ru
Feedback
Deploy KG

Deploy KG

Открыть в Telegram

ITге кадам баскандар үчүн "бала бакча".

Больше
302
Подписчики
-124 часа
+27 дней
+230 дней
Архив постов
Достор, бөлүшүп, лайк коюп, репост кылып койсоңор кубанабыз. Чоң рахмат.

Бүгүн катуу иштегендей болдум. Жооп бере элек окуучуларым, эртең жооп берем. Бир аз күтө тургула, ээ?

Менимче ушул акыркысы окшойт. Ушуну менен токтотсок деп жатабыз

Кыргыз тилдүү 1 окуучуну менторлугубузга алабыз. IT боюнча багыт тандап, курстардын шилтемесин берип, утуру тапшырма берип, текшерип, көзөмөлдөп турабыз. Курстарга барбай эле биз менен иштешип үйрөнө беришет. Белгилүү даражага жеткенден кийин интервью алып, ага даярдап, резюме даярдашып, тааныш компанияларга сунуштайбыз. Жалпы 6 долбоор жасап, тажрыйба алат... Жекеге жазгыла.

IT долбоор болсо жасамакмын деп өрттөнүп, күйүп жаткандар барбы? Идея берем, көзөмөлдөп турам. Жасайсыңар, кардарларга да чогуу барабыз. Бат эле ишке киргизебиз.

Ноокаттык, Модага күндө келген байке, жазып коюңузчу, таппай жатам чатты. Ноокаттык, С#, Исламбектин айылдашы

Ким Геймдев Индустриясына кызыгат? Биздин командага разработчиктер, дизайнерлер, художниктер керек. Дэнгеели маанилуу эмес, эн башкысы чын журоктон каалосу болсо болду. Баарын озубуз уйротобуз Жаш студенттерди кабыл алабыз Сизде опыт болсо жазыныз, сизди да караштырып коробуз.

Жалал-Абад (Жактел) лицейинен юир жигит жазып жаткан. Кайра жазып коё аласызбы?

Кыргыз тилдүү 1 окуучуну менторлугубузга алабыз. IT боюнча багыт тандап, курстардын шилтемесин берип, утуру тапшырма берип, текшерип, көзөмөлдөп турабыз. Курстарга барбай эле биз менен иштешип үйрөнө беришет. Белгилүү даражага жеткенден кийин интервью алып, ага даярдап, резюме даярдашып, тааныш компанияларга сунуштайбыз. Жалпы 6 долбоор жасап, тажрыйба алат... Жекеге жазгыла.

Flutter-разработчик / стажёр 🚀 Ищем мотивированного Flutter-разработчика в команду 13FOX, который хочет развиваться на реальных коммерческих проектах, а не учебных задачах. Что ждём от тебя: • Базовые знания Flutter / Dart: структура проекта, UI, работа с логикой и API. • Опыт работы с BLoC. • Уверенное базовое владение Git. • Готовность разбираться в новых технологиях и самостоятельно решать задачи. • Ответственность, адекватное отношение к фидбеку и умение работать в команде. 📺 Для первого проекта важно: наличие доступа к Smart TV для реального тестирования приложения. В приоритете Samsung Tizen, LG webOS или Google TV / Android TV. Что предлагаем: 🚀 Реальные проекты, которые выходят в продакшен. 👨‍💻 Код-ревью и помощь более опытных разработчиков. 🛠 Возможность получить реальный коммерческий опыт и усилить портфолио. 📈 Возможность продолжить работу с командой и получить оффер по результатам стажировки. 🏅 Рекомендательное письмо по итогам успешной стажировки. 🤝 Удалённая работа и гибкий график. Особенно ценим ответственность, инициативность и желание быстро расти. Для отклика отправляй: Резюме / кратко о себе. Ссылку на GitHub или примеры проектов, если есть. Укажи свой опыт с Flutter и BLoC. Напиши, к какому Smart TV у тебя есть доступ. 📩 Отклик: @dmit_rj

Бүгүн рекорд койдук. 3 саат 44 мүнөт. КРСУда окуган студент кыз консультацияга келди. Быйыл 4- курс. Окууну бүтөрү менен жумушка кириши керек экен. Университет жакшы эле окуткан, бирок баарын үстүртөн гана окуп калышкан. Өз алдынча окуп үйрөнүп, өз жолдорун өздөрү табышы керек. Саат 10:59 дан баштап 14:43кө чейин "Кантип ITни туура, арзан жана бат үйрөнөбүз"-деген темада сүйлөштүк. Ушуга чейинки эң узакка созулган конусльтация ушул болду. Өзүмдүн таржымалымды айтып, жасаган долбоорлоубузду бирден көрсөтүп, мактанып алдым. Тим эле подкаст бергендей эле болдум... ITнин ар бир багытын талкууладык. Анын ичинен -Фронтенд -Бекенд (Django, FastApi, Java, Firebase) -Флаттер -С# менен десктоп -Дата аналитика, дата сайнс -Проект менеджмент -Продукт менеджмент -Бизнес аналитика -HR ж.б. бир топ багыттарга токтолдук. Өзүнүн курстук иш катары жасап баштаган келечектүү бир долбоору бар экен. Жасап, башка адамдарга бизнестерге ижарага бере турган платформа болот. Ошол платформаны өзү жасап чыгуусун сунуштадым. Ошол проектти жасаса фронт, бекенд, тиркеме, БД, ана продукт менеджмент... сыяктуу бүт багыттын жумушун өзү жасайт. Анан жакканын өзү тандап ошол багытка кетет. Менин сунушум ушундай болду. Бүт баарын жеке өзүм карап, көзөмөлдөп турам. Проектти нөлдөн баштап аягына чейин коштоп берем дедим. Ойлонуп көрүп бир-эки күндө жообун айтат. Негизи ITни курска барбай эле өз алдынча үйрөнүү керек! Ютубда маалымат толтура. Ошол жактан эле үйрөнгүлө.

Апасы 13 жаштагы уулун консультацияга алып келди. ITге аябай кызыкканын айтып, жол көрсөтүп берүүбүздү суранды, бир курстун 5 айлык контрагын төлөп коюптур. Бир топ сүйлөшүп отуруп курстан баш тартып, акчасын кайтаруусун суранды. Данияр Алимбаев окутат дегенден кийин, курс баштала элек болгондуктан 75 миң сомун кайтарып беришти. Кичинекей бөлүгүн бизге которуп, калганын англис тил курсу жана курска баруу үчүн жол кире катары колдоно турган болушкан. Эки жумадан бери тапшырма аткарып жатат. Видео сабактарды көрүп, отчетун жөнөтүп жатат. Азырынча жакшы. Англис тили курсуна да каттап жатат. Негизи ITни Ютубдан эле үйрөнсө болот, болгону бирөө көзөмөлдөп, багыттап турса болду... Силер курстарга көп каражат коротпой, биз менен иштешип, өз алдынча үйрөнөм десеңер кайрылгыла. Акыркы окуучуларды кабыл алып жатабыз. Мындан ары жеке долбоорлорду жаюу менен алек болобуз. Жетишип калгыла. (Инфоцыган болоюн деп калдык.) 😂 😂 😂 😂 😂 😂 😂

"IT үйрөнөм"-деп бир студент кыз келди консультацияга. Борбордо 4-курс экен. "Окууну деле кыйратып окубадык, кыйратып деле окутпады"-дейт. Эми акыркы жылда ITнин майын чыгарып, жакшы окуп, жылдын аягында жумушка даяр болушу керек экен. Бир сааттай сүйлөшүп, бир жылдык планын түзүп, ютубдагы курстардын шилтемесин берип, тапшырмаларын көрсөтүп, бүт келишип анан кетти. Курска деп 120 миң сом топтогон экен. Биз менен иштешип баштады. 105 миң сому жанына калды. ITни арзан жана туура үйрөнүүнү керек!

Бишкектеги курстардын бирөөсүндө окуган эки кыз кайрылышты. Бирөөсү Бишкекте, бирөөсү Кореяда. Бир катар сүйлөшүп, фронтенд үйрөнбөй токтотуп, башка багытка өтүүсүн сунуштадым. Бирөөсү флаттер багытын тандады. Экинчиси ойлонуп жатат. Балким флаттер деп жатабыз.. Эгер экөөсү тең тиркеме жасоону каалашса бир группа кылып, экөөсү бири - бирин колдоп, атаандашып окушат. Байкайлы. Баса, силер да башка курстарга көп каражат коротпой эле биз менен иштешип үйрөнө берсеңер болот.

Бүгүн 70 окуучунун тапшырмасын текшердим. Кореядагы Лилия деген кыздан башка баары менен сүйлөшүп чыктым.

Бүгүн эртең бош убакытыбыз бар. Каалоочулар жекеге жазгыла.

Салам. Эртең бошпуз. Кыларга иш жок. Консультацияга каалоочулар болсо жазгыла.

Бүгүн IT адиси болгум келет деп 37 жаштагы байке келди. Өзү кибер коопсуздук, AIга кызыгат экен. Бир сааттай сүйлөшүп отурдук. Тапшырмасын бердим. Бир жумадан эки айга чейинки убакта бүтөт. Андан кийин багыт тандап, андан ары ITге сүңгүп кирет. Курстарга олчойгон каражат кетирбей эле биз менен иштешип IT адиси болот буюрса

Бүгүн 5 адамдые резюмесин жиберип, бирөөсүнө жумуш таап бердик 😎