cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

🇰🇬Bishkektikter

🇰🇬Бишкектиктер үчүн атайын Telegram каналы! 🌎 Жаңылыктар биздин каналда! 📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👉 📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger

Больше
Рекламные посты
1 252
Подписчики
-324 часа
-507 дней
+15330 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

01:40
Видео недоступноПоказать в Telegram
Бишкектиктер үчүн жаңы эс алуучу жай ачылат. Мэрия алгачкы ирет Комсомол көлүн таза сууга толтурууда. Бул жасалма көл болгондуктан өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Буга чейин ага Чоң Чүй каналынан суу куюлуп келген. Бул ирет биринчи жолу скважинадагы таза суу колдонулуп жатат. Көлгө түшүүгө качан уруксат берилери азырынча белгисиз. 👉 @Bishkektikter Канали
Показать все...
Комсомол.mp46.42 MB
❗️Шашылыш билдирүү, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн 18-июлдан 22-июлга чейин нөшөрлөп жаан жаап, тоо этектеринде жайгашкан жерлерде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. ӨКМ элди сак болууга чакырды.
Показать все...
01:00
Видео недоступноПоказать в Telegram
😍Казакстандагы машыгуудан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жеңиш менен кайтты
Показать все...
289648 (2).mp418.80 MB
Фото недоступноПоказать в Telegram
❗️Урматтуу бишкектик айдоочулар 18-июлдан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Жолго чыгарда маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз.
Показать все...
00:20
Видео недоступноПоказать в Telegram
Жайында ар жума кечинде бишкектиктер Көлгө чыгып, айланма жолдо ушундай автоунаалардын узун кезеги жаралат Кайра жекшемби күнү кечинде элдин баары Ысык-Көлдөн Бишкекке чыгып, Боом капчыгайы, айланма жол автоунааларга толуп калат. Мындай көрүнүш салтка айланды. Блогер Николай Гладков айланма жолдогу кумурскадай тизилген автоунааларды асмандан тартып алган. Андан жолдун каршы тилкесине чыга калган "шашма" айдоочуларды да көрүүгө болот. 👉 @Bishkektikter Канали
Показать все...
SaveInsta.App - 3412071260193194723.mp47.03 MB
00:21
Видео недоступноПоказать в Telegram
❗️❗️Казакстандын Мангистау облусунда эркек киши элдин көзүнчө аялды бычактап салганын казак басылмалары жазып чыгышты. Социалдык тармактарда окуя болгон жерден үрөй учурган кадрлар пайда болду. Видеонун авторунун айтымында, эркек киши супермаркеттердин биринин жанында аялын бычактап салган. Анда дүкөндүн алдында канга боёлгон аялдын жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле чогулуп турган элге эркек кишинин кыйкырып жатканын байкоого болот. Мангыстау облусунун ички иштер башкармалыгы кол салган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин билдирди.
Показать все...
289636.mp45.52 MB
🇰🇬Кыргызстанда бүтүрүүчүлөрдү ЖОЖдорго кабыл алуу башталды Маалыматка ылайык, тандап алуу беш тур менен өтөт. I тур – 15-20-июль: ▪️талапкерлерди каттоо — 15-17-июль ▪️каттоону аяктоо — 17-июль саат 14:00 ▪️окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин ▪️абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Ысык-Көлдө 50гө чукул канаттуу "кулчулуктан" куткарылды Рейд учурунда жергиликтүү "ишкерлердин" туристтер менен сүрөткө түшүрүүгө колдонгон 15 кызыл бүркүтү (китепке кирген) жана 30дан ашык жырткыч кушу алынган. Инспекторлор аларга жалпы 100 миң сом айып салып, канаттуулар Караколдогу реабилитациялык фондго өткөрүп берилди. 👉 @Bishkektikter Канали
Показать все...
Бишкекте оңдолуп жаткан Байтик баатыр (Совет) көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды Ал эми Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки жери жабык. Ошондо азыр бул чоң жолдун үстүңкү бөлүгү, тагыраагы, Токомбаевден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жасалып бүтүп, ачылды.
Показать все...
Фото недоступноПоказать в Telegram
Ош: 800дөй турак жайды суу каптады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан. Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.
Показать все...
Выберите другой тариф

Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.