cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

Турат Алыбаев

Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм. 1. Пайдалуу маалыматтар 2. Өздүк макалалар 3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер 4. Кызыктуу тексттер Мага жекече суроолор болсо https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Больше
Рекламные посты
2 110
Подписчики
+224 часа
+37 дней
-1830 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

Показать все...
АйТидеги жазылбаган эрежелер - Айдай Өмүрбекова

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

👍 4
🥳 Курс башталат! 📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бизде жаңы поток үчүн курстарга кабыл алуу башталды. Бул ирет биз курстардын масштабын чоңойттук. ✅ Июль айынын 10у бизде төмөнкү 3 группанын окуусу башталмакчы: 1. Flutter курсу айымдар үчүн. Бул группабызды биздин My Quran мобилдик колдонмобуздун програмчысы Айдай Өмүрбекова менен Жумгал Маркет мобилдик колдонмобуздун Flutter програмчысы Айпери Орменбекова экөө жалаң айымдардан турган группабызды окутмакчы. 2. Flutter курсу эркектер үчүн. Биздин компаниябыздын Flutter програмчысы жана Тата дев компаниясынын Флаттер програмчысы Адилбек Курманбеков агай менен Руслан Асанов агайыбыз эркектерден түзүлгөн группабызды окутмакчы. 3. Front End курсу. Бул курсту sayapker.com сайтыбызды жасаган Апп АйТи компаниябыздын директору жана Фронтенд програмчыбыз жана ошол эле Саяпкер сайтыбыздын програмчысы Гүлзина окутмакчы. 📌 Биз бул курстарда адаттагыдай эле өзүбүз билген гана кесипти үйрөтөбүз, диплом бербейбиз, сертификат бербейбиз, жумуш менен камсыз кылбайбыз, болгону өзүбүз билген кесипти чын дил менен үйрөтөбүз, 6 айлык окуудан кийин 3 айлык акысыз стажировка менен камсыз кылабыз. 3 айлык стажировкага катышуу үчүн сөзсүз түрдө 6 айлык курсту толук аягына чыгаруу гана жетиштүү. Курс жалпы 6 ай окутулат, жумасына 5 күн, 2 сааттан сабак өтүлөт. Сабактар КР сааты менен 22:30 да башталат. 📌 Урматтуу окурманым, программист болуп келечектин кесибине ээ болуңуз. Азыр кандай кесип ээси болсоңуз дагы, кайда, эмне иш кылып жаткан болсоңуз дагы, АйТи дүйнөсүнө кызыккан болсоңуз сөзсүз азыр окуп програмчы болуп кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. 📌 Сурооңуз болсо + калтырыңыз, сизге толук маалымат беребиз. ✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. 30-июнь, 2024-жыл.
Показать все...

🔥 10👍 2
🤔Ийгиликтүү болуу үчүн канча каражат жетиштүү? Же Гугл банкрот болдубу? 📌 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым инстаграм истористе ушул суроону бердим эле, көпчүлүк “каражатка байланыштуу эмес, аракет керек” – деген жоопту берип жатышат. 📌 Ооба, мен дагы ушул маселени айтайын дедим эле. Себеби жакшы идеасы барлар “акчам жок, эгер мынча акчам болгондо, ушул ишим мындай кетет эле, тигинче акчам болгондо, тигиндей ишим укмуш болот эле”, “акчам жок окуй албай калбадымбы” – деген өңдүү куру шылтоолорду айтып отургандар дагы жок эмес экен. Кызык жери, акчам жок окубай жатам дегендер деле, ийгиликтүү болуу үчүн аракет керек экенин өздөрү айтып жатышат, бирок аракет кылышпайт го негедир 😁. 📌Баарыбыз билген Гугл компаниясы2018-жылы июнь айларында Google Podcast деген подкасттарды уга турган сонун Андроид колдонмосу чыгарды эле. 2020-жылдарда болсо iOS версиясы дагы чыккан. Чынын айтайын мага абдан жакты эле ушул колдонмосу. Эң чоң артыкчылыгы тажата берген жарнамасы жок, подкаст угуп жатканда иреттүү, ар жерге аттап ойду бузуп, көрүнгөн нерсени сунуштай берчү эмес. 📌 Тилекке каршы дүйнөлүк алп компания Гуглдун ушул колдонмосу ийгиликке жетпей калды. Кыскасын айтканда жабылып калды. 2024-жылдын 23-июнунан тартып расмий түрдө жабылды. Болбосо Гугл компаниясынын 2023-жылдын акыркы кварталында кирешеси 60 млрд доллар болгон. 📌 Акча десе акчасы бар, бардык маалымат өз колунда, биз ойлогон бардык мүмкүнчүлүк колунда туруп, Гугл деле бир ишти ийгиликтүү алып бара албай, башкача айтканда банкрот кылды. ✅ Урматтуу окурманым, демек биз ойлоп жаткандай, бир нерсе кылуу үчүн көп акчанын зарылдыгы жок экен. Сиз кандай ойлойсуз билбейм, бирок ийгиликтүү болуу үчүн жөн гана аракет керек экен, чын дилден аракет. Келиңиз урматтуу окурманым, ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Ийигиликтүү болуу үчүн аракет кылалы. Акчам болсо кыйын болуп кетем дебей, кыйын болуп кетүү үчүн окуйлу. 📌 Сиз дагы өз оюңузду жаза кетиңиз. Курска жазылам десеңиз + калтырыңыз. ✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 2024-жыл, 29-июнь.
Показать все...

👍 16
Акыркы күндөрү абдан ой басып жатат мени, бир нерсени баштап жиберет окшойм. Эмне деп ойлойсуз? Оюңузду айта кетиңиз.
Показать все...
👍 25
Показать все...
Акак жана Өмүрбек АйТи түгөйлөрдүн маеги - Турат Алыбаев

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

👍 6
01:23
Видео недоступноПоказать в Telegram
Кечээ кечинде Бишкектин четиндеги бир чакан айылга барып келдик. 1 көчөгө десем деле болот. Ачекей көчөсү, Ачекей айылы. Садык Шернияз агабыз негиздеген, сонун айыл экен.
Показать все...
Ачекей.mov61.37 MB
👍 16
Показать все...
17-сабак Flutter Dice App logic - Элдияр Алмазбек

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

🔥 2
Фото недоступноПоказать в Telegram
🥰 6👍 4
https://youtu.be/me9TZvNoA7g 17-акысыз сабагыбыз Йутубга чыкты.
Показать все...
17-сабак Flutter Dice app UI жасалды - Элдияр Алмазбек

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

👍 7
😇 “Билимдүү Жаштар” акысыз АйТи долбоору эсиңиздеби? 📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансыздарбы? Мындан бир жарым жыл мурун коомубуздагы белгилүү бизнесмен, көп жакшы иштерди кылып жүргөн мыкты жигит Билим Майнаев досубуз менен биргеликте “Билимдүү Жаштар” акысыз АйТи долбоорун уюштурганбыз, эсиңиздеби? Азыр дагы айрым учурда ошол долбоор жөнүндө сурап калышат. 📌 Анда ошол долбоор боюнча кенен айтып берейин. ✅ “Билимдүү Жаштар” АйТи долбоорунун ээси Билим Майнаев, а биз болсо бул долбоорду ишке ашыруу максатына жардам кылдык. ✅ Биз 6 ай окутуунун милдетин толугу менен мойнубузга алдык, Билим мырза болсо долбоорду каржылап берди. Бизде курстун баасы жалпы 120 миң сом болчу, албетте Билим мырзадан толугу менен алган жокпуз, орточо бир баага келишим кылдык, биздин да салымыбыз болсун деп. ✅ “Билимдүү Жаштар” долбооруна жалпы 3 этап тандоо менен кабыл алдык. 1. Алгачкы тандоодо 1500 дөй адам катышты, эң жөнөкөй тапшырма берилди. Жөн гана жмайл аккаунт ачышы керек, болгону өз аккаунтунун аягына биз белгилеген белгини кошушу керек болчу. 2. Ал эми 2-тапшырма болсо биз жиберген атайын форманы толтурушу керек, форманы толтуруу шарты сөзсүз биз ачтырган жмайл аккаунту менен толтуруш керек болчу. 3. Акыркы 3-тапшырма болсо, бир аз татаал болду албетте, өзүбүз Флатерди ноутбукка орнотуу боюнча видео сабак тартып, аны атайын ачылган Телеграм группага жибердик. ✅ Ушул 3 этап тапшырмадан 1500 адамдан 125 тей гана адам өтө алды. Ошентип 125 адам менен 6 айлык окуунун жолун баштадык, бирок тилекке каршы, бекердин тузу татыбайт дегени чынбы билбейм, 6 айды 25 тей гана адам аягына чыгара алды. ✅ Эми ошол 25 адамдын алгачкылары жумуш орду менен камсыз болуп, жакшы ийгиликтерге жете баштады, калгандары дагы жумуш издеп аракет кылып жатышат. Мурун жумушка киргендери, кийинкилерин дагы жумушка тартып жатышат. 8 адам Flutter програмчы катары эмгек жолдорун улантып жатышат. Бардыгына ийгилик каалайбыз жана Билим Майнаев мырзага дагы Алла ыраазы болсун дейбиз. 📌 Кудайым буюрса ушул бүтүрүүчүлөр менен алдыда дагы акысыз окутууларды кылабыз деп үмүт кылабыз. Ар күнү өзүбүздү жана өлкөбүздү өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. ✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 10-июнь, 2024-жыл.
Показать все...

👍 28 4
Выберите другой тариф

Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.