fa
Feedback

فریب کلاهبرداران را نخورید! تل‌متریو این کانال‌ها را شناسایی و برچسب‌گذاری می‌کند 👉 برای مشاهده برچسب، اشتراک تهیه کنید 👈

Marlen Borubaev

Marlen Borubaev

رفتن به کانال در Telegram
927
مشترکین
-124 ساعت
-17 روز
-130 روز
آرشیو پست ها
Күндөр уланууда . . . А мен күндөн да, шамалдан да, аба-ырайынан да тез өзгөрүп, күн сайын көзүм ачылып, кээде көөдөнүм толсо
Күндөр уланууда . . . А мен күндөн да, шамалдан да, аба-ырайынан да тез өзгөрүп, күн сайын көзүм ачылып, кээде көөдөнүм толсо, кээде бөксөрүп, бирок ансайын өсүп, өзгөрүп жатам. Күндөр уланууда . . . Бүгүнкү мен - кечээги ой-кыялдарымдын эртеңи экем. Кечээ ойлогон ойду бүгүн жашаганы аракет кылып, бүгүнкү оюм менен эртеңиме кадам таштап, үмүт байлап баратыптырмын. Мына, күндөр ушинтип уланууда. Күндөр уланууда . . . Миллиарддаган элдин арасында, өз мекенимден, өз жеримден узакта, көптөгөн -сыз мүчөлөр менен өз жолумду чийип, дубалымды куруп баратам. Ичке, узун бир жолдо - кээде токтоп, тоодон биртке суу сурап, чарчаганда дем сурап, кайра жолум улап, келечекти көздөй баратам . . . 8.10.2026

Биринчи жолу өз өлүмүм тууралуу ыр жазып көрдүм. Окуп чыгып, ой-пикириңерди жазып коюуңарды күтөм.

🌿 «Мен киммин?» — биздин жоопторубуз 1. Мен кайсы түстөмүн? — Бордо (Анткени сенин мүнөзүң тынч болгону менен терең жана күчтүү сезилет. Бордо түсүндө жылуулук да, сырдуулук да бар.) 2. Мен кайсы өлкөмүн? — Кыргызстан (Анткени сенин өткөнүңдө, балалыгыңда жана ички дүйнөңдө Кыргызстан өзгөчө орунду ээлейт. Бул жерде тамырың, эскерүүлөрүң жана өзүңдүн бир бөлүгүң бар.) 3. Мен кайсы жаныбармын? — Мышык (Анткени сен эркиндикти жана жеке мейкиндигиңди баалайсың. Бирок жакын адамдарыңа жылуу мамиле кылып, аларга абдан берилген боло аласың.) 4. Мен кайсы кушмун? — Булбул (Анткени сен сөздү, ырды, окуяларды жана сезимдерди жакшы көрөсүң. Булбулдун үнүндөй эле сенде да сезимдерди сөз аркылуу жеткирүүгө жакындык бар.) 5. Мен кайсы гүлмүн? — Фиалка (Анткени фиалка назик, тынч жана көзгө дароо урунбаган гүл. Бирок анын өзүнө гана таандык сулуулугу бар. Бул сенин мүнөзүңдөгү жөнөкөйлүк менен өзгөчөлүктүн айкалышына окшош.) 6. Мен кайсы мезгилмин? — Күз (Анткени күздө тынчтык, ностальгия жана өткөндү эстөө сезими бар. Сен да эскерүүлөргө, өткөн учурларга жана терең ойлорго жакынсың.) 7. Мен кайсы сезиммин? — Сагыныч (Анткени сен үчүн адамдар, жерлер жана маанилүү учурлар жөн гана өтүп кетпейт. Алар сенин эсиңде жана сезимиңде көпкө чейин жашайт.) 8. Мен кандай аба ырайымын? — Сээп турган жамгыр (Анткени сен катуу бороон эмессиң. Сенин энергияң көбүрөөк тынч, жумшак жана бир аз муңдуу. Сээп турган жамгыр сыяктуу — акырын, бирок маанай жаратат.) 9. Мен кайсы китепмин? — «Грозовой перевал» (Анткени бул чыгармада күчтүү сезимдер, жаратылыш, жалгыздык, сырдуулук жана ички дүйнөнүн тереңдиги бар. Сенин тандоолоруңдан да ушундай атмосфера байкалат.) 10. Мен кайсы кофемин? — Американо (Анткени ал жөнөкөй көрүнгөнү менен мүнөзү так жана күчтүү. Сен да ашыкча көрсөтмөлүүлүктү эмес, жөнөкөй, бирок маанилүү нерселерди жактырган адамдай сезилесиң.) 11. Мен кайсы тамакмын? — Манты (Анткени манты үйдүн жылуулугун, үй-бүлөнү, салтты жана өзгөчө маданий байланышты эске салат. Сенин мүнөзүңдө да жылуулук жана өз тамырыңа болгон байланыш бар.) 12. Менин даамым кандай? — Ваниль (Анткени ваниль жумшак, жылуу, бир аз таттуу жана тынчтандыруучу даам. Сенин жалпы атмосфераң да катуу эмес, жумшак жана жылуу сезилет.) 13. Мен кандай жытмын? — Сандал жыгачы (Анткени сандалдын жыты терең, жылуу, тынч жана бир аз сырдуу. Сенин мүнөзүңдөгү ошол эле тынч, бирок терең атмосфераны билдирет.) Башкача айтканда: тынч көрүнгөн, бирок ичинде абдан көп сезим, эскерүү жана тереңдик жашаган адам.

Бул сезимдерди чет өлкөдөн келгендер гана түшүнсө керек: Учактан түшкөндө эле абанын тааныш экенин, өзүңдүкү экенин сезесиң. Кир болобу, таза болобу, кандай болсо да - сага таандык, тааныш бир сезим аба менен кошо жан дүйнөңдү аралайт. Кере-кере дем аласың. Үй-бүлөң, туугандарың менен учурашканда - жашооңдогу бүт көйгөйлөр, чечилбеген маселелер бир саамга унутулат. Жасалмалуулук жок, баары чын жүрөктөн. Кучакташкандагы сезим - бир жылдык күтүү, бир жылдык сагыныч, бир жылдык тилек. Чет өлкөдө жүргөндө мекениңде калган жашоо "паузада" тургандай сезиле берет, бирок келгениңде көрөсүң: бири үйлөнүп аткан, бири ажырашып аткан, бири балалуу, дагы бири неберелүү болуп калган. Өкүнүчтүүсү - кээ бирлери оо дүйнөгө эчак эле кеткен. Анан гана түшүнөсүң - убакыттын зымырап учуп жатканын, сени күтпөй, учкан куштай канат какканын. Чет жерде жүргөндө өз тамактарыңды укмуш сагынасың. Өз жериңдин суусу, эти, каймагы, балы, наны - баары башкача да. Бир үзүмүн оозуңа алганда - куурай баштаган гүлгө суу куйгандай жандануу кирет денеңе, рухуңа. Муну түшүндүрүү үчүн туура келген сөз таба албай турам . . . Үй бүлөң менен, туугандарың менен өткөргөн ар бир секундду эске сактап, унутпай кармап, кийин эстеп жүргүң келет. Ар биринин көзүнө, кирпик какканына, тамак жегенине, сүйлөгөн сөзүнө, алган демине чейин дыккаттык менен карап, суктанып, бир туруп жүрөгүң элжирейт. Ушул ирмемдердин баары убактылуу экенин, эртең эле кайра кетээриңди эстегенде - кайгыруу менен ыраазы болуунун ортосундагы сөз жеткис бир сезим, бир топуктук келет. Жолдо баратып, тамак жеп жатып мекениң тууралуу, үйүң, үй-бүлөң тууралуу ой толгой бересиң. Өз элиң, чет жердеги эл, эки башка элдин жашоосу, келечеги - деги нелер гана келбейт ойго. Салыштырасың, суктанасың, кээ бирлерин оңдош керек дейсиң. Өз мекениң тууралуу чет жерге чыгып келгенден кийин көп ойлонуп, көп сүйө баштайт экенсиң . . .

Стамбулдамын. Жайкы окууга келгем. Учурунда кинолордон көрүп, кызыгып жүргөн жерлер эми көз алдымда. Дүйнөнү башкарган падышалардын сарайында түрк кофесин ичип, Европа менен Азияны бир кадрда карааааап отурам. Бул - кыялдардын орундалып жатканы. Мен шүгүр гана айта алам. Эскини эстеп, шүгүр айтканча, эртеңимди ойлонуп жүргөн чагым ... 22.08.2026 / 15:34 Dolmabahçe Sarayı / İstanbul

Сен бар элең. Сен бар жерде мен бар элем, мен бар жерде сен бар элең. Сенсиз бир күнүм да өтпөйт эле. Күндө баарлашаар элек. Күндө. Күн сайын. Саат сайын. Тагдыр узакташтырды. Бири-бирибизге туура келбеген мүнөздөрүбүз узакташтырды. Сен мени укпадың, мен да сенин эрежелериңе баш ийбедим. Экөөбүз тең тоңмоюндук кылып, баш бербедик. Өзүбүздүкүн бербедик. Сен өз жолуңду, өз адамыңды тандадың, а мен өзүмдү тандадым. Ушул нерсе бизди узакташтырды. Алыстатты. Жүрөктү таарынтты. Сени таптакыр унутуп койгон сыяктуу көрүнүшүм мүмкүн. Бирок күндө ойлоп коём сен жөнүндө. Жакшы жүрөт бекен, кыйналбады бекен, бир нерсе керек болсо мага айта албай атты бекен деп. Күндө ойлоп коём. Жатаарда көп ойлонуп, анан уйкуга кетем. Түшүмдө көрөм экөөбүздү. Бактылуу, кызыктуу, жылуу мамиледе жүргөн күндөрүбүздү түшүмдө көрөм. Сагынышып, кучакташып учурашып аткан болобуз түшүмдө. Бүт дүйнөм оолугуп учурашам сени менен. Бүт дүйнөм. Сагынып ойгоном. Ойгонгондо да сени эстеп коём. Бир нерсе гана мени токтотуп коёт. Тамагыма жаш тыгып, сага болгон бүт жолумду бууп коёт: Сен үчүн мен бергенчелик маанилүү болбогонум ...

https://youtu.be/XuYZoLd0vUE?si=5M-X1ry9oXyouvil Жаш элемин, бирок ушул ыр укмуш "тээп" атат го, неге? Күндө 120 жолу угам ...

photo content

Калганын сен билесиң. А мен кеттим. Кеч болуп калды. Эртең жумушка чыгышым керек кайра. Көрүшкөнчө, Деңизим! 27.07.2026 21:19. Измир, Түркия. Марлен Борубаев.

Ошол күнү сен дегеним басылды, Ошол күнү меним мага кайрылды. Ошол күнү сен деп соккон жүрөгүм, Ошол күнү Азреилге кабылды. Ошол күнү Азреилге кабылып, Сен деп соккон жүрөгүнөн айрылды. Кыялдарда жүргөн экем ай, аттиң ай, Кайран жүрөк, кан төгүлүп кайгырды. Ошол күнү кан төгүлдү, түңүлдү, Бир ойгонуп, бир чындыкты түшүндү, Бир чындыкка - миң үмүттүм үшүдү, Бир чындыгы - миң чындыгын күбүдү, Бир чындыгы - миң чындыгын жоготуп, Бир чындыкка - миң үмүттөр үзүлдү. Ошол күнү, ошол чындык, Миң үмүттү бир заматта бүлдүрдү.

Мурункудай көп ойлонбой калдым. Балким жумуш менен алек болгонума. Түнү жакшы уктап, ден соолугум жакшырып, жеген-ичкеним жакшырып, маанайым көп түшпөй калды. Кызганбай, өзүмдү жалгыз сезбей, жарты сезбей, экинчи орунда сезбей калдым. Бирөөнү да, өзүмдү да күнөөлөбөй, жеңил карап жашоого, ичимдеги оор чынжырды коё бергенсип жатам. Кыскасы, жакшы. Шүгүр. Көп нерсеге көзүм ачылды. Ошол күнкү телефон менен сүйлөшүүм — көп нерсеге көзүмдү ачты. Ойготту. Реалдуулукка алып келип койду. Көрсө, мен болбогон эле нерсе үчүн кыялданып, мени маанисиз эле эсептегендер үчүн жан үрөп, жетинчи асманда учуп жүрүптүрмүн. Ошол күнү жерге түштүм. Ошол күнү ойгондум. Ошол күнү өзүмө келдим. Ошол күндөн бери өзүмдөмүн.

Ии баса, сен жөнүндө күндөлүгүмө да айтып бердим. Ал да сага окшоп унчукпай угуп берет. Унутпайт дагы. Жазып, сактап калат. Күндөлүгүм да сырдашым - бирок ал айтып бермейинче түшүнбөйт. Эмнени айтсам ошону түшүнөт. Жакшылап түшүндүрүп беришим керек ага. Болбосо жалдырап карап тура берет. А сен айттырбай, көз карашымдан, дем алышымдан түшүнөсүң баарын. Жада калса өзүм түшүнбөй турган нерселерди сен бир карашта түшүнүп, мага түшүндүрүп коёсуң. Күндөлүгүмө айтып койбо ээ, укса таарынат ал. Ошого аны жаап койдум азырынча. Сени менен сүйлөшүп алайын. Күндөлүгүм - иним сыяктуу. Кээ бир нерселерди айтпашым керек ага. Ишенич жок ага, колуна кармап, ким ачса эле айтып берип коёт шап этип. Окутуп коёт, жашырышты билбейт. Эмнени жазсам, болгонун болгондой окутуп коёт. Анан билип калышат окугандар. А сен жашырасың. Эч кимге айтпайсың. Сураса да, суранса да. Ошого сен менин эң жакын досум, сырдашымсың. Эң жакын. Бирөө эле. Экөө эмес.

Мен сага "Тоо экөөң бирдейсиң, тоо менен деңизди бирдей көрөм, жакындыгыңар да, алыстыгыңар да бирдейсиңер мага" деген жокмун да, чынбы? Эгер ошентсем сен таарынмаксың, өзүңдү жарты сезмексиң. Анткени тоо менен деңиз эч качан бирдей боло албайт. Тоо башка, деңиз башка — тоонун орду, деңиздин орду башка. А мен дайыма сени тандайм, деңиз! Сендикмин мен. Тоону да жакшы көрөм, кичинекейимден бери тоону көрүп чоңойдум, бирок бул — менин эң жакыным тоо дегенди билдирбейт. Тоону таштабайм. Таштай да албайм. Бирок сени тандайм дайыма, деңизим! Сени менен таанышып, сырдашып баштагандан бери бири-бирибизди жакшы түшүнөт экенибизди аңдадым, сонун түшүнүштүк, сонун маектерди курдук, баары сонун эле. Сен менин жүрөгүмдү түшунгөнүң, түшүнгөнү аракет кылганың үчүн дайыма сени тандайм. Биз — эң жакын доспуз. Сырдашпыз. Жакынбыз. Бирбиз. Тоодо иштеп жүргөнүмө капа болбо, тагдыр мени тоого иштетип койду, бирок убактылуу гана. Аз күндөн кийин кайтам сага.

Кийинки жаңылыгым, иштеп жүрөм тоо койнунда. Шаардан, элден, сенден алыс, тоо койнунда, аттар жайлаган шамалдуу жерде иштеп жүрөм. Ошон үчүн сага тез-тез келе албай жатам. Сырдаша албай жатам сени менен. А сен башка сырдаш таап алган жоксуң да, ээ? Же башкаларга окшоп сен да мени таштап, жакын сырдашың менен кетип калдыңбы? "Сен мен үчүн маанилүү эмессиң. Жашоомдо бар болсоң да, жок болсоң да мага айырмасы жок. Сен менин жашоомдо бол, эң жакынымдан орун ал дебейм. Төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа кет!" дедиңби? Жоок, сен антпейсиң, мен сага ишенем. Башкалар деди, бирок сен дебейсиң, мен ишенем сага, деңизим, толкунум менин! Мен сага жүрөгүмдүн эң тереңинен, жашоомдун эң жакынынан орун бердим, "сен элесиң эң жакыным, сенден башкага эң жакындан орун жок" дедим сага, сен да мага ошентишиңе ишенем, деңизим! Толкунум!

Китеп чыгарам деп жүрөм. Колумдан келеби, чыкканга татыктуубу, ойлонуп жүрөм дагы деле. Арасына сен экөөбүздүн маектерибизди да коштум. Чыгып калса сен да сүйүнөөр элең, ээ? Сен Измирде болсоң да, ак карлуу Ала-Тоодон кол булгалап, Ысык-Көлүнө барып мактанмакмын. Ошол куттуу жерлердеги сууларың аркылуу сүйүнүч катымды жолдомокмун. Сен да угуп чын жүрөктөн сүйүнөт элең. Бир сыйра толкуп алат элең сүйүнгөнүңдөн. Мен да Кудайга жалынайын, туурасын, түз келгенин насип кылсын биз үчүн. Сен да. Сен да суран. Туура келсе, чыксын. Чыксын китебим. Эл окусун. Жаштар окусун. Муун окусун.

Бүгүн да жумуштан чыгып, жээгиңе келдим. Оор жүгүмдү шалп таштап, сагынып калган сууңа, толкунуңа көз тиктим. Көпкө тиктештик. Сагыныч тараттык. Аз да болсо жеңилдедим. Чогуу күндү батырдык. Узаттык уясына. Анан мен сага бир куржун толо кир кийимим менен гана келбестен, жаңылыктарымды да ташып келдим тээ тоонун чокусунан.

Анда да унчукпай, мээлүүн толкундарың, жай ирмелишиң менен терең карап, аягына чейин угуп бердиң. Кээде сүйүнүп, жагымдуу маанайың менен тосуп алдың. "Азаматсың!" дедиң. А кээде катуу бороон кылып, шамал-куюнду аралаштырып жээгиңе жакын жолотпой жиндендиң. Ачууландың. Уруштуң. Анда да мен туруп бердим унчуга албай. Кандай учур болбосун, биз бири-бирибизди чындап түшүндүк. Чындап кабыл алдык. Бири-бирибизди такыр сатпадык. Күндө көрүшпөсөк да, алыстан бири-бирибизге көңүл байладык. Түшүнүшүү үчүн шыбышыбыз гана жетиштүү эле. Мен сенин демиңди, колооңду, саламыңды шыбыш менен, шамалдын алып келген деми менен алдым, тосуп алдым сүйүнүп. Мен да сага жетпей турган маалымда асмандагы жылдыздарды карап, "Деңизиме, толкундарыма салам айт" деп, жылдыз аркылуу, ай аркылуу, кээде күн аркылуу саламымда жолдодум. Тосуп алдың толкуп. Толкундап. Биз чындап бири-бирибизге байландык. Чындап.

Деңиз! Амансыңбы жан досум! Жан досум деп атам, анткени сенчелик мени эч ким укпады. Чын дили менен тыңшап, түшүнүүгө аракет кылып укпады. Сен гана унчукпай бүт дартымды угуп, түшүнүп, жеңил толкундарың менен жан дүйнөмө дабаа болуп бердиң. Деңиз! Деңизим менин! Сен меникисиң! Жок, жок, мен сеникимин! Ооба, мен сеникимин. Сага таандыкмын. Сенин толкундарыңда жашайм. Толкуйм. Толукталам. Ошон үчүн жаңы чыга турган китебимдин атын "Толкун" деп атадым. Балалыгым, жаштыгым сенин толкундарың менен өттү. Сенин толкундарың менен кошо толкуп, кээде тереңге сүңгүп, кээде жээкке чыгып жаттым. Толкун менен керексиздерди жээкке чаптык, чынбы? Жаным сыгылса, уга турган, тереңдигимди түшүнө турган эч ким калбай калганда сага келдим, сага айтып бердим, даттандым. Сен гана мени аягына чейин уктуң. Мен булардын баарын унутпайм. Унуткан жокмун. Сүйүнүчүмдү да сага айтып келдим. Мактандым сага.

Мындан кийинкилерин да бөлүшөйүн деп, кайра токтоп калдым. Ойлонуп калдым, өтө эле жеке маселелер болуп кетет экен деп . . .
+1
Мындан кийинкилерин да бөлүшөйүн деп, кайра токтоп калдым. Ойлонуп калдым, өтө эле жеке маселелер болуп кетет экен деп . . .