cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

꧁Сүйүү - гүлү ꧂

Кош келиңиз🤗төргө өтүңүз!!!😘Сүйүү сезимдери, мотивация,цитата, калемимдин✍ сыясына таандык сөздөр аркылуу ийгиликке дагы бир кадам таштаныз🏃‍♂👇 жөн гана учкул сөздөр, махабат, өмүр, поэзия сырлары сиздер үчүн.

Больше
Страна не указанаЯзык не указанКатегория не указана
Рекламные посты
224
Подписчики
Нет данных24 часа
Нет данных7 дней
Нет данных30 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

Кара кийимчен кыз-11-болум} Мына ушунтип жүрүп арадан жети жыл өткөн соң сенин атанды өлтүрдүм. Ошондо чоң энең ак сүтүнөн кечип,мени сендей уулум жок деди. Аалам аңтарылып кеткендей болду. Азыр кылганыма өкүнөм, мүмкүн болсо кечир "-деп араң айтты да, тиги дүйнөгө сапар тарттып кетти. Хандын кызынын жаназасына барып, топурак салып , атамдын бейитине барып түн бир оокумда үйдү көздөй сапар алдым. Жамгыр себелеп, өчөшконсуп жаап жатты. Көздөрүмдөн аккан жаштар жамгырда эч кимге көрүнбөй калды. Ооба, мен жашоомо нааразымын. Ханга нааразымын ,он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызы тиги дүйнөгө кеткенине өкүнүп ,жашоого таарынып , катуу-катуу бакырып , ыйладым. Бет маңдайыма келип ,токтогон машинаны байкабадым. Машинадан жашы 22лер чамасындагы узун бойлуу, кең далылуу жигит түшүп: - Чоң кыз ,бул эмне кылганыңыз ? -Менин өлгүм келип жатат, машинаң менен мени сүзүп өтүп ,кет!-дедим. Ал мени таңыркап карап: -Суроонун жообу, кулпунуп ачкычы болот -деди. А мен ачуулуу үнүм менен , мындай дедим: -Мен дал ошол ачкычын жоготкон бир байкушмун . - Сабыр кыл! Баары өз ордуна түшүп кетет,буйруса-деди. Ал мени колуман кармап, машинасына алып келип, олтургузуп. Түнкү шаардын кооздугун көрсөтүп чыкты. Анысы аз келгенсип курсагымды тойгузуп, жаңы кийим-кечек алып берди. Анын кылганы мага жагып жатты. Мен ага эч нерсе айтпадым, ал да менден эч нерсе сурабады. Кыскасы мен тууралуу билсе керек. Мени өлүмдөн алып калган жигит менен тааныштым. Ысымы Бекзат, эң мыкты хирург экен. Экөөбүз бат тил табышып,достошуп кеттик. Болгону менден төрт жаш гана улуу экен. Аны көрө албасам кулпунуп ачкычын жоготкондой эле боло берем. Ага ушунчалык байланыпмын ,ал да мени жакшы көрөрүн айтып, ар дайым колдоо көрсөтүп жүрдү. Ии баса, менин жаңы курбум Нурия деген бар эмес беле? Ал ушундай жөнөкөй элеттин кызы, кара торусунан келген, орто бойлуу келечектеги профессор. Анын артынан жигиттер чуркабаса деле, ал өзүнүн ак боз минген ханзаадасын күтөт эле. Уландысы бар...
Показать все...
Кара_кийимчен_кыз} 10-болум .Балким менин жашоом ушунчалык татаалдыр. Өч алуу эң башкы максаттым эле,бирок андан да баш тарттым. Менин баш тартуумдун эң башкы себеби Хандын 14 жаштагы кыз болду. Ал кызы узун бойлуу, ак жуумал, көргөн жанды өзүнө тартып турган жылдыздуу кыз эле. Чачы ушунчалык узун жана кара, көздөрү бакырайган. Тим эле өзүнө жарашкансыйт. Өкүнүчтүүсү апасынын мен сыяктуу жети жашында ажыраптыр. Ал кызды көргөн сайын өзүмдүн балалыгымды көргөндөй болот элем. Эх,мен анын сулуулугуна арбалып өч алуудан баш тартканым жок, эгер атасы Ханды өлтүрсом мен сыяктуу томолой жетим калуусун калабадым. Бирок аттиң Хандын душмандары тиги кызды уурдап кетишти. Канча аракет кылдым ,бирок таба алган жокмун. Ал кызда эмне күнөө. Өч алгылары келсе ,Хандан алышпайт беле ?-деп коём. Арадан бир нече айлар өтүп, Хан кызын ойлой берип, жегени желим, ичкени ирим болду. Арыктап, сакалдары,чачтары өсүп өңдөн азыр кетти. Кызын таапкан соң бир ай өтүп өтпөй кызын көз алдында атып кетишти, анысы аз келгенсип Ханды да кошо атып салышты. Байкуш кыз бул аалам менен кош айтышып кете берди. Хан мени чакырыптыр. Бардым:"кызым, Пери кечир мени. Атаң Артурду өлтүргөнүмдун себеби башка эле. Анда мен кичинекей элем. Мен төрөлгөн күнү сенин атаң да төрөлөт экен. Абдан окшош экенбиз. Бирок арадан эки жылдан кийин сенин атаң менен мени эмдөөгө алып келишип ата-энелерибиз, алмашып калышыбызды билишбейт эле. Ошонтип бир нече убакыттар ,айлар жылдар өттү. Мен он жашар болгонумда билдим, мени менен атаңдын алмашып калганын. Ошондо көп нерсени түшүндүм,эмне үчүн Артурдун атасы мени урат десе, ал менин Артур эмес экенимди билчү экен. Ачуусу келип, Артурду алып келген соң мени үйдөн кууп чыкты. Бара турган жерим жок ,бир үйдүн алдында түнөдум. Ошонтип жүрүп чоңойдум. Чоң атаңа болгон кегим күчөдү,мен үйдөн кууп чыкканы, кур менен көгөртө мени уурганы азыр деле көз алдымда. Бир күнү мас абалымда чоң атанды көрүп ,ачуум келип,мени үйдөн куугансын деп катуу урдум. Бир өзүңө келбей ошол жерде жан берди. Анысы аз келгенсип сенин атаң Артур менен дос элем , ал болсо мен жактырган кызга үйлөнүп балалуу болду. Атаңды жок кылам деп жүрүп, өзүм казган орго сенин апаң, байкең жана менин бир тууган жээним түшүп кетти. Оор казсан кененирээк каз деген ошондон экен. Уландысы бар......
Показать все...
Сүйүү -согуш сыяктуу баштоо кыйын,бүтүрүү ,унутуу мүмкүн эмес
Показать все...
Ашыктыкты айтып чарчаган тил сонун! Тилге келбеген ашыктык анданда сонун!🌼
Показать все...
Сени суйуп калуу менин ойум эмес эле, журогумдун ойу болчу...🍃🥰
Показать все...
урматтуу группанын катталуучулары)!группадан чыкпаныздар сураныч🌺🥰
Показать все...
Мендик болушуң жазылса, Өзгөнүкү болбойсун. Өзгөнүкү болушуң жазылса, Мендик болбойсун. Көзүң менде болсо мендик эмессин. Көңүлүң менде болсо мендиксин. Мендик болгон күнү,, Көзүң да, көңүлүң да менде болсун!🖤 @birsoz_minamal
Показать все...
Биз адамбыз, ошондуктан ката кетиребиз. Кээде түн болуп түнөрөбүз, кээде таң болуп атабыз...❤️
Показать все...
Сиздин жүзүңүздөгү жылмаюу жакындарыңыздын жүзүнө да чийилет. Сиз менен чогу бир сезимде күн кечирген адамыңыз бар болсо сиз бактылуусуз. ✍ Сүйүү гүлү, Бакытты бак
Показать все...
Мен бакыттын, сүйүүнүн, ынтымактын, урматтын артынан кууган сайын алар менден алыстаган сыяктуу. Качан мен тынч өмүр сүрүп, өзүмдү издеп тапканда алар артымдан көлөкөдөй ээрчийт окшобойбу.
Показать все...