- Подписчики
- Просмотры постов
- ER - коэффициент вовлеченности
Загрузка данных...
Загрузка данных...
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттесттары ката менен басылып чыккан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ата-энелер билдиришти. Алардын айтымында, документте сабактардын айрымдары жазылбай, кээ биринде баалар коюлбай калган. Аты-жөнү туура эмес көрсөтүлгөн учурлар дагы кездешет. Лейлек районундагы мектептердин биринде 57 бүтүрүүчүнүн 9у гана аттестат алган. Калгандарынын документти басмаканага кайра басып чыгарууга жөнөтүлгөн. Ата-энелер балдары жогорку окуу жайларга тапшыра албай, күтүп олтурганын айтышууда.
АКШда 22 жаштагы Альберт Мырсатаев 1-июль күнү каза болду. Бул тууралуу Америкадагы мекендештер билдирди. Альберт Мырсатаев Мичигин штатындагы көлдө таң эрте чөгүп кеткен. АКШдагы кыргыздар анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн акча топтошууда.
Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону Орозобек Токтомамбетов Иорданияда өткөн чемпионатта желекке тизелеп олтуруп, ага таазим кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев Reporter.kg’ге билдирди. Анын айтымында, Орозобек Токтомамбетов өзүнүн салмагында биринчиликти бербей, акыркы күрөштө үчүнчү алтынды тагынды.
Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, райондун Жетим-Дөбө айылында түнү сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Бир бала куткарылып, үчөөнүн сөөгү табылып, 10 жашар бала изделип жатат. Белгилей кетсек, Ноокаттагы селден кийин 9 адамдын сөөгү табылып, бирөө изделип жатат.
Ваш текущий тарифный план позволяет посмотреть аналитику только 5 каналов. Чтобы получить больше, выберите другой план.