cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Поэзия дүйнөсү📝🌺

🌼Поэзия ыргактары 🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр 🌼Жон эле ойлор 🌼Цитаталар Суроолор боюнча админ: @UlukbekTalkanbaev @erkinbek_kyzy_meerim Катталыңыз. https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn

نمایش بیشتر
قيرغيزستان948قرقیزی223دسته بندی مشخص نشده است
پست‌های تبلیغاتی
1 065
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-77 روز
-2830 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм Бариктердей дарагынан күбүлгөн, Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн Ырлар жазган келет менин күндөрүм. Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт. Турсун белен кагаз менен калемсап Кай учурда келсе дагы. Алтүндө Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак. …Эс да, жан да эркин турсун баарынан: Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган, Жеңил достон, жеке душман заарынан. Эс да, жан да эркин турсун баарынан. Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу: Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору. Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап, Мен үлгүрүп жазып калсам болгону. Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана? Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган. Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч, Жапайы каз учуп өтчү жактардан. Бул болбосо тигил кырдын артында Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра… Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап. САГЫН АКМАТБЕКОВА
نمایش همه...
МЕН ТААНЫГАН АДАМДАР Сезип жашайм бирөөнүн арман, муңун, Санап койгом кээсинин бар байлыгын. Өзөк байлап, тил бүтүп өнүп чыкса, Өзүм менен көмүлүп калган сырым – Мезгилинде Кудайга айтып берем, Мен тааныган адамдар кандайлыгын... Мен тааныган адамдар – өзгөрүлмө, Мерездик бар – боорукер көздөрүндө. Көкөлөшүп бийиктен карап калат, Көргө кулап, көмүлүп кеткениңде. Чөлдү мактап, кургак сөз куруп турат, Чөөткө түшүп, деңизге чөккөнүңдө. Мен тааныган адамдар – көрккө бүткөн, Мээнетине ниети төп келишкен. Өзгөлөрдүн ойлошуп бейпилдигин, Өрт-жалынга өздөрү өрттөнүшкөн. Таштабастан жандууну көтөрүшкөн, Тайгак жолдон, шар аккан кечмеликтен. Мен тааныган адамдар – жалганчылар, Мен тааныган адамдар – алданчулар. Садырбек Турдубек уулу
نمایش همه...
Мен азыр мурдагыдай сүйбөй калгам, Күл болуп... такыр анан күйбөй калгам. Ашыктык акындардын дастанындай, Сүйдүмбү, сүйүлдүмбү билбей калгам. Мен азыр сүйүү ырын жазбай калгам, Сүйгөнүм үчүн өңдөн азбай калгам. Күн сайын өлө берип көндүм окшойт, Тагдырдан таарыныч да казбай калгам... Мен деги акынга да кирбей калгам, Эргүү издеп ээн талаада жүрбөй калгам. Сүйүүнү жолуктурдум деген менен, Сүйүүгө жолуктумбу... билбей калгам... Мен азыр эч нерсени билбей калгам... Арстанбек кызы Нуржамал СЕЗИМ СЫРЛАРЫ...
نمایش همه...
ЖЫПАРА ИСАБАЕВА *** Сүйбөсө койсун, сүйбөсө мейли башка адам, Күтпөймүн издеп сүйүүнү сенден башкадан, Мени сүй, Кудай, суранам жалгыз таштаба, Сен менен жашоо кызыктуу, нурлуу, жакшы анан... Баркымды менин, билбесин мейли, жакшы адам, Балбаалап ыйлап, салбаймын жерге башты анан. Анткени билем, Сен барсың дайым жанымда, Сен менен уктап, Сен менен кайра башталам. Жемелей берсин, жек керсүн мейли башкалар, Көңүлүм карап, макташып турчу башта алар... Жараткан, сенин көзүн түз болсо болгону, Адамдар сендей ак пейил эмес – башка алар Сүйө албайт сендей, сүйө албайт мени башкалар.
نمایش همه...
Бул жерден аз күндө кетемин, Жабыкпа, жакында жетемин. Көз жашка ишенбес борбордон, Баратам, күтө тур, мекеним. Эң бир кооз эң бийик дөбөдөн, Билесиң, алыска жөнөгөм. Жылмайып тосуп ал, мекеним, Өзүңдөн агарам, көгөрөм. Бул жактан өрттөндүм, жагылдым, Турмуштун мушуна багындым, Шарында калсам да агындын, Мекеним, мен сени сагындым. Биз деген бат эле өтөбүз, Күйөбүз жарк этип өчөбүз. Мекеним, үмүттү жоготпо, Буюрса көрөсүң өсөбүз. Мекеним, күтө тур өсөбүз. Ав: Бакай Акматкулов
نمایش همه...
Ар түрдүү мааракелерге: 🤍 туулган күн; 🤍майрам; 🤍ийгиликтерди куттуктоо; 🤍 сүйүктүүңүзгө ыр арноо; 🤍 өз атыңызга ыр; 🤍 ата-энеңизге ыраазычылык билдирүу иретинде ыр жаздырууну кааласаңыз, заказ алабыз!🔥 Байланыш телефону: 0508147770.
نمایش همه...
ЭКИ ЗОР МҮМКҮНДҮКТҮН АЛДЫНДАМЫН Дүйнө бүт кулак түрүп сөздөрүмө толсо дейм жанып турган көздөрүмө. Кайгылар аркак болуп согулса дейм ченемсиз кубанычтуу кездериме. Жашоону таанысам дейм таанылганча, жаңылбай бассам деймин жаңылганча. Ойлорду төрт тарапка созсом деймин Чексиздик чууларына малынганча. Саптарды жаратсам дейм үйлүгөнчө, бир улуу түйүнчөккө түйүлгөнчө. Мөмөмдү дабыратып каксам деймин Мөмөсүз жалбырагым күбүлгөнчө. Өмүрдү ак өтсөм дейм кыйылганча, турмушту туйсам деймин туюлганча. Карама-каршылыктар ааламынан жыйынтык жыйсам деймин жыйылганча. Пенденин табияты - дүйнө таануу, жалындоо, быкшуу, өчүү, күйүү-жандуу. Эки зор мүмкүндүктүн алдындамын: ийгилик, эч нерсеге жетпей калуу. ЖОЛОН МАМЫТОВ
نمایش همه...
Ыйык Рамазан кут болсун, урматтуулар! Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылып, күнөөлөр кечирилсин. Эки дүйнөлүк бакыт каалайбыз!
نمایش همه...
...далай кыздар ээрчиди,- деп артымдан, бир дос көрдүм карс -карс күлүп алкынган. Ошол достун карындашы үйдөгү, дал өзүңдөй бирөөнү ээрчип талпынган... ...далай кызды таштадым,- деп мактанган, бир дос көрдүм каткырыгы таш жарган. Ошол достун карындашы үйдөгү, тагдырына муңун айтып даттанган... ...далай кызды сүйүп көрдүм,- деп жүргөн, бир дос көрдүм өзүн кыйын деп билген. Ошол достун карындашы үйдөгү, намысынан өзүн өзү өлтүргөн... ...далай кыздар эрмегим,- деп мактанган, бир дос көрдүм сокурлукка байланган... Ошол достун карындашы үйдөгү, да бирөөнүн эрмегине айланган... Далай достун уктум шундай сөздөрүн, кантип карайм далай кыздын көздөрүн? Карындашың жөнүндө да ойлоп кой, кордооруңда карындашын өзгөнүн!... Баяман Нурбек 23.03.2023.
نمایش همه...
ЖАЗ ЖАНА ЖАЙ Жадырап жазым, жамынып жашыл желбегей, Жел жүрүп жылуу, жүзүмдү желпип жуктаган. Жалындап жүрөк, жамгырга жуулуп жашарып, Жактырган жанын, жашоого жандап жуптаган. Жулунат жулкуп, жүгөнсүз жорго жылкыдай, Жүгүрөт жаштык, жыландай жылып жыл жылат. Жараткан жазган, жеңилбес жашоо жарлыгын, Жүгүнтүп жазды, жалындуу жайга жылдырат. Жашарып жылга, жерибиз жыпар жыттанган, Жайкалып жайык, жоогазын жайнап жадырап. Жагымдуу жаз-жай, жашартып жууркан жамынткан, Жасанып жийде, желбиреп желге жалбырак. БАЙ ЖАНЫШОВ
نمایش همه...
یک طرح متفاوت انتخاب کنید

طرح فعلی شما تنها برای 5 کانال تجزیه و تحلیل را مجاز می کند. برای بیشتر، لطفا یک طرح دیگر انتخاب کنید.