cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

Ссссс

📽️ТАРЫХ - КЕЛЕЧЕКТИН КҮЗГҮСҮ! 🚀 📌 Кыргызстан тарыхы 📌 Дүйнө тарыхы жана түрк элдери 📌 Кызыктуу тарыхый маалыматтар 📌 Тарыхта из калтырган инсандар 📌 ЖРТга багытталган тесттер 🌅 Билген - тирик! Билбеген - өлүк! ⚰️

Больше
Рекламные посты
910
Подписчики
Нет данных24 часа
Нет данных7 дней
Нет данных30 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

Фото недоступноПоказать в Telegram
Жаманкара баатырдын эрдиги жана өлүмү тууралуу Жаманкаранын тендешсиз баатырдыгы, эл-жерин жанындай сүйгөн чыныгы патриоттуулугу Кенесары хандын кыргызга карата экинчи чабуулунда ачыкка чыгып, бүт кыргызга таанылды. Жоо келгенде Жаманкаранын эли жапырт тикесинен тик турушуп, каармандык менен салгылашат. Жаманкара өзү алп болсо керек, кылычын суурбастан, беш- алты кулач кош тутамдай союлду колуна алып, жабылып келген жоонун колун, ары бир шилтеп, бери бир шилтеп, куурайдай жапырып, качууга аргасыз кылган. Айылына киргизбей жоону кууп салып, Мазардуу Карасууда жүрүп жаткан былчылдашкан кызыл кыргынга жардамга келишкен. Ал жерден жоо качканда, Худаймендинин «жеңилбес" аскерин талкалоого катышкан. Кенесарынын экинчи чабуулу ийгиликсиз аяктап, Калыгул чечен элчиликке барып, тынчтык келишимине макулдашып келгенден кийин, Кененсары келишимди бузуп, өткөн согушта өзгөчө эрдиги менен таанылган Солтонун тандалма баатырын Жаманкараны баш кылып, алдап конокко чакырып барып, мыкаачылык менен өлтүрүшөт. Уламадан уккан сөз Улам бирге жуккан сөз- деп манасчылар айткандай, уламадан укканыбызга караганда, ал окуяны өз көзү менен көрүп, ошол кезде Шоорукта малай жүргөн, жетим кыргыз бала, кийин Шоорук талкаланганда өз элине келип, айтып берген дейт. Адегенде Шоорук Жаманкараны жигиттери менен жакшылап коноктойт да, ар бирин өзүнчө, ар башка үйгө жаткырат. Түн ортосу ооп, баары кызуу уйкуда жатканда киришип, жигиттердин баштарын кыя-кыя чаап, Жаманкараны болсо колу- буттарына, мойнуна кайыштан сыйыртмак салышып, темир казыктарга керип байлап салышат. Шоорук чон шамшарын алып, байланып жаткан Жаманка- ранын жанына басып келип, бир капталын жарып, бир бөйрөгүн сууруп чыгат. Жаманкара кабагым-кашым дебестен эч нерсе сезбегенсип былк этпей жата берет. Бир аздан кийин ары жактан Кенесары келип: "Ахвал кандай баатыр» дегенде: «Эми кызына айгыр салсан жарайм» деген экен. Угушубузга караганда Кенесарынын карындашы Жаманкарага ашык болуп калып, Жаманкараны өлтүрөрдө, «Жүрөгүндө жалы бар эр экен, өлтүрбөстөн туугандашып узат, өлтүрсөңүз арты жакшылык алып келбейт» деп, зарлап ыйлаган дейт. Кыжыры келген Кенесары, Жаманкаранын экинчи капталын өз колу менен жарып, экинчи бөйрөгүн сууруп, эми кете бер деп бошотуп жиберет. Ошондо Жаманкара эч нерсе болбогондой жай баракат туруп, кесилген эки бөйрөктүн ордуна эки колун чөнтөккө салгандай салып алып, айыл аралай басканда, алдынан жолуккандар туш-тушка бет ала качышат. Шоорук кылычын алып, артынан жете келгенде, Жаманкара боз үйдө жөлөнүп турган баканды ала коюп шилтеп жиберсе, Шоорукка тийбестен, анын жанында келаткан жансакчысына тийип, ал ошол жерден жан берген. Ошондо Жаманкара да жыгылып, түбөлүккө көз жумган. Кыргыз элимдин, эсил кайран көк жал баатыры, ошондо болгону 23 гана жашта болгон. @Taryx_Baraktary
Показать все...
Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди 1918-жылдын 5-октябрында ишин баштаган. Жыйында Түркстан АССРинин Конституциясын кабыл алуу күн тартибине коюлуп, анын максаты, мааниси жана ички түзүлүшү боюнча талкуу уланган. Кыргызстандыктар 1964-жылдын бул күнү республиканын борборунда Советтер Союзунун үчүнчү космонавты Андриян Николаевди салтанаттуу тосуп алышкан. Ал убакта өлкөдөгү космонавттардын саны алтыга жетип, А. Николаев убагында Фрунзеге жакын жерде жайгашкан аскер авиациясында кызмат өтөгөн. “Спартак” стадионундагы жолугушууга он миңдеген адам катышып, космонавт пионер уюмуна салтанат менен кабыл алынып, ага таза кандуу аргымак тартуу кылынган. Кыргыз көркөм искусство музейинде 1978-жылдын 5-октябрында Пишпек-Фрунзенин 100 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылган. С. Чуйков, Г. Айтиев, А. Михалев, А. Игнатьев сыктуу республикалык сүрөтчүлөрдүн калеминен жаралган сүрөттөр социалисттик реализм нугунда тартылып, анда табият жана эмгек темасы даңазалаган. Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатын белгилөө 2000-жылдын 5-октябрында соңуна чыккан. Санкт-Петербургдук археолог, профессор Ю. А. Заднепровскийдин аныктоосуна жараша Ош шаарынын башаты мындан 3000 миң жыл илгери түптөлгөндүгү көрсөтүлүп, президенттин жардыгы менен шаар майрамы 2000-жылдын октябрь айынын башталышында белгиленген. Салтанат алкагында Ош шаарынын тарыхы, маданияты, археологиясына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Айрым адистердин айтымында, Ош шаарынын майрамы мамлекеттик салттын калыптанышына жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоо максатын көздөгөн. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстандын Толук ыйгарым укуктуу элчиси Медеткан Шеримкуловго 2004-жылдын бул күнү «Достук» ордени тапшырылган. М. Шеримкулов убагында «легендарлуу» Жогорку Кеңешти жетектеп, анын парламент аралык байланышты чыңдоого кошкон салымы, Шериктештик өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын жогорку сыйлыгы менен бааланган. 5-октябрь – Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Ошентип мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө белгиленет. Христофор Колумб 1502-жылдын 5-октябрында Коста-Риканы ачкан. Англис саякатчысы Жорж Ванкувер 1793-жылдын 5-октябрында Канаданын Нутка аралына келген. Англиядагы биринчи медициналык «Ланцет» журналы 1823-жылдын 5-октябрында чыккан. Болгар князы Фердинанд 1908-жылдын 5-октябрында Болгариянын эгемендигин жар салып, падышалык макам алган. Лондондогу эл аралык ПЕН-клуб 1921-жылдын 5-октябрында ачылган. Эрнест Хемингуэйдин «Биздин убакта» аттуу китеби 1925-жылдын 5-октябрында Америка Кошмо Штаттарында жарык көргөн. Жазуучу Максим Горькийди ууландырган деген айып менен доктор Дмитрий Плетнев 1938-жылдын 5-октябрында камакка алынган. Советтер Союзунун Коммунисттик партиянын XIX съезди 1952-жылдын 5-октябрында Москва шаарында ишин баштаган. Партия съездинде ВКП (б) КПСС аталышына өзгөргөн. Югославия менен Италия 1954-жылдын 5-октябрында Триестанын айланасындагы талаш аймакты ич ара бөлүп алууга жетишкен. Советтер Союзу 1991-жылдын 5-октябрында Эл аралык фонд менен кызматташуу туурасындагы биринчи келишимге кол койгон. Президент Б. Ельцин 1993-жылдын 5-октябрында Орусиядагы оппозициялык партиялар менен гезиттердин ишкердигине тыюу салган. Гроссмейстер Владимир Крамник менен дүйнөдөгү күчтүү компьютер «Дип Фриц» ортсундагы шахматтык таймаш 2002-жылдын 5-октябрында Бахрейнде башталган.
Показать все...
Показать все...
Орус православдык чиркөөсү 1988-жылдын 5-июнунда Рустун христиандык динди кабыл алышынын миң жылдыгын белгилеген. https://t.me/Taryx_Baraktary
Показать все...
Тарых барактары📖

📽️ТАРЫХ - КЕЛЕЧЕКТИН КҮЗГҮСҮ! 🚀 📌 Кыргызстан тарыхы 📌 Дүйнө тарыхы жана түрк элдери 📌 Кызыктуу тарыхый маалыматтар 📌 Тарыхта из калтырган инсандар 📌 ЖРТга багытталган тесттер 🌅 Билген - тирик! Билбеген - өлүк! ⚰️ @Bilgechi

Жай айынын бул күндөрү кыргыздар Үлүш майрамын өткөрүшкөн. Бул маалда эл жайлоого толук жайланышып, бышылган кымыз күүсүнө келип, мал жетилип жан сергип, көңүл өскөн маалда кыргыздар жайлоонун жайкы майрамы Үлүштү белгилешкен. Көк шиберге дасторкон жайылып, үстүнө дүр-дүнүйө тамак коюлуп, тамтуң баскан баладан баштап абышка, кемпирге чейин жасанып жайлоодо майрамдык шаң орногон. Мындан улам эл арасында: Үлүш берем, той берем, Тамашаны чоң берем, Үлүш болот жайында, Кой, жылкылар айылда,-деп айтылат. Шабдан Баатыр 1905-жылдын бул күнү Жети-Суудагы кыргыз жана казактардын атынан министрлер Комитетине Петиция менен кайрылган. Анда кыргыз менен казактардын дин иштери, билим алуу жана жер менчигине байланышкан маселелер 11 пункт менен белгиленип, аларды оң чечүү маселеси падышалык бийликке билдирилген. Жети-Суу областындагы Пржевальск, Пишпек, Верный, Копал, Жаркент уездинин кыргыз жана казак калктарынын өкүлдөрү 1905-жылдын ушул эле күнү алардын дин, билим берүү, жер маселесине байланышкан арзуу, тилектерин Петербургдагы падышага жана мамлекеттик бийликке Шабдан Жантаевдин жеткирүүсүн күбөлөндүргөн арызга кол коюшкан. Алар мындан тышкары, эгер Шабдан Баатыр Петербургга өзү баралбаса, анда башка бир ишенимдүү адамды жиберүү жана Ички иштер министрлигинде өтө турган Элдик курултайга депутаттарды жеке көз карашына ылайык тандап алыш ишеничи айтылган. Пишпек уездинин V шаардык партия курултайы 1922-жылдын бул күнү ишин баштаган. Курултайда жаңы саясий системаны куруудагы партиялык уюмдун милдети жана коммунисттик идеалдарга каршы жат көрүнүштөрдү жою сыяктуу маселелер каралган. Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын I съезди 1937-жылдын бул күнү ишин баштаган. Анда Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы М. К. Аммосов доклад жасап, мамлекеттик аппаратты түпкүлүктүү калк өкүлдөрүнүн эсебинен толуктап, бийлик элдин негизги катмары сүйлөгөн тилде сүйлөшү керек жана республика жакынкы аралыкта агрардык өлкөдөн, индустриалдык-агрардык мамлекетке айланыштын стратегиялык багытын мерчемдеген. Дүйнө коомчулугу 5-июнда Айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилейт. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1972-жылдын 1-декабрындагы 27-сессиясында айлана-чөйрөгө көңүл буруу зарылчылыгы күн тартибине коюлган. Башкы Ассамблея Бириккен Улуттар уюмуна кирген өлкөлөрдү бул күнү айлана-чөйрөгө ак дилден мамиле жасоого чакырат. Бириккен Улуттар уюму ал үчүн ар жылы тематикалык девиз көтөрүп келет. Мисалы, 2007-жыл үчүн «Муздардын эриши-Жалындуу тема!»; 2009-жылы «Биздин планета сизге муктаж». Немис кайырдинчилдери 754-жылдын 5-июнунда Германияга христиан динин жайылткан дин үгүттөөчүсү Бонифацийди өлтүрүшкөн. Ерофей Павлович Хабаров 1650-жылдын 5-июнунда Якутскиге келген. Саякатчы Амур жергесин кыдырып, Даур аймагынын картасын сызып чыккан. Карта кийин Москвага жөнөтүлүп, 1667 жана 1672-жж. Сибирдин картасын түзүүгө негиз болуп берген. Исаак Ньютон 1661-жылдын 5-июнунда кембридждик Тринити-колледжге студент катары кабыл алынган. Орусиядагы биринчи фарфор өндүрүшү эсептелген Петербургдагы Порцелин мануфактурасы 1744-жылдын 5-июнунда негизделген. Немис табият таануучусу А.Гумбольт француз ботаниги Э.Бонплан менен бирге 1799-жылдын 5-июнунда Борбордук жана Түштүк Америкага саякатка чыккан. Экспедициянын материалдары 30 томдук китеп болуп жарык көргөн. Луи Бонапарт 1806-жылдын 5-июнунда Голландия королдугунун уюшулгандыгын жар салган. АКШ менен Канада ортосундагы мамиле 1854-жылдын 5-июнь күнкү «Элгин келишимине» жараша орнотулган. АКШ президенти Жеймс Гарфилдге 1881-жылдын 5-июнунда кол салуу жасалган. Союздук державалардын аскер жетекчилери: Г. К. Жуков, Д. Эйзенхауэр, Б. Монтгомери, Латр де Тассиньи 1945-жылдын 5-июнь күнү Берлин шаарында Германиянын жеңилишин күбөлөндүргөн Декларацияга кол коюшкан. АКШ мамлекеттик катчысы Жорж Маршалл 1947-жылдын 5-июнь күнү Гарвард университетинде сөз сүйлөп, согуштан кийинки Европага жардам берүү программасын сунуш кылган. Кийин ал «Маршалл планы» деген аталыш менен тарыхта калган. Жакынкы Чыгыштагы араб-израилдик согуш 1967-жылдын 5-июнунда башталган.
Показать все...
Кутман күн урматтуу окурмандар! "Тарых барактары" каналын бөлөк бирөөгө өткөзүп бердим. 6 ай биргеликте болгонубуз үчүн кубанычтамын. Баарыныздарга чоң рахмат! Алган билимиңздерди жараткан Аллах жугумдуу кылсын🙏 Албетте, сиздер менен коштошуу мен үчүн оор. Бирок иштете турган адамга өткөзүп берүү жакшыраак. Баса, сиздер менен коштошуп жатып акыркы жанылыктарды айтып өтөйүн. 11- Апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койдум. "Билге" студенттик уюмунун мүчөлөрү да, башка региондордо өз талапкерлигин көрсөткөндүгүн жакшы жаңылык катары айтып коёюн. Азыркы учурда мектепте тарых предметинен сабак берем. Буюрса жакынкы айларда кайрадан канал ачуу ниетим бар... Баарыныздарга ийгилик! Урматым менен Арстанбек уулу Чыңгызхан📚 @Taryx_Baraktary
Показать все...
Выберите другой тариф

Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.