын же тырмагын билбестен алып алган болсо, анда сойгон курмандыгынын сообу азайбайт жана күнөө болбойт. Ханафи мазхабы боюнча Айтка чейин чач менен тырмак албастан кечиктиргени мустахаб деп айтылган.
Курмандык чалган адамга чачы менен тырмагын албасын деген буйруктун негизги сыры – курмандык чалган адам ажылык кылган адамга окшош ибадаттарды кылуусу, мисалы, ажылыкка барган адам курмандык соёт, ошондой эле ал ажылыкта ихрам кийгенден баштап ага чачын, тырмагын, денесиндеги түктөрүн алууга тыюу салынган. Ошол сыяктуу курмандык чалган адам да ушул ибадаттарды кылуу менен ажылык кылган адамга окшошот, аларды аткаруу менен Аллахка жакындайт.
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2026-жылы Зулхижжа айы айдын жаңырышына карап 17- же 18-майда башталат (бүгүн кечинде шамдан кийин ай каралат).
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Repost from ТИЛМЕЧ
⚠️ Хадистин түшүндүрмөсүн төмөнкү шилтемеден окуңуз ➤➤
https://t.me/tilmech/5259
🎞 ЭҢ УЛУК, ЭҢ ООР КЕЛМЕ
📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
Repost from ТИЛМЕЧ
🔴 ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР
❑ Гусул деген эмне?
Гусул деген – денени баштан-аяк таза суу менен жуу жана тазалануу.
❑ Гусул кантип алынат?
Ханафи мазхабы боюнча гусулдун 3 парзы бар: ооз-мурунду таза чайкоо жана дененин бир дагы жерин кургак калтырбастан толук жуу. Ушуларды аткарса, гусул алган болуп эсептелет.
❑ Сүннөткө ылайык толук гусул кандай алынат?
– Гусул алууну ниет кылуу;
– Колдорун үч жолу жуу;
– Сол колу менен жыныстык мүчөсүн жуу (истинжа);
– Намазга даарат алгандай даарат алуу;
– Башына суу куюп, чачтарынын арасына суу киргизип жуу;
– Сууну алгач денесинин оң жагына куят, андан кийин сол жагына куюп, денесин толук жууйт;
❑ Кайсы абалдарда гусул алуу парз болот?
Төмөнкү абалдарда гусул алуу парз:
– Аял-күйөөнүн ортосундагы жыныстык катнаштан кийин;
– Уктаган же ойгоо абалда эркектен жана аялдан уруктуктун чыгуусу, түшүркөө (поллюция);
– Уруктук (сперма) чыкпаса да, эркек менен аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн бири-бирине тийүүсү;
– Аялдын айызы бүткөндөн кийин;
– Төрөттөн кийинки нифас каны токтогондон кийин;
– Ислам динин кабыл алганда;
– Адам өлгөндө аны жуунтуу;
❑ Гусулсуз абалда кандай нерселерди кылууга болбойт?
Гусулсуз абалда төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:
– Намаз окуу. Парз болобу, нафил болобу, дегеле намаздын кандай түрү болбосун, гусулсуз окууга болбойт.
– Каабаны таваф кылуу, тагыраак айтканда Каабаны айланууга болбойт.
– Куран китебин кармоо. Анткени Куран китебин гусулдуу жана даараттуу адам гана кармаганга уруксат. Ханафи мазхабында Курандын тафсирин да гусулсуз кармоого болбойт деп айтылат.
– Куран окуу, китептен болобу, оозеки болобу, айырмасы жок, гусулсуз адамга Куран окуу тыйылган.
– Мечиттин ичинде олтуруу.
❑ Гусулсуз абалда кайсы нерселерди шариятта кылууга уруксат?
Гусулсуз абалда Куран угуу, ооз жабуу, зикир кылуу, дуба кылуу жана Курандан башка диний китептерди окууга уруксат.
❑ Кайсы учурларда гусул алуу сүннөт болуп эсептелет?
Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ажылыкка же умрага ниет кылып, ихрам кийимин киерде, Арафатта туруудан алдын жана өлүктү жуугандан кийин сүннөт болуп эсептелет. Ошондой эле ыйык жерлерге барардан мурун гусул алып чыгуу да мустахаб.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🎞 НООРУЗ ҮЧҮН ЖАСАЛГАН СҮМӨЛӨКТҮ ЖЕСЕ БОЛОБУ?
Чубак ажы Жалилов
▷ t.me/risalatkg
🎞 НООРУЗ ТУУРАЛУУ АЧУУ ЧЫНДЫК (СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ)
Чубак ажы Жалилов
▷ t.me/risalatkg
Мусулман бир туугандар Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун! Аллах Таала Рамазан айында баарыбыздын туткан орозобузду, кылган жакшылыктарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өз ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!
Аамиин!
Вже доступно! Дослідження Telegram за 2025 — головні інсайти року 
