cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Менин күндөлүгүм

💎Атым Бекболсун. ☑️Кудайга кул, ата-энеге перзент, жубайыма күйөө, биртуугандарыма ага, досторума дос, окуучуларыма агай, кээ бирөөлөргө үлгү, кээ бирөөлөргө күзгүмүн.

نمایش بیشتر
کشور مشخص نشده استزبان مشخص نشده استدسته بندی مشخص نشده است
پست‌های تبلیغاتی
202
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
اطلاعاتی وجود ندارد7 روز
اطلاعاتی وجود ندارد30 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Урматтуу биртуугандар, достор! Бүгүн Шаабан айынын 14үнөн 15ине караган түнү - Бараат.
نمایش همه...
Умра тууралуу 1-бөлүк
نمایش همه...

Кененирээк окуу үчүн
Ихяу_Улумид_дин_Дос_тандоо_тууралуу.m4a4.65 MB
نمایش همه...
КЫТАЙЛЫК МУХАММЕД

Жаңы мусулман болгон он кытайлыктыр башынан өткөн окуяны угуңуздар. Аягына чейин көрүп, баалап 👍 Лайк басканды, 💬 Комментарий калтырганды, жана да бөлүшкөндү унутпаңыздар. Баса, каналыма подписка болуп, жанындагы билдирмени да басып коюңуздар... #кытайлык_мухаммед Музыка: Belalım

Жамаат менен курмандык сойдурам дегендер болсо байланышсаңыздар болот. Аманатты ишенимдүү колдорго жеткиребиз. Бул видео болсо Курмандык тууралуу: https://youtu.be/QzhKYHNa844
نمایش همه...
Курмандык - 2021

Курмандык союу ар бир мусулмандын милдети. Ал: 🌍 Муктаждардын курсагын тойгузат. Бир жыл бою эт жебегендер бар; 🌏 Балээ-кырсыктардын, апааттардын алдын алат; 🌎Сыраат көпүрөсүнөн өтүү үчүн унаа болуп берет ж.б. пазилеттери бар сооптуу иш. Мына ушул ишти жамаат менен чогуу кылуу кандай гана баалуу, кандай гана сооптуу. Ишенимдүү колдорго жеткирип берем. +996555684486 номерине кайрылыңыздар - Бекболсун. Же Адеп Башаты фондуна байланышыңыздар. Бир үлүштүн баасы 13500 сом.

نمایش همه...
Нурак Абдрахманов - Улуу Тоолор / МЫНА САГА, МЫНДАЙ ҮН УККАН ЭМЕССИЗ

Белгилүү комузчу, композитор, күүчү Нурак Абдрахмановдун эң сонун чыгармаларынын бири. Башы улардын үнү менен башталып, тоолорду аралап жүргөндөй болосуң. Каналга жазылганды унутпаңыз.

https://www.youtube.com/c/BekbolsunAkchalov

"Дин аркылуу дүнүйө жыйгандар куруп кетсин!" (Дайлами, 3/42; Ибн Асакир, 5/57; Канзул-Уммал, 10/206)
نمایش همه...
Мусулман адам жубайына гүл белек кылса болобу? Албетте, болот. Милдеттүү десе да аша чапкан болбойбуз. Мындай кылуу менен белектешүү сүннөтүн аткарган болгондой эле, эч бир себеби жок туруп жубайын сүйүндүрө билген адам мунусу менен Жараткандын ыраазычылыгына да жетүүсү мүмкүн. Коштошуу хутбасында Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эң көп кайталап айткан жана аманат экенин баса белгилеген нерсеси - бул ар бир мусулмандын өзүнүн аялы. Андыктан бардык күчүбүз жана аракетибиз менен үйүбүздө тынчтык, ынтымак, сүйүү, бакыт болушу үчүн аракет кылышыбыз абзел. Мындай кылуу да Кудайдын берген бардык шарттарын аткаруу жана Жаратканга жалбарып дуба кылуу менен ишке ашат.
نمایش همه...
♦ Ырайымсыздыктын бир белгиси – напсисин унутуу менен, өзүнүн кемчиликтерин (каталарын) эстен чыгарып, диндеш биртууганынын ар бирөөсүндө кемчилик (ката) табуу, аларга болгон сүйүүсү менен мээримин жоготуп, сындоо (критика) көз айнектерин кийүү. Алар өздөрүнүн кемчиликтерине (каталарына) жакынды алыстатуучу, буланык көрсөтүүчү аппарат менен көз салып, диндеш биртууганынын каталарына (кемчиликтерине) болсо микроскоп менен карап турат. Мындай адамдардан жыйналган жигиттердин өзү шылкыйган шалапайлар. Өзүнүн кемчиликтерин көргөн, биртуугандарыныкын жашырган; өз катасын чоң, дин жана даава боордошунун айыбын кичинекей көргөн, атүгүл көрбөгөн мусулмандар Алла Тааланын ырайым-мээримине жана кечиримине ээ болгон, бийик ахлактуу, улуу мүнөздүү мусулман; ыйман жолундагылардын белгисин көтөрүп жүргөн диндар болуп саналат. Мындай адамдардан жыйналган аздар негизинде көп, кичинекейлер чоң, алсыздар негизинде күчтүү болуп эсептелет. * ♦ Ырайымсыздыктан, критикалагандыктан кутулуунун жолу менен бийикте, алдыга умтул, оо, биртууганым! Болбосо же жакында, же алыста, же дүйнөдө, же Хактан, же калктан түшпөсүн сага ырайымдан кур калуу... Анткени, “мен дакка дукка” (кылган көрөт). Ырайымсыздык кылба, кийин ырайымдуу достон да ырайым таппай каласың. Эгер көрбөсөң ырайымсыздыкты бул дүйнөдө, көрөсүң түрдүү жаза оо дүйнөдө, муну билгин! * ♦ Ырайымсыздыкты көрүктөгөн, сый-урматсыздыкты алоолонткон ачуулануу учурундагы сый-урмат жана сүйүү – бейиши болгурлардын сонун нерселеринин бири болуп саналат. * ♦ Ачууланып турганда сый-урмат менен мамиле, ырайым – бул эң сонун ахлак. * ♦ Мээрим уругун сепкен, сөзсүз түрдө бейпилдик менен бакыттын үрөнүн алат. *** ♦ Өзү кемчиликтен аруу болгонсуп, ката менен жаңылыштыктардан кутулган сымал, көптөрдү жана өзү ичинде жашаган океандагы ыйман жолундагылардын кемчиликтери менен кыймыл-аракет менен, иш жүзүндө, кыял менен алек болуу- бул ырайымсыздык. Бул жаман мүнөзгө ээ болгондор, бул коркунучтуу ырайымсыздыкты кылгандар, нисяны нафс (напсисин унутуу) ооруусуна дуушар болуп жана напсисин одонолоштуруп бузуп алуу ыктымалынан улам титирешсин. Эй напсим! Сен титире, өзүңдү кара, өзүңдү көр, өзүңдү бил, өзүңдү түшүн, өзүңдү аңды; тек гана напсиңе ревизер, напси аммараңа аудитор болуу бийиктигине чык. © Нурдун баатыры Зубейр Гүндүзалп
نمایش همه...
“АЛЛА” ДЕГЕН Кедей бир жигит падышанын кызына ашык болуп калган экен. Бул үмүтсүз сүйүүсүн ошол жердин эң таанымал дервишине барып айтып берип, андан жардам сурайт. Дервиш: “уулум! Шаардын кире беришине, туптуура жолдун ортосуна отуруп, ким эмне десе да “Алла” деп жооп бер!” деген экен. Кедей жигит айтылганды аткарат. Күн сайын айлар бою шаардын кире беришине отуруп алып, башка эч бир сөз айтпастан “Алла” деп эле айта берет. Дервиш болсо жигиттин жеп-ичерин күн сайын алып келип турчу. “Алла” деген жигит аттуу наам менен атагы шаарга тарайт. Акыры бир күнү падышанын өзү бул жигит тууралуу билгиси келет. Дервиштен жигит тууралуу айтып берүүсүн суранат. Дервиш падышага бул жигиттин ушул доордун олуяларынын бири экендигин айтат. Падыша жигитке зыяратка баруу үчүн жолго чыгыптыр. “Кимсиң? Эмне көйгөйүң бар? Эмне каалайсың?” деп падыша жигитке кайрылса да, “Алла” дегенден башка эч нерсени айтпаптыр. Дервиш кечинде жигиттин жанына барып: “Падыша сага өз кызын берем дегенге чейин башка эч нерсе сураба” деп эскертет. Акыры бир күнү падыша келип: “Эмне каалооң бар, кааласаң сага кызымды берейин?” дегенде, дервиштин таң калуусунун астында жигит “жок!” деп жооп кайтарат. “Мындан кийин аны да каалабайм. Мен башка бир нерсе үчүн “Алла” дедим, Ал болсо менин бутумдун жанына мамлекеттин падышасын алып келип койду. Эгерде Ал үчүн, ыкылас менен, чын дилимден “Алла” дегенимде ким билет эмнелер болмок эле? Мен мындан кийин башкаларды эстебейм, Андан башкасын да каалабайм” деген экен.
نمایش همه...
یک طرح متفاوت انتخاب کنید

طرح فعلی شما تنها برای 5 کانال تجزیه و تحلیل را مجاز می کند. برای بیشتر، لطفا یک طرح دیگر انتخاب کنید.