cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Kyrgyz Football Union

Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬

نمایش بیشتر
پست‌های تبلیغاتی
2 248
مشترکین
-124 ساعت
-67 روز
-3130 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

🇰🇬 ФИФАНЫН ЭЛИТАЛЫК КАЛЫСТАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ 3-июндан тарта Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде калыстар үчүн FIFA MA Elite Referee курстары өтүп жатат. Ага жалпысынын 30 ата-мекендик калыс жана КФСтин 5 инструктору катышууда. Семинар ФИФАнын малайзиялык эки инструкторунун жетекчилиги алдында өтүүдө. Анын алкагында калыстардын теориялык даярдыгы боюнча темалар каралат, аларга тактикалык эреже бузуулар, оффсайд, айып аянтчасындагы оюн, оюнду башкаруу кирет. Аталган окуудан кийин калыстар оюн эрежелери боюнча тест жана видеотест тапшырышат. - 🇰🇬 ПРОХОДЯТ КУРСЫ ФИФА ДЛЯ ЭЛИТНЫХ СУДЕЙ С 3 июня в офисе Кыргызского футбольного союза проходят курсы для судей FIFA MA Elite Referee Course. В мероприятии участвует 30 отечественных судей по футболу и 5 инструкторов КФС. Семинар проводится под руководством двух инструкторов ФИФА из Малайзии. В рамках него запланированы занятия по теоретической подготовке по таким темам, как: тактические фолы, вне игры, единоборства, инциденты в штрафной площади, позиция и чтение игры, управление игрой. По окончании обучения участники сдадут тест по знанию Правил игры и пройдут видеотест. #kfu_kg
نمایش همه...
🦅 АЛДЫДА ОРУН АЛА ТУРГАН БЕТТЕШТЕРГЕ УЛУТТУК КУРАМАНЫН СОҢКУ ТИЗМЕСИ Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына жана 2027-жылкы Азия Кубогунун алкагында өтө турган тандап алуу оюндарга кураманын соңку тизмесин жарыялады. Улуттук курамабыз тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнь күнү Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы кез келет. Ал эми, 11-июнда, Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман Улуттук курама командасы менен ойнойт. - 🦅 ИТОГОВЫЙ СОСТАВ НАЦИОНАЛЬНОЙ СБОРНОЙ НА ПРЕДСТОЯЩИЕ МАТЧИ Тренерский штаб Национальной сборной Кыргызской Республики под руководством главного тренера Штефана Тарковича объявил итоговый состав сборной, которая примет участие в предстоящих матчах Отборочных игр Чемпионата Мира 2026 и Кубка Азии 2027. 🔻Улуттук кураманын соңку курамы | Итоговый состав игроков Национальной сборной: ✔️ Дарбазачылар | Вратари: Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Турция), Прядкин Артем («Дордой»), Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»). ✔️Коргоочулар | Защитники: Кичин Валерий («Енисей», Россия), Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонгконг), Жыргалбек уулу Кайрат, Шамурзаев Амантур, Браузман Християн (все – «Абдыш-Ата»), Дациев Саид, Мищенко Александр (оба – «Дордой»). ✔️ Жарым коргоочулар | Полузащитники: Алыкулов Гулжигит («Неман», Беларусь), Абдурахманов Одилжон («Нефтчи»), Зарыпбеков Эльдияр («Чайка», Россия), Амангелдиев Бектур («Нагаворд», Камбоджа), Кенжебаев Эрмек («Славия Мозырь», Беларусь), Ахмедов Муролимжон («Дордой»), Шукуров Алимардон («Торпедо», Беларусь), Джумашев Атай, Узденов Магамед (оба – «Абдыш-Ата»), Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Турция), Атабаев Эрбол («Волгарь», Россия). ✔️ Чабуулчулар | Нападающие: Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург), Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»), Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Узбекистан), Бактыбеков Нурбол («Дордой»). #kfu_kg
نمایش همه...
👍 8🔥 2
УЛУТТУК КУРАМА ИЮНДАГЫ БЕТТЕШТЕРГЕ ЖАЛАЛ-АБАДТА БОЛГОН ДАЯРДЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ 🇰🇬 Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын Улуттук курама командасы Жалал-Абад шаарындагы окуу-машыгуу жыйынын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди. Курама 2026 Дүйнө Чемпионаты жана 2027 Азия Кубогу алкагында алдыда боло турган беттештерге даярдыгын борбор калаада улантат. Эске салсак, Улуттук курамабыз тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнь күнү Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы кез келет. Ал эми, 11-июнда, Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман Улуттук курама командасы менен ойнойт. #kfu_kg #kyrgyzkurama
نمایش همه...
БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН! Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн, 1-июнь күнү Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары менен Жалал-Абад шаарында футбол менен машыккан жаш оюнчу жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда фестиваль орун алды. Фестивалга жалпысынан 150 жакын жаш балдар жана кыздар катышышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, анда курама команданын оюнчулары балдарды куттукташып, алар менен футбол ойноп, сүрөткө түшүштү. - С ДНЕМ ЗАЩИТЫ ДЕТЕЙ! Сегодня, 1 июня, в городе Джалал-Абад прошел фестиваль, посвященный Дню защиты детей. В мероприятии приняли участие дети с ограниченными возможностями здоровья, дети из местных футбольных секций, а также игроки Национальной сборной по футболу. Всего в фестивале приняли участие около 150 детей. Атмосфера фестиваля была дружественной и радостной: игроки сборной поздравили всех детей с праздником, сыграли с ними в футбол и сделали памятные фотографии. #kfu_kg
نمایش همه...
7
Photo unavailableShow in Telegram
🏢 КЫЗМАТТЫК БОШ ОРУН! Кыргыз футболдук биримдигинин Юридикалык бөлүмүнө жаңы адис издейт. 🔗 Кененирээк: https://kfu.kg/news/615 - 🏢 ВАКАНСИЯ! Кыргызский футбольный союз объявляет вакансию на должность специалиста юридического отдела. 🔗 Подробнее: https://kfu.kg/news/615 #kfu_kg
نمایش همه...
🇰🇬 ФИФАНЫН СКАУТИНГ - ТАЛАНТТАРДЫ АНЫКТОО БОЮНЧА СЕМИНАРЫ АЯКТАДЫ 27-29-май күндөрү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде ФИФАнын Скаутинг боюнча семинары орун алды. Анын башкы инструктору болуп ФИФА тарабынан англиялык адис Ричард Аллен дайындалган. Ал «РБ Лейпциг», «Куинз Парк Рейнджерс», «Тоттенхэм» сыяктуу клубдарындагы иш тажрыйбасына ээ. ФИФАнын скаутинг боюнча семинары Кыргызстанда биринчи жолу орун алгандыгын белгилейбиз. Англиялык ФИФА инструктору семинардын үч күндүк жүрүшүндө, анын катышуучуларын футболдо таланттарды издөө жана табуунун ыкмаларын үйрөтүп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул окууга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген бир катар футболдук клубдардын, жаштар жана өспүрүмдөр курама командалардын жана футбол академиянын 22 машыктыруучулары катышып, кесиптерине керектүү болгон жана баалуу билимге ээ болушту. - 🇰🇬 ЗАВЕРШИЛСЯ СЕМИНАР ФИФА ПО ВЫЯВЛЕНИЮ ТАЛАНТОВ 27-29 мая в офисе Кыргызского футбольного союза состоялся семинар ФИФА по скаутингу. Инструктором от ФИФА на данном семинаре выступил английский специалист Ричард Аллен, имеющий опыт работы в таких клубах, как «РБ Лейпциг», «Куинз Парк Рейнджерс» и «Тоттенхэм». Отметим, что такого рода семинар от ФИФА прошел впервые в нашей стране. Английский инструктор ФИФА в течение трех дней обучал участников семинара основам поиска и выявления талантов и поделился своим опытом. В семинаре приняли участие 22 тренера со всех регионов, работающих в футбольных клубах, академиях и в качестве тренеров детско-юношеских сборных команд, которые приобрели ценные знание и опыт в ходе него. #kfu_kg #FIFA
نمایش همه...
3👍 1
🇰🇬Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунун реконструкциясы тууралуу «Ала-Тоо-24» каналынын репортажы 🎥 Шилтеме 🔗
نمایش همه...
Оштогу стадион эл аралык талапка ылайыкталууда

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу отургучтардын үстүн жабуу иши башталды. Жыл соңуна чейин футбол талаасы менен чуркоо тилкелери да эл аралык талапка ылайыкталып, жаңыланат. Ал арада, буга чейин стадиондун аймагынан жеке колго берилип кеткен жер тилкесин артка кайтаруу иштери жүрүп, ага жайгашып алган мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook -

https://www.facebook.com/UTRKkg

Youtube (УТРК) -

https://www.youtube.com/@UTRKkgchannel/streams

Instagram -

https://www.instagram.com/utrk_live/?igshid=YmMyMTA2M2Y%3D

Телеграм -

https://t.me/ktrk_live

👏 2
КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК КУРАМАСЫ ИЮНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫГЫН БАШТАДЫ 27-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарына келип жетти. Жыйын 2026-жылкы Дүйнө Чемпионаты жана 2027-жылкы Азия Кубогунун Малайзия (6-июнь) жана Оман (11-июнь) тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында орун алат. Курамага чакырылган отуз үч оюнчу 3-июнга чейин Жалал-Абад шаарынын «Барселона» футбол академиясынын базасында машыгышат. Эскертек, беттештерге болгон тизмеге 23 гана оюнчу кирет. Кечээ күнү Штефан Тарковичтин оючулары жыйындын алкагынданы биринчи машыгуусун өткөзүштү. - НАЦИОНАЛЬНАЯ СБОРНАЯ НАЧАЛА ПОДГОТОВКУ К ИЮНЬСКИМ МАТЧАМ КВАЛИФИКАЦИИ ЧЕМПИОНАТА МИРА 2026 27 мая Национальная сборная Кыргызской Республики прибыла в город Джалал-Абад для проведения учебно-тренировочного сбора в рамках подготовки к июньским матчам отборочных игр Чемпионата мира 2026 и Кубка Азии 2027. В июне Национальная сборная Кыргызской Республики проведет домашний матч (6 июня) против сборной Малайзии, а также выездной матч (11 июня) против Омана. Команда, состоящая из тридцати трех игроков, будет тренироваться в городе Джалал-Абад до 3 июня. Подчеркнем, что в окончательную заявку на матч войдут только 23 игрока. Вчера подопечные Штефана Тарковича провели первую тренировку в рамках данного УТС. #kfu_kg
نمایش همه...
👍 4 1
آرشیو پست ها