fa
Feedback
Чөйрө

Чөйрө

رفتن به کانال در Telegram

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com

نمایش بیشتر
962
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
اطلاعاتی وجود ندارد7 روز
اطلاعاتی وجود ندارد30 روز
آرشیو پست ها
❗️Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандар Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60
❗️Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандар Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылса болот. ⏰Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин; ⏰Ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин. ‼️Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу шарт. 🚫Кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек. 📍Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

«Чөйрө» Баткен менен! Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу «Чөйрөдө» атайын иш топтору түзүлүп, психологиялык, гума
«Чөйрө» Баткен менен! Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу «Чөйрөдө» атайын иш топтору түзүлүп, психологиялык, гуманитардык, маалыматтык жардам берүү иш-чаралары башталды: ◽️Психологдордун жардамы ◽️Кан тапшыруу ◽️Европада митингтерди уюштуруу ◽️Европада акчалай жардам чогултуу ◽️Маалымат таратуу Жардам берем дегендер комментарийге жазсаңыздар болот👇🏻 Бул кырдаалга байланыштуу «Чөйрөдөгү» бардык пландалган иш-чаралар убактылуу токтотулду.

🔥«Чөйрө - Демилгедеги» GetForce долбоорунан сонун жаңылык! ❗️Бишкекте биринчи жолу Salesforce Meet up өтөт. 👉🏻Жолугуушунун темасы: CRM-система деген эмне жана Salesforce менен таанышабыз. 📍Дареги: ololoOrmonKhan , 27/1, микрорайон Асанбай, Бишкек, Кыргызстан. ⏰Убактысы: 18-сентябрь, 15:00. 📌Каалоочулар болсо шилтеме аркылуу катталсаңыздар болот: https://trailblazercommunitygroups.com/events/details/salesforce-salesforce-developer-group-bishkek-kyrgyzstan-presents-what-is-the-salesforce-how-to-become-the-salesforce-specialist/

12-14-июлда Швейцарияда болуп өткөн «Чөйрө 2022» Форумундагы иш-аракеттер жакшы натыйжалар берип, жаңы демилгелерге өбөлгө тү
12-14-июлда Швейцарияда болуп өткөн «Чөйрө 2022» Форумундагы иш-аракеттер жакшы натыйжалар берип, жаңы демилгелерге өбөлгө түзүп жаткан учуру. Форумдун катышуучулары өз ара нетворкинг куруп, 2-сентябрда Бишкекте чогулуп, Кыргызстан, Швейцария жана Германиянын коомдук бирикмелеринин Европа Биримдигинин ресурстары аркылуу долбоорлорду кантип иштеп чыгып жана аткара алабыз деген маселе боюнча талкуу жүргүзүштү. Катышуучулар: 1) Гүлайым Эбехоч, жеке ишкер, «Via Kirgisia» туристтик компания, тамак-аш, catering, Германия 2) Айнагүл Мамырбаева, социалдык педагог, Кантон Люцерн, «Brücke nach Kirgisistan - Kyrgyzbridge Global» коомдук уюму 3) Банур Абдиева, «Лидер» коомдук бирикмеси Кыргызстан, Каракол 4) Дилбар Асаналиева, жеке ишкер, Кыргызстан, Каракол 5) Айдинай Чинбаева

Салам, достор! 🤩18-сентябрда сиздерди кезектеги кызыктуу жолугушууга чакырабыз. 👏🏻Рубрикабыздын бул жолку коногу сизге саб
Салам, достор! 🤩18-сентябрда сиздерди кезектеги кызыктуу жолугушууга чакырабыз. 👏🏻Рубрикабыздын бул жолку коногу сизге сабактары менен таанымал болуп калган графикалык дизайнер, логотип адиси, «Золотая блоха» дипломдорунун ээси — Шумкар Мойдинов болмокчу. 🤩Шумкар Мойдинов «Чөйрөнүн» мүчөсү жана ар Бейшемби сайын «Кутучада» логотип боюнча акысыз мастер-класстарды өткөрүп келет. 👉🏻Бул жолугушууда логотип дизайны деген эмне, эмнеге керек, учурда канчалык актуалдуу, бул багыттын келечеги тууралуу кеп салабыз. Логотип дизайны боюнча башка жактан жооп таба албаган суроолоруңузга ушул жолугушуудан жооп аласыз😉 Анда эмесе, 18-сентябрда, саат 20:00 дө Zoom да көрүшкөнчө👋

Урматтуу мекендеш! ♻️17-сентябрь, «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» белгиленүүдө. 🌿Оюңуздун, жашаган аймагыңыздын, Кыргызстаныб
Урматтуу мекендеш! ♻️17-сентябрь, «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» белгиленүүдө. 🌿Оюңуздун, жашаган аймагыңыздын, Кыргызстаныбыздын жана планетабыздын тазарышына салым кошууга чакырабыз. 🌿Тазалык күнүнө өзүңүз менен бирге үй-бүлөңүздү, балдарыңызды, жакындарыңызды, досторуңузду да катыштырыңыз. 🌿Тазалык бир жылда бир күндүк эмес, ар дайым аткарылчу жашоо образы болушу керектигин түшүнүүгө убакыт келип жетти. 🦋Биз таза жана кооз жашоого татыктуубуз! 🦋Келиңиз, таза жашоо маданиятын чогуу жайылталы! 🇰🇬Урматтуу Чөйрөчүлөр, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө Мекенибиздин тазалыгы үчүн активдүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз. Төмөнкү шилтеме аркылуу катталыңыздар: https://forms.gle/ogmdBnzCUHkE82GB8

Урматту Чөйрөчүлөр! 📢Кулактандыруу 👉🏻Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстандын белгилүү графикалык дизайнери - Шумкар Мойдиновдун логотип дизайны боюнча 9-автордук курсу башталат. 🔥Чөйрөчүлөргө төлөмдө 30% жеңилдик берилет. 🎯Жазылганы жетишиңиздер! Толук маалымат Телеграмда: @shum_logo

Салам, достор! 📢Жаңы сезондун жаңы жолугушуулары демекчи, сиздерди 11-сентябрь, Жекшемби күнү кезектеги жолугушууга чакырабы
Салам, достор! 📢Жаңы сезондун жаңы жолугушуулары демекчи, сиздерди 11-сентябрь, Жекшемби күнү кезектеги жолугушууга чакырабыз. 🔥Бизде мейманда жарандык активист, Кыргызстандын SMM дүйнөсүнүн белгилүү ысмы, Digital Marketing тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ, саясий партиялардын үгүттөө процесстери боюнча адиси —Темирлан Аскеров болмокчу. 👉🏻Жолугушууда SMM-matrix эмне, соц.тармактагы жарнама, Digital Marketing түшүнүгү, SMM жана фриланс, Кыргызстанда SMMдин өнүгүшү, SММ адиси болуу үчүн кандай билимдер талап кылынат жана эмнелерге маани берүү керек, ошондой эле коногубуз бул тармакта басып өткөн жолу жана кандай кызыктуу долбоорлордо иштегени жөнүндө айтып бермекчи. 🤩Анда эмесе, келиңиздер, SMM дүйнөсү менен таанышып, кызыккан суроолоруңузга жооп алып кетиңиздер. 🗓11-сентябрь, Жекшемби, 21:00 (Бишкек убактысы менен) Zoom шилтеме: https://us06web.zoom.us/j/85047721963?pwd=bGFRakNRemh1L2dTNlpXTnlQZDFjQT09

“Чөйрөнүн” келечектеги кадамдары https://kontentchi.com/59-choyro-jana-choyrochulor/

Салам достор! 👋 🔊Бизде дагы логотип боюнча мастер класс! Мастер классты Кыргызстандын белгилүү графикалык дизайнери - Шумка
Салам достор! 👋 🔊Бизде дагы логотип боюнча мастер класс! Мастер классты Кыргызстандын белгилүү графикалык дизайнери - Шумкар Мойдинов @shum_logo өтөт. Темасы - "Логотип тартуу процесси" 🔹️Акысыз 🔹️Онлайн (ZOOM'да) 🔹️Саат: 21:00 📌Айтмакчы, Кыргызстандын дизайнерлери менен баарлашуу үчүн Кутуча группасына кошулсаңыз болот https://t.me/kutucha

4-сентябрда, Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында кыргыз диаспорасынын уюм жетекчилери жана активис
4-сентябрда, Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында кыргыз диаспорасынын уюм жетекчилери жана активисттер оффлайн жана онлайн чогулуп, Европада кыргыздардын Федерация жана Конфедерациясын түзүү боюнча документке кол коюлуп, иш-тобу түзүлүп, кийинки кадамдар аныкталды. Бул демилге тууралуу кененирээк «Кажы-Кужу» подкастынан https://kontentchi.com/57-germaniyadagy-uyumdar/ жана «Азаттыкта» окуй аласыздар: https://www.azattyk.org/a/31941283.html

Repost from N/a
27-августта Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата кыргыз маданий кечеси бол
+9
27-августта Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата кыргыз маданий кечеси болуп өттү. Бул кечеге «Ибарат» фольклордук-этнографиялык ансамбль конок болуп элдик чыгармармаларды, комуз күүлөрүн, кыргыз музыкасын жалпы конокторго ойноп беришти. Махабат Садырбектин модераторлугу астында меймандарга музыкалык аспаптар тууралуу дагы маалымат берилди. Концерт бүткөн соң меймандарга кыргыздын улуттук тамактары берилип, келген коноктор менен кеңири таанышуу болду. Кечеге чакырылган ардактуу коноктордун арасында шаардык кеңештин төрагасы Хилиме Арсланер, Франкфурт-на-Майнедеги Кыргызстандын консулдугу Чубак Оморов, Франкфурт-на-Майне шаарындагы чет элдиктердин муниципалдык өкүлчүлүгүнүн төрагасы Жумаш Медоф жана KUBI компаниясынын башкаруучу директору Ариф Арсланер жана Өзбекстандын консулдугунун катышты.

DigiKonush долбоорунун алкагында “Санарип жылдыз” рубрикасынын кезектеги коногу – Швейцариядагы мекендешибиз Аймээрим Турсали
DigiKonush долбоорунун алкагында “Санарип жылдыз” рубрикасынын кезектеги коногу – Швейцариядагы мекендешибиз Аймээрим Турсалиева. 🌱Аймээрим Турсалиева “Tazar” уюлдук тиркемесинин иштеп чыккандардын бири. 🌱“Tazar» - бул Бишкек боюнча таштандыларды чогултуу жана кайра иштеп чыгуу түйүндөрүнүн интерактивдүү картасы. ♻️Аны IOS смартфондорунун ээлери өзүнө жүктөп алып, тиричиликте чыккан пластик, айнек ж.б. таштандыларды жакынкы кабыл алуучу түйүнгө тапшыра алат. ♻️“Tazar» тиркемесинин башкы максаты – батыш өлкөлөрүндөгүдөй “Нөль калдыктар” принцибине жетүү. Толук маалымат үчүн👉🏻👉🏻 @DigiKonushDostoru Маек толугу менен 👇🏻 https://www.youtube.com/watch?v=uNfbmoT_3V0

3-сентябрда Берлинде Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Программада футбол, волейбол, с
3-сентябрда Берлинде Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Программада футбол, волейбол, стол тенниси боюнча мелдештер өттү. Кечкисин концерт жана кечки тамактануу болду. Майрамдык программа кандай маанайда өттү, спорттук мелдештер кандай болду, концертте кайсы белгилүү ырчыларыбыз ырдады десеңиздер анда бул шилтеме аркылуу өтүп, катталып, Азамат Токтакунов агайдын бул майрамдык күн жөнүндө төкпөй-чачпай жазгандарын «Берлиндеги окуялар» жазуусунда окуй аласыз: https://app.choyro.com/members/azamat/activity/1049/

Салам, достор! ⠀ Англис тилине кызыккандар, бул жарыя сиздер үчүн! ⠀ 🇬🇧Көптөн күткөн ACADETI - АКЫСЫЗ АНГЛИС ТИЛИН - Кыргыз
Салам, достор! ⠀ Англис тилине кызыккандар, бул жарыя сиздер үчүн! ⠀ 🇬🇧Көптөн күткөн ACADETI - АКЫСЫЗ АНГЛИС ТИЛИН - Кыргыз тилинде окууга мүмкүнчүлүк берет ⠀ 🔵 ДЕҢГЭЭЛИ: БАШТАЛГЫЧ КУРС ⠀ 15-сентябрдан баштап англис тили Zoom аркылуу өтүлөт: ⠀ 📍 Шаршемби 📍 Ишемби 🕒 12:30дан 🕔 13:30га чейин (Бишкек убактысы боюнча) ⠀ Катышуу үчүн эмне кылуу керек: ⠀ 1️⃣ TELEGRAM: @acadeti тобуна кошулуңуз 2️⃣ GOOGLE ФОРМАСЫ: Каттоо формасын толтуруңуз (бардык маалыматтар @acadeti Telegram тобунда) 3️⃣ Instagram: @acadeti.it @yesyoucangodoit катталыңыз жана бул посттогу шарттарды аткарыңыз. https://www.instagram.com/p/CiC8ezqI4Sg/?igshid=YmMyMTA2M2Y= ⠀ 🔥 АЯКТОО МӨӨНӨТҮ: 15-сентябрь, Бишкек убактысы боюнча 09:00. ⠀ Ким бардыгын жасаган болсо, жөн гана сабактарды күтүп, Telegramдагы көрсөтмөлөрдү аткара бериңиздер.

#58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар  https://kontentchi.com/58-it-tuuraluu/

«Азаттыктын» «Биз жана дүйнө» берүүсүндө чет өлкөдө жашап, Мекени үчүн жан дили менен кызмат кылган чыныгы патриот-журтташтарыбыздын маегин уга аласыздар. Алардын ичинде «Чөйрөнүн» негиздөөчүсү Азамат Токтакунов, «Кыргызча психология» долбоорунун психолог-адиси Зейне Кудайбергенова, «Kelechek Digital» долбоорунун SCRUM-мастери Ак-Бермет Богачиева дагы интервью беришти. Берүүнү толугу менен «Азаттыктын» каналында көрө аласыздар: https://youtu.be/_9eC_zL2ovM

Урматтуу Германия жана Европадагы мекендештер! 🇰🇬Берлиндеги кыргыз диаспорасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 3-сентябрда майрамдык иш-чара уюштуруп жатат. 🏆Программада «Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчисинин Кубогу» боюнча XI футболдук турнири, ошондой эле волейбол, стол тенниси боюнча мелдештер өтмөкчү. 🇰🇬Кичинекей балдарга улуттук оюндар уюштурулат. Кечкисин Кыргызстандан келген белгилүү ырчыларыбыздын концерти болот. 📍Спорттук иш-чаралардын дареги: Adlergestell 105, 12439, Berlin Убактысы: 10:00-15:00 📍Концерт жана кечки тамактануу: Friedrichstrasse 176, 10117, Berlin Баасы 25€ PayPal: nadyr1996@gmail.com

Чөйрө - آمار و تحلیل کانال تلگرام @choyrocom