cookie

Ми використовуємо файли cookie для покращення вашого досвіду перегляду. Натиснувши «Прийняти все», ви погоджуєтеся на використання файлів cookie.

avatar

Reporter.kg_kyrgyzcha

Рекламні дописи
1 427
Підписники
-224 години
+117 днів
+1230 днів

Триває завантаження даних...

Приріст підписників

Триває завантаження даних...

Показати все...
Бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында ката кетип, кайра басылууда

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттесттары ката менен басылып чыккан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ата-энелер билдиришти. Алардын айтымында, документте сабактардын айрымдары жазылбай, кээ биринде баалар коюлбай калган. Аты-жөнү туура эмес көрсөтүлгөн учурлар дагы кездешет. Лейлек районундагы мектептердин биринде 57 бүтүрүүчүнүн 9у гана аттестат алган. Калгандарынын документти басмаканага кайра басып чыгарууга жөнөтүлгөн. Ата-энелер балдары жогорку окуу жайларга тапшыра албай, күтүп олтурганын айтышууда.

Показати все...
АКШда 22 жаштагы кыргыз жигит сууга чөгүп кетти

АКШда 22 жаштагы Альберт Мырсатаев 1-июль күнү каза болду. Бул тууралуу Америкадагы мекендештер билдирди. Альберт Мырсатаев Мичигин штатындагы көлдө таң эрте чөгүп кеткен. АКШдагы кыргыздар анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн акча топтошууда.

01:06
Відео недоступнеДивитись в Telegram
Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады Жол кырсык 2-июлда эртең менен Бостериде болуп, Mercedes-Benz менен Kia K7 унаалары кагылышкан. Анын айынан Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган. Ошондой эле Kia K7 унаасындагы эки жаран жаракат алган. Видеодогу бурулуп жаткан унаа Kia K7 болгон.
Показати все...
10.86 MB
Показати все...
«Тууну өбөйүн деген». Федерация балбандын Азия чемпионатындагы кадамына түшүндүрмө берди

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону Орозобек Токтомамбетов Иорданияда өткөн чемпионатта желекке тизелеп олтуруп, ага таазим кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев Reporter.kg’ге билдирди. Анын айтымында, Орозобек Токтомамбетов өзүнүн салмагында биринчиликти бербей, акыркы күрөштө үчүнчү алтынды тагынды.

00:09
Відео недоступнеДивитись в Telegram
Орозобек Токтомамбетовдун Азия чемпионатында мамлекеттик тууга мамилеси сынга алынды
Показати все...
8.31 KB
👍 1
00:30
Відео недоступнеДивитись в Telegram
Аскат Жетиген соттун өкүмү менен макул эмес экенин билдирди
Показати все...
10.46 MB
😱 1
00:33
Відео недоступнеДивитись в Telegram
Сот акын Аскат Жетигенге өкүм чыгарды Аскат Жетиген "массалык башаламандыктарга чакырыктар" беренеси боюнча акталып, "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар" беренеси боюнча күнөөлү деп табылды. Сот акынды 3 жылга эркинен ажыратты.
Показати все...
11.66 MB
👎 5👍 1 1
Показати все...
Кара-Кулжада сел бир үй-бүлөнү агызып кетти

Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, райондун Жетим-Дөбө айылында түнү сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Бир бала куткарылып, үчөөнүн сөөгү табылып, 10 жашар бала изделип жатат. Белгилей кетсек, Ноокаттагы селден кийин 9 адамдын сөөгү табылып, бирөө изделип жатат.

00:32
Відео недоступнеДивитись в Telegram
Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин соту өтүүдө Бүгүн акынга акыркы сөз берилип, андан кийин сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти. Аскат Жетиген акыркы сөзүндө буга чейинки видеокайрылууларында башаламандыктарга, бийликти басып алууга чакырыктар жок экенин, өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди. "Адепсиздик кылдым. Ал үчүн элден кечирим сурайм. Бирок ал сөздөр Кылмыш-жаза кодексине туура келбейт. Ал административдик айыппул менен бүтө турган иш", - деди ал.
Показати все...
11.35 MB
1
Оберіть інший тариф

На вашому тарифі доступна аналітика тільки для 5 каналів. Щоб отримати більше — оберіть інший тариф.