БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА
رفتن به کانال در Telegram
Инсан төрөлгөндө АЗАН айтылат, бирок намаз окулбайт. А инсан бул аламдан көз жумганда азан айтылбайт НАМАЗ окулат. Эмнеге мындай? Анткени төрөлгөнүңдө айтылган АЗАН, сен алдыда окуй турган намаз үчүндүр. Өмүр ушунчалык кыска...
نمایش بیشتر2 741
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-157 روز
-6130 روز
آرشیو پست ها
2 741
📜 Батыш маданияты аялдарды уяларынан чыгарып, пардаларын (кийимдерин) сыйрып адамзатты акыл-эстен ажыратты. А чынында, уй-булоолук жашоо аял менен эркектин ортосундгы урмат жана суйуу менен гана уланат. А ачылып-чачылуу болсо чын журоктон чыккан урмат менен суйууну жоготуп уй-булоолук жашоону уулайт.
Бедиуззаман Саид Нурси.
2 741
_Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:_
*_“Силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы – жума күн. Анткени ал күнү Адам ата жаратылган жана ушул күнү анын жаны алынган. Бул күнү экинчи жолу сурнай тартылат жана бул күнү биринчи сурнай тартылып бүткүл адамдар өлүшөт. Ошондуктан ушул күнү мага көп-көп салават айткыла! Анткени силердин айткан салаватыңар мага жетип турат”._* {Абу Дауд риваяты}
⚠️ _Пайгамбарыбызга салаватты_ *_“саллаллаху алейхи уа саллам”* деп айтасыз._
2 741
🔰 *_ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ_*
*_Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим._*
_Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) мындай деп айтат:_
خيركم خيركم لأهله
*_“Өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан”_* (Тирмизи)
وَ أَنَا خَيْرُكُمْ لِأَهْلِي
*_“Жана бул маселеде менин үлгүм баарыӊардан жакшыраак, мен өз үй-бүлөмө баарыӊардан жакшыраак мамиле кылам”_*
(Тирмизий, Китаабул-Мунаакиб, Баабу Фазли Азваажун-Набийи(сав) 3895-хадис)
*_Биздин Ислам динибизде бул нерсеге аябай басым жасалган: Эркек өзүнүн жубайына жана ата балдарына аябай жакшы мамиле кылсын. Эгер Курани Каримди окуп көрсөк Ислам диндин негизги принциптери (усулдары), Аллах Тааланын Таухиди (жалгыздагы), намаз, зекет, орозо жана ажылыктан кийинки эле сөз үй – бүлөлүк маселелерге таандык. Тагыраак айтканда, жубайлар ортосундагы жана үй – бүлөдөгү алака – байланыштары жөнүндө көрсөтмөлөр берилген. Мисал катары «Аль-Бакара» сүрөсүнүн 222 – аятынан тартып, 243-аятына чейин бул жөнүндө өтө кенен айтылып кеткен. Кенен маалыматты Курандын котормолорунан карап көрүп пайдалансаңыздар болот._*
_Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) Тахажжуд намазын аябай көп окуучу жана дайыма орозо кармоочу бир сахаабага мындай деп айткан:_
إنّ لجسدك عليك حقّا و لزوجك عليك حقّا
*_“Сенин денеӊдин да сага акысы бар, сенин жубайыӊдын да сага акысы бар”_*
(Бухарий Китаабун-Никах, Баабун ли-заужика алайка хаккун, 5199-хадис)
_Азирети Абу Хурайра (ра) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) дын мындай деп айтканын риваят этет:_
*_“Аялдар жөнүндө баса белгилеп берилген көрсөтмөлөрдү кабыл алгыла: алар кабыргадан жаратылган, анын эӊ жогорку бөлүгү көп ийрилиги менен айырмаланат; эгер (аны) түздөйм десеӊ, сындырып саласыӊ, а эгер аны (тым) койсоӊ, ийри бойдон калат”_*
(Бухарий, Китаабун-Никах, Баабул-васаати бин-Нисааи, 5186-хадис)
_Азирети Айша (р.а) мындай деп айтат:_ *_“Эфиопиялык адамдар өздөрүнүн найзалары менен ар кандай нерселерди көрсөтүп, элдерге жакшы маанай, оюн – күлкү тартуулашчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) мени (алардан) далдоолоп, аларга көрсөтпөй тосуп турчу. А мен болсо алардын койгон тамашасын көрүп турчу элем”_*
(Бухарий, Китаабус-Салаат, Баабу асхаабил-хирааби фил-масжиди, 454-бет)
خيركم خيركم لأهله
*_“Өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан”_* _— деген хадис мындайча чечмеленет:_ *_“А дегенде өзүнүн жубайына жакшылык кылуучу киши, араӊардагы өтө көп пайда келтирүүчү адам болот. А бирок, өзүнүн жубайына зулумдук жана ээн баштык мамиле кылуучу, башкаларга эч качан жакшылык кыла албайт”_*
_Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) дын насааттарына кулак салып, үй – бүлөбүзгө жана бала – чакабызга жакшы мамиле кылууга Аллах Таала күч – кубат берсин._
_Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️_
2 741
_Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты:_
*_“Күндөрүңөрдүн ичинен эң абзели Жума күнү. Ошондуктан анын ичинде мага салаватыңарды көбөйткүлө”._* (Абу Дауд, сахих)
2 741
_Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Пайшамбар (саллалооху алайхи ва саллам) «Алла Таала айтат: *“Адам баласы заманды (мезгилди) сөгүп, Мени таарынтат, капалантат, анткени заман (мезгил) деген Менмин. (Заман Меники), замандын өкүмү менин колумда. Күн менен түндү Мен ооштурам (алмаштырам)”* -деди.(Бухари)._
2 741
Истигфар (Астагфируллох) деп көп айтуу - ырыскыны көбөйтөт.
“Астагфируллоха ва атуубу илайхи”.
Мааниси:
“Алла Таллага күнөөлөрүм үчүн истигфар айтып кечирим сурайм жана Ага тообо кылам”.
2 741
🔰 *ИЛИМ* 📚
*Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
🌴 _*АЯТ: "Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды ал уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Жараткан Эгең абдан айкөл - Ызааттуу. Ал инсанга калем менен жазууну үйрөткөн. Ал инсанга анын билбеген нерселерин билдирген". ("Алак"* сүрөсү; 1-5 аят)_
🌴 _*ХАДИС:* "Ким илим үйрөнүүгө аракет кылса, бул анын жасаган күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот". (Тирмизи)_
🌴 _*ОКУЯ: ИЛИМГЕ БОЛГОН СҮЙҮҮ*_
*Окуялардын биринде мындай дейт:*
_*"Жаштыгымда кыйынчылыктардан улам окуумду таштап, айылга баруу үчүн жолго чыктым. Жолдо тыныгуу үчүн бир бадалдын жанына отургам. Отурсам эле көзүмө бир курт илинди. Курт кирпичтин сыныгына чыгуу үчүн тырмышып жаткан эле. Бир кезде жерге кулап түштү. Кайрадан тырмышса деле, кулай берди. Муну кайра-кайра кайталай берди. Ошентип көшөрүп олтуруп акырында көздөгөн максатына жетип кирпичтин үстүнө чыгып кетти. Бул курттан үлгү алып, кайрадан артка карай жол тарттым. Окуума баш отум менен кирип алып окудум, акырында мен да ийгиликке жетиштим".*_
📗_*Булагы: Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен.*_
_Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️_
2 741
✤ *_Жума намазынан кийин ким ушул дубаны окуса, Аллах Таалам өзүнөн башка эч кимге муктаж кылбайт_*
*يا غَنِيُّ يا حَميدُ يا مُبْديءُ يا مُعِيدُ يا رَحِيمُ يا وَدُودُ اَغْنِني بِحَلآلِكَ عَنْ حَرامِكَ وَاكْفِني بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِواكَ*
_🍃Окулушу:_
*_“Я Гонию я Хамииду я Мубдии'у я Муъииду я Рохииму я Вадууду агнинии би халаалика ъан хароомика вакфинии бифадлика ъамман сиваак”._*
*_🍃Мааниси:_*
_“Оо, муктажсыз, Оо, макталуучу Зат, баардык нерсени башынан бар кылган, жок болгон нерселерди кайтадан бар кылуучу. Оо, Аллахым акыретте бир гана момундарга мээрман. Баардыгына жакшылык кылуучу мага адалдан ырыскы берип арамдан сакта, өз улуулугуң менен башкалардан, мага жетиштүү бол”._
📘 *“Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар, китебинен”*
2 741
📜 Имам Газали айтат:
«Ар бир күн өткөн сайын өмүрү кыскарып жатса да,
мал-мүлкү көбөйгөнүнө сүйүнгөн акмактардай болбо.
Мал көбөйөт, бирок өмүр азаят —
мында кандай жакшылык бар?
Илим менен амалдан башка нерсеге кубанба.»
2 741
Эки дүйнө бактылуулук жолу бул динде!
#кыргызстан #устаздар #максатажытоктомушев #бейиш #орозо
https://www.instagram.com/reel/Db-b9SjoT-l/?igsh=MWxnM2o2ZWc2OXZlNg==
2 741
*_70 МИҢ ПЕРИШТЕ СИЗГЕ ДУБА КЫЛУУСУН КААЛАЙСЫЗБЫ АНДА..!_*
_💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!_
2 741
_Ибн Умар (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): *“Аср намазынан алдын төрт ирекет намаз окуган пендеге Алла Таала ырайым кылсын”* -деп, дуба кылды. (Абу Дауд)._
