1 705
Підписники
+224 години
-37 днів
-430 днів
Архів дописів
Шарияттык суроо жөнөтүү жана ишенимдүү фатва алуу үчүн
Суроолорду иретке келтирүү, архивтөө жана жалпыга пайдалуу кылуу максатында, бардык суроо-талаптарды Fatwaa.net сайты аркылуу гана кабыл алабыз.
Сурооңузду сайттын баракчасы аркылуу жөнөтсөңүз болот. Кудай буйруса, ага шарият илиминин адистери жооп беришет. Кийинчерээк, эгер жарыялоого ылайыктуу болсо, текшерилгенден соң «Фатвалар» бөлүмүнө жайгаштырылат.
🌐 https://fatwaa.net
Аллах Таала баарыбызды Өзү сүйгөн жана ыраазы болгон иштерге муваппак кылсын.
🌟 Жан дүйнөңүз тынч эмеспи?
Жакында «Пайгамбар өрнөгүндөгү рухий тарбия» китеби басмадан чыкты.
Татаал терминдерсиз, эң жөнөкөй тилде жазылган бул рухий дары сизге төмөнкүлөргө жардам берет:
🔹 Жалкоолуктан жана стресстен арылууга.
🔹 Ачуулануу, көрө албастык сыяктуу напсинин илдеттерин жеңүүгө.
🔹 Үй-бүлөдөгү мамилени оңдоого.
🔹 Жараткан менен байланышты бекемдеп, чыныгы ички тынчтыкты табууга.
Мен бүгүндөн баштап толук окуп баштайм, сиз дагы мага кошулуңуз! Жан дүйнөбүздү чогуу тазалайлы 🤍
📲 Буйрутма берүү үчүн:
📲 Ватсап/телеграм: +996 705844145
💎💎💎💎💎💎💎
💎 Ханафи фикх факультетинин негиздөөчүсү жана деканы, профессор, доктор Салах Мухаммад Абу Аль-Хажга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
💎 Алла Тааланын колдоосу менен бул улуу илимий ордону түптөө, анын академиялык негиздерин калыптандыруу, окуу программаларын иштеп чыгуу, китептерди жазуу жана окуу видеолорун даярдоо – дал ушул инсандын зор эмгегинин үзүрү.
💎 Ал он жыл бою факультетти жетектеп, анын илимий жана административдик деңгээлин бийик деңгээлге көтөрүү үчүн талбай эмгектенди.
💎 Биз ага чын дилибизден ыраазычылык билдирип, Жараткандан анын илимине жана жасаган иштерине береке берүүсүн тилейбиз.
💎 Анткени, жакшылыкты баалай билүү – калыс жана ак ниет адамдардын белгиси, ал эми сиздей улуу инсандардын эмгегин урматтоо – биздин ардактуу парзыбыз.
💎💎💎💎💎💎💎
