fa
Feedback
Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

رفتن به کانال در Telegram

Программалоо боюнча маалыматтар! Flutter боюнча, Web иштеп чыгуу боюнча, IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда Биз менен байланышыңыз: https://turatalybaev.taplink.ws

نمایش بیشتر
816
مشترکین
-124 ساعت
-87 روز
-1930 روز
آرشیو پست ها
https://youtu.be/9YHaEOLiMIs Ноутбук тандоо боюнча видеобуз даяр болду! Ноутбук алат элем деген досторуңузга жиберип коюңуз!

Ушундай маалыматты видео кылып даярдап жатам, Йутубга видео кылып чыгарам.
Ушундай маалыматты видео кылып даярдап жатам, Йутубга видео кылып чыгарам.

💻 АйТи курсубуз уланат! ✨ Flutter – мобилдик колдонмо иштеп курсу 📅 17-ноябрдан баштап мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуу курсу ачылат! Бул курста мен өзүм сабак өтөм. 🗓 Сабактар жумасына 4 күн болот: 📘 2 күн — теория, 🧑‍💻 2 күн — практика. 📆 Курс жалпы 9 айга созулат: 🔹 Алгачкы 6 ай — айына 20 000 сом 🔹 Кийинки 3 ай — айына 10 000 сом 🎯 Алгачкы айларда биз сабакка, билимге басым жасайбыз — үйрөтөбүз, түшүндүрөбүз, колдонмо түзөбүз. Кийинки айларда болсо реалдуу проекттердин үстүндө иштеп, чыныгы тажрыйба топтойбуз. ⚠️ Бир нерсени так айтып коёюн: Бул курсту бүтсөңүз эле миллиондоп акча табасыз деп убада бербейм. 9 айдан кийин сиз жөн гана башталгыч программист болосуз. Бирок эң баалуу нерсе — АйТи дүйнөсүн түшүнөсүз, андан ары ишеним менен өнүгүүгө кадам таштайсыз. 🚫 Биз 3 айда программист бол, 6 айда миллионер бол деген куру убада бербейбиз. Бизде жол толук белгилүү: кайдан баштайбыз, каякка барабыз, кандай натыйжа алабыз — баары ачык, так. 🙋‍♂️ Эгер суроолоруңуз болсо, тартынбаңыз — сураңыз. Окуңуз, өнүгө бериңиз, аракетти токтотпоңуз! 🌟 Биздин курстан окуп, азыр мыкты компанияларда иштеп жаткан көптөгөн студенттерибиз бар. Бирок биз аларды “биз жеткирип койдук” деп мактанбайбыз — анткени алардын ийгилиги өздөрүнүн талыкпаган эмгегинин жемиши. 🔥 Демек, сиз дагы аракет кылсаңыз — бир күнү сөзсүз мыкты программист болосуз. Бирок… точно 6 айдан кийин эмес. 😉 ✍🏻 Турат Алыбай, програмчы, агартуучу. 2-ноябрь, 2025-жыл. Каракол шаары.

💻 Кыргыз программист болсо сонун жарашат! 💬 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, билесиздерби, Кыргыз программист болсо сонун жарашат. 💻 Азыр заман санарип көчмөндөрдүн заманы, а Кыргыз илгертен эле көчүп-конгонду жакшы көргөн, жылдын 4 мезгиленде, 4 жерге көчүп жашап көнгөн эл. Жай келсе жайлоого, күз келсе күздөөгө, ысык отко, кыш келсе кыштоого, ыктуу жерге, жаз келсе жаздоого, кар жатпай, кары эрте ээрип, көк эрте чыккан жерге көчүп жүргөн элден урпагыбыз го. 🌍 Мына, азыр дагы дал ошо көчмөн турмуштун, санарип заманы келип отурат. Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталганда алардын программисттери тынч жерлерди издеп көчө качышты, бир тобу бизге дагы келип, Чолпон-Атаны кыштап чыгышпадыбы. Бирок, жакшылап карап көрсөк, көп эле программисттер, кышта жылуу жерлерге, жайда салкын жерлерге көчүп, он-лайн иштеп, ноутбугун жанына алып, ыңгайлуу жерлерде жашоосун уланта беришет экен. 🎓 Албетте, ушундай көчүп-конуп иштеп кетүү үчүн, алгач жакшылап билим алуу керек, анан жакшы жумуштарды табуу керек. 🛑 Ушул жерде бир ачуу чындыкты айтып коеюн э, 6 айлык курсту окуй калып эле, рюкзакты жонго салып, укмуш болуп дүйнө кыдырып кете албайбыз. Алгач жакшылап билим алыш керек, талыкпай эмгек кылыш керек. 🏔 Биз дагы ошол ата-бабанын көчмөн салтын улантып, замандын талабына ылайыктап санарип көчмөн жашоону баштан кечирип, азырынча дүйнөнү кыдырып кете албасак дагы, алгач өз өлкөбүздүн кышта жылуу, жайда салкын Караколунан баштап калдык. 💪 Келиңиз урматтуу окурманым, сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Балким сизге азыр оор көрүнүшү мүмкүн, бирок алгачкы кадамды таштап алсаңыз, биз үчүн оор болгон нерсе Кудай Таалам үчүн жеңил эле, жолуңузду ачып коет. Кыргызда бекер айтылбайт эмеспи, көз коркок, кол баатыр деп. Азыр коркуп жаткан нерсеңиз, кыла келсеңиз жеңил эле эмеспи. ✍️ Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. 🏙 Каракол шаары, 1-ноябрь, 2025-жыл.

👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн! 📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Ful
👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн! 📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Full Stack инженер катары 7 жылдан бери иштеп келе жатат. 🔸Ал опен-сорс долбоорлорго катышып, аларга өз салымын кошот жана бул жолугушууда Опен сорстогу (Open Source) ийгиликтери тууралуу кеп кылып берет. 🔸Elixir тилинин экосистемасындагы bamboo_ses долбоору жөнүндө, опен-сорстогу жумшак көндүмдөрдүн (soft skill) маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет. 📅 24 - октябрь, саат 21:30 КР сааты менен. Zoom чогулуштун шилтемеси, ошол күнү DevKurultay Телеграм граппасына гана жарыяланат!

💸 Акчаңызды алдатып жибересиз! Абайлаңыз! 🤲 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Интернет мошенничество — же интернеттен алдап кетүү, же каржылык пирамидалар — азыркы күндө коомчулуктун кендирин кескен чоң көйгөй болуп келе жатат. 🕵️‍♂️ Эл арасында дайыма айтыла баштады: “Азыр мошенниктер көбөйүп кетти” деп. Чынында, алар көбөйгөн жок. Алар мурда да бар болчу. Болгону, биз медиа сабаттуулугубузду, компьютердик сабаттуулугубузду, жана каржы сабатыбызды өнүктүрбөсөк — дагы көпкө чейин алдана беребиз. 💰 Каржылык алдамчылык — бул жаңы көрүнүш эмес. Бирок маалымат технологияларынын өнүгүшү, социалдык тармактардын жайылышы жана адамдардын “тез баюуга” умтулуусу менен мындай фактылар көп кайталанып, эл арасында тез тарай баштады. 📜 Пирамида схемаларынын тарыхынан мисалдар: 1️⃣ Понци схемасы (Ponzi Scheme) • 👤 Негиздеген: Чарльз Понци • 🕰 Качан: 1920-жылдар • 🇺🇸 Каякта: АКШ • 📖 Маңызы: Понци адамдарга “инвестиция салсаң, почталык купондон көп пайда табасың” деп ишендирген. Бирок ал акчаны жаңы инвесторлордон алып, мурунку инвесторлорго “пайда” катары төлөп турган. Ошентип дүйнөдөгү эң белгилүү каржы пирамидасынын атасы болуп калган. 2️⃣ Бернард Мейдоффтун пирамидасы (Madoff Investment Scandal) • 👤 Негиздеген: Бернард Мейдофф • 🕰 Качан: 1960–2008-жылдар • 🇺🇸 Каякта: АКШ, Нью-Йорк • 💸 Маңызы: Заманбап тарыхтагы эң ири алдамчылыктардын бири. Бай адамдардан 65 миллиард долларга жакын акча алып, “жогорку киреше” убада кылган. 2008-жылы бул чоң афера ачыкка чыккан. 3️⃣ “МММ” (MMM) • 👤 Негиздеген: Сергей Мавроди • 🕰 Качан: 1990-жылдар • 🇷🇺 Каякта: Орусия жана мурдагы союздук өлкөлөр • ⚠️ Маңызы: Постсоветтик мейкиндиктеги эң белгилүү пирамида. Миллиондогон адамдар акчасынан айрылган. 4️⃣ Бишкектеги “Асма жолдорго инвестиция” • 🇰🇬 Жакынкы эле аралыкта ушуга окшогон схема аркылуу көп адамдар ири суммадагы акчасынан кол жууган. 📉 Эмнеге алдамчылык көбөйдү? 🔹 Санариптик технологиялар: Алдамчылар интернет, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу көп адамдарга бат жетишет. 🔹 Жаңы финансылык аспаптар: Криптовалюта сыяктуу түшүнүксүз терминдерди жамынып алып элди адаштырышат. 🔹 Адам психологиясы: “Тез жана оңой баюу” деген иллюзия ар дайым адамдарды өзүнө тартып турат. ⚠️ Эсиңизде болсун: Эгерде “инвестициялык киреше” жаңы келген адамдардын акчасынан гана келип жатса — бул 99% пирамида схемасы. 🧠 Акча табуунун чыныгы жолу — билим, эмгек жана убакыт менен гана келет. Тез баюу деген жок, алдамчылык гана бар. ✍🏻 Турат Алыбай — агартуучу, програмчы. 📍 Каракол шаары. 21-октябрь, 2025-ж.

👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн! 📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Ful
👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн! 📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Full Stack инженер катары 7 жылдан бери иштеп келе жатат. 🔸Ал опен-сорс долбоорлорго катышып, аларга өз салымын кошот жана бул жолугушууда Опен сорстогу (Open Source) ийгиликтери тууралуу кеп кылып берет. 🔸Elixir тилинин экосистемасындагы bamboo_ses долбоору жөнүндө, опен-сорстогу жумшак көндүмдөрдүн (soft skill) маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет. 📅 24 - октябрь, саат 21:30 КР сааты менен. Zoom чогулуштун шилтемеси, ошол күнү DevKurultay Телеграм граппасына гана жарыяланат!

Мошенниктерге алданып калбоо үчүн, бул видеону көрүп, анан Компьютердик сабаттуулук курсубузга жазылып, окуп үйрөнүңүз.