cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Китеп_Дүйнөсү📚

Бул каналдан белгилуу устаттардын видео🎞️ сабактары, электрондук📱 жана аудио🔊 китептер, пайдалуу маалыматтар мн бөлүшүп турабыз📖🍃Биздин каналга катталып,досторунуз мн бөлүшкөндү унутпаныз!✨ Жеке баракча: @assu_18

نمایش بیشتر
کشور مشخص نشده استزبان مشخص نشده استدسته بندی مشخص نشده است
پست‌های تبلیغاتی
150
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
اطلاعاتی وجود ندارد7 روز
اطلاعاتی وجود ندارد30 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Абалынан пайдаланган Ысакбек жергиликтүү бийликке тили өтө баштагандан тарта, аскердик ишмердүүлүгүнөн сырткары, Өкмөттүн көңүлүн Кызыл-Суудагы кыргыздардын социалдык акыбалына бурууга жетишип, элдин ал-акыбалын оңдоого да салымын кошот. Ал кезде Монуевдин демилгеси менен идиректүү балдар Советтер Союзуна окууга да жөнөтүлө баштаган. Этникалык кыргыздар үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк болгон,- дешет ал күндөрдүн күбөлөрү. Шиңжандын өзүндө да мектептер ачылып, маданий агартуу мекемелери курула баштаган. Дегенибиз Кытайда биринчи жолу комуз ийрими уюштурулуп, улуттук аспаптын үнү жаңыра баштайт. ГЕНЕРАЛДЫК ЧИНДИН БЕРИЛИШИ Монуевдин чөлкөмдө пайда болгон кадыр-баркы жергиликтүү бийликти кооптондуруп, ойлондура баштаганбы айтор, 1935-жылы Үрүмчүдөгү өкмөт анын атчандар полкун таратып, Улуучат ооданына аким кылып шайлашат. Ал аким болуп турган чакта, Кашкардан Эркечтамга каттай турган 265 км узундуктагы таш жол салдыргандыгын замандаштары эскеришет. Бирок эки жыл өтүп, 1937-жылы жергиликтүү бийликке баш ийүүдөн баш тарткан уйгур дивизиясынын эки башчысы көтөрүлүш жасайт. Ошондо расмий Үрүмчү Кашкардагы жарандык согушту токтотууну аргасыз Ысакбекке тапшырып, Совет өкмөтү кайрадан полкту куралдандырып, абал жөнгө салынат. Мына ошол окуядан кийин гана Өкмөт Ысакбек Монуевдин эмгегин баалап, кытайча “люйжан” аталып, “бригада генералын” туюндурган аскер чинин ыйгарат. Ошентип, Ысакбек Монуев 35 жаш курагында кыргыздан чыккан биринчи генерал атанып чыгат. МЕКЕНГЕ КАЙТУУ Андан кийин Ысакбек Кашкар шаарына жайгашып, 3 полкту курамына алган бригадага башчылык кылып, бүтүн Кашкар-Хотен аймагын аскерий көзөмөлдөөнү колго алат. Бирок, Ысакбектин иштери мындан ары ийгилик менен коштолуп олтурбайт. 1938-жылы бригада ичинде кутум уюштурулуп, 35-атчан полкунун 23 офицери кыргынга учурайт. Бул окуядан кийин 1940-жылдын башында атчандар полку бүтүндөй таратылат. Ысакбек командирликтен алынып, маданият тармагы боюнча иш жүргүзгөн уюмга мекеме башчысы болуп дайындалат. Агартуу тармагында да өз ишин алып кете алган Ысакбекке мындан кийин көзүн тазалоо сыяктуу ага каршы иштер жүргүзүлө баштаган. Ошентип, 1943-жылы Ысакбек Советтер Союзуна качып өткөнгө аргасыз болуп, Алматыга келет. Советтер Союзунда жүргөн кезинде генералга гоминьдандык бийликти кулатууга жардам бер,- деген сунаштар көп эле түшкөн. Анткени, ал Чыгыш Түркстан чөлкөмүн жакшы билген адам катары эсептелген. Бирок, Монуев андан баш тартат. Бул аралыкта Ысакбек Кытайдан туугандарын көчүрүп келүүгө да үлгүрөт. Алар тарыхый мекенинде жылуу кабыл алынып, мамлекеттин каржылоосунда жашап калышат. Монуев Кыргызстанга келгенден кийин кол куушуруп отурбай, “Буйгу”, “Баатыр” деген аскер бөлүктөрүн түзгөнгө жетишет. Бул аскерий топтор кийинчерээк Кытайга өтүп, 2,5 миң аскерден турган гоминьдандык дивизиянын кулашына жардам берет. Бул каршылашуу бир айга созулган делет тарых барактарында. 1949-жылы гоминьдандык режим кулаган соң, Сталиндик бийлик Мао Цзедун менен пикирлеш боло калат. Ушул биригүүнүн максаты Чыгыш Түркстанды Кытайдын курамына киргизүү эле. Так ушул маселени чечүү үчүн Кытай тарап Пекинге ЧТРнын жетекчилигин сүйлөшүүгө чакырат. Республиканын коргоо министри катары Ысакбек Монуев жетекчилиги менен бирге жыйынга аттанат. Бирок, алар Пекинге жетпей учак авариясында каза табат. Азыр тарыхчылар бул атайын уюштурулган өлүм жазасы болушу мүмкүндүгүн айтып жүрүшөт. Кээ бир маалыматтар боюнча, учактагыларды Лубянкага алып барып атып салышкан дешсе, кээ бирлер Читада, Улан-Удэде жарылып каза табышкан деп жүрүшөт. Айтор, генералдын сөөгү Кыргызстанга алынып келингенде аны Ысакбектин жубайы да тааный албай койгон экен. Тарыхый мекенге алынып келинген сөөк генералдыкыбы же башканыкыбы азырынча бизге караңгы. Мүмкүн убакыт өтүп, тарыхчылар бул окуянын ачыгын айтып чыгышаар... Жазгүл Кенжетаева " Эркин- Тоо" 03.08.212 ж @Taryx_Baraktary
نمایش همه...
Тарых барактарында аты түбөлүк калган кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Монуев тууралуу коомчулук жарым кылым убакыт так маалымат билбей келгени чындык . Уникалдуу инсан, генерал Ысакбек Монуев өткөн XX кылымдын I жарымында кыргыздын намысын коргоп, эл аралык масштабда аскердик иш жүргүзүп, өзгөчө зоболо күткөн коомдук жана мамлекеттик ишмер болгон. Анын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылаардан мурун өмүр таржымалына көз чаптырып өткөнүбүз туура болчудай. Анткени, генералдын аскерий ишмердүүлүгү жеке кыргыздар эмес, 1940-жылдары өмүр сүргөн Чыгыш Түркстан Республикасы менен байланышкан. БАЛА ЫСАК Расмий маалыматтар боюнча Ысакбек (азан чакырылып коюлган аты Ысакмат) 31-августта Алайдын Нура айылында жарык дүйнөгө келген. Ысактын ата-теги бардар, билги адамдар болгон делет. Атасы Мону соода иштери менен алектенген, араб тамгасын тааныган билимдүү ажы атанган. Ошондуктан, ал уулу Ысакбекти да жаштайынан молдочулукка окутуп, кат сабатын жойгон. Өспүрүм кезинде “молдо Ысак” атанган болочок генералдын тагдырынын тайгүлүк ташы мына ушул жерден тоголонгондой. Ысак кат сабаты жоюлгандыктан атасы менен биргеликте Алайдан алысыраак чыгып, соода иштери менен жер кыдырчу дешет. Ошол кездерде анын дүйнө таанымы башка кыргыз жаштарыныкынан айырмаланып, бир аз алга озуп кеткен тура. Кийин атасы, урук туугандары менен кыргыз жеринен Кытайдын Шиңжаңына көчүп кетүүгө аргасыз болуп, болочок генералдын өспүрүм курагы тарыхый мекенден алыс жакта өтөт. БАСКАН ЖОЛ Ысак генералдын жаш чагы өткөн аймак куралдуу конфликттердин очогу болгон. 1928-жылы Шиңжаңда Гоминьдан өкмөтү тарабынан адилетсиз саясат жүрүп, шиңжаңдагы этникалык кыргыздар менен катар уйгурлар, казактар, дунган, моңголдор үчүн салыктардын түрү көбөйтүлүп, мукуратуу, коркутуп-үркүтүү, баш көтөргөндөрүн басуу, маңкуртташтуруу саясаты башталган. Анда бир ууч кыргыз гоминьдандык бийликтин кысымына эле кабылбастан, экинчи жагынан, СССРден качып өткөн басмачы топтордун талап-тоноолоруна да тушугушкан. Бул кысымдар кыргыздарды алдан тайдырып, алсыраткан. Айрыкча, гоминьдандык бийлик кыргыз жигиттерин аскерлерге алып кетип, бирок, эл астында эч кандай жоопкерчилик тарткан эмес экен. Ошол мезгилде шиңжаңдык кыргыздар турган аймакта туруктуу өкмөт, саясий бийлик дагы болгон эмес. Андыктан, басмачылар жойлогон Кашкар аймагында СССРге каршы чабуул уюштуруучу плацдармага айлантуу болжолдонгон. Бул жагдайды ичтен көрүп турган Ысакбек анда 25 жашта болгон. Намысына келген жигит Шабдандык өкмөттүк отрядды таштап, өзүнчө басмачыларга каршы аскер кураганга бел байлайт. Алгач ал аскерди бир айылдын жигиттеринен кураган. Тарых булактарында Ысактын аскерлерине совет бийлиги курал- жарак жөнөтүп, жардамдашып турган деген маалыматтар бар. Ысакбек өзүнчө аскер кураганга чейин эле советтик чекисттер менен байланыш түзүп, кызматташууга жетишкендиги маалым. Анткени, ошол кезде Кытайда чет өлкөлөрдүн таасири күчөп, Кытай мамлекети Англия, АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөр менен Советтер Союзунун өз ара тирешүү майданына айланган эле. Ал эми совет бийлиги үчүн ал аймактан басмачылык саясатка каршы чыккан Ысакбектей жигиттердин бар экени чоң ийгилик болгон. Ошентип, Ысакбек Монуев 1934-жылы Түштүк Шиңжаңды басмачылардан биротоло тазалап бүтөт. Бирок, Ысакбек бул тирешүүлөрдө бир туугандары Кадырбердини, иниси Шаакматты жоготот. АРАКЕТТИН АКЫБЕТИ КАЙТЫП... Ушул эле жылдары Кашкарда Сабитдамылла Абдулбакиев түзгөн англиялык багыттагы Чыгыш Түркстан өкмөтү да Ысакбектин күчү менен жоюлган. Мына ушундай жагдайлардан, жеңиштерден кийин гана Үрүмчүдөгү жаңы Үрүмчү өкмөтү Монуевге кол созуп, мамиле түзүүгө аргасыз болот. Анда Монуев 1934-жылы 35-кыргыз атчандар полкун түзүп, аскер бөлүгү катары Кашкар шаарына жайгашат. Бул кезде полктун курамындагы аскерлердин саны 2500гө чукулдап барган. Жергиликтүү бийликке расмий аралашпаганы менен Ысакбек ошондон тартып, Түштүк Шиңжаңдагы эң таасирдүү адамдардын катарына туруп, бийликке ээ боло баштаган.
نمایش همه...
Токмок алдындагы салгылашта Султан Кененсары баштаган казак колу катуу жеңилип, кыргыздардын ташы өйдөлөгөн. Казак уруулары буга чейин ээлеп алган жерлеринен сүрүлүшүп, ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туйган Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Жер талаш айынан эки калк ортосунда дагы бир калаба чыгып кетпесин деп кооптонгон Батыш сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Россия империясынын Тышкы иштер министрлигиндеги Азия департаментине билдирүү жолдогон. Анын кабарлоосунда Ормон хандын Кененсарыга каршы күрөшкөн кааармандыгы жана кыргыздар менен казак уруулары ортосунда орун алган мамиле толук чагылдырылган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин айрым советтик майрамдар белгиленбей да, расмий майрам күндөрүнө киргизилбей да калган. Андай даталардын бири – совет мезгилинде кадырлап майрамдалган 23-февраль кызыл аскерлердин уюушулуш күнү болгон. Калк арасында бул күн аскерлердин, болбосо эркектердин майрамы катары кадыресе белгиленип келе берген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 2003-жылы биринчи жолу 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү деген аталыш менен белгиленген. Айтылуу колбашчы Эмир Тимур 1376-жылдын 23-февралында Кыргызстан аймагында орун алган моголдорго каршы кол кураган. Кол башына эмирзаада Жахангирди коюп, өзү болсо алардын аркасынан аттанган. Советтер Союзунун Элдик Комиссарлар Кеңешинин «Социалисттик мекенибиз коркунучта» деген кайрылуусу 1918-жылдын 23-февраль күнү жарыяланган. Ушул эле күнү Башкы командачы Н. Крыленконун кайрылуусу «Бардыгыңар революцияны коргош үчүн колуңарга курал кармагыла» деген сөз менен аяктаган. Петроградга кол салган немис оккупантардын мизин Кызыл Армия 1918-жылдын 23-февралында Нарва жана Псковдогу салгылашта кайтарган. Петроград Аткаруу кеңеши 1918-жылы 23-февралды Мекен коргоочулардын күнү деп жар салып, жумушчулар Кызыл Армия катарына массалык түрдө жазыла башташкан. Мындан улам Советтер Созунда 23-февраль 1922-жылы Кызыл Армия жана флоттун күнүнө айланган. Иоганн Гуттенберг 1455-жылдын 23-февралында биринчи жолу китепти басып чыгарган. Англия 1854-жылдын 23-февралында Кызгылтым Республиканын (Түштүк Африка) эгемендигин тааныган. Канада парламентинин китепканасы 1876-жылдын 23-февралында ачылган. Рудолф Кристиан Карл Дизел 1893-жылдын 23-февраль күнү Берлиндеги императордук патенттик бюродо «Метод жана жогорку температураны жумушка айландыруучу аппарат» деген аталыш менен дизелдик аппаратка патент алган. Куба 1903-жылдын 23-февралында Америка Кошмо Штаттарына Гуантанамо базасын түбөлүк арендага берген. Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-февралында Италия фашисттик партиясын негиздеген. Советтик жетекчилик 1922-жылдын 23-февралында ачкачылык запкысын тарткандар үчүн чиркөөлөрдүн байлыктарын алуу туурасында чечим чыгарган. Н. Ежов 1935-жылдын 23-февралында ВКП(б) партиялык көзөмөлдүк комиссиясынын башчылыгына дайындалган. Кийин ал үрөй учурган НКВД конторасын жетектеп, адамга каршы акылга сыйгыз мыкаачылык иштерди жасаган. ВКП (б)нын февраль-март пленуму 1937-жылдын 23-февралында ишин баштаган. Рига шаарындагы фашисттик оккупациялык бийлик 1943-жылдын 23-февралында 1919-1924-жылдары туулган латвиялык жигиттерди СС легионуна алуу туурасында буйрук чыгарган. Советтик жетекчиликтин Чечен-Ингуш Автономиялык Республикасын жоюу туурасында чечимине ылайык 1944-жылдын 23-февралынан баштап, чечендер менен ингуштар жашаган жерлеринен көчүрүлө баштаган. Партиялык көрсөтмөгө жараша чечендер менен ингуш калкы Кыргызстан жана Казакстан аймагына күчтөп көчүрүлгөн. КПСС БК Пленуму 1954-жылдын 23-февралында дың жерлерди өздөштүрүү туурасында чечим чыгарган. «Собеседник» жумалыгынын биринчи саны 1984-жылдын 23-февралында жарык көргөн. Каналга катталыңыздар⤵️ @Taryx_Baraktary
نمایش همه...
Дравидиялык. Индиянын байыркы тили. Көбүнчө тамиль жана телугу тилдери. Урал-юкагирдик. 20 тилди жана 20 млн алып жүрүүчүнө камтыйт. Ирилери: фин, эстония, венгр, саами тилдери. Алтайдык бүлөө (анын ичинде изолят кеттик жана гиляттык тилдер). Мында орточо 60 тил, 250 млн адам. Буга Монгол, Түрк тилдери да кирет. Чукча-камчаттык (палеосибирь). Мында болгону 5 тил, 23миң адам кирет. Мяо-яо тилдери, австро-азиат жана дайс бүлөсү. Австронезиялык бүлөө. 1000 түрдүү тилдер. 250 миллион адам кирет. Малай жана индонезия тилдеринде 140 млн адам. Мадагаскар, тагалог, гавай маори жана башкалар. Инди-тынч океандык жана австралиялык. Инди-тынч океандыкка орточо 700 тил бар. Эскимосс-алеуттик. 9 тил, орточо 85миң адам. На-дене. 34 тил орточо 200 000 адам. Белгилүүлөрү: тлингит, хайда, навахо жана апачи. Америнд (Түндүк Америка). Америнд бүлөсү дээрлик 600дөй тилди камтып, сүйлөгөн адамдары 20 миллион. Түндүк Америкадагы белгилүүлөрү: оджибве, кри, дакота (же сиу), чероки жана ирокез, хопи жана науатль (же ацтек), ошондой эле Майя тилдери. Америнд (Түштүк Америка). Белгилүүлөрү: кечуа (Инка индейецтер тили), гуарани жана кариб. Кыргызстандагы улуттар жана тилдер Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына ылайык өлкөдө жашаган ар бир этнос өзүнүн тилин сактап жана өнүктүрүүгө укуктуу (Тагыраак баш мыйзамдан караңыз). Учурда КРда 100 ашык этностор бар (2017). 2019-жылдын статистикасына ылайык Кыргызстанда кыргыздар - 4695646, өзбектер - 940628, орустар - 348935, дунгандар - 72240, уйгурлар - 58168, тажиктер - 56219, түрктөр - 44112, казактар - 36022, татарлар - 26992, азербайжандар - 20771, корейлер - 17105, украиндер - 10600, немистер - 8201, түркмөндөр - 2142, чечендер - 1701, белорустар - 916, армяндар - 793, грузиндер - 569, еврейлер - 447, молдовандар - 369, литовдуктар - 148, эстондор - 96, латыштар - 74, башка улуттар - 46706. Маалымат tup.net сайтынан алынды @Taryx_Baraktary
نمایش همه...
Согуштун жыйынтыгы... Расмий маалыматка таянсак бул согушка советтик 620 миң офицер менен жоокер катышкан, анын ичинен 14 453ү каза болгон. Ал эми Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Кайтып келгендери Афган согушунда алган психологиялык стресстен ("афган синдрому") улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды. Женева универсетинин доктору Марек Сливинский менен Гэллап институнун Пакистандагы филиалынын адиси Иджаз Гилянин маалыматы боюнча 1,5 миллион афгандык жаран каза болгон.... @Taryx_Baraktary
نمایش همه...
1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль "Эл аралык эне тил күнү" (International Mother Language Day) жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды "бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү" деп дагы айтышат. Ал эми ООНдун Генералдык Ассамблеясы өзүнүн резолюциясында 2008-жыл Эл аралык тил жылы деп жарыялаган (International Year of Languages), 2010-жыл болсо Эл аралык маданияттарды жакындатуунун наамына деп жарыяланган (International Year for the Rapprochement of Cultures). Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат. Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт. 2003-жылдын 21-февралында ЮНЕСКОнун генералдык директору К. Мацуура Эл аралык эне тил күнүнө мындай деп айткан экен: "Эмнеге эне тилге ушунча көңүл бөлүнүп жатат? Анткени, тилдер адам баласынын ар түрдүү чыгармачылыгынын кайталангыс сүрөттөлүшүн түзөт. Баарлашуу, кабыл алуу жана ойлонуу аспабы катары тил дагы биз дүйнөнү кантип көрүп жана кечээки, бүгүнкү, эртенки менен болгон байланышты сүрөттөп турат. Тилдер кокус кезигишүүлөрдүн изин, ар кандай булактардан байыган ар бир өзүнүн тарыхына таандык маалыматты алып жүрөт..." (Цитата орус тилинен которулуп, тексти кыскартылган). Эмне үчүн 21-февралда? 1952-жылы ушул күнү Бангладеш өлкөсүнүн борборунда жаштар эне тилинин мамлекеттик тил статусун алуусун аталап кылып, митинге чыгышып, күч органдарынын огунан көптөгөн студенттер өлүмгө учураган. Бул окуяны эскерүү максатында, эне тил ар улуттун байылыгы экенин унутпоо үчүн ЮНЕСКО бул күндү белгилеген. Дүйнөдө канча улут болсо, ошончо тил болот эмеспи, ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы. Дүйнөдө канча улут жана тил бар? Көптөгөн адамдарды сандык көрсөткүчтөр кызыктырат, бирок канча улут бар экенин эсептесе, тизме чексиз болуп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө, улам жаңылары пайда болуп, кээ бирлери таптакыр жок болуп кетүүдө. Ушуга байланыштуу божомолдуу сандарды гана берүү мүмкүн. Улуттар - 2000ден - 4000ге чейин Бул сандар ортосундагы чачырандуулук өтө чоң, макулсузбу? Эмне үчүн? Анткени "улут" терминине так аныктама берүү татаал, ар бир адам муну өзү билгендей түшүнөт. Мисалы, бир тилде сүйлөгөн мамлекеттин адамдары, чын-чынында башка улут болушу мүмкүн, жана ушул эле кырдаал тескерисинче. Тил жагында дагы бул маселе ушундай. Тилдер - 3000ден - 6000ге чейин. Кандай гана болбосун, ар бир адам үчүн өз эне тили ыйык эмеспи. Илимий жактан бүлөөлүк тилдер бир нече топко бөлүнөт. Дүйнө тилдеринин бүлөөлөрү Индоевропалык. Бул топто 150 улут камтылып, Азия жана Европа чөлкөмүндө жайгашкан. Топтогу адамдардын жалпы саны орточо 2,8 миллиардды түзөт. Кытай-тибеттик (сино-тибеттик). Аты айтып тургандай эле, топко Кытайдын бардык калкы, жана буга маданияты, тили жагынан жакын, коңшулаш өлкөдөгү адамдар кирет. Мында орточо 1,5 миллиард адам бар. Афро-азиялык. Өзүнө Түштүк-Батыш Азия жана Түндүк Африканы камтыган тилдик бүлөө тобу. Нигеро-кордофандык. Африка континентинде жашаган калк, анын ичинде Борбордук жана Түштүк Арика. Койсан бүлөсү. Мында орточо 30 тил жана 100миң адам бар. Бушмен жана готтентотам улуттары. Нил-сахаралык. Мында 140 тил жана 10млн адам. Эң белгилүү тил - маасай, көбүнчө Батыш Африканын көчмөндөрү сүйлөшөт. Кавказ бүлөөсү. 38 кавказ тили бар, анда 5 млн адам сүйлөйт. Белгилүүлөрү: абхаз жана чечен.
نمایش همه...
Баңгизат "байлыгы" Эң кызыгы, ошол учурдагы АКШ президенти Рональд Рейган афган козголоңчуларына баңгизат сатууга уруксат берген. Мындан сырткары, Пакистан менен АКШнын Чалгындоо кызматтары биригип, моджахеддердин апийимди Афганистандан Пакистанга алып келип жана аны баңгизатка айландырып сатканын көзөмөлдөгөн. Бул баңгизаттан түшкөн пайда бир миллиард долларды түзгөн деп чех журналисти Давид Галатик макаласында расмий Вашингтон менен Исламабадды кескин сындайт. 1979-жылдан баштап 1989-жылга чейин советтик аскерлер Афганистанда баңгизат өндүргөн жана ташыган кылмыштуу топторго аёосуз күрөш жүргүзгөн. Ошол эле учурда АКШ, Англия жана Кытайдын чалгындоо кызматтары Пакистанда афган козголоңчуларын атайын даярдыктан өткөрүп жана партизандык ыкма менен согушканды үйрөтүп жатты. Иран да шиит агымын карманган козголоңчуларга көмөк көрсөтүп турду. Советтик аскерлерди каралаган пропаганда күчтүү жүргөн. Мындай тоскоолдукка карабастан советтик жоокерлер жана расмий Кабулдун армиясынын басымдуу бөлүгү моджахедерге каршы жанын аябай салгылашкан... @Taryx_Baraktary
نمایش همه...