БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА
رفتن به کانال در Telegram
Инсан төрөлгөндө АЗАН айтылат, бирок намаз окулбайт. А инсан бул аламдан көз жумганда азан айтылбайт НАМАЗ окулат. Эмнеге мындай? Анткени төрөлгөнүңдө айтылган АЗАН, сен алдыда окуй турган намаз үчүндүр. Өмүр ушунчалык кыска...
نمایش بیشتر2 727
مشترکین
-324 ساعت
-127 روز
-6530 روز
آرشیو پست ها
2 727
✤ *_Жума намазынан кийин ким ушул дубаны окуса, Аллах Таалам өзүнөн башка эч кимге муктаж кылбайт_*
*يا غَنِيُّ يا حَميدُ يا مُبْديءُ يا مُعِيدُ يا رَحِيمُ يا وَدُودُ اَغْنِني بِحَلآلِكَ عَنْ حَرامِكَ وَاكْفِني بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِواكَ*
_🍃Окулушу:_
*_“Я Гонию я Хамииду я Мубдии'у я Муъииду я Рохииму я Вадууду агнинии би халаалика ъан хароомика вакфинии бифадлика ъамман сиваак”._*
*_🍃Мааниси:_*
_“Оо, муктажсыз, Оо, макталуучу Зат, баардык нерсени башынан бар кылган, жок болгон нерселерди кайтадан бар кылуучу. Оо, Аллахым акыретте бир гана момундарга мээрман. Баардыгына жакшылык кылуучу мага адалдан ырыскы берип арамдан сакта, өз улуулугуң менен башкалардан, мага жетиштүү бол”._
📘 *“Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар, китебинен”*
2 727
📜 Имам Газали айтат:
«Ар бир күн өткөн сайын өмүрү кыскарып жатса да,
мал-мүлкү көбөйгөнүнө сүйүнгөн акмактардай болбо.
Мал көбөйөт, бирок өмүр азаят —
мында кандай жакшылык бар?
Илим менен амалдан башка нерсеге кубанба.»
2 727
Эки дүйнө бактылуулук жолу бул динде!
#кыргызстан #устаздар #максатажытоктомушев #бейиш #орозо
https://www.instagram.com/reel/Db-b9SjoT-l/?igsh=MWxnM2o2ZWc2OXZlNg==
2 727
*_70 МИҢ ПЕРИШТЕ СИЗГЕ ДУБА КЫЛУУСУН КААЛАЙСЫЗБЫ АНДА..!_*
_💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!_
2 727
_Ибн Умар (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): *“Аср намазынан алдын төрт ирекет намаз окуган пендеге Алла Таала ырайым кылсын”* -деп, дуба кылды. (Абу Дауд)._
2 727
✤ *_Өзүнө хидаят суроонун дубасы🤲_*
*رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوْبَنَا بَعْدَ اِذْ هَدَيْتَنَا وَ هَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً اِنَّكَ اَنْتَ الْوَهَّاب*
_🍃Окуулушу:_
*_“Роббанаа лаа тузиг кулуубанаа, баъ-да из хадайтанаа, ва хаб ланаа миладуңка рохматан иннака аңтал ваххааб”._*
*_🍃Мааниси:_*
_“Оо,биздин Робб! Бизге хидаят берген соң жүрөгүбүздү адаштыра көрбө. Бизге Өзүңдүн өзгөчө ырайымыңдан бер. Албетте, Сен-ашыра Берүүчүсүң”._
2 727
«Бүгүнкү заман — тасаввуф заманы»
Бүгүн мусулмандардын саны көп. Бирок Исламдын күчү санда эмес, сапатта.
Ыйманыбыз бар, ибадат кылабыз. Бирок жүрөк дайыма тынч эмес, ибадаттын таттуулугу толук сезилбей жаткандай. Себеби пенде менен Раббисинин ортосундагы руханий байланыш алсыз.
Тасаввуф — жүрөктү тазалоонун, ихласты бекемдөөнүн, адеп-ахлакты көрктөндүрүүнүн жолу. Ал шариаттан өзүнчө жол эмес, анын ички маңызын жашоодо ишке ашыруучу тарбия.
Жүрөк оңолсо — амал оңолот. Амал оңолсо — коом оңолот.
2 727
Ас-саламу ъалайкум ва рахматуллохи ва баракатуху!
Урматтуу жамаат!
«Ханафий мектеби» жамааты мындан ары өлкөбүздүн 7 облусундагы балдар үйлөрүнө жана карылар үйлөрүнө үзгүлтүксүз кайрымдуулук иштерин уюштуруп турууну ниет кылды.
Алгачкы кайрымдуулук иш-чарасы Ош шаарынан башталат. Ал жердеги жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүлгөндө, учурда
* 12 кг автомат кир жуучу машина жана
* балдар үчүн кеңсе товарлары эң керектүү экендиги маалым болду. Толук керектүү буюмдардын тизмеси жакын арада жарыяланат.
Ар бир облустан 3 ыктыярчы барып, жардамды өз колдору менен тапшырып, фото жана видео отчет даярдашат. Ар бир мекеменин муктаждыгы алдын ала такталып, ошого жараша жардам жеткирилет.
Аллах Таала бул кайрымдуулук ишибизге береке берип, ар бириңиздердин кошкон салымыңызды Өзүнүн ыраазычылыгына себеп кылсын. Аамин.
Кайрымдуулук үчүн
Реквизит
Мбанк 778110211 Бибимариям К
Компаньон 778110211 Бибимариям.
Чектерди жеке катка жиберип турасыздар ватсаптан 0778110211
2 727
✤ *_Багымдат жана Шам намазынан кийин окулуучу дуба🤲_*
*لا اِلَهَ اِلَّا اللَّٰهُ وَحْدَهُ لا شَريكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَ لَهُ الْحَمْدُ وَ هُوَ عَلي كُلِّ شَيْ ءٍ قَدِيرٌ*
_🍃Окулушу:_
*_“Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шариика лаху лахул мулку ва лахулхамду ва хува ъалаа кулли шай'ин кодиир”._*
*_🍃Мааниси:_*
_“Аллахтан башка ибаадат кылууга ыйлайыктуу Зат жок. Ал Жалгыз, шериги жок, баардык бийлик жана мактоолор Ага таандык. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү Зат”._
2 727
✤ *КЫЛГАН ИБАДАТЫҢ СЕНИ ТЕКЕБЕРЛИККЕ ТҮРТПӨСҮН*
⠀
_Ибну Каййим, рахимахуллах, айтты:_
⠀
*_“Эгерде Аллах сага түнкү намаздын эшигин ачкан болсо, анда сен уктап жаткандардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!_*
⠀
*_Эгерде Аллах сага орозонун эшигин ачкан болсо, анда сен оозу ачыктардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!_*
⠀
*_Эгерде Аллах сага Анын жолунда согушуунун эшигин ачкан болсо, анда сен согушка бара албай үйүндө калгандардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!_*
⠀
*_Балким кээ бир уктап жаткандар, кээ бир оозу ачыктар, кээ бир согушка бара албай калгандар сага караганда Аллахка жакын болушу мүмкүн”._*
⠀
📕 _"Мадариж ас-Сааликин", 1/177_
⠀
2 727
_Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: *"Ким ар бир намаздан кийин 33 жолу "Субхааналлах", 33 жолу " "Алхамдулиллаах", 33 жолу " Аллоху акбар" - десе алар токсон тогуз болот. Ошентип жүзүнчү кылып: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку ва лахул хамду, ва хува 'алаа кулли шайиң кодиир" - деп айтса анын күнөөсү деңиздин көбүгүнчөлүк болсо дагы кечирилет".* (Муслим)._
2 727
_Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *“Ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү пенделердин амалдары сунушталат. Алла Таала ширк келтирбеген пенделердин баарын кечирет. Ошондой эле кимде мусулман бир-тууганына карата кас, жек көрүү сезими бар болсо, кечирбейт. Алла Таала периштелерге: Ал экөө, бири-бири менен элдешмейинче жөн койгула”* - деп айтат. (Муслим)_
2 727
✤ *Өзүнө хидаят суроонун дубасы*
*رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوْبَنَا بَعْدَ اِذْ هَدَيْتَنَا وَ هَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً اِنَّكَ اَنْتَ الْوَهَّاب*
_🍃Окуулушу:_
*_“Роббанаа лаа тузиг кулуубанаа, баъ-да из хадайтанаа, ва хаб ланаа миладунка рохматан иннака антал ваххааб”_*
_🍃Мааниси:_
*_“Оо,биздин Робб! Бизге хидаят берген соң жүрөгүбүздү адаштыра көрбө. Бизге Өзүңдүн өзгөчө ырайымыңдан бер. Албетте, Сен-ашыра Берүүчүсүң”._*
