es
Feedback
Лâ Адри (لَا أَدْرِي)

Лâ Адри (لَا أَدْرِي)

Ir al canal en Telegram

Уктап жаткандарды ойготуу үчүн гана эмес, ойгокмун деп ойлоп жүргөндөр терең уйкуда экенин билдирүү үчүн!

Mostrar más
498
Suscriptores
Sin datos24 horas
-47 días
-1630 días
Archivo de publicaciones
Мусулмандарга карата геноцидке жөн эле салым кошо бербей, аты-жөнүңөр менен официалдуу түрдө жардам берели дегениңерби? Кол к
Мусулмандарга карата геноцидке жөн эле салым кошо бербей, аты-жөнүңөр менен официалдуу түрдө жардам берели дегениңерби? Кол коюш эле калды. Аны да кылсаңар буюрса толук болот! “Мен атымды таап алдым” деп сыймыктануу менен статуска коюп алгандарын айтсаң. Билбестен алып жүргөндөргө сөз жок, билип туруп алып жаткандарга сөз бар. Элестет акыретте турабыз: -Жалпы мусулмандар сенин бир тууганың эмес беле? -Бир тууганым болчу -Анан эмнеге алар өлүп жатса душман тарапты колдодуң? -Напсимди тыя албадым, мага башкаларга баары бир болчу. Өзүм сак-саламат жүрсөм болду эле. -Азыр эми бизге да баары бир, эмне болсоң ошо бол! Аябай коркунучтуу ээ? Эгер бул чындап эле ушундай көрүнүштө ишке ашса, абалыбыз оор! Бойкотту кичинекей иш катары көрбөгүлө! Дал ушул учурда биз деле согушуп жатабыз. Руханий согуш, маалыматтык согуш. Ар бир мусулман бойкот кылуу менен согушуп жатат. Сен да мусулмандардын катарына кошул. Бир эле суроо берейинчи. Пайгамбарыбыз азыр бул дүйнөгө келип калса бул товарларды сатып алат беле?

Хазрети Али (р.а.) бир досу жөнүндө мындай деп айткан: «Ал адам дүйнөнү көзүнө кичинекей көрсөткөндүгү үчүн, менин көзүмдө улуу болчу. Ал курсактын бийлигинен кутулган эле. Колунда жок нерсени самачу эмес, болгондо болсо да ашыкча жебечү. Көп учурда унчукпай жүрчү. Сүйлөгөндө болсо, сурагандардын суроосуна так жооп берчү. Ал денеси жагынан алсыз болчу, бирок акыл-ою, чечкиндүүлүгү жагынан күчтүү эле — олуттуу учур келсе, токойдогу арстандай, өрөөндөгү жыландай болуп чыга келчү. Бир иштин далили жок туруп, аны айтчу эмес. Кимдир бирөөнүн кемчилигин укса, себебин угуп чыкмайынча айыптачу эмес. Оорудан айыкмайынча даттанчу эмес. Айтканы менен иш кылчу, жасабаган нерсени айтчу эмес. Сөз талашта утулушу мүмкүн, бирок унчукпай туруу жагынан жеңилчү эмес. Угуу анын үчүн сүйлөөдөн баалуу болчу. Эгер эки иш чыкса, кайсынысы напсисине жагат экен деп карап, ошол жакканын кылбай, тескерисин тандачу. Ушундай сапаттарды кармангыла! Алардан айрылбагыла, ошол сапаттар үчүн бири-бириңер менен жарышкыла. Эгер толук аткара албасаңар, анда билип койгула: азыраак болсо да алууга аракет кылуу, көптү таптакыр таштоодон жакшыраак.» (187-накыл).

Айтчы мага аял деген өзү ким?

Жалгыз калып миң түркүн ойлордун кысымында же чөгүп кетеримди же андан ары алдыга жыларымды жакшы билчүм. Бул башталышы. Алдыда чоң иштер күтүп турат… 21:50 Бишкек. “Манас” 17.05.25 Руханий алсыз болуп жатам. Админге дуа кылып койгулачы 🤲🏻 ALIF

Акыркы сынакты тапшырдым. Университет бүттү, студенттик күндөр да бүттү. Оңой болгон жок, аябай кыйналдым. Бир учурда көп сыноону башымдан өткөрдүм. 20-25 жаш жигиттин башына кандай сыноо келиши керек болсо, баары эле келди деп ойлойм. Кээ биринен ийгиликтүү өтүп, а кээ бир сыноолорго жеңилдим. Жашоо ушунусу менен кызыктуу экен. Күрөшүп жүрүп, өнүгө берет экенбиз. Виза-финал сынактарга 1 жума калгандагы уйкусуз түндөр, йемек, кампустагы кечки сейилдөө, окума залындагы өзүмдүн китеп ичиндеги дүйнөм бүттү. Кээ бир айда өтө чоң суммадагы акча колго тийип, кээ бир учур келгенде йемекке (тамакка) акча таппай калган учурлар жагымдуу өтмүшкө айланды. Өзүмдү табуу, өзүмдү таануу учуру Манас университетинин, Жал кичирайонунун айланасында өткөнү үчүн, бул жерлер жүрөгүмдүн түпкүрүндө жаштыгымдын, студенттик күндөрүмдүн таттуу учурлары болуп түбөлүккө сакталат. Медресе бүттү. Жалпы китеп окуу учурундагы уктап калмай, Кур’ан жаттоо учурундагы кыйынчылыктар да артта калды. Бул жерге 18 жашымда алгач келген күнүм баштагыдай эсимде. Аябай көп нерсени үйрөнгүм келгени көзүмдөн көрүнүп турарын айтышкан. Шашкалак болчумун, тез аранын ичинде көп нерсеге жетүүнү көздөгөн, жайында тура албаган гиперактив жигит. Эч кимге баш ийгим келбейт эле. Бул сапатым кээде зыянын берсе, кээде пайдасын берди. Коом тарабынан түзүлгөн эрежелерге баш ийгим келбейт болчу. Кичинемде ата-энем бир тапшырма берсе туура деп кабыл кылбасам аткарбай коёт элем. Мектепте да кичинемден эрежелерди жек көрүп келдим. Анан жашоомдо дин каршыма чыкты. Кыз-жигит болуп сүйлөшпөө, музыка укпоо деген 2 тыюуну укканда динге каршы чыгып сындоого аракет кылып, бирок жеңилдим. Кандай кынтык издесем да, Исламда жооп даяр эле. Диндин буйруктарына баш ийиш керек болду, айла жок. Ислам менен таанышкандан кийин деле ошол бойдон калдым. Эч кимге баш ийбейм, бирок Аллахтан башка эч кимге! Эми кылган ишим негизгиси диниме туура келсе, бирок элге жакпаса мени кызыктырбайт, умрумда дейил, туура деп кабылдасам аткара берем! Азыр универди аяктап жатып тааныган адамдардын жарымы менен байланышты токтоттум. Быйыл өтө көп нерсени түшүнүп, көп нерсени өзгөртүү керек экенин түшүндүм. Баары бүтүп жатат. Жашоомдун бир бөлүгү жабылып, экинчи бөлүгү ачылганы турат. Бүт баарын бул жерге көмүп, башынан баштаганы турам. Артыкпай Сүйүндүков агайыбыз акыркы сабагында “Силер университетти бүтүп илимдин баарын алып салдым деп ойлобогула, диплом да болбогон эле кагаз, силер сабатсыздыгыңарды гана жойдуңар, чыныгы илим-билим алуу эми башталат” деп айтканда терең ойго кирип кетип, калган сөздөрүн укпай да калдым. Илим алуу эми башталат. Билимге кантип умтулуш керек экенин, кайсы жол менен кетсе туура болорун, кантип пайдалуусун алып, пайдасызын чыгарып салууну үйрөнүү үчүн 5 жыл студенттик өмүрүм кетти. Эми гана илим алууга даяр абалга келдим. Ошо, ошентип бул каналдын админи “Кыргыз-Түрк “Манас” университетин” 2-жолу бүтүрүп жатат. Окуу учурунда отчисление болуп эле, башка жааттан өзүмдү сынап көрсөмбү деген ой 700 жолу келди окшойт. Эгерде мен 6-7 жыл өмүрүмдү универ менен медресеге бербегенимде азыркы акылым болбойт эле. Ошенткен менен эки жакты тең жарытып окубадым, бирок эмне болсо да токтобой алдыга жыла бергеним менен сыймыктана алам! Илимге киришүү гана кылдым. Бул мындан кийинки илимий өнүгүүмө пайдубал болуп бере аларына толук көзүм жетет. Мен токтобойм. Чоң жашоо дегениңерге даярмын… Өзүңдү издөө процессинде аябай сыгылычтуу күндөр сөзсүз болот. Келечекке болгон коркуу, санаалар менен өтмүштөгү жаралар… 18-24 жаш аралыгыма кайтып баргым келбейт. Бирок эгер кайтып барсам, кайра эле ушул жолду тандайм. Напсим, сыноолор, кыйынчылыктар менен бетме-бет жалгыз каршылаштым. Айланамда жүргөндөр болсо жайдары жүргөнүмдү гана көрүшөт. Ичимдеги бороон-чапкын өзүмө гана белгилүү. Алар күнүмдүк жашоосун ыр-бий, оюн-күлкү менен өткөрүп жатты. А мен анте албайм да. Көпчүлүк учурда жалгыз жүрдүм, жанымдагы жалгыз досум наушник менен капюшон болду. “Эмнеге мындай, эмнени туура эмес кылып жатам” деген суроону көп бердим.

“Узун жазсаң зээригип окушпайт, кыска эле жазып көрчү” деп кеңеш беришти. Сиз кандай ойлойсуз?
Anonymous voting

Күндөрдүн биринде таңда ойгоносуң. 70-жылдын жазгы таңында. Күзгүдөн беттери бырышып, чачтары агарганын эми гана байкаган өзүңдү таңдана карайсың. Көздөрү да аябай чарчаңкы. Жан дүйнөсү бир өмүрлүк чарчоонун азабында… Бул адамга эмне болгон? Кечээ эле жапжаш, сулуу болчу го. Күчкө толгон, колго тийгенин кыйратып салган зирек эмес беле? “Жаштык” деп аталган бир бөлмөнүн эшигин ачып, “карылык” деген башка бир бөлмөнүн эшигинен чыгып калгандай эле өттү кетти убакыт. Заманың кургур, бул инсан дегениңдин абалы алдамчы экен го. Жашың өтүп баратса да алдыда көп убакыт бардай, эч карыбай тургандай, өлбөчүдөй өмүр кечирген жандуулардын ичинде биз эле окшойбуз. Агарбай турган чачың агарды. Өтө сыймыктанып мактанган сулуулугуң дагы жоголду. Дүйнөнү сапырган күчүңдөн кабар жок, белиң бекчейди. Кандай дөөлөтүң болсо баары колуңдан чыкты. Кооз дүнүйө сени таштап, назарын жаштарга бурду! Күндөрдүн биринде таңда ойгоносуң… Азыр кандай абалда болсоң баарына ушул күнөөлүү. Эмнеге капа болсоң, эмнеге кайгырсаң, кимди күнөөлөгүң келсе баарына ушул күзгүнүн ары жагында сени карап турган адам жооптуу. Күнөөлөгүң келсе ошону күнөөлө. Эми көзүң ачыла түшөт. Мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарганыңды түшүнөсүң. Жашың 70ке келип, секелек/улан кезиңдеги максаттарыңа жетпей калгансың. Аябай ийгилик жаратууну каалайсың, бирок эми кеч. Артка кылчайып карап, жалындай жаштыкты кантип өткөрүп жибергениңди ойлоносуң. Эсиңе бир гана оюн-күлкүлөр, көңүл ачуулар келет. Ооба, жаш учуруңда, кан кызуу болчу, ал убакта бул аябай жанга жагат эмес беле? Сенден бактылуу адам жок эле, көмүскө сезимде бул эч бүтпөчүдөй, түбөлүк уланчудай сезилген да. Азыр болсо аны эстегенде сага ырахат тартуулабай жатат. Жаштык деген сыйлыкты жөн эле ысырап кылып, өткөрүп жибергениңди түшүндүң. Ошол учурларда “жаштыкта ойноп-күлүп калыш керек, жаштык бир келет” деген сенин курбалдаштарың азыр кайда? Жарымы кабырда жатат, жарымы күндө сага окшоп күзгүнү карап алып бушаймандыктын ааламына кирет! Жакында сен дагы кабырга кирериңди сезип баштадың. Бирок кайсы амалдарың менен Кудайдын жанына барарыңды ойлоносуң. Азыр да ибадаттарды аткарайын деп жакшы эле аракет кыласың бирок жаштардай элпек эмессиң. 2 рекет намаздан кийин белиң ызы-чуу салып баштайт. Орозо кармайын десең оорулар жол бербейт, денең бош… Күндөрдүн биринде таңда ойгоносуң! Аттиң ай, өмүрдүн жаркыраган 20-25 теринде эмне кылып жүрдүм экен? Орозолорумду кармап, ибадаттарымды кыйынчылыксыз так так аткара ала турчу мезгилим эле го. Окусам китепти, кармасам тириликтин майын чыгара турган күчкө ээ элем. Эмнени максат кылсам жетсем болот эле. Аллах 20 жашты баарына берди го, эмнеге колдоно албадым экен, акмак! Убактымдын баарын пайдасыз досторго, пайдасыз иштерге кетирип алдым, кайтарып бергиле мага жаштыгымды. Көп нерсени аткара албай калыпмын, жетишпей калыпмын. Китепти азыр окуганда эмне, жашоомдун аягында кандай таасир бере алат? 25 жашыма кайтып барып китеп окугум келет, өзгөргүм келет, кайтарып бергиле жаштыгымды… Эсиңдеби? Сен жаштыктын жыргалын татып жүргөндө, дайыма колуна китеп кармап, убактын китепканаларда, мечитте өткөргөн, отуруштарга эч катышпаган, силер “скучный адамдар” деп атап койгон ошол сенин замандаштарың? Алар азыр бардык максаттарына жетип, үйүнүн төрүндө бактылуу карылыктын даамын татууда. Балдарын да мыкты тарбиялады, баары диндар китепкөй жандар. Өлүмүн да ойлоп кайгырбайт. Жаштыгын да намыстуулук менен өткөрдү, адал ырыскы жеп өмүр сүрдү, ибадаттарын калтырган жок. Эми мынтип Азреил менен да жолуккандан эч коркпойт! Напсиңе кул болбогонуңда сени да ушундай “бактылуу аяктоо” күтөт эле. Өзүң айтылган насааттарга маани бербедиң. Чөйрөңдү илим-билимге, ыйман сухбаттарына, ибадаттарын сүйүп аткарган жаштарга бурбадың. Баары колуңдан чыгып, өмүрүң кыйроо абалында турат Күзгүдөгү адам ыйлап жатты. Өкүнүчтүн, бушаймандыктын ыйы башкача болот. Артка кайтара албай турганыңды түшүнгөндөгү ыйдан өткөн азап жок… Күндөрдүн биринде таңда ойгоносуң… ALIF https://t.me/bilbeymm

Унутпайм! Эч качан! Asır sonra sizin çaresizliğinizi kalbimde hissediyorum… Бардык кыргыз маңкурт болуп кетсе да, жалгыз силердин жолуңарды улантам. Сөз берем. Өлкөмдүн эгемендиги түбөлүк сакталуусу үчүн колумдан келгенин баарын ашыкчасы менен жасайм. Силер түптөп кеткен өлкөдө бул сыяктуу ойлонгон миңдеген жаштар бар. Азыр алар көрүнбөйт, бирок кыйынчылык келгенде жамгырдан кийинки козу карындардай дароо жайнап чыга келишет. Тынч жатсаңар болот! Бетеге кетип бел калат, Бектер кетет эл калат. ALIF

Кремлдин акыркы учурдагы бизге болгон саясатын көрүп жатасыңарбы? Кыргыздар гана барчу кафе “Фаизага” текшерүү шылтоосу менен күч органдары опур-топур кирип барышты. Жолдордо, такси кызматтарында жалаң кыргыздарды гана текшерип, ур-тепкиге алып, кемсинтип жатышат. Кечээ мончодо кыргыз жигиттерин баарын жылаңач кылып тизелетип коридордо бастырганын, башын жерге салдырып кичинекей бир жерге баарын жыйнап жаткырып алып, террористтерди кармап алгандай мамиле кылганын баарыбыз көрдүк. Кыргыз Республикасынын бул иштерге байланыштуу жөнөткөн нааразычылык нотасына “бул баары мыйзамдуу эле болчу” деп жооп беришти. Бул жооптун артында “ишиңер болбосун, силерди каалагандай кордой алабыз” деген сөздөр жатат. Эмнеге тынч туруп эле, дароо мындай аракетке өтүштү? Деталдарга кирбей кыскача, жалпак тил менен айтканда, Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштеген, эки орус улутундагы адамды биздин бийлик кармап алып, камашты. Анан орус элчилиги менен бир жолу жолугушуу болуп, ал экөөнү эркиндикке чыгарышты. Мына, тилекке каршы абалыбыз ушундай. Алардын колунда “мигранттар” деген рычаг бар экен, бир сөзү бизге жетиштүү болот. Согушсуз эле, заматта адебибизди берип коюшат. Анан дагы кыргыздар акырындап ойгонуп, улуттук аң-сезимине кайтып, өз алдынча чечим чыгара баштаганыбыз аларды коркутуп жатат. Булар кантип адилетсиз түрдө Алымбектин Камчыбегин өлтүрсө, 1916-жылы кандай геноцид кылган болсо, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн жан аябаган улут лидерлерибизди кандай көзүн тазалаган болсо, эртең да эгер муну кайталоого зарылдык көрсө ойлонбостон аткарышат!Тарых кайталанат! Мындай болуп келген, дагы да улана берет. Арабдар жөөттөр менен Ислам келгенге чейин дагы, келгенден кийин дагы миңдеген жыл кырылышып келгендей, биз да окелер менен али далай тиш кайраштырабыз! Алардын империалисттик идеологияларын түп-тамырынан чиритмейин дагы жүздөгөн Жусуптарды, жүздөгөн Исхактарды беребиз балким.. Келечекте эгемендүүлүгүбүзгө, мусулманчылыгыбызга доо кете турган чоң сыноо жакындап келе жаткандай. Ага биз азыр даяр эмеспиз. Экономикабыздын 30%ы Орусиядагы мекендештерибиз салган акча экен. Бул коркунучтуу көрсөткүч. Башкаларга баары бир экен деп жаңылыш ойлонобуз. Башкаларда да мекен кызыкчылыгы бар, болгону алар кайдыгерликке кирип кетишкен. Ошол кайдыгерликке кээде ушуларды түшүнүп турган биз да кирип кетип жатабыз. Мунун бир эле себеби бар. Качан ибадаттар аксап баштаганда кайдыгерлик күчөп баштайт.

Жагдайга бүгүн башка өңүттөн байкоо салам. Бүгүн мен силерди сындабайм, күнөөлөбөйм. Бүгүн мен силерди түшүнөм, бүгүн мен силердин тарабыңардамын, туура эмес жолдо болсоңор да бүгүн жүрөгүмдү силерге бурамын. Пендебиз… Айланага көз чаптырсам инсан дегендин бүт баары бактылуулук издеп жүрөт. Ой-чабытым дүйнөгө кыялым менен бирге назар салсак, бакыт кушун колдон учуруп алгысы келбей жан алакет тыбырчылаган инсаният көрүнөт. Бакыттын кайда жашырылганын көшөрө издеп жүрүшөт. Бактылуулук кайда экени алда качан белгилүү болгонуна карабай, бир өмүрүн туура эмес дарекке коротот. Ойлондум, кайгырдым… Байкуштар… Төрөлгөндөн баштап адам уулу бакыт издейт, жарыктык. Аны кайдан издешти билбей, оюна келгендин баарын аткарат. Арам иштерге, туура эмес чөйрөгө кирет. Бакыт издеп жаштыгын жумушка берет. Жаш кезде башталган бул издөөдө мындан кийинки жашоосун талкалай турган иштерге кол байлайт. Напси кургур ай. Айлабыз барбы? Аны бизден ким жеңе алды? Күрөшүп жаткандар да бирде жеңип, бирде жеңилип шору куруп жүрүшөт. Байкуштар… Исламга катуу душманчылык кылган адам менен сүйлөшүп жатып, көздөрүнүн ичине терең тигилип карадым. Коркуу бар. Ал көздөрдө коркуу бар. Жүрөгүң хидаят каалап турганы көзүңдөн көрүнүп турат го. Кежирденбечи. Сага жардам бергим келип жатат. Мынча жыл каапырчылыкта жашаган жүрөгүң муңдуу ыйлап “куткарчы” деп жалооруйт, андан сенин кабарың жок. Кантейин? Колумдан эч нерсе келбейт. Хидаят берүү колумда болсо инсандын бирин калтырбай баарына берип чыксам. Тагдырдын жазмышы ушундай экен. Инсандардын бир бөлүгүбүз бейишке кире албайт экенбиз. Аны шордуу инсан кеч түшүнөт. Баарын оңдогонго кеч болгондо… Байкуштар… Тозок ээлеринин көп бөлүгү аялдар болот деп Пайгамбарыбыз кабар берген. Кайра эле айланага назар салдым. Пайгамбарым менин учурумдагы аялдарды айтканбы дейм “Эркектин көңүлүн өзүңө буруу үчүн жасанбачы, сулуулугуңду жашырчы, сураныч, акыбети жаман болот, мен сага жакшылык каалап жатам, сенин акыретте кыйналышыңды каалабайм, ойлончу” деп ичиңдегини сыртка чыгара албай, ичтен муңайып кала бересиң. “Мен өзүм жасанам, өзүм үчүн сулуу болом. Эркек биринчи өзүн тыйсын, көзүн сактасын” деген дежурный жообу даяр экенин билген абалда унчукпасам керек да. Сен өзүң үчүн жасанып, өзүң үчүн сулуулансаң да, эркектин көңүлү сага бурулса колосальный күнөөгө батарыңды билбейсиң да! Анан дагы сенин сүрөтүңдү эркек кандай көз менен караганын бир сезе алганыңарда, балким бул жолдон кайтат белеңер, а кээ бирлер дал ушуну каалап жаткандыр. Айтор аялзат да бакыт издеп жүрөт. Байкуштар… “Эркекпиз. Эркекчилик экен эми” деген биздин да жоопторубуз даяр. Аялга болгон кумарды Аллах Таала сага берип, бирок ошону менен бирге “көзүңдү тый, караба” деп буйрук берген. Ошондуктан аялзат сага дайыма сулуу, өзүнө тартуучу болуп көрүнө берет. Маселе сенин буйрукка канчалык баш ийгениңде! Аялдын денесине суктанып, көңүлүң наалаты шайтандын бийлигине кирип жатканын сезбей жатасың. Сен бирөөнүн апасын, бирөөнүн эжесин ырахат тартуулоочу объект катары карап жатканың шайтан менен чогуу иш алып барып жатканыңдан кабар берет. Эркектин кумарынын жаныбардык инстинкти болгону үчүн оболу аялды объект катары көрөт. Ошол учурда адамдык касиет келип ал пердени жыртып өткөндө анан арт жагындагы жан дүйнө, аялзаттын өзүнчө бир назиктик аалам экени көрүнөт. Бирок напси акылга үстөмдүк кылганы үчүн ал пердени жыртып ары өтө албай жатасыңар. Жасанган аялга карап, анан аны күнөөлөп туруп, бирок өзүңөр андан да чоң күнөө кылып жатканыңарды баамдагыңар келбейт. Кумарды сүйүү менен алмаштырып алдыңар. Сулуу элеске сыйындыңар. Жан дүйнөңөр бошоп, акыретке жүгүңөр оорлоп баратканын байкабадыңар… Байкуштар… Жогору чыгып окуп көрсөм башында берейин деген ойдон алыстап кетипмин. Жазгым келгенде дароо колума калем албасам, оюмдагы булуттар калкып, тарап кетет. Ой келгенде дароо жазам, ошон үчүн кээ бир сүйлөмдөр катуу тийип кетиши мүмкүн. Ал өзүмө пайда. Себеби бул жазылгандар биринчи кезекте өзүмө тиешелүү. Каналым менин ыйманымдын көрсөткүчү эмес.
ALIF

Кыргыз тилинде так сүйлөй албасаң да кыргыз тилинде так унчукпаганды үйрөнчү! Сен сүйлөп баштаганда эле акылдуу көрүнгүң келгени билинип калып жатпайбы, чырагым. Табигый, дээринде бар акылдуулар сен экөөбүздөй болбойт, алардын сөздөрү жүрөктөн, айланага даанышмандыктын жытын буркурата жайылтып сүйлөшөт. Сөз сүйлөө күмүш болсо, унчукпоо алтын деп жатпайбы. Экөөбүз унчукпай эле коёлучу, ошондо көптү билген адамдай көрүнөбүз балким.) Ии анан Исламды жамандаш мындай турсун ал тууралуу такыр эле сүйлөбөй коё аласыңбы мүмкүн болушунча? Сөзүңдүн салмагы кетип калат экен ого бетер. Ислам тууралуу канча китеп бүтүрдүң десем такыр бир китеп бүтүрбөдүм дедиң го. Изилденип анан сүйлөсөң бир жөн. Мен сага караганда 3-4 китеп бүтүргөм, дагы эле кээ бир мусулмандардын арасында өзүмдү тупой сезем. Анан Чубак ажыга эмнеге сөз тийгизесиң дейм да. Ал киши Меккеде күн ысыкта тонналаган китеп окуган. Ал ким, сен ким? Сага анын атын аташ макүрү болуп калышы мүмкүн. Чүшшш болду эми унчукпай, тик тогуңду чукула! 💆🏻‍♂️

Элиңе кызмат кылайын деген ой менен көйгөйлөрүңдүн ортосунда аргасыз эки жакка урунуп жатасың. Жашооңдо чоң бир бурулуш жакындаганынын алааматы- кыйынчылыктардын тынбай келип жатышы. Напсиң менен жакшы ниетиңдин ортосундагы согуш жеке кыяматыңа чейин уланат, бирок акыр-аягы сөзсүз ыйманың жеңип чыгат. Унутпа, катардагы эл сыяктуу жашоо биз үчүн эмес. Жашообуз да, өлүмүбүз да башкача болот. Күчтүү болушуң сен үчүн милдет, шарт. Мусулмандар үчүн, элиң үчүн күчтүү болосуң. Ал үчүн көп окуйсуң. Жүрөгүң жана акылың дайыма ойгок болот. Дайыма ойгок жүрүү үчүн такыбачылыкты бекем сактап, жүрөктү ибадат менен таза кармайсың. Себеби акылдын нуру жүрөктөн келет. Душмандарга карата катуу болосуң! Чоң жетишкендиктер, чоң курмандыкты талап кылат. Баалуу болгон илимге жетүү үчүн, кызыктуу болгон жаштыктын шаан-шөкөт оюндарынан тыйыласың! Мүдөөсү эл болгон адам, өз башы бир элге тете. Кичинекей майда-барат иштердин артынан чуркаганды токтотосуң. Кара курсакты тойгузуу иттин да колунан келет. Элиңди ойлойсуң. Башкалар элдин дүйнөсүн курганды үйрөтүп жаткан учурда, сен алардын акыретин куткарасың. Анткени дүйнө сөзсүз өтөт, кетет. Акырет болсо түбөлүктүү. Ошондуктан учурга эмес, элдин келечегине иштейсиң. Ойгонорго аз эле убакыт калды. Бүткүл уйкудагыларды ойготуу үчүн бир эле адам жетиштүү экенин тарых көп жолу далилдеди. Бузуучулар көп, оңдоочулар аз. Ошого карабастан сан эмес, сапат маанилүү. Ырыскынын гана артынан чуркаганды токтот. Ырыскың Аллахтын кепилдиги астында. Аллахка тобокел кыласың! Чөйрөңдөгү эси-дартынын баары оюн-күлкү, көңүл ачуу болгон адамдарды жашооңдон ойлонбостон чийип саласың. Андай адамдар өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, сени да төмөнгө тартат. 25.11.22
Күндөлүктөн
https://t.me/bilbeymm

sticker.webp0.07 KB

Жаштык – бул Аллахтын баалуу белеги, бирок ал убактылуу. Жайдын күзгө, күндүн түнгө айланганы сыяктуу, жаштык да карылыкка, андан соң өмүрдүн аягына жетет. Эгер жаштыгыңды туура жолдо – ак ниеттик, жакшы иштер менен өткөрсөң, ыйык китептерде айтылгандай, түбөлүк жаштыкка ээ болосуң. Бирок жаштыкты туура эмес жолдо – кумарга, арам иштерге коротсоң, бул бир мүнөттүк ырахат үчүн чоң азапка алып келет. Мисалы, бир мүнөттүк ачуулануудан улам кылмыш кылып адам өлтүрүп алсаң, жылдар бою түрмөдө отуруп калгандай, арам жолдогу ырахаттар да акыретте жаза, өкүнүч жана кабыр азабы менен коштолот. Андан тышкары, мындай ырахаттардын өзүндө да кыйынчылыктар жашырынат. Маселен, шариятка туура келбеген сүйүүдө кызганыч, ажырашуу же жоопсуз сүйүү(чувства не взаимны) сыяктуу оор сезимдер болот. Алгач таттуу көрүнгөн мындай ырахаттар акыры уулуу балдай зыян алып келет. Туура эмес жашоонун айынан кээ бир жаштар ооруканага, түрмөгө, ичимдик ичкен жайларга, ал тургай жаштайынан көргө түшөт. Бул чындыкты билгиң келсе, ошол жерлерге барып сурасаң, туура эмес жол тандаган жаштардын өкүнүчтүү окуяларын угасың. Эгер жаштыкты туура жолдо өткөрсөң, ал – Аллахтын эң кооз белеги. Аны ак ниеттик менен колдонгон адам акыретте түбөлүк жарык жаштыкка жетет. Муну Куран баштаган ыйык китептер тастыктайт. Ошондуктан, халал жолдогу ырахат жетиштүү болсо, ал эми арам ырахат убактылуу гана болуп, чоң жаза алып келсе, жаштык үчүн шүгүр кылып, аны туура, намыстуу жолдо өткөрүү абдан маанилүү.
Рисале-и Нур
https://t.me/bilbeymm

sticker.webp0.14 KB

“Алар мени өз жанын сактаганга умтулган адам деп ойлоп жатышат. Мен өз жашоомду, акыреттик турмушумду жамааттын ыйманын куткарууга курмандык кылдым. 80 жылдын ичинде жашоодогу жыргалдарды билбептирмин, татпаптырмын. Бүткүл өмүрүм согуш майданында, зындандарда, мамлекеттик түрмөлөрдө, соттордо өттү. Бардык кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Мени кылмышкер катары карап жүрүштү. Кайдагы бир селсаяк сыяктуу ар кайсы жакка куугунтуктап, сүргүнгө айдашты. Көптөгөн айлар бою түрмөдө жалгыз калдым. Көп жолу мени ууландырышты. Ар кандай акаараттарга дуушар болдум. Кээ бир учурларда өлүп калууну каалаган элем. Жашоодон миң эсе өлүмдү тандадым. Эгер динибиз өзүн өзү өлтүрүүгө тыюу салбаганда, балким бүгүн Саид топурак астында жатмак. Акырында жамааттын ыйманын куткаруу жолунда бүткүл жан дүйнөмдү, акыретимди курман кылдым. Менде бейишке болгон сүйүү да, тозокко болгон коркунуч да жок. Мен бир Саид эмес, миң Саидди 25 млн түрк үчүн гана эмес, бүткүл Ислам дүйнөсү үчүн курман кыламын. Жер жүзүндө Кураныбыз жамаатсыз калса, жаннатты каалабайм. Себеби мен үчүн бул зынданга айланат. Улутубуздун ыйманынын сакталганын көрсөм тозоктун отунда күйүүгө ыраазымын, себеби денем күйсө да көңүлүм бакчага айланат.” Адамдын баркы — максатына жараша болот. Максаты эли болгон адам өзү жалгыз чакан бир элге тете..
Бадиуззаман Саид Нурси
https://t.me/bilbeymm

Сен узаак жолдогу алмазды максат кылгансың. Ал жолдо баратып, жолуңдан чыккан ар бир көмүргө маани бере берсең алмазды колдон чыгарасын! https://t.me/bilbeymm

sticker.webp0.03 KB

Эмне кылалы? Канча орундук заказ кылалы? Акчасын канчадан жыйнайбыз? Датасы толук чечилдиби? Супараны эле сүйлөшө берели, ошол жакшы окшойт.. Алып баруучу, диджей, мөмө-сөмө, спирт ичимдиктерине ар бирибизден 2000 дей кетет окшойт.. Ошондо баары биригип 10 миңдей.. Мүмкүн болушунча түнгө чейин калабыз. Таңга чейин барып, рассвет тоссок андан да жакшы болот. Тадыны чыкаралым) Ушинтип булар да универди бүтүрүү алдында турушат. Ватсап группасынан ушундай кызуу сүйлөшүүлөр, уюштуруулар башталган.. Баарына байкоо салып четте карап турду. Кызык, тиги группалашы бул сүйлөшүүлөргө кошулуп бир ооз сөз айтабы? Бул боюнча пикири кандай экен? “Жок, ал катышпайт. Кыямат болсо болот, бирок ал катышпайт” деп аны да байкаганга аракет кылды. Ооба, жазылган сүйлөшүүлөрдү окуп да койбоптур! 5 жылдан бери өзү менен өзү. Өзүн өнүктүрүү менен алек. 2-3 курбусу менен дайыма бошоп калышса китеп чыгарып талкуу кылганга өтүшөт. Бош сөздөргө, чогула калып ушакташканга убактысы жок. Керек болгондо аны көп учурда экономикадагы намазканадан же окума залынан табасың. Сүйлөш керек болгон жерде кыска жана нуска олуттуу түрдө сөз узатат. Мынтип чогулуп отуруштарга баруу мындай турсун, эркек группалаштарынын жанында ашыкча турганын көргөн эмесмин! Таптакыр эки башка адамдар, эки башка чөйрө. Бирөөнүн ою ирфан, бирөөнүн ою боштук… А булар.. булар заманбап жаштар. Батыш таңуулаган пикирди өздөрүнө патенттеп алышкан. Укмуштар. Булардан кыйын адам жок. Бүт нерсени кыйратып салгандай жүздөрү олуттуу. Кызы да эркеги да тамекинин кымбатын чегип анча-мынчасын теңине алышпайт.. Бул кыз 5 жыл силерге кошулбай коюп эмне жоготту? Силер 5 жыл ойноп күлдүңөр эмне таптыңар? Кээ бир учурлар Исламга туура келбегенине карабай бактылуу мүнөттөрдү өткөрдүңөр. Жаштыктын жалындай учурлары эсте калды. Эмоциялар, эйфориялар, түнкү жылдыздардын алдында достор менен күлүп, маанисиз нерселерден бакыт тапкан мүнөттөр. Кынтыксыз, сонун ээ? Муну менен бирге акыреттик эсебиңерге да жетиштүү күнөө жөнөтүп алдыңар, муну да куттуктап өтөйүн. Эртең акылыңарды жыйганда буларды эстеп өзүңөрдү жоготуп, өкүнүчтүн өрөөнүндө ойгоноруңардан кабарыңар жок да, кантели? Бир жолу эле жаштыкты жашайбыз. Бир эле жолу универди бүтөбүз каалагандай жашайлы да, деп айтасыңар үндү бийик чыгарып! Туура. Тозокко да инсандар бир эле жолу түшүшөт. Түбөлүккө… Азыр 23-24 жаштарда болсок, дагы 15 жылдай жаштыгыбыз калыптыр. Каалагандай жашагыла, турмушуң өз колуңда.. Бирок 15 жыл эмес, өмүрүң тез эле өтүп кетет. Эрте менен турдуң саат 8:00, бир аз жумуш кылдың күз. Бир аз уктадың 60 жаш!
(с) ALIF
https://t.me/bilbeymm

Газанын түштүгүндө тамак алуу үчүн кезекте турган жаш бала журналисттерге мынтип кыйкырат: -Бул сүрөттү Израилге жана бүткүл
Газанын түштүгүндө тамак алуу үчүн кезекте турган жаш бала журналисттерге мынтип кыйкырат: -Бул сүрөттү Израилге жана бүткүл дүйнөгө жөнөтүп койгула! Интернеттен бул сүрөттү көрүп калып, комментарийине кирсем, биздикилер жазып жатышыптыр: “Уят” “Адепсиздик кылыптыр” Газага барып туруп, элдерге айтып көрчү, “силердин кылганыңар уят-адепсиздик” деп. Өпкөңдү тетири үзүп коюшат! Кечээ эле тажиктер менен болгон кичинекей келишпестиктен кийин алардын 7 атасына чейин сөгүп жатып калдыңар эле го. Ал жакта болсо кичинекей келишпестик эмес геноцид болуп жатат. Бир элди жок кылуу, жер бетинде бир элдин атын өчүрүү. Мындай адепсиздик кылган күнөөкөр жөөттөргө алар адептүүлүктү сакташ керек беле оюңарча? Yok öyle bir dünya! Буларды ушул абалга кириптер кылгандар адепсиз! Ымыркайлардын, аялдардын өлүмүн жана тирүүлөй күйүп жаткан инсандарды кинотеатрда кино көргөн сыяктуу карап турган дүйнө адепсиз! Уялбай заалымдардын зулумдугуна шериктеш болгондор адепсиз! Кекиртегин тыя албай жөөт террористтерге тиешелүү арам тамак-ашты тамшанып жегендер адепсиз! Болуп жаткан окуяны көрүп, күбө болуп туруп, “мага эмне” деп жасалма сокур болгондор адепсиз! Газа тууралуу 2 жолу сторис киргизип туруп, кайра шаңдуу тиричилигине кирип кеткен айланабыздагы адамдар адепсиз! Палестинаны гана көйгөй көтөрүп, Чыгыш Түркстандагы уйгурларды, Бирмадагы монахтар тарабынан азап тартып келе жаткан мусулмандарды, индуисттердин кордугуна кабылып келген Индиядагы мусулмандарды унутта калтырган жалпы мусулмандар адепсиз! Бул арстан жүрөк бала болсо эң туура болгонун кылып жатат! Рисале-и Нур китебинде Бадиуззаман сонун бир мисал берет. Ал мындайча: “Эгерде мерез адам бирөөнү жерге жыгып, башын тепсеп эзип салчудай кордук көрсөтсө, ал жыгылган адам ошол канкордун бутун өпсө, анда анын жүрөгү башынан мурда тебеленет, руху денесинен мурда өлөт. Андай болсо, башынан ажырап эле калбастан, ар-намысы менен кадыр-баркы да тапталып жок болот. Мындан тышкары, ал заалымга алсыздыгын көрсөткөнү үчүн аны мындан ары да тепсеп, кордошуна өбөлгө түзөт. Бирок, эгерде ошол кордук көргөн адам заалымдын бетине түкүрсө, жүрөгү менен рухун сактап калат, денеси болсо зулумдун курмандыгы – шейит болот. Ооба, уятсыз заалымдардын жүзүнө түкүргүлө!” (29-мектуб, 6-кат) Инсан бир эле жолу өлөт. Жөөттөрдүн колунан качуу мүмкүн эмеспи? Анда бир мусулман катары эркекчесине өлүмдүн жүзүнө караш керек. Өлүм биз үчүн жашоонун башталышы! Негизи эгер туура ойлонсок, Газалыктар эмес биздин абалыбыз коркунучта. Алар мекенин коргоп шейит болуп жатышат. Ал жакта дайыма өлүм бар болуп, дайыма ойгок абалда жүрүшөт. Бүгүн же эртең үстүнө бомба түшүп тиги дүйнөгө кете бериши мүмкүн. Ошондуктан ибадаттарды убагында аткарып Аллах менен жолукканга даяр турушат. Бизчи? Тамагыбыз дайыма даяр. Алты саның аман. Комфорт жашообуз бар. Өлүм коркунучу жок. Ибадатыбызга Газалыктардай маани бербейбиз. Алар сыяктуу ойгок эмеспиз. Алар шейит болуу бактысына жетип, бир түр акырети куткарылып жатат. Биздин акыретибиз эмне болот туңгуюк. Газалыктарга эмес, балким өзүбүзгө боорубуз ооруш керектир… Замандаштар! Тарых жазылып жатат. “Зулумга шериктеш болгондор” деп тарыхка жазылып калуу коркунучу бар. Көздү ачалы! Аллах бар, баарыбыз сыналып жатабыз! Азырынча колдон бойкот кылуу келип жатабы, анда четко бойкот кылалы. Мага жазылган ар бириңерди сыйлайм, жазылдыңар демек элди ойлогон адамдарсыңар. Келгиле напсини тыйып аларды колдогонду токтотолу. Инстаграмда, телеграмда boykot_kyl деген каналда толук түшүндүрмө бар. https://t.me/boykot_kyl Жигердүү жаштар биз үчүн кызматын кылып жатышат. Ага катталып, кайсы буюм, нерселерди бойкот кылыш керек экенин толук үйрөнүп билгиле! Жакында жеңиш биз тарапка оойт. Ошого азыртан салымыңарды кошуп баштагыла! https://t.me/bilbeymm