cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

ПолитКлиника медиа

ПолитКлиника - такталган гана маалыматтар!

نمایش بیشتر
پست‌های تبلیغاتی
607
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-37 روز
اطلاعاتی وجود ندارد30 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Photo unavailableShow in Telegram
⚡‼Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды 21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Кылычев беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты. «Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок» деди. Активист түрмөдөн өмүрүнө коркунуч келсе ага бийлик күнөөлүү болорун да айтты. @politklinika
نمایش همه...
00:46
Video unavailableShow in Telegram
‼️⚡️11 журналисттин иши: Ленин райондук сотунда ишти кароо улантылууда @politklinika
نمایش همه...
IMG_1841.MOV16.46 MB
⚡Бишкекте алты чакырым асма жол куруу пландалууда Бүгүн, 21-июнда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди. “Манас проспектисинен бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейинки узундугу 6 км, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган Асма жолдун курулушу каралууда. Белгилей кетсек, бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди” деди шаар башчысы. Демөөрчүлөр табылып, 300 миң АКШ доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде ушундай долбоорлорду ишке ашырган (Германия, Италия, Индия). Сүрөт: bishkek.gov.kg @politklinika
نمایش همه...
‼Ысык-Көл облусунда жер титиреди Улуттук илимдер академиясына караштуу сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 21-июнда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым түштүк чыгышка карай, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 103 чакырым түштүк чыгышка карай катталган. Калктуу аймактарда сезилген эмес. Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок. @politklinika
نمایش همه...
Photo unavailableShow in Telegram
Жайыл районунда унаа көлмөгө кулап, алты бала каза тапты Жайыл районунда унаа көлмөгө кулап, андагы бир бүлөнүн алты баласы каза тапты. Унаада үч киши жана сегиз бала болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди. “20-июнда 1984-жылы туулган Г.Т. өзүнүн үй-бүлөсү жана кайын эжесинин үй-бүлөсү менен Жайыл районунун Алтын айылындагы көлмөдө эс алышкан. Ичимдик ичип алган айдоочу Г.Т. болжол менен саат 18:30да «Фольксфаген Жетта» унаасын айдап баратып, рулду башкара албай, унаа менен кошо көлмөгө түшүп кеткен. Кырсыктан айдоочу, аялы, бир жашар кызы, кайын эжеси жана анын жети жашар кызы аман калган. Ал эми 4, 5, 6, 7, 8 жана 9 жаштагы балдардын өмүрү кыйылган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 312- беренеси менен кылмыш иши козголгон. Г.Т. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу жайга камалды» деп айтылат» маалыматта. @politklinika
نمایش همه...
⚡Бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналына жарыяланган видеоматериалды төгүндөөнү талап кылды Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” аттуу видеоматериал боюнча комментарий берди. Ал бажы кызматынын сайтына жарыяланды. Комментарийде мындай деп айтылат👇👇👇 https://pk.kg/news/inner/bazhy-kyzmaty-ydyrys-isakovdun-youtube-kanalyna-zharyyalangan-videomaterialdy-t-g-nd-n-talap-kyldy/
نمایش همه...
Бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналына жарыяланган видеоматериалды төгүндөөнү талап кылды

Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында жарыяланган “Казынаны какшаткан жыртык” аттуу видеоматериал боюнча комментарий  берди. Ал бажы кызматынын сайтына жарыяланды. Комментарийде мындай деп айтылат: “Көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков

00:56
Video unavailableShow in Telegram
‼️⚡️Райондук сотто Өндүрүш Токтонасыров күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынды Өндүрүш Токтонасыров соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты. “Бул менин жарандык позицияма жана укук коргоочулук ишиме байланыштуу чечим. Укук коргоочулук ишиме бут тосуу катары баалайм” деди ал соттун чечиминен кийин журналисттерге берген комментарийинде. 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор Айжамал Мырзасапарова укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону өтүндү. Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда өткөн жылдыын сентябрь айынан бери каралууда.  Видео: Kloop @politklinika
نمایش همه...
IMG_1670.MP420.50 MB
Photo unavailableShow in Telegram
Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы кызматында эмгектенген. Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болгон. Ошол жылдын ноябрь айында парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берген. @politklinika
نمایش همه...
👍 1
Photo unavailableShow in Telegram
Киевде казакстандык оппозициячыл журналист Айдос Садыковго ок атылды 18-июнда Киевде белгисиз адам казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковдун автоунаасына ок атты. Активисттин жубайы Наталья Садыкова «Фейсбуктагы» баракчасына Киевдеги үйүнүн жанында «күйөөсүн өлтүрүү» аракети болгонун жазды. Башкы прокуратура «Казакстандын жаранын өлтүрүүгө аракет кылуу» фактысы боюнча иликтөө башталганын жабырлануучу ооруканага жаткырылганын, абалы оор экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Садыковдун аты аталган эмес. «БӘСЕ» YouTube каналынын авторлору эсептелген Айдос менен Наталья Садыковдор качкын макамын алып, Украинада жашайт. Жубайлар 2014-жылы Наталья Садыковага Казакстанда кылмыш иши козголгондон кийин Киевге көчүп кетишкен. Айдос Садыков Казакстанда саясий куугунтукка кабылганын айтып келген. Өткөн жылдын октябрь айында казак бийлиги аларга «Жек көрүүчүлүктү козутуу» беренеси менен иш козгоп, издөө жарыялаган. @politklinika
نمایش همه...
یک طرح متفاوت انتخاب کنید

طرح فعلی شما تنها برای 5 کانال تجزیه و تحلیل را مجاز می کند. برای بیشتر، لطفا یک طرح دیگر انتخاب کنید.