ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ🇰🇬
Лейлек району, Сүлүктү, Раззаков шаарлары, Баткен облусу, КР боюнча маалыматтар. Видео-фото болсо жөнөтүңүздөр 👉 @ceoxxx111 Реклама боюнча 👉 @ceoxxx111
Mostrar más- Suscriptores
- Cobertura postal
- ER - ratio de compromiso
Carga de datos en curso...
Carga de datos en curso...
Правовая помощь гражданам Киргизии в решении трудовых споров и конфликтных ситуациях с работодателями.
Орто Азияга белгилүү кары Имамали Тажибаевдин дүйнөдөн өттү Имамали кары Тажибаев 1980-жылдын февралында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш кезинен молдо Кудайкул дамладан алгачкы диний таалимин алган. Ал Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде, Кара-Балта ислам институтунда, ошондой эле «Хазрети Осмон» ислам институтунда окуп, Куран жаттаган. Андан соң Мисирге сапар тартып, ал жакта дээрлик 20 жылдай Куран илимин алган. Тактап айтканда 20 риваят, 10 кыраат боюнча ижаазат алууга жетишкен. 2021-жылы Мекенине кайтып КИУда билим бере баштаган. Ал тарбиялаган шакирттери республикалык жана эл аралык Куран жарыштарында ийгиликке жетишүүдө. 2022-жылдан тарта «Билим чырагы» окуу борборунун мүдүрү; 2023-жылдан баштап Бишкек шаарындагы «Хайр-Хижрат» мечитинин имам-хатиби кызматын аркалап келген. Имамали кары Тажибаевдин артында 3 уулу, 1 кызы калды.