cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Китеп дүйнөсүнө саякат

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

نمایش بیشتر
پست‌های تبلیغاتی
4 362
مشترکین
+1924 ساعت
+177 روز
+7430 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

**-Кызым, -Оуу, апоуу -Ысык нан менен тамакты салып койдум. Мына коңшунун (атын айтып) үйүнө алып барып берип келчи. -Макул, апа!** Коңшунун үйүндө: -Эже, апам мынаны сиздерге берип жиберди. Бүгүн нан жаптык эле. -Ии алдыгана кетейин, азыр гана эмне тамак кылсам деп ойлонуп отурдум эле. Токтой тур, азыр табакты бошотуп берейин. 5 мүнөттөн кийин: **-Кызым, мына таттуулар сага. Балам Москвадан салып жиберди эле. Сактап баарын жебей отургам. -Рахмааат, эже. -А мынаны апаңа ала бар, менден салам айт. Кеч өтөм. -Макул.** Кичинемдеги айылдагы ушул окуя эсиме түштү. Бизде деле белек берүү салты бар экен эле. Чоңойгондо акыркы жолу коңшунун үйүнө барганымды эстей албайм…
نمایش همه...
❤‍🔥 15👍 7🔥 4😍 4👏 1
😍 6❤‍🔥 2🔥 1
Эрте менен жумушка келип эле маанайым көтөрүлдү. Бизге 10-класстагы бир кыз 1 жумага практикага келген. Германияда мектепте окуган окуучулар жайкы эс алууда 2 жума ар түрдүү жерлерде практика өтөшөт экен. Кийин кесип тандоосуна, бул иш ага ырахат тартуулайбы же жокпу, ушул кесип чындап эле ага жагабы сыяктуу суроолорго өзү-өзүнө жооп берип, окууну бүткөндө бир чечимде болот деп ойлойм. Мисалы бир жерде 2 жума, кийин дагы башка жерде 2 жума болуп бир топ тажрыйба топтоп, жок деген ошол жашоо ритмге түшүп, аз болсо да өзүнө сабак алат. Кечээ кечинде ал кызга кат жазып, кичинекей белек даярдадым эле. Бүгүн ал да мага катын көтөрүп, белегин көтөрүп келип коштошуп кетти. Жүрөгүм аябай жылыды.
نمایش همه...
11❤‍🔥 3🥰 1
14❤‍🔥 7👍 2
“Үстөлүмдүн үстүндө ар дайым гүл болуусун каалайм. Көргөн сайын көңүл көтөрүлөт. Маанайыма таасир берет.” деп жазганым эсимде. Андан кийин эле соолубас, вазадагы гүл белекке алгам. Үстөлүмдүн үстүндө түндүр-күндүр жарыгын чачыратып турду. Кийин көчкөндө дагы ала кеттим. Көргөн сайын чынында маанайым көтөрүлчү. Ооба, өткөн чак менен жазылып жатат…. Кечээ жанымда жашаган кыз кокусунан сындырып алды. Жүрөк бир катуу сокту да, “соолубас эч нерсе болбойт турбайбы,мына соолубас гүл дагы соолуду” дедим…
نمایش همه...
💔 20 5😢 3
sticker.webp0.18 KB
👍 5
sticker.webp0.31 KB
… Түндөй кара көздөрүңдүн ичинде, Кирпигиңди жамынгача уктайын. Сен аман бол, эсендигиң чоң бакыт! Маанилүү эмес, сага жетсем, жетпесем… 🖊️ Нурсултан Абдикаримов
نمایش همه...
😍 12💔 8 3🌚 3
sticker.webp0.34 KB
یک طرح متفاوت انتخاب کنید

طرح فعلی شما تنها برای 5 کانال تجزیه و تحلیل را مجاز می کند. برای بیشتر، لطفا یک طرح دیگر انتخاب کنید.