cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

BILESINBI.KG

Кыргызстандагы жаштардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алып берүүчү долбоор. Суроолорду узатып, жооп алсаңыздар болот.

نمایش بیشتر
قيرغيزستان258قرقیزی85دسته بندی مشخص نشده است
پست‌های تبلیغاتی
3 106
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-237 روز
-13730 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Маршрутка. Тыгын. Сакалын ак баскан чоң ата түштү. Алдыда отургандар "уф, ким орун бошотор экен" дегенсип бири-бирин карашты. Чоң ата бейкапар айдоочунун жанында тура берди. Анан жаш келин пакетин колуна алып, "отуруп алыңыз" деди. Чоң ата баш тартты. Келин дагы сунуштады. "Кызым, отура бер, аял кишиден орун талаша албайм. Джентельмен карыса дагы джентельмен бойдон калышы керек, туурабы" деп жылуу жылмайды. Жанатан бери аялдардан орун талашып отурган мырзалар ыңгайсыз боло түшүштү. Жымжырт. Мына сага үлгү. https://t.me/karakyzmonology/137
نمایش همه...
👍 65🔥 10 3😱 2👎 1
Кичинемде апам менен атам мени "кара кыз", "капкарам", "шоколадым" деп эркелетишчү. Албетте, алардын оюнда жаман эч нерсе жок болчу деңизчи, бирок бул сөздөр мага катуу тиет эле. "Эмнеге мен карамын", "э кудай, агарып 👇🏻👇🏻👇🏻 https://t.me/karakyzmonology/143
نمایش همه...
👍 6
Кутмандуу кечиңиздер менен! Бизде анча жакшы эмес кабар бар. 😞 Биз убактылуу телеграм каналыбызды иштетүүнү токтотобуз. Убактылуу! 🙌 Бизди жоготуп албоо үчүн: Инстаграм: https://www.instagram.com/bilesinbi.kg/ Тикток: https://www.tiktok.com/@bilesinbi.kg Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UC3HxBtnnz3PM0JiRy8CR_hw Сайт: https://www.bilesinbi.kg/ 😍❤️
نمایش همه...
Күндөн коргонуңуз. Жаз мезгилинде бетке туура кам көрүү үчүн 7 кеңеш Салам, достор! Бир нече күндөн кийин жаз келет. Жаз мезгилинде биздин терибиз өзгөчө камкордукка муктаж болот. Сиздерге жаз айларында бетке кам көрүү боюнча бир нече кеңештерди сунуштайбыз. Терини тазалоо. Кыш мезгилинде териңизде топтолуп калышы мүмкүн болгон ашыкча майды жана кирлерди кетирүү үчүн жумшак тазалоочу каражаттарды колдонуңуз. Терини нымдаштыруу. Жаз шамалдуу болушу мүмкүн, ошондуктан тери кургап, кыжырданышы ыктымал. Аны жумшак жана жылмакай сактоо үчүн нымдандыруучу кремдерди колдонуңуз. Күндөн коргоонуу. Жазда күн дайымкыдан да жаркырайт, андыктан териңизди зыяндуу нурлардан жана эрте картаюудан коргоо үчүн жогорку деңгээлдеги күндөн коргоочу кремди колдонуңуз. Көздүн айланасындагы териге кам көрүү. Көздүн айланасындагы тери өтө жука жана өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Көздүн шишигин жана алдынын карарганын азайтуу үчүн атайын кремдерди колдонуңуз. Теринин азыктандыруу. Терини ичинен азыктандыруу да маанилүү. Күнүмдү менюңузда көп мөмө-жемиштер, жашылчалар, жашыл жалбырактар ​​жана зайтун майы жана авокадо сыяктуу пайдалуу майлар камтылганын текшериңиз. Спирт ичимдиктерин жана тамеки чегүүнү чектөө. Алкоголь жана никотин териге терс таасирин тийгизип, кургап, түсүн өзгөртөт. Күнүмдүк териге кам көрүү тартиби. Беттин терисине үзгүлтүксүз кам көрүү - беттин сактыгынын жана сулуулугунун ачкычы. Териңиздин түрүнө жана муктаждыктарына ылайыктуу өзүңүздүн күнүмдүк териге кам көрүү режимиңизди түзүңүз. Кеңештер жактыбы? Анда башкаларга дагы бөлүшкөндү унутпаңыз.😍❤️
نمایش همه...
Ай, эмнеге отписка болуп атышат ыя? Келгиле, чогу себебин издеп көрөлүчү. Комментарийге жазгылачы. 😁🙏
نمایش همه...
AnimatedSticker.tgs0.51 KB
Баласы колун розеткага сала берген ата-энелер үчүн кеңеш "Ай, болбойт!" Канчалык "болбойт" дегениңиз менен, балаңыз чуркап барып колун розеткага салып жатабы? Эмне кылууну билбей калдыңызбы? Эч кабатыр болбоңуз, адистердин бул кеңеши сизге жардам берет. - Бала ата-энеси менен чогуу бир жерде жашайт, демек, ал чоңдорду туурап, апасынан же атасынан кийин бардык аракеттерди кайталайт. Бул жаман эмес, бала дүйнөнү ушундай жол менен изилдейт. Ал эми ага дайыма тыюу сала берсе, кайра ал изилдегенин эки эселеп күчөтөт. - "Болбойт!" деген сөздү обу жок колдоно бербеш керек. Бул өзгөчө кырдаалдар үчүн колдонулган гана сөз болушу зарыл. Эгер аны күн сайын колдоно берсе, анын баркы кетет. Бала олуттуу кабыл албай калат. - Кичинекей баланын жашоосунда "Болбойт!" деген сөз 5тен ашык болбошу керек. Мисалы, ал бычакты албашы керек экенин, манжаларын розеткага салбашы керек экенин, ачык терезеге барбашы керек экенин так билиши керек. "Болбойт!" деген тыюунун саны 50 болсо, алардын күчү өтпөй калат. - Розеткалар менен ойноого тыюу салуу жетишсиз, балага альтернатива бериш керек. Мисалы: "Мен розеткалар менен ойногуң келип жатканыңды көрүп жатам, бирок бул кооптуу. Кел андан көрө, бул таякчаларды алып, банкага салалы?" Балага бир нерсенин бир нерсеге кошулушу, бир нерсенин бир нерсеге киргизилиши жагат, демек, ал дароо макул болот. - Бирок, өз колу менен ар кандай материалдардан, розеткаларды жасап ойнотуу сунушталбайт. Анткени, бала дубалдагы розеткалар менен да ушундай эле ойной алам деп ойлошу мүмкүн. Сиздин балаңыз колун розеткага салабы?
نمایش همه...
"15 жыл күйөөмдүн байпагын жуудум" деп айтамбы деп ыйладым Баары баламдын мектептен берген тапшырмасынан башталды. Мугалими ата-энеңер ким болгон сурагыла дептир. Жок, ким болгон эмес. Эмне менен алектенет дегени экен. Бул суроо мени өзгөрттү. Таң эрте турам. Кирлерди алып чыгып жаям. Кайра чай коем. Жуунганга жылуу суу ысытам. Тамак ысытам. Балдарды окуусуна даярдап, жука халатымды кийип алып маршурткага чейин узатып келем. Бул арада күйөөмөн сөгүш угам. Мени көрсө эле ызырана берет. Ага тамак берем. Унчукпай жеп алып, жумушуна кетет. Кайра кир жууйм. Күйөөмдүн байпактары толуп кетти. Базарга түшүп, картошка менен макарон алып келем. Арткан тыйынга балдарга чупа-чупс менен сагыз алам. Кайра келатып дүкөнгө карызга түшөм, май калбай калыптыр. Тамак жасайм. Туз калбай калыптыр, кайра дүкөнгө карызга жөнөйм. Тигине күйөөм мас болуп келатат. Тапканын дагы ичип алыптыр. Дагы кол көтөрдү. Тажадым. - Апа. - Атам менен канча жыл жашадыңыз. - Эмне кыласың? - Мугалим эже тапшырма берген. - 15. - 15 жыл кандай өттү? - Байпак жуудум. Ыйлап жибердим. Билбейм кайдан, тилимден ушул сөз чыгып кетти. Уулум таңкалып калды. Кызым чоңоюп келатат. Ага да ушинтип айтамбы? Жоопкерчиликти өз колума алганга убакыт келди. Бирөө мени куткарат деп жашап келгем. Күйөөм ичпей калат, кол көтөрбөй калат деп жашап келгем. Курмандык болуп жашап келгем. Балдарга ата керек деп жашап келгем. Балдарынын бетинен өөп койгонго жарабаган атанын кереги барбы? Мага жылуу сөз айтып койгонго жарабаган күйөөнүн кереги барбы? Дүкөндөгү карызды төлөп койбогон күйөөнүн кереги барбы? - Апа, каерге келдик? - Эми ушул жерде жашайбыз? - Сенде акча жок да? - Апаңда эми күч бар. Акчаны заматта таап коем. Карачы, күчтүү бекем. Уулум менен кызымды кытылап кирдим. Реакция калтырыңыз 😍❤️
نمایش همه...
Таенемдин бул сөзүнөн кийин аялымды тынч коюну чечтим Билбейм, эмнени туура эмес кылдык. Эч эле жашай албай койдук. Көп жолу уруштук. Балалуу болдук. Дагы уруштук. Дагы балалуу болдук. Уруш күчөдү. Аялым мени сүйбөй турганын айтты. "Жашай албайм" деп кетип калды. Мен албетте кое бербедим. Балдарды бербейм деп коркуттум. Күн сайын телефон чалам. Жалдырайм. Кайра жаман сөз айтам. Артынан түшүп алдым. Жалдырады. "Келбечи" деп суранды. "Балдар үчүн тынч койчу" деп суранды. Мен баары бир кайтаргым келди. Кое бергим келбеди. Меники кылам дедим. Жашырганда эмне. Ызаман ичип алдым. Үйгө жөө келдим. Таенем бул кейпимди көрбөшү керек эле. Айылдан келип калган тура... - Балам, "тагдыр" деген нерсени билесиңби? - Эми, башка жазган нерсе да, таене. - Туура балам, эгер бир нерсе сага насип болсо, сен эч нерсе кылбасаң деле сеники болот. Эгер бир нерсе сага насип болбосо, канча аракет кылба, канча кыйналба, канча азап чекпе, ал сага буйрубайт. Кемең деңизде багыты жок сүзүп жүрөт. Балким, рулду колго алганга убакыт келди. Кое бердим. Канчалык кыйын болбосун кое бердим. Балдар үчүн жакшы мамиле сактап калалы дедим. Аялым рахмат деди. Насип эмес экен. Реакция калтырыңыз 😍❤️
نمایش همه...
Салам, достор! Бул жума кайсы адисти түз эфирге конокко чакыралы?Anonymous voting
  • Уролог
  • Педиатр
  • Гинеколог
0 votes
یک طرح متفاوت انتخاب کنید

طرح فعلی شما تنها برای 5 کانال تجزیه و تحلیل را مجاز می کند. برای بیشتر، لطفا یک طرح دیگر انتخاب کنید.