cookie

Ми використовуємо файли cookie для покращення вашого досвіду перегляду. Натиснувши «Прийняти все», ви погоджуєтеся на використання файлів cookie.

avatar

Китепкөй достор📚

📚Электрондук китептер ✨•Билим алуунун эрте кечи жок!📍 ✅•Чектелген кыска ойлор адамды жаркын жашоого жеткирбейт. ✨•Изден,өнүк, ордуңду тап!🍃🕊 ✅•Чогуу китеп окууга чакырам📚 ✨•Бүгүнкү окурман эртеңки башкаруучу Суроолор боюнча: @meerikou

Більше
Рекламні дописи
1 859
Підписники
-224 години
-187 днів
-4330 днів

Триває завантаження даних...

Приріст підписників

Триває завантаження даних...

Книга.pdf1.21 MB
Фото недоступнеДивитись в Telegram
👍 1
Фото недоступнеДивитись в Telegram
👍 2😍 2 1
🏷Бүгүн сүйүү күнү Кана, бүгүн махабатыңды баяндап берчи. Бүгүн сүйүү күнү эмеспи. Сүйүктүүң үчүн бир нерсе кыл! Бүгүн аны өзүңө багындыр! “Сүйөм” деп айтып каласың го? Кана, далилде аны. Сүйүктүүң эмнени жактырат? Эмне көңүлүн ирээнжитет? Бил! Бил да, ал сүйгөнүңдү сүй, ага жакпагандан алыс бол! Ал да сүйсүн сени! Сүйгөн адам бир күн сүйүктүү болор. Сүйүүң- сөз бойдон калбасын! Ошол себептен бүгүн көрсөт сүйүүңдү! Себеби сүйүү күнү да бүгүн. Сүйгөн адам ар качан сүйүктүүсүн баян кылат. Булбулдун 100 баяны болгон экен, ар бири гүлдөр үчүн арналган, бүгүн мунун арасынан бирди тандап айтып бер. Аны жана анын сүйүктүүсү Мухаммед пайгамбарды баянда. Телефондон , бетме-бет көрүшкөн адамыңа. Ал сага сенден да жакын болгонун, ал сени сенден да жакшы билгенин, ал, сен баш тартсаң да сенден баш тартпаганын, ал эң мыкты сүйүү мисалы болгонун, ал өлбөстүктүн өрнөгү болгонун баянда. Бүгүн сүйүү күнү эмеспи. Билесиң, сүйгөн адам бир гана сүйгөнүн ойлойт. Сен дагы Аны эстен чыгарба! Анын көңүлүн көтөрүүчү иш жаса, купулуна тол! Мисалы, көптөн бери көксөп, бирок ишке ашыра албаган ишти жаса, бүгүн намазды башта! Мисалы, Куранды үйрөнөмүн деп максат кой, а билсең, бир окуучу ал, агай бол ага, Бир сүрөө үйрөн, аны жаттат, бир хадис үйрөн жана үйрөт. Мисалы, сүйүктүүңдү бир адам менен тааныштыр, бир салам бер ал үчүн. Бир жетимди кучагыңа ал, бир чүрпөнү сүйүнт бүгүн. Иштен чыгып, таттуулар ал, кошунаңдын эшигин кагып, жүрөгүң менен бөлүш, таттууну сун, сүйүктүүңдү баян кыл. Ал үчүн аракет кыл, жакшылык кыл, бир гана ал үчүн болсун. Бейиштин эсеби дебе, ыраазычылык күтпө соодалашпа, болгону жакшылык кыл. Кайрымдуу бол. Бүгүн ойлон, сүйгөнүңө канча убакыт, сүйбөгөнгө канча убакыт бөлүп жатканыңды. Убактылуу өмүр үчүн канча аракет кылып жатасың? Жарым сааттык жолугушуу үчүн, 10 мүнөттүк тамак үчүн ашканада канча убакыт өткөрүп жатасың? Балаң ыйлап калса, түн бир оокумда жылуу төшөнчүңдөн, кантип туруп жатасың? Жумушуңда жакшы даража үчүн канчалык аракет жасайсың? Сынагың тапшыруу үчүн, жакшы баа алуу үчүн, күнү-түнү кантип окуйсуң, тажабастан? Жарыңды, балдарыңды, ата-энеңди, сүйүктүүңдү кубантуу үчүн эмнелерди гана жасабайсың? Мунун баары, сен кылган иштер. Айтчы эми, канчасын Аллах ыраазычылыгы үчүн жасадың? Ооба, бүгүн сүйүү күнү болсун, сен да сүйүү күнү деп бил. Саждага бар, бир шүгүр келтир Эгеңе. Анын сүйбөгөн ар ишине арам де, көз жашың төк, кечирим сура, белек болсун мончок көз жаштарың, Аны сүйгөн жүрөгүң,бүгүн жана ар күнү. Сенин сүйүү сезимиң түбөлүктүүлүктү каалайт, андыктан түбөлүктүү болгон Жаратканды сүй. 📖 «Ыймандагы махабат 1»
Показати все...
👍 6🥰 1
Фото недоступнеДивитись в Telegram
👍 3
Repost from Дил азык🌾
1:44:57
Відео недоступнеДивитись в Telegram
“172 күн” кино тасмасынын өзбек тилине которулганы. Кино тууралуу эки уучкай сөз айтсам. Акыркы күндөрү инстаграмм, тик-токто видеолору катуу жайылып, элдин оюн өзүнө бура алган бул Индонезиянын болгон окуянын негизинде тартылган тасмасы адамды таасирлентпей койбойт. Менимче динге жаңыдан сүңгүп кирип келе жаткан анча-мынча жаш муунга берчү пайдалары көп. Мага жакканы аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы бири-бирине болгон сый мамилеси болду. “Аллахым, Пайгамбарыбыз алейхи саламды Хадича энебизге кандай жолдош кылсаң, мени да аялыма ошондой жолдош кыла көр, амин.” “Аллахым, Хадича энебизди Пайгамбарыбыз алейхи саламга кандай жубай кылсаң, мени да күйөөмө ошондой берекелүү жубай кыла көр, аминь.” - деп, тахажудда дуба кылышат. Дагы алардын кыйынчылык учурунда зикир айткандары өзгөчө. Кинону көрүп бүткөн соң комментарийге отзыв бөлүшсөңүздөр. Биргеликте талкуулайлы.😊
Показати все...
IMG_7511.MP4552.79 MB
❤‍🔥 12 2🤷 1
Хиджаб.pdf8.56 KB
Фото недоступнеДивитись в Telegram
РЕКЛАМА КАБЫЛ АЛЫНАТ🌷 12саат - 50сом 24саат - 100сом 48саат - 150сом ‼️РЕКЛАМА БИР УЧУРДА 2 КАНАЛГА ЖҮКТӨЛӨТ. 🔥Актив🔥 Байланышуу үчүн:@meerikou
Показати все...
Путеводитель мусульманки.pdf88.74 MB
🥰 1
Оберіть інший тариф

На вашому тарифі доступна аналітика тільки для 5 каналів. Щоб отримати більше — оберіть інший тариф.