cookie

Мы используем файлы cookie для улучшения сервиса. Нажав кнопку «Принять все», вы соглашаетесь с использованием cookies.

avatar

ИсламЖолу

islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm - Вотсапта - 🚹 мырзалар группасы: https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe 🚺 айымдар группасы: https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB

Больше
Рекламные посты
2 219
Подписчики
-124 часа
+37 дней
-430 дней

Загрузка данных...

Прирост подписчиков

Загрузка данных...

01:07
Видео недоступноПоказать в Telegram
👍 17 6
Быйыл Зуль-Хижжа-2024 айы 8-июнь башталмакчы  (айдын чыгышына карата 1 күн айырмаланышы мүмкүн). Зуль-Хижжанын алгачкы он күнү — жылдын эн сооптуу, Аллах үчүн эң сүйкүмдүү күндөрүнөн. Сооптор эселенип көбөёт, амалдар кабыл болот! Ушул убакытта көп көп ибадат кылып калалы! Зуль-Хижжа айынын онунчу числосу — Курман Айт майрамы. Быйыл Курман Айт-2024 17-июнь  болмокчу (айдын чыгышына карата 1 күн айырмаланышы мүмкүн). Демек, Курман Айт жана ага чейинки тогуз күн — жылдын эң сооптуу күндөрү! Аны кетирбей ибадат кылып калалы! Курман Айттын алдын тогуз күн орозо кармоо сооптуу иш. Өзгөчө Курман айттын алдындагы - Арафа күнү - орозо кармоо күнөөлөрдү кечирет. @islamjolu
Показать все...
👍 9
Repost from ИсламЖолу
ас-Салам алейкум, бир туугандар! 🌙 Мына, жакын убакыттан кийин бул дүйнөнүн эң кымбат болгон мезгили, ибадат сезону, сооп көбөйтүлүп жазылган - ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН АЛГАЧКЫ ОН КҮНДҮГҮ кирип келмекчи. Даяр бололу! 💫 Түндөрдүн ичинен Рамазандын акыркы ОН ТҮНҮ сооптуу берекелүү болсо, күндөрдүн ичинен Зуль-Хижжа айынын алгачкы ОН КҮНҮ берекелүү сооптуу. Бул күндөр – Аллахка эң сүйкүмдүү күндөр! Пайгамбар (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) айтты: «Аллах үчүн Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө жасалган солих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк амалдар жок [жана (алар үчүн бериле турган сооптон) чоң сооп жок]». Андан: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы?», - деп суралган кезде, ал: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобокелге салып, Аллах жолуна чыккан, жана булардын эч нерсесин кайтарып алып келбеген адамды санабасак, Аллахтын жолундагы жихаддан да», - деп жооп берди📚 (ал-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757, ад-Дарими 1/357). Зуль-Хижжанын он күнүндө • Куран окуу; • зикр айтуу; • садака; • орозо; • курмандык; • умра-ажылык • ж.б. сооп иштери кылынат. ⚠️ Таңкалычтуусу, адамдар бул он күнгө кайдыгер болушканы. Шейх Ибн Усеймин айтат: “Адамдар Рамазандын акыркы он күнүндө ибадат кылууга жакшы аракет кылышат, бирок Зуль-Хижжа айынын он күнүндө ибадат кылып калайын дегендердин эч кимисин көрө албайсың” 📣 Ошондуктан, туугандар! Аллахтан ыклас сурап, бул мезгилди ибадат менен өткөрүүгө бекем бел байлайлы, колубузду дүйнө иштеринен бошотуп, толук ибадат кылууга өзүбүздү арнайлы. Жылына бир жолу келген бул он күндү – чыныгы Аллахтын кулдарына окшоп өткөзөлү! Эмки жылга чейин кимибиз бар, кимибиз жок Аллах Өзү билет. Убакыт барда ибадат кылып калалы. Аллах бардык ийгиликтин Ээси! 📲 https://t.me/islamjolu/3357 @islamjolu Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
Показать все...
6👍 2
Курандын максаты — аны жөн гана окуп коюш эмес Кээ бир карапайым адамдар ойлошу мүмкүн — Куран өлүктөргө окуп, сообун багыштоо үчүн гана берилген китеп деп. Жок. Бул чоң жаңылыштык. Куран — аны түшүнүп, ага амал кылып аны менен жашаш үчүн Мээримдүү Аллах тарабынан бизге берилген ыйык китеп. Аны окуу — ошол максатка жетүү үчүн себеп гана. Анын ичинде Аллах деген ким, пайгамбар ким, Акыретте тирилүү чындык сыяктуу ишеним маселелери камтылган. О.э. намаз, зекет, орозо ж.б.у.с. ибадат кулчулук эмне экени баяндалган. О.э. адеп ахлак да Курандын чоң бөлүгүн ээлейт. ⚡️ Анан ушунун баарын билбей, маанисин түшүнбөй жөн гана тамгаларын окуп койгон киши — эбегейсиз зор байлыктан кур калат! كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ مُبَارَكٌ لِّيَدَّبَّرُوا آيَاتِهِ وَلِيَتَذَكَّرَ أُوْلُوا الْأَلْبَابِ «Биз сага бул берекелүү Китепти анын аяттарына адамдар ой жүгүртүп, акылдуулар андан насаат алуулары үчүн түшүрдүк» (Куран Сод, 38:29). #куран #тадаббур #ой_жүгүртүү https://t.me/islamjolu/4933
Показать все...

👍 6
Показать все...
Улутчулдук кылып бүлүк салба!

🎙️ Бакай Мамбетказиев #пакистан #египет #пактар #устазБакай ▶️Телеграм -

https://t.me/BakayUstaz

▶️Тикток -

https://www.tiktok.com/@bakayustaz

▶️Инстаграм -

https://www.instagram.com/bakayustaz/

▶️Суроолор учун -

https://t.me/SurooBeruu_Bot

👍 18
Показать все...

👍 2
Бейиште бардык нерсени кааласа болот. Бейиш - адамдын бул дүйнөдө аткарылбаган кыялдары аткарылчу жер. Ал жерде чектөө жок. Эң негизгиси адам Бейишке кирсе - болду - бардык кыялдары аткарылат. Керек болсо өзү ойлобогон жаны нерселер ачылат. Аллах Таала айтат: "Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар." (Зухруф,71) #бейиш https://t.me/islamjolu/4931
Показать все...
👍 21 9
Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Аллахтын көлөкөсүнөн башка көлөкө жок болгон Күнү, жети түрдүү адамга Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн орун берет: 1️⃣ Адилеттүү падыша; 2️⃣ Жашынан Аллахка сыйынып чоңойгон бала; 3️⃣ Жүрөгү мечитке байланган киши; 4️⃣ Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бири-бирин сүйүп, жолугушуп жана (өлүм себептүү гана ажырашкан же мажлис аяктаганда) бөлүнүп кетишкен эки адам; 5️⃣ Мансаптуу сулуу аял (зына кылууга) чакырганда: "Мен Аллахтан коркомун!”-деп жооп берген киши; 6️⃣ Оң колу бергенин сол колу билбей кала тургандай кылып, садакасын жашырган адам; 7️⃣ Аллахты жалгыздыкта зикир кылганда көздөрүнөн жаш аккан адам". (Бухари: 1423; Муслим: 1031) #хадис #садака #мечит #адилеттүүлүк #зына #зухд 📲
Показать все...
👍 15🔥 1
Фото недоступноПоказать в Telegram
🎙 Онлайн дарс 📣 Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар №73 - сабак Тема: "Кыямат Күнү Аллахтын көлөкөсүндө болушкан жети түрдүү адам ким?" ⏰ Среда, 15-май. Саат 22:30❗️ (Бишкек убактысы менен) Устаз: Бакай Мамбетказиев ✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот 🚀 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү https://t.me/islamjolu
Показать все...
👍 5
Абу Амр аш-Шейбаний айтат: “Мага бул үйдүн ээси риваят кылды – деп Абдулла ибн Масуддун үйүн көрсөттү: "Мен Пайгамбардан ﷺ: Аллахка эң сүйкүмдүү амал кайсыл? - деп сурадым. Ал: “Өз учурунда окулган намаз”, - деди. Мен: Андан кийинчи, - деп сурадым. Ал: “Ата-энеге жакшылык кылуу”, - деди. Мен: Андан кийинчи, - деп сурадым. Ал: “Аллах жолундагы жихад”, - деди. Ал (Пайгамбар ﷺ) ушуларды мага айтып берди. Дагы сураганымда, дагы айтып бермек эле"” عن أبي عَمْرٍو الشَّيْبَانِيّ يَقُولُ : حَدَّثَنَا صَاحِبُ هَذِهِ الدَّارِ وَأَشَارَ إِلَى دَارِ عَبْدِ اللَّهِ ، قَالَ : سَأَلْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : أَيُّ الْعَمَلِ أَحَبُّ إِلَى اللَّهِ ؟ قَالَ : " الصَّلَاةُ عَلَى وَقْتِهَا ". قَالَ : ثُمَّ أَيٌّ ؟ قَالَ : " ثُمَّ بِرُّ الْوَالِدَيْنِ ". قَالَ : ثُمَّ أَيٌّ ؟ قَالَ : " الْجِهَادُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ " قَالَ : حَدَّثَنِي بِهِنَّ وَلَوِ اسْتَزَدْتُهُ لَزَادَنِي. 📚 (Бухари: 527; Муслим: 85). #хадис #намаздын_маанилүүлүгү #намаз #ата_эне #жихад 📲
Показать все...
7👍 2