cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

ℳ𝓊𝓇𝒶𝒾𝓏

Jazmalar... Jeke: @aizadabio

Больше
Кыргызстан1 125Кыргызский261Категория не указана
Рекламные посты
636
Подписчики
Нет данных24 часа
-147 дней
-5330 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

-Көрүнбөйсүң го? -Карасаңыз көрүнөбүз да). -Кайсыл тарапты,ылдыйдыбы же өйдөнүбү? -Ылдыйды.Биз сизди көрүү үчүн өйдөнү(бийикти) карайбыз. #жөнөкөйлүк
Показать все...
•Кээде, бизге жөнөкөй нерсе берген баалуулукту, баалуу нерсе бере албайт...! Мен мунун шаардын асфальт төшөлгөн кенен жолдорунда баратып,айылдын кичинекей чаң көчөлөрүн сагынып атканымда түшүндүм...
Показать все...
Эмнеге мынчалык муңдуу жазат экем э? (Окуп атып өзүм боорум ооруп кетти😅)
Показать все...
#сапар Жол даарылайттыр деп чыктым сапарга.Узак жолдор дабаа болоор деген үмүттө.Дагы бир уюп турган түндүн жылдыздуу асманын тиңиле карап көптү сезем дегем.Кучагын ачкан бийик тоонун арасынан эркелеп өтүп,ойлорум да ошолордой бийиктикке учат деп айбыккам,сапарга шашкам ошентип.Келээр жериме эмес,бараар жолума шашкам... Бирок,кайдан,дартың башка болсо,кайсыл жерде кантип жүргөнүңдүн да мааниси болбойт экен көрсө. Коштошуу кыйын нерсе.Бир эле адамда оң жагында да,сол жагында да каккылган жүрөктүн дабышын жаңыртып,эки дене бир денедей байланып,катуу кысылган кучактан кийин эки башка жолго карап, кадамын улап алыстоо оор нерсе. Көп нерсени артыма таштайм деп чечим чыгаргам өткөн күнү.Өзүм менен бирге жаңы чөйрөгө,жаңы сезимдерди,жаңы ойлорду алып келем дегем.Жоок,колумдан келсе кана анын бири.Ичим сызылып,эскисиндей көтөрүп жүрөм баарын.Өчпөй турган элестерди өчүрүүгө тырышкан менде күнөө өзү.Жүрсүн дейм,мейли.Жашоонун кызыгы ошолор менендир балким.Унутууга мүмкүн болбогон,жаташкан, чырмалышкан көз ирмемдер... Борбор. Шыпка көзүм такалып,келгенден бери жууркандын кучагынан чыкпайм.Ачылган терезеден ары-бери оозуна өткөн унаалардын дабышы даана кулакка урунат.Алдында эмне мени күтүп турат, кандай жашоо, кандай адамдар, кандай сезимдер, белгисиз.Турмушумда кокустуктарды көп жолуктуруп жүрүп,анча мынча нерсе мени таң калтыра албай калганына көп болуптур. Баары жакшылыкка болсун.
Показать все...
Фото недоступно
"Сен үчүн эң оор нерсе эмне?"- деп сурасаң, "жакыныңдан айыруу" демекмин...
Показать все...
Теле боздойт,мен боздойм.Жаңырган музыканын агымы менен боздолуп барам.Сатыбековдун себелеген жамгырына кошо себепсиз себелеп атам... Мынтип нотага жазылган «муңдардын»көбүн эсе сүйүү ээлеп турат окшобойбу.Жетпей калган сүйүү, кайтарымсыз сүйүү, бүтпөгөн сүйүү,узактагы сүйүү, чыныгы сүйүү, ырайымсыз сүйүү, бааланбаган сүйүү,баркталбаган сүйүү, тебеленген сүйүү,кол жеткис сүйүү... Булардын ар бири тууралуу саптар жаралып, алар нотага түшүп,мынтип уккан жандын ичтен жашырган сезимин алып чыгып,алиги музыкалык "беш сызыкка"жайгаштыргансыйт.Алгач скрипкалык ачкыч менен башталып, кийинкиси андан ары өз кезеги менен жолун улап, бирде "до", бирде"ляга"түшүп,айтор ички ааламдын тепкичтерин бирден басып өтүшкөнсүйт. Бул "сүйүү"деп эле аталган менен,көп түргө бөлүнүп кеткенин карачы.А дүйнөдө канчасы канча түрү менен "боздоп",канчасы ичтен эзиле,дармансыз кала берди экен...? Каап,бул махабат деген неме армансыз жаратылса кандай болмок дейм да...?! -деген ойлорго жетеледи бул жаңырык...)
Показать все...
Жазма менден,мен жазмадан алыстадым,алысташтык. Жоктугунан эмес, балким көптүгүнөн жазылбай жаткандыр деп коём ичимден.Көптүр чын эле.Башталып,бүтпөй канчасы калды.Мейли,жазма калса калсын, өмүр калбасын,сезимдер,кыялдар,ойлор,ниеттер, сүйүүлөр жарым калбаса экен дейм. Рухума бирде жылуу,бирде суук,бирде сырдуу,а кээде табышмактуу учурлар көп кездешүүдө.Кыскасы,жазбай калгандан бери көптөр жашалды.Ар адамдын дүйнөгө айтып бере алчу казынасы бар дейт,а мен айтып бере албаган казынам менен убарамын.Биир төгүлүп-чачылып алгым бар.Күчүм жетпейт.Жетпегени да жакшыдыр балким... *** Улам канатын каккылап,бир куш учат ичимде.Бул жөнөкөй куш эмес,"үмүттүн" кушудур деп болжойм өзүмчө.Ал менин жашагым келген бир сезимден жаралгандыр.Же абалымды көрө калып,учуп келгендир.Билбейм анысын Канатын бирде өйдө, бирде ылдый каккылап,улам бийиктикке алып учуп, мендеги жаңыдан жаралып келаткан сезимди күчкө толтуруп, бекемдейт. Жашоого байлап, кулаган жерден бутка тургузган да дал ушул ар адамдын өз ичиндеги "үмүт кушудур". Бизди ушул куш өмүргө тартат,ушуну менен жетеленип,алдыга ушуну менен кадам улаарыбыз анык кеп... Кушубуздун канаты кайрылбасын! •Өзүмдөн көптү күтөм. •Жазмаларга жан керек. •Жазмаларга сен керексиң!
Показать все...
•🌷• Сүйүктүү июль,кош келдиң! Сен мага өзүң менен кошо өзгөчө күндөрүңдөн ала кел.Ичинде: сүйүү,кубаныч,бакыт, тынчтык, эркиндик, бүтүн кооздуктар кошо камтылса... Бул айда керемет сезимдер жашалса дейм.Бир жарыктык кирсе жашоомо.Бүтүн караңгылыктарды жоюп, жарыгын чачып турса, өчпөсө... Жашоомо кооз кел!
Показать все...
Жарсыңбы же жарасыңбы...?
Показать все...
•Сенден күткөнүмдү ал берди.Бирок,сага бергенимди ага бере албадым...
Показать все...
Выберите другой тариф

Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.