uk
Feedback
Шейх Муаз Хава

Шейх Муаз Хава

Відкрити в Telegram

Тасаввуф хикматтары. ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/hanafiajordan https://t.me/Muazhawwa

Показати більше
2 925
Підписники
+224 години
-117 днів
-5230 днів
Архів дописів
"Кайсы бир ишти кылсаң- ыклас менен кыл" Жакшылыктын баарын колдон келишинче жасоого аракет кыл. «Аттиң, муну кылсам болмок экен» деп өкүнүп калбагыдай жашагын. Анткени адамдын эң чоң байлыгы -артында калтырган жакшы изи. Даанышман адамдар: «Ушундай иштерди кыл, сен бул дүйнөдөн кеткенден кийин адамдар сенин жоктугуңа өкүнүп, жакшылыгыңды сагынып эстесин», - деп айтышкан. Адам бул дүйнөдөн өткөн соң анын байлыгы эмес, кылган жакшылыгы, адамгерчилиги жана элге берген пайдасы эсте калат. Ошондуктан кайда жүрбө, артыңдан жакшы сөз, жакшы из жана жакшы эскерүү калтыр. Үлгүлүү адам бол. Жөнөкөйлүк - адамдын көркү, ал эми ыклас - ар бир жакшы иштин негизи. Элдин мактоосуна алданба. Бүгүн мактаган адам эртең унутушу мүмкүн. Сенин максатың- адамдарга көрүнүү эмес, жакшылык кылуу болсун. Жакшылыкты мактоо үчүн эмес, жүрөктөн кыл. Анткени ыклас менен жасалган кичинекей жакшылык да адамдын артынан чоң из болуп калат.

photo content

Ар бир нерсе өз убагы менен болот. Келчү адам - келет, кетчү адам - кетет. Адам баласы кээде айрым нерселерди кармап калгысы
Ар бир нерсе өз убагы менен болот. Келчү адам - келет, кетчү адам - кетет. Адам баласы кээде айрым нерселерди кармап калгысы келет, бирок Жараткандын жазган тагдырына эч ким тоскоол боло албайт. Ар бир жолугушуунун өз убактысы, ар бир кызматтын өз мөөнөтү, ар бир кетүүнүн артында өзүнчө бир сыр бар. Биз көрө албаган жакшылыктарды Жараткан билет. Кээде кетчү адам кетмейин, келчү адамдын келүүсү узарып кете берет. Ал эми кайсы бир жерден кетүү талап кылынса, балким, бул ошол жердеги сенин милдетиң, кызматың жана аманатың белгиленген мөөнөткө жеткенинин белгисидир. Демек, кетүү - дайыма эле жоготуу эмес. Кээде кетүү - жаңы жолдун башталышы. Бир эшиктин жабылышы - башка бир эшиктин ачылышына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир нерсеге ыраазы болуу керек. Келгенге - «кош келипсиз» деп, кеткенге - «жолуңуз шыдыр болсун» деп айта билүү да жашоонун өзүнчө тартиби...

Зикир - Аллах Тааланы тил менен эскерүү, жүрөк менен эстөө жана Анын буйруктарына ылайык жашоо. Зикир - жүрөктүн азыгы, рухту
Зикир - Аллах Тааланы тил менен эскерүү, жүрөк менен эстөө жана Анын буйруктарына ылайык жашоо. Зикир - жүрөктүн азыгы, рухтун тынчтыгы жана пенденин Раббисине жакындашына себеп болгон улуу ибадат. Зикир - тилдин кыймылы гана эмес, жүрөктүн Аллах менен байланышта болушу. Көп зикир кылган жүрөк акырындап дүйнөнүн убактылуу нерселерине эмес, Раббисине таянган жүрөккө айланат. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

"Мурдакылардын кийими киир болсода, жүрөктөрү таза болушкан. Бүгүнкү күндө кийимдер таза, бирөк жүрөктөр киир". Б.а. мурдакыл
"Мурдакылардын кийими киир болсода, жүрөктөрү таза болушкан. Бүгүнкү күндө кийимдер таза, бирөк жүрөктөр киир". Б.а. мурдакылар кыйын заманда өмүр сүрүп, татаал убакыт кичипейилдүүлүккө, бири-бирин карашууга, боорукер болууга тарбиялады. Ал заманда таза, жаңы кийинүүгө шарт болбоду, бирок пейилдер кенен эле. Ал эми биз жашап жаткан заманда баары бар, бирок пейилдер тарып, ар бири өзүмчүлдүккө өтүп, инсандык сыпат, тарып бараткандай. _Жакшы адам болууга аракет керек, бузулуу оңой эле_...

Суроо: ‏لا إله إلا الله келименин акыйкаты журоко келиши учун эмне амалдарга бекем болуш керек устаз? Жооп: Келме сөзүнүн акы
Суроо: ‏لا إله إلا الله келименин акыйкаты журоко келиши учун эмне амалдарга бекем болуш керек устаз? Жооп: Келме сөзүнүн акыйкатын түшүнө алган, (чыныгы) тарбия устаттардын кол астына бармайын, өз алдыбызча эч качан маңызын түшүнө албайбыз. Жалпыбыз жалпылай малымат алып, олку-солку абалда жүргөн учур. Ошол себебтен жан дүйнө суздап, сырткы келбетте мусулманчылыкты толук карманып жатабыз деп өзүбүздү алдап келебиз. Шейхим айтты: اصلاح القلوب، هو الذي يصلح الظواهر "Жүрөккө маани берүү, тышкы амалдардын оңолуп, ыклас менен аткарылышына алып келет". Оорулуу дарыгерге бармайын, айыкпайт. Бактысыз, бактылуулуктун сырына жеткен адамдын сухбетине катышмайын, ачкычын ала албайт. Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم сахабаларды эң жакшы тарбиялады. Сахабалар табииндерге бул мурасты өткөзүп беришти. Олуялар адам тарбиялоо ыкмасын пайгамбарыбыздан صلى الله عليه وسلم мурастаган. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

Инсан баласына эң кыйын нерсе - өзүн тарбиялоо. Башканы оңдоо оңой көрүнөт, бирок өз напсисин тизгиндөө, ачуусун жеңүү, сабыр
Инсан баласына эң кыйын нерсе - өзүн тарбиялоо. Башканы оңдоо оңой көрүнөт, бирок өз напсисин тизгиндөө, ачуусун жеңүү, сабыр кылуу, өз катасын моюнга алуу - адам үчүн эң оор сыноолордун бири. Адамдын чыныгы жеңиши - башкаларды жеңүүдө эмес, өз напсисин жеңүүдө.

ЖЕТИ АКЕ - ЭЛДИН ЫЙМАНЫ, ЫНТЫМАГЫ ЖАНА АКЫЛ-КЕҢЕШИНИН БЕЛГИСИ Ысык-Көлдүн тарыхы -көк тиреген тоолору, тунук көлү менен гана эмес, элдин тагдырын таразалап, журтка акыл-насаат айткан залкар инсандары менен да баалуу. Ошол тарыхта «Жети аке» деген ат менен эл эсинде калган акылмандар өзгөчө орунду ээлейт. «Аке» деген сөз кыргыз элинде жөн гана улуу адамды билдирбейт. Ал - жашоонун ысык-суугун көргөн, элдин камын ойлогон, сөзү салмактуу, чечими калыс адамга берилген бийик баа. Жети аке да өз доорунда элдин ынтымагын бекемдөөгө, талаш-тартыштарды акыл менен чечүүгө, жаштарды адеп-ахлакка үндөөгө салым кошкон инсандар катары эскерилет. Эл арасында Жети аке тууралуу айтылган санжыралар муундан муунга өтүп, алардын накыл сөздөрү, элдештирген чечимдери жана адамдык сапаттары бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Алардын өмүр жолу - бир гана өткөн тарых эмес, азыркы муун үчүн да чоң тарбия мектеби. АКЫЛМАНДЫКТЫН ӨЛЧӨМҮ Кыргыз коомунда сөздүн кадыры өзгөчө болгон. Бир ооз калыс сөз менен эки адамды жараштырып, бир айылдын ынтымагын сактап калган учурлар тарыхта аз эмес. Жети акенин улуулугу да ушунда - алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюшкан. Байлык менен мансапты эмес, адамдык наркты, адилеттикти жана ынтымакты бийик тутушкан. Алардын осуяттарынын өзөгүндө: «Эл ынтымактуу болсо - ырыс болот, биримдиктүү болсо- күч болот» деген түшүнүк жатат. ЖЕТИ АКЕ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ Ысык-Көл аймагында тарыхый инсандардын элдин коомдук жашоосундагы орду чоң болгон. Алардын ар бири өз мезгилинде журттун маселесине аралашып, элдин тынчтыгын жана биримдигин сактоого аракет кылган. Ошондуктан Жети аке тууралуу сөз кылганда, аларды жеке адамдар катары гана эмес, кыргыз элинин салттуу акылмандык мектебинин өкүлдөрү катары кароо зарыл. Алардын өмүрү бизге бир нерсени эскертет: эл башкаруу - бийлик жүргүзүү эмес, элдин жоопкерчилигин мойнуна алуу. Адамдын улуулугу -элине канчалык кызмат кылганы менен өлчөнөт.

Эң оор тарбия-инсанды тарбиялоо. Баланы чоңойтуу оңой, бирок аны адам кылып тарбиялоо- чоң жоопкерчилик. Ага тамак-аш, кийим-
Эң оор тарбия-инсанды тарбиялоо. Баланы чоңойтуу оңой, бирок аны адам кылып тарбиялоо- чоң жоопкерчилик. Ага тамак-аш, кийим-кече берип, билим берүү менен гана милдет бүтпөйт. Анын жүрөгүнө ыйман, адеп, жоопкерчилик, уят-сый жана адамгерчилик сапаттарды сиңирүү- ата-эненин эң оор эмгеги. Бала сенин сөзүңдөн да көп, сенин жүрүм-турумуңдан тарбия алат. Ошондуктан жакшы перзент тарбиялоонун эң күчтүү жолу-өзүң жакшы үлгү болуу. Анткени бала- ата-эненин күзгүсү. Бүгүн берген тарбияң-эртең коомго берген инсаның.

Чубак ажы Жалилов – жүрөктөрдү илим менен ойготкон залкар аалым Кээ бир адамдар бул дүйнөдөн кетсе да, алардын үнү өчпөйт. Кээ бир инсандар көздөн кайым болсо да, алардын айткан насааты, жазган эмгеги жана элге кылган кызматы кылымдарга мурас болуп калат. Мына ошондой улуу инсандардын катарында маркум Чубак ажы Жалилов да өзгөчө орунду ээлейт. Ал жөн гана баянчы эмес эле. Ал – жүрөктөрдү ойготкон насаатчы, акыйкатты тайманбай айткан аалым, өмүрүн илимге арнаган устаз, элинин руханий дүйнөсүн байытууга бүтүндөй өмүрүн сарптаган залкар аалым болчу. Анын сөзүндө жасалмалуулук жок эле. Ар бир насааты Курандын нуру, Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнүн жыты жана аалымдардын мурастары менен сугарылгандай таасир калтырчу. Ошондуктан анын баяндарын уккан адам жөн гана маалымат албай, жүрөгүнө азык алып, өзүн оңдоого дем алчу. Чубак ажынын эң чоң байлыгы – анын илими жана ыкласы эле. Ал дүйнөлүк байлыкка эмес, илимдин байлыгына умтулду. Миңдеген китептерди окуп, көп жылдар бою залкар аалымдардын алдында таалим алып, ошол илимди элине кызмат кылдырууну өзүнүн өмүрлүк максатына айландырды. Азирети Муфтий болуп турган мезгилинде да ал кызматты мансап эмес, аманат катары көрдү. Элдин ынтымагын бекемдөөгө, салттуу исламды жайылтууга, жаштарды туура жолго үндөөгө жана диний билимдин деңгээлин көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшады. Анын баяндарын угуп намазга келгендер, Куран үйрөнгөндөр, үй-бүлөсүн сактап калган жубайлар, жаман адаттарын таштагандар миңдеп саналат. Бул – аалымдын эң чоң ийгилиги. Себеби чыныгы аалым адамдардын жүрөгүн Аллахка бурат. Чубак ажы адамдарды бөлүп-жарууга эмес, биримдикке чакырды. Жек көрүүгө эмес, мээримге үндөдү. Текеберликке эмес, жөнөкөйлүккө, наадандыкка эмес, билимге чакырды. Анын ар бир сөзү адамдын жүрөгүнө жоопкерчилик сезимин ойготуп, акыретти эстөөгө түрткү берчү. Бүгүн ал арабызда жок. Бирок анын үнү дагы деле миңдеген үйлөрдө жаңырып турат. Анын китептери окулууда, баяндамалары угулууда, насааттары адамдардын жашоосун өзгөртүп келет. Бул – Аллах Таала пендеге бере турган эң чоң жакшылыктардын бири. Анткени пайдалуу илим – адам дүйнөдөн өткөндөн кийин да сообу үзүлбөй улана турган эң баалуу мурастардын бири. Чубак ажы Жалилов кыргыз элинин руханий тарыхында өчпөс из калтырган, илимди жашоосунун маңызына айландырган, акыйкатты тайманбай айткан, Ханафий мазхабы менен Матуридий акыйдасынын негизинде элди туура жолго үндөгөн көрүнүктүү аалым катары ар дайым эскерилет.

Бул тасаввуф каналы ачылганына беш жылдан өттү Ар бир инсан колдон келгенин кылып, Ислам деген берекелүү динге салым кошуусу
Бул тасаввуф каналы ачылганына беш жылдан өттү Ар бир инсан колдон келгенин кылып, Ислам деген берекелүү динге салым кошуусу керек. Колдон келгени макала жазуу, жазганыбыз кабыл болсун. Жазганыбыз сындагандар үчүн эмес, балким ыкластуулар үчүн. Шейхим айтат эле: "Амалдардын жакшысы, аз болсо да, уланып турганы. Көп болуп, орто жолдо токтоп калгандан көрө". Баардык нерсе кичинекей нерседен башталат. Биз менен болгондор, аз нерседен көп пайда табат ин ша Аллах...

يعجبني أن أعرف التزكية بأنها: "أن تتشبه برسول الله صلى الله عليه وسلم أقصى ما تستطيع". Мага Тазкийага (Тасаввуф илимине) төмө
يعجبني أن أعرف التزكية بأنها: "أن تتشبه برسول الله صلى الله عليه وسلم أقصى ما تستطيع". Мага Тазкийага (Тасаввуф илимине) төмөндөгүдөй аныктама берүү жагат. Ал - колуңдан келишинче Аллахтын элчисине (صلى الله عليه وسلم) окшошууң. Шейх Муаз Саид Хава

Өмүрүмдүн эң бактылуу күндөрүнүн бир бөлүгү Иорданиянын берекелүү жергесинде өттү. Ал жактагы азандын мукам үнү бүгүнкү күнгө чейин жан дүйнөмө жылуулук тартуулап, жүрөгүмдү сагынычка бөлөйт. Айрыкча, шейх Маъруф аш-Шарифтин бирдиктүү азаны жаңырган учурлар эч качан эсимден кетпейт. Бир эле азан бүтүндөй Иордания мамлекетине жаңырып, жүрөктөрдү Аллахка багыттачу. Ал үн жөн гана азан эмес, ыйманга чакырган, рухка азык берген өзгөчө сезим эле. Ошондой берекелүү күндөрдү насип кылган Улуу Жараткан Аллах Таалага миң мертебе шүгүр. Раббим ошол күндөрдүн берекесин өмүрүбүздөн ажыратпай, кайрадан ыйык жерлерге барууну насип этсин. Оомийин.

Кичинекей баланын ата-энесине же улууларга «сен» деп кайрылышын «али жаш да» деп көңүл сыртында калтыруу туура эмес. Тарбия ж
Кичинекей баланын ата-энесине же улууларга «сен» деп кайрылышын «али жаш да» деп көңүл сыртында калтыруу туура эмес. Тарбия жаштайынан башталат. Бүгүн көңүл бурулбаган кичинекей адат эртең мүнөзгө айланат. Улууну урматтоо, сылык сүйлөө жана адептүү кайрылуу – баланын көргөн тарбиясынын күзгүсү. Ошондуктан балага кичинесинен эле ата-энесине жана улуу адамдарга урмат-сый менен кайрылууну үйрөтүү – ар бир ата-эненин милдети.

Сырт көрүнүш жетишпейт деп, ички дүйнөң оңолсун, Ар бир демде Жаратканды эстеп жүрөк ойгонсун. Тасаввуф-нурлуу деңиз, чөккөн
Сырт көрүнүш жетишпейт деп, ички дүйнөң оңолсун, Ар бир демде Жаратканды эстеп жүрөк ойгонсун. Тасаввуф-нурлуу деңиз, чөккөн сайын кенейет, Даамын таткан пенденин да жүрөк сыры тереңдейт. Жүрөк-Арштын күзгүсүндөй, кир баспасын ар качан, Зикир менен жууп тургун таң атканда, кеч баткан. Напси-душман, сыртыңдагы эмес сенден бөлүнгөн, Ал жеңилсе, рух дүйнөң нурга толуп көрүнгөн. Тасаввуфтун сабагында эң биринчи үйрөнгөн, Өз айыбын көрө билүү, өзүн бийик көрбөгөн. Ким өзүнөн кемчилик тапса, ошол чыныгы даанышман, Кемчилигин оңдогон жан Раббисине жакын жан.

Аалымдар белгилүү бир жамаатта болбогону жакшы. Эгер бир жамааттын өкүлү болсо, жамаатына гана сөзү өтүп, башкалары кулак сал
Аалымдар белгилүү бир жамаатта болбогону жакшы. Эгер бир жамааттын өкүлү болсо, жамаатына гана сөзү өтүп, башкалары кулак салбайт. Ортолукту кармануу баардыгына сөзү өтүмдүү болуу үчүн себеп. Азирети устазым Чубак ажы Жалилов (Алла ырайымына алсын) ушул пикирде эле. Дин адистери белгилүү кийимдерге басым жасабаганын туура көрөт элем. Илим окугандардын өздүк формасы селде, узун чапан болгону салттуу багытыбызга туура келет. Илим окугандар адилеттүү көз карашта баардык жамааттар менен иштетүүсү керек. Ахлу сунна багытынын чегарасынан чыкпаган  баардык жамааттар туура. Дин жеткирүү ыкмасы аркандай болгону менен баардыгынын максатыбыз бир.