cookie

Ми використовуємо файли cookie для покращення вашого досвіду перегляду. Натиснувши «Прийняти все», ви погоджуєтеся на використання файлів cookie.

avatar

КР Президенти

КР Президентинин расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Президента КР

Більше
Рекламні дописи
7 276
Підписники
+124 години
-287 днів
+16930 днів

Триває завантаження даних...

Приріст підписників

Триває завантаження даних...

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту Бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Баарлашуу учурунда Асел Чынбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашыруу процессине бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык органдарды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы балдардын абалын жакшыртууга багытталган кызматташуунун башкы маселелерин, ошондой эле жакынкы жылдарга өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашырууну жана мониторинг жүргүзүүнү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашты. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын камсыз кылуу боюнча жаңы ыкмалар, анын ичинде санариптештирүү жана билим берүү тутуму үчүн туруктуу санарип платформасын түзүү талкууланды. Соңунда Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева бул балдардын укуктарын коргоо тутумунда өзөктүү өзгөрүүлөрдү түзүү процессинин негизги учуру деп эсептеп, жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууга ишенимин билдирди. * Уполномоченный по правам ребенка Асель Чынбаева встретилась с Представителем ЮНИСЕФ в Кыргызстане Самманом Тапа Уполномоченный по правам ребенка Кыргызской Республики Асель Чынбаева сегодня, 14 июня, встретилась с новым Представителем ЮНИСЕФ в Кыргызской Республике Самманом Тапа. В ходе беседы Асель Чынбаева подчеркнула важность вовлечения всех уровней государственных и муниципальных органов в процесс реализации рекомендаций Комитета ООН по правам ребенка к объединенному пятому и шестому периодическому докладу. Участники встречи обсудили ключевые вопросы сотрудничества, направленные на улучшение положения детей в Кыргызстане, а также основные направления взаимодействия на ближайшие годы, включая исполнение и мониторинг рекомендаций Комитета ООН по правам ребенка к объединенному пятому и шестому периодическому докладу и расширение доступа к дошкольному образованию детей из неблагополчных семей, детей с ограниченными возможностями здоровья. Также обсуждены новые подходы к обеспечению качества услуг дошкольного образования, включая цифровизацию и создание устойчивой цифровой платформы системы образования. В завершение Уполномоченный по правам ребенка Асель Чынбаева выразила уверенность в плодотворном и конструктивном сотрудничестве, считая его ключевым моментом в процессе создания фундаментальных изменений в системе защиты прав детей.
Показати все...
Фото недоступнеДивитись в Telegram
КР Министрлер Кабинети менен Греция Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Грек Республикасынын жарактуу дипломатиялык паспорту бар жарандары аталган мамлекеттердин аймагына кирүү, транзит менен жүрүү, аймагында болуу жана чыгуу үчүн 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулушу каралган. *** Ратифицировано Соглашение между Кабинетом Министров КР и Правительством Греции об освобождении от визовых требований для владельцев дипломатических паспортов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Греческой Республики об освобождении от визовых требований для владельцев дипломатических паспортов, подписанного 21 сентября 2023 года в городе Нью-Йорк». Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 15 мая 2024 года. Целью принятого Закона Кыргызской Республики является выполнение внутригосударственных процедур, необходимых для ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Греческой Республики об освобождении от визовых требований для владельцев дипломатических паспортов, подписанного 21 сентября 2023 года в городе Нью-Йорк». Так, Соглашением предусматривается, что граждане – владельцы дипломатических паспортов Кыргызской Республики и Греческой Республики будут освобождаться от визовых требований въезда, выезда, транзита и пребывания на территории государств – сторон Соглашения на срок не более 90 дней в течение 180 дней.
Показати все...
Фото недоступнеДивитись в Telegram
КР Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жарандары – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Иордания Хашимит Королдугунун жарандары – дипломаттык паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү үчүн кирген күндөн тартып токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотууну карайт. Макулдашууну ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет. ** Ратифицировано Соглашение между Кабинетом Министров КР и Правительством Иорданского Хашимитского Королевства о взаимной отмене визовых требований для владельцев дипломатических и служебных паспортов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Иорданского Хашимитского Королевства о взаимной отмене визовых требований для владельцев дипломатических и служебных паспортов, подписанного 29 ноября 2023 года в городе Амман». Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 15 мая 2024 года. Целью данного Закона является выполнение внутригосударственных процедур для ратификации указанного Соглашения, в рамках которого граждане – владельцы дипломатических и служебных паспортов Кыргызской Республики и граждане – владельцы дипломатических и служебных паспортов Иорданского Хашимитского Королевства будут освобождаться от визовых требований для въезда, выезда и следования транзитом на территории государств сторон Соглашения на срок, не превышающий девяносто (90) дней со дня въезда. Ратификация Соглашения создаст благоприятные условия для развития деловой мобильности и упростит передвижение граждан – владельцев дипломатических и служебных паспортов на территории государств сторон Соглашения.
Показати все...
Президент Садыр Жапаров принял Посла Узбекистана в Кыргызстане Хуршида Мирзахидова по случаю завершения его дипломатической миссии Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 14 июня, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Узбекистан в Кыргызской Республике Хуршида Мирзахидова по случаю завершения его дипломатической миссии. Садыр Жапаров отметил большой вклад Посла в развитие двусторонних кыргызско-узбекских отношений в качестве Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Узбекистан в Кыргызской Республике. Президент с удовлетворением отметил, что за время дипломатической службы Хуршида Мирзахидова состоялись значимые двусторонние мероприятия и визиты на всех уровнях, подписан ряд важных кыргызско-узбекских двусторонних документов, достигнуты хорошие результаты в торгово-экономическом направлении. В частности, создан Узбекско-Кыргызский фонд развития, деятельность которого в настоящее время осуществляется планомерно и плодотворно, завершена делимитация кыргызско-узбекской государственной границы, повысился уровень двусторонних отношений до всеобъемлющего стратегического партнерства, открыты новые горизонты в совместной промышленной кооперации. В данном контексте Садыр Жапаров особо акцентировал, что исключительная и важная роль в этом принадлежит Президенту Узбекистана Шавкату Мирзиёеву. В свою очередь Посол Узбекистана Хуршид Мирзахидов поблагодарил Президента Садыра Жапарова за теплый прием, отметив, что за все годы его дипломатической миссии в Кыргызстане он чувствовал поддержку и дружеское отношение, что позволило успешно работать в стране. Он с особым удовлетворением подчеркнул активное развитие Кыргызстана под руководством Садыра Жапарова во всех сферах, в том числе торгово-экономическом, культурно-гуманитарном и спортивном направлениях. Посол поблагодарил кыргызскую сторону за плодотворное сотрудничество и выразил приверженность дальнейшей поддержки страны в ее развитии. В завершение беседы Президент Садыр Жапаров за значительный вклад в укрепление дружбы и сотрудничества между двумя странами наградил Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Узбекистан в Кыргызстане Хуршида Мирзахидова Почетной грамотой Кыргызской Республики.
Показати все...
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчиси Хуршид Мирзахидовду дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Садыр Жапаров Элчинин Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары кыргыз-өзбек өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Президент Хуршид Мирзахидовдун дипломатиялык кызматында эки жактуу маанилүү иш-чаралар жана бардык деңгээлдеги сапарлар ишке ашып, бир катар маанилүү кыргыз-өзбек эки тараптуу документтерге кол коюлганын, соода-экономикалык багытта жакшы натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен белгиледи. Тактап айтканда, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, учурда пландуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо аяктады, эки жактуу мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты, биргелешкен өнөр жай кооперациясында жаңы мейкиндиктер ачылды. Бул өңүттө Садыр Жапаров өзгөчө жана маанилүү роль Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге таандык экенин айрыкча белгиледи. Өз кезегинде Өзбекстандын Элчиси Хуршид Мирзахидов Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын бардык жылдарында өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген колдоо жана достук мамилени сезип келгенин белгилеп өттү. Ал Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана спорт чөйрөсүндө жигердүү өнүгүп жатканын өзгөчө канааттануу менен баса көрсөттү. Элчи кыргыз тарапка жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсүндө мындан ары да колдоо көрсөтүү ниетин билдирди. Сүйлөшүүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Показати все...