cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

ИЛИМ ОРДОСУ 🕯📚

Ассаламу альайкум уа рахматуллохи уа барокатуху.Биздин группага кош келиңиздер!!! "Ыйык Куран аяттары" 📗 "Хадистер"🌹 "Видео баяндар "🎥 "Тесттер "📗 'Мотивация "🔗 "Биздин группалардан бул дүйнө жана акыретиңиз үчүн пайда алып кетиңиз .....🥰🌹❤️

Больше
Рекламные посты
3 520
Подписчики
+324 часа
-517 дней
+12330 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

КАЙСЫЛ ТИЛ СИЗГЕ ЖАГАТ 🫀
Показать все...
🇰🇬 КЫРГЫЗЧА
ҚАЗАҚША 🇰🇿
🇷🇺 РУССКИЙ
УЗБЕЧКА 🇺🇿
Фото недоступноПоказать в Telegram
*📘 ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР* Анас Ибн Малик (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам): *«Мени көрүп туруп ыйман келтиргенге бир жакшылык. Көрбөй туруп ыйман келтиргенге жети жакшылык болсун»*- деди. (Ахмаддын «Муснады») ☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️ Анас Ибн Малик (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам): *Мен бир туугандарым менен жолугууну жакшы көрөм дегенде, Сахабалар: «Биз сенин бир туугандарың эмесбизби.?» - дешти Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам): «Силер менин шеригимсиңер, а менин бир туугандарым - мени көрбөй туруп, мага ишенгендер»* - деди. (Ахмад)
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
НАМАЗ-ДИНДИН ТИРЕГИ Ар бир адам баласы эн алгач Аллах Тааланын Бар жана Жалгыз экендигине, ошону менен бирге Анын бүткүл адамзатка жөнөткөнн Элчиси жана Пайгамбары Мухаммадка(САВ) Ыйман келтирүүсү керек. Ыйман келтиргенден кийинки турган эн маанилүү милдети болсо, бул - НАМАЗ оку. НАМАЗ ~ Инсандын нафсисин тазартып, жан дүйнөсүн нурдантып, жүрөктө тынчтык, бейпилдик жана Аллахтан коркуу сезимин пайда кыла турган өзгөчө Ибадат болуп эсептелет. Муну Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)» НАМАЗ ~ ДИНДИН ТИРЕГИ»,- деген сөзү менен да бекемдеп кеткен. НАМАЗ ~ Инсанды кунөө жасоодон кайтарып турат. Беш убакыт Намазына бекем болгон Инсандын Ыйманы дайыма бекем болуп, Намаздан Намазга чейинки күнөөлөрү жуулуп турат. Муну менен ал озуно Бейишке жол ачат жана Аллах Тааланын эн жакшы көргөн Пенделеринин катарында болот.
Показать все...
2
01:18
Видео недоступноПоказать в Telegram
Аялзатынын көз жашы Алла Тааланын астында эсептелет О, Эркектер! Аялдарыңарды ыйлатпагыла! Анткени, аялдын төккөн ар бир тамчы көз жашы Алла Тааланын астында эсептелип турат. Аял бутуңдан жаратылган эмес, анын укугун тепсеп кордооң үчүн. Башыңдан жаратылган эмес, ага үстөмдүк кылууң үчүн. Аял жүрөгүңө жакын кабыргадан жаратылган, аны жакшы көрүүң үчүн. Аялзаты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот. Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып; — «Эмне кылып жатасын?» — деп сурайт. -Аялы: «Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле»- деп жооп берет. Аялзаты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.
Показать все...
IMG_2754.MP415.02 MB
😭 2
Фото недоступноПоказать в Telegram
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ Эй, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында Аллах - сабырдуулар менен бирге. Аль-бакара сүрөсү 153-айат
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
لَيْسَ الْبِرَّ أَنْ تُوَلُّوا وُجُوهَكُمْ قِبَلَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالْكِتَابِ وَالنَّبِيِّينَ وَآتَى الْمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِ ذَوِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ وَالسَّائِلِينَ وَفِي الرِّقَابِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا ۖ وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ صَدَقُوا ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ Жүзүн чыгышка же батышка буруу эле жакшылык эмес. Жакшылык бул - Аллахка, Кыйамат күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакындарына, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге, күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал-дүнүйөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер, эгер убада берсе убадасына тургандар, кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар - чынчылдар, мына ушулар - такыбалар. Аль-бакара сүрөсү 177-айат
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Ниет аябай маанилүү амал... Адам эмнени ниет кылса, Аллах Таала ага кудум ошол ниет кылганын берет... 💕
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Көп ойлоно бербе, андан көрө көп-көп ИСТИГФАР айт! Аллах Таала истигфар аркылуу ушундай эшиктерди ачат, аларды ойлонуу менен ачуу мүмкүн эмес!
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Эгер жүрөк таза болсо, тилден да кооз сөздөр чыгат.
Показать все...
Аялы күйөөсүнө эмнеге ачууланды? ⚜️Рамазан айы.Ооз ачар убактысы келип,күйөөсү менен аялы дасторконго отурушту. Күйөөсү алакан жайып дуба кылып,акырында жакын досу үчүн да дуба кыла баштады: -Оо,Жараткан Кудай, досума ыймандуу, сулуу, таза,жакшы үй-бүлөөдөн тарбия алган жубай бергин... Күйөөсү дагы улантмакчы болду эле кокустан,аялы тура калып анын КОЛУН ЫЛДЫЙ түшүрө койду да: - Досуңа,узун өмүр,кенен ырыскы тилебейсинби,андан көрө?-деп сөзүн бөлдү. Таң калган күйөөсү жакшы түшүнбөй жооп кайтарды: -Ал азыр аялга гана муктаж болуп турат,муктаждыгына дуба кылып жатпаймынбы? -Жок, болду токтот дубанды!-аялы эми чындап эле кыйкырып жиберди. Күйөөсүнүн оозу ачылып, таң кала сурады: - Эмнеге досума дуба кылдыра койбойсуң? Бир мусулман экинчи мусулманга дуба кылган кезде,периштелер «Сага да ушундай болсун»деп кошумчалап турарын билбейсиңби?!-деди аялы ачуусун баса албай. Кептин төркүнү кайда жатканын эми түшүнгөн күйөөсү каткырып🤣 күлүп жиберди. Анын каткырыгы азыр эле ачуусу бетине чыгып турган аялдын жүрөгүн жибитип, ал да каткыра баштады. Ооз ачаар дагы кубанычтын үстүнө кубаныч кошулуп, жубайлар тамакка киришти.🫀❤️
Показать все...
🤣 2
Выберите другой тариф

Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.