Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз,
Кадырлашып калалык, бүгүн конок, эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбей, тилегиңе жаркын үмүт кош,
Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос.
Күмүш күндөр миң, бирок, досум, түшүнгүн,
Эң кымбатың эртең эмес, ушул күн.