ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ🇰🇬
Лейлек району, Сүлүктү, Раззаков шаарлары, Баткен облусу, КР боюнча маалыматтар. Видео-фото болсо жөнөтүңүздөр 👉 @ceoxxx111 Реклама боюнча 👉 @ceoxxx111
Больше212
Подписчики
+124 часа
+47 дней
+730 дней
- Подписчики
- Просмотры постов
- ER - коэффициент вовлеченности
Загрузка данных...
Прирост подписчиков
Загрузка данных...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Депутат Баткенге билет Абу-Дабиге учкандан кымбат экенин айтты
"Бишкектен Баткенге билеттин баасы 6000, Абу-Дабиге 5000 сом. Абу-Дабиге 5 саат учса, Баткенге 45 мүнөттө жетет. Баткен өзгөчө статуска ээ, эң алыскы аймак", — деди Бактыяр Калпаев.
Эл өкүлү баа саясатын кайра карап, билеттин баасын түшүрүү керектигин кошумчалады.
👍 5
Баткен облусунун байырлаган кыргыздын байыркы уруулары
Ичкилик урууларынын бөлүнүшү:
1. Абат: Токмок, Жой, Чолой, Уста, Ботонжаннат, Гүжөөн, Адалакы, Могол.
2. Кесек: Сары Үсөн, Бөлөксары, Мөжөй, Мала, Калдар, Бөксө, Чүчүк, Тагайберди, Эшкара, Кызылаяк, Чуулдак, Алтынчы, Кара Молдо.
3. Кыпчак: Торайгыр, Таз, Таймат, Кожомшүкүр, Омонок, Жартыбаш, Жаманак, Кармыш, Алтыке.
4. Тейит: Кызыл баш, Калча, Кара Тейит, Сары Тейит, Бай Тейит, Кочкор Тейит, Чапан Тейит, Арык Тейит, Чал Тейит.
5. Нойгут: Лакман, Чардагай, Чери, Акназар, Муңканай, Найманманаш. Кара Мокон, Бөжөй, Шага.
6. Найман: Бөө Найман, Жанбол, Байбол, Кудайменде, Кандыке, Туума, Кожо, Үркүнчү, Бозторгой, Тентек, Кара Найман, Сарыбай, Боткочу, Көкө, Боз.
7. Бостон: Бозбала, Жазар, Ботманке, Баймат, Кара.
8. Чапкылдык: Жапар, Тайлакы, Салимбек, Бакыбек, Калтатай, Дидар, Асанали, Каландар, Имамшайык, Досмат(Карапорчо).
9. Каңдыдан: Каракаңды, Каранай, Алашан, Чок аке, Орок Тамга, Үчөк Тамга, Уманкаңды, Түркмөн, Уйгубулга, Шаран, Сарыкаңды.
10. Төөлөс: Меркит, Мүркүт, Керейит, Шорон, Айтамга, Додон.
11. Кыдырша: Эрдене, Чаңдабас, Чынатан.
12. Жоокесек: Жанычек, Калдар, Телмон, Дөмөр, Төрчек, Шаа улут.
13. Оргу: Жамгыр, Мырза найман, Чапан, Гөөзан, Бөлтүрүк, Ит кулу.
Лейлек районунун аймагындагы уруулардын жайгашуусу:
Лейлек районунун аймагын илгертен абат, кесек, чапкылдык, каңды, тейит жана найман уруулары байырлап келген.
1. Абат: Өзгөрүш, Катраң, Карасуу айылдарында.
2. Кесек: Коргон, Тогузбулак, Айбике, Миң-Жыгач, Голбо, Карабулак, Акбулак, Андарак, Көкташ, Каракамар, Замборуч, Карадаван, Чимген, Караташ, Чалдыбалды, Бешбала.
3. Чапкылдык: Эски Сүлүктү(Булакбашы), Төө-Моюн, Оочу, Эски-Оочу, Карынчы, Лайлы, Шоро, Актам, Шакмур, Маргун, Акжар, Аззаар, Даргаз, Севистан(Сегизтам), Даркум.
4. Каңды: Баул.
5.Тейит: Эски Сүлүктү(Булакбашы).
6. Найман: Мадыген.
Ал эми 1950-1960-жылдарда негизделген Кулунду айылында абат, каңды, кесек(эшкара), найман, чапкылдык, Ленин(Раззаков) айылында: кесек(кызылаяк, чуулдак, мала), Коммунизм(Ак-Арык) айылында: чапкылдык, тейит, абат, Сада айылында:чапкылдык уруулары жайгашкан. Арка айылында басымдуу бөлүгү чапкылдык, азыраак кесек, абат жайгашкан. 1980-жылдарда негизделген Достук айылында: чапкылдык, кесек, абат, канды ж.б., Жаштык айылында: чапкылдык, кесек, абат, тейит, ж.б., Максат айылында чапкылдык, абат, каңды, кесек, найман ж.б. жайгашкан.
Сүлүктү шаарынын аймагында: 1. Кесек: Таңги-Башы, Мала, Кольцо. 2.Тейит: Кароол-Кыштак, Кольцо. 3.Чапкылдык: Кольцо.
Шаардын өзүндө аралаш.
Баткен району боюнча:
Баткен районунда жашаган уруулар: абат, кыпчак, найман, нойгут, тейит, чапкылдык, каңды .
1. Абат: Самаркандек, Говсувар(Орто-Боз), Уч-Дөбө, Ак-Сай, Паскы- Арык, Ак-Татыр, Орто-Боз, Капчыгай, Көкташ, Кызыл-Бел, Жаңы-Бак.
2. Кыпчак: Ак-Турпак, Баткен, Кызыл-Жол, Бужум, Карабулак, Кара-Бак, Каратокой, Самаркандек, Достук.
3. Нойгут: Зардалы, Чарбак, Кара-Бак, Апкан, Бөжөй, Таян, Кыштут, Газ, Согмент, Сай, Кан, Кайыңды, Жаңырык. Ноокат районунда Караташ айыл аймагына караштуу Нойгут айылы бар.
4. Тейит:Кожешкен, Чоңгара.
5. Найман: Рават, Самаркандек, Кызыл-Бел, Кара-Токой, Сай.
6. Чапкылдык: Ширеш, Кара-Кыя, Каратокой.
7. Каңды: Чоң-Гара, Карабак, Чет-Кызыл, Дөбө.
Кийинчерээк пайда болгон айыл-кыштактар: Кызыл-Бел(абат, чапкылдык), Карабак(кыпчак, нойгут), Чон-Талаа(тейит), 1970-жылдары нойгуттар Дарадан Жаңы-Жер жана Чек айылдарына көчүрүлгөн.
Кадамжай району боюнча:
Кадамжай районунда байыр алган негизги уруулар каңды, жоокесек, бостон, найман, тейит, төөлөс ж.б.
1. Каңды: Пүльгөн, Таш Дөбө,Чекелик, Ноогардан, Өрүкзар.
2. Жоокесек: Охна, Чечме, Сур, Таш Дөбө, Гүлдүрөмө, Абсамат, Арык бою, Алга, Кайтпас, Өтүкчү, Жогорку Ынтымак, Ноогардан.
3. Бостон: Охна, Айдаркен, Жал, Жаңы-Коргон, Жаңы-Сырт, Жаш-Тилек, Жошук, Кичи- Айдаркен, Кызыл-Коргон, Миң-Чынар, Моло, Ноогардан, Ормош, Өтүкчү, Сары-Камыш, Сырт, Таш-Тобо, Тескей, Чоң-Гара, Ынтымак, Эшме.
4. Тейит: Чавай, Айдаркен, Көкталаа, Кара Дөбө, Алыш, Майдан, Пум, Каражыгач, Кароол, Чоң-Гара, Калтак, Аустан, Тегирмен.
5. Найман: Тамаша, Учкун, Кызыл-Булак, Кара Дөбө, Айырбаз, Көкталаа, Майдан, Чавай.
6. Төөлөс: Алыш, Кароол, Пум, Көкталаа, Чавай, Каракыштак, Каражыгач, Марказ, Майдан.
Кызыл-Кыя шаары боюнча:
1. Оргу: Беш-Буркан, Каракозу, Караван.
2. Тейит: Каракозу, Жинжиген, Кулуштан.
3. Төөлөс: Караван, Каракозу.
Шаардын өзүндө оргу, тейит, төөлөс ж.б. уруулар аралаш.