КР ӨКМ/ МЧС КР
Відкрити в Telegram
🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий Telegram каналы —- Официальный Telegram канал Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики
Показати більше453
Підписники
-124 години
Немає даних7 днів
-130 день
Архів дописів
20.07.2026
‼️СУУЧУЛДАР СОҢ-КӨЛДӨН 16 500 метр УЗУНДУКТА БАЛЫК УУЛООЧУ ТОР ЧЫГАРЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Сөң-Көлдөгү тазалоо иштеринин натыйжасында суу түбүнөн 16 500 метр узундуктагы мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду чыгарышты.
Суу түбүнө кезеги менен түшүп иштеген ӨКМдин суучулдары 9 метр тереңдикке чейин түшүп, Соң-Көлдү торлордон арылтышты.
АНОНС | «ОТКРЫТЫЙ КАБИНЕТ: ОДИН ДЕНЬ С МИНИСТРОМ»
Коллеги, приглашаем представителей СМИ принять участие в новом формате — «Открытый кабинет: один день с министром».
В рамках проекта журналисты проведут один рабочий день вместе с министром чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Канатбеком Чыныбаевым, чтобы увидеть работу ведомства изнутри: не только официальные встречи и совещания, но и реальные задачи, решения и ответственность руководителя службы, которая ежедневно стоит на защите жизни и безопасности граждан.
Главная тема дня — «ПРИЗВАНИЕ СПАСАТЬ».
Маршрут будет построен вокруг работы МЧС: объекты, где реализуются задачи по предупреждению чрезвычайных ситуаций, укреплению безопасности населения, развитию спасательной инфраструктуры и повышению готовности подразделений.
Журналисты смогут увидеть министра не только как руководителя государственного органа, но и как профессионала команды Президента Кыргызской Республики, который лично контролирует выполнение поставленных задач и отвечает за результат.
📍 В программе:
— посещение объектов МЧС;
— знакомство с работой подразделений;
— встречи со спасателями и сотрудниками службы;
— возможность задать вопросы министру;
— рабочие моменты «одного дня с министром».
🕡 Сбор журналистов: 18 июня
06:30 утра
📍 Адрес: г. Бишкек, ул. Осмонкула, 128 Б
ЦУКС МЧС Кыргызской Республики
Форма одежды для журналистов:
Поскольку объекты МЧС предполагают выездные условия, просим подготовить полевую/удобную одежду и обувь: закрытая обувь, куртка/жилет, соответствующая погодным условиям.
Для участия необходима аккредитация.
📞 Ответственный за аккредитацию: ДЕДЛАЙН СЕГОДНЯ!
Махабат
0708 425 987
Ждём представителей СМИ!
6.06.2026
❗ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
6-июнь, түнкү саат 12:10го карата ыкчам маалымат. Учурда жерине жалпы 149 адам, 35 инженердик техника тартылган.
Алар:
* КР Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана 1 кызматкер;
* КР ӨКМден 102 куткаруучу;
* КР ИИМден 15 кызматкер;
* Жараткан коргонуу кызматтарынан 22 кызматкер;
* тез жардам кызматынан 2 бригада 8 кызматкер тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР ЫСЫК-КӨЛ БАШКАРМАЛЫГЫ
5.06.2026
БАЛЫКЧЫ — АНАНЬЕВО — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы — Ананьево —Каракол унаа жолунун болжол менен 100 чакырымын каптап, эки тараптуу жабылып, 2-3 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы
ӨКМ Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө
Кечээ, 19-майда Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катуу жаандан улам сел жүрүп, бир катар объектилерди суу каптаган. ӨКМ кызматкерлери селдин кепеттерин жоюу иштерине тартылып, жер-жерлерде ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2026-жылдын 19-майында саат 19:30 чамасында Маман айылында кокту колоттордон келген сел суулары Каракол – Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымындагы жолдун жээгин жеп, жалпы 11 турак үйдүн короо жайларын каптаган (Маман айылында - 4, Отуз-Уул айылында - 3, Үч – Кайнар айылында - 4).
ӨКМ кызматкерлери Отуз-Уул, Үч-Кайнар айылдарында суу каптоо коркунучун жоюп, Маман айылында жумуштар улантылууда. Ал эми 11 турак үйдүн короолорун каптаган суулар жерге сиңип кеткен.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кечээ мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен, тоо кыркаларынан келген сел суулары Жапа-Салды, Ак-Там айылдарындагы сел өтүүчү сайлардан өтүп, Т.Балтагулов айыл аймагынын Кызыл-Ата айылында 3 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген. Мындан сырткары Ала-Бука айыл аймагынын Кербен—Ала-Бука унаа жолунун 23.8-чакырымында жайгашкан көпүрөнү (каттам бар), Сары-Талаа айылынан чыга беришиндеги Ала-Бука – Сай жайлоосуна кеткен ички чарбалык унаа жолдогу көпүрөнү, Достук айылында 50 метр ички чарбалык жолду суу жеп, каттам убактылуу токтотулган.
Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМ кызматкерлери атайын техникалардын жардамында турак үйдүн жер төлөөсүн сел сууларынан толук тазалашкан. Ал эми Кербен—Ала-Бука унаа жолунун 23.8-чакырымында жайгашкан көпүрөнү жана Достук айылында 50 метр ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери бүгүн, 20-майда жүргүзүлөт. Ала-Бука жайлоосуна кетүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери айыл аймакка милдеттендирилди.
Мындан тышкары Аксы районунда кечээ, 19-майда саат 20:30 чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел суулары, Ак-Жол айыл аймагында жалпы 7 турак үйдүн короосун каптаган (Жаңы-Жол айылында 2, Караган-Сай айылында 3, Жолборсту айылында 2), Кичи-Ак-Жол–Пионер-Лагерь ички чарбалык унаа жолунун 2–3-чакырым аралыгын кум шагылга толтурган (каттам бар), Кичи-Ак-Жол–Жолборсту ички чарбалык унаа жолунун 3–4-чакырым аралыгындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн бир устунун (опора) сел суулары жеп кетип, 1 жеңил унаа туруп калган (каттам убактылуу жабык). Кара-Камыш айыл аймагындагы Сыны айылында 1 жеңил унааны сел агызып кеткен. Ошондой эле Таш-Көмүр – Кара-Жыгач – Кербен унаа жолунун 45, 48-чакырымын каптаган, жол каттам убактылуу жабылган.
Селдин кесепетин жоюуга ӨКМ кызматкерлери атайын техникалары менен тартылып, Таш-Көмүр—Кара-Жыгач—Кербен жолунун 45, 48-чакырым аралыгы бир тараптуу тазалап ачышкан. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 20-май күнү улантылат.
Ошондой эле Майлуу-Суу шаарында 2026-жылдын 19-майында саат 22:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары, Ленин көчөсүндө унаа жолун каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.
Селдин кесепетин жоюуга КР ӨКМден 7 кызматкер, Жарандык коргонуу кызматтарынан 10 кызматкер, мэриядан 1 экскаватор тартылып, иш-чара толугу менен аяктаган.
Ош шаарында саат 22:40 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Амир-Тимур кичи районунун Ч.Айтматов көчөсүндө 3 турак үйдүн короолору аркылуу жаандын суулары агып өтүп, жерге сиңип кеткен. Жерине суу каптоо коркунучун жоюуга ӨКМ кызматкерлери тартылып, жеринде ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
14.04.2026
ЧУҢКУРЧАК ЖАЙЛООСУ ТАРАПТА ТООНУН БООРУНАН ӨРТ ЧЫКТЫ
Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:11де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу жана ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ (3 кызматкер) жөнөп кетти.
Кошумча саат 12:32де Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токой кызматынан 10 кызматкер, жалпы 27 кызматкер тартылды. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
13.04.2026
КАНЧАЛЫК КАЛЫҢ КИЙИНСЕҢ ДА СУУК СӨӨКТӨН ӨТҮП, ЧУЧУККА ЖЕТЕТ...
ӨКМдин Суучулдар кызматынын улук суучул-нускоочусу Азамат Токтоналиев.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
АК-САЙ АЙЫЛЫН СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛГАН КАНАЛДЫН ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынын Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында узундугу 1823 м түзгөн сел өтүүчү каналдын жээги бекемделүүдө.
Айыл тургундарын түйшүккө салган каналдын нугу жыл сайын жүргөн селден улам кумга толуп калган. Аба ырайынын жогорулашынан улам жаандын жаашы кайрадан сел жүрүү кооптуулугун жараткандыктан ишти тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган.
22-мартта башталган жумушка жалпы 2 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылып, арыктын нугун тазалап, жээгин бекемдөө иши апрель айынын ортосунда бүтүрүү каралган. Натыйжада 437 турак жайдан турган жалпы Ак-Сай айылы, 30 гектар айдоо аянты сел каптоо кооптуулугунан коргоого алынат.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы
07.04.2026
АР БИР КОМАНДИР — ӨЗ ДООРУНУН ЖҮЗҮ...
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында тоосунда тоңуп, курал кармап, элди жерди коргогондордун курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да болгон.
Мына ушундай коогалаңдан кийин Баткен облусунун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты жана аймакты сактоо, кырсыктан куткаруу максатында 2000-жылдын 25-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Жол айылында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86017 аскер бөлүгү түптөлгөн.
Бул аскердик бөлүк Үчүнчү издөө-куткаруу отряды аталып, жаңы тарых барактарын мындан 26 жыл мурда ачкан.
