Дилимдеги 🫀
Відкрити в Telegram
Тынчтык издеген жандардын тайпасы 🫂 Бул тайпадан жүрөгүңүзгө дем, жан дүйнөңүздү жылыткан сөздөрдү жана турмуштун маңызын ачкан терең ойлорду таба аласыз. Instagram: @dilimdegi @dilim_books What's App: + 996 755 94 46 33
Показати більше1 601
Підписники
Немає даних24 години
+77 днів
-2130 днів
Архів дописів
1 601
Сүйүүнүн баары эле ашыктык, кусалык же жиндилик эмес экенине ынандым...
Кээде жашооңо өзү эле кирип келип, ага кандай ат коюуну да, кандай аныктама берүүнү да билбей турган табышмактуу бир сүйүү болот.
Балким, ал — бир окуядан жаралган сүйүүдүр...
Же бир ооз сөздөн жүрөккө уялаган сүйүүдүр...
Же эч кимге айтылбай, эч кимге билинбей, сыр бойдон калууну өзү тандаган жашыруун сүйүүдүр...
Анткени айрым сезимдерди сөз менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Аларды жүрөк гана сезет, жүрөк гана түшүнөт.
Кээ бир сүйүүлөрдүн эң кооз жери — алардын эч кимге айтылбай, өзгөчө бир сыр болуп жүрөктө жашап калганында. Балким, дал ошол жашыруундук алардын тазалыгын, табышмагын жана баалуулугун сактап турат.
"Махабат анатомиясы" 📚 жакында 🙌🏻
1 601
Чыгармада башка көптөгөн каармандардан бар. Мисалы, Гулчехраны жакшы көрүп, бирок айта албай жүргөн Самат. Чыгарманын коомдук жана адамдык мамилелерин ачып берген Гапыр деген каарман.
Кыскасы, бул романда, Абдулла аркылуу адамдык тандоонун ачылышын байкай аласыздар. Ошону менен бирге Гүлчехранын трагедиялуу окуясында ойго батасыздар.
Көп спойлер болуп кетти 🙌🏻.
Окуңуздар, талкуулаңыздар!
Чыгарма көркөм адабий.
1 601
«Аалым болуу оңой, адам болуу кыйын», – деген сөз тайкеси тарабынан Абдуллага айтылган болуп, чыгарманын ичинен алынып коюлган.
Романдагы негизги суроо да ушул: адамдын илимдүү, билимдүү жана ийгиликтүү, бай же мансаптуу болушу жетиштүүбү, же чыныгы адам бойдон калуу андан да маанилүүбү?
1 601
Ал эми китептин аталышы чыгарманын негизги идеясы болуп чыгарманын өзөгүн ачып берет.
Чынында, адам болуп төрөлүү оңой, бирок абийирди сактап, берилгендикти жоготпой, сүйүүгө, убадага кыянат кылбай, туура тандоо жасап жашоо – кыйын.
«Аалым болуу» деген сөзгө келсек, бул түз мааниде эмес, окумуштуу, илимдүү, билимдүү болуу маанисинде айтылган. ☝🏻
1 601
Романда психологиялык жана социал-турмуштук окуялар көп болот. Ошол үчүн да окулуу жашын 17+ койдук.
1 601
Сиздерге китепти бир аз айтып берейин ээ.
Романдын башкы каарманы, билимге умтулган, келечектен көптү күткөн Абдулла аттуу жаш жигит болот. Тайэнесинин айылындагы Гүлчехра аттуу кызды жакшы көрүп калат. Абдулла окуусун улантып жогорку окуу жайга тапшырат. Гүлчехра анын үйлөнөм деген убадасына ишенип күтөт. Абдулла билим алып, ийгиликтерге жетишип, күн өткөн сайын анын жашоосунда байлык, мансап, коомдогу аброй жана жеке кызыкчылык маанилүүрөөк орунду ээлеп, өзгөрүп, таза сүйүүдөн жана айрым адамдык баалуулуктардан алыстайт. Натыйжада, Гүлчехрага болгон сүйүүсүнөн, убадасынан кечип, академиктин кызы Сайёра аттуу кызга үйлөнүүнү чечет. Бул чечим Гүлчехранын тагдырын өзгөртөт. Себеби, Гүлчехра абийирин Абдуллага тапшырып койгон болот. ⬇⬇⬇
