cookie

Utilizamos cookies para mejorar tu experiencia de navegación. Al hacer clic en "Aceptar todo", aceptas el uso de cookies.

avatar

Kaktus.kg

Биз менен биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кабардар болуңуз!

Mostrar más
Publicaciones publicitarias
965
Suscriptores
-324 horas
-117 días
-3030 días

Carga de datos en curso...

Tasa de crecimiento de suscriptores

Carga de datos en curso...

Күнүмдүк турмушта балдарга тиштерин туура жууганга, туура кийингенге, оюн туура айтканга үйрөтөбүз. Бала интернетти биринчи жолу колдоно баштаганда да ушундай кылуу керек. Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук. #оспурумдор #атаэнелерге #өспүрүмдөр #атаэнегекенеш
Mostrar todo...
Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.

Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу олуттуу ден соолук, социалдык жана экономикалык кесепеттери бар глобалдуу көрүнүш. ДСУнун маалыматы боюнча, өнүгүп келе жаткан аймактарда жыл сайын 15-19 жаштагы 21 миллион кыздын боюна бүтүп, анын 12 миллионго жакыны төрөйт. #оспурумдор #атаэнелерге #өспүрүмдөр #атаэнегекенеш
Mostrar todo...
Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эр

Ата-энелер өспүрүм али чоңдордой реакция кыла албасын унутуп коюшат. Алар өспүрүмдөн мүмкүн эмес нерсени талап кылышат, ошол эле учурда турмуштук тажрыйбага ээ болууга (анын негизинде өз алдынчалык жана ар кандай кырдаалдарды чечүү жөндөмдүүлүгү калыптанат) жана өзүнүн инсандыгын калыптандырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жалпысынан. #оспурумдор #атаэнелерге #өспүрүмдөр #атаэнегекенеш
Mostrar todo...
Ата-энелер кадырын түшүрүп албастан баланын коммуникациялык жөндөмүн кантип арттырса болот

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат.

Кыргызстандын Конституциясында нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турган адамдардын өтүнүчү боюнча эркектер менен аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашпаган кыскартууга болот. #оспурумдор #атаэнелерге #өспүрүмдөр #атаэнегекенеш
Mostrar todo...
Эрте курактагы нике. Көйгөйлөр жана чечимдер

Кыргызстандын Конституциясында нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турган адамдардын өтүнүчү боюнча эркектер менен аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашпаган кыскартууга болот.

Ата-эне көбүнчө иерархияны, баш ийүүнү, көзөмөлдү жана тааныш, мурда көнүп калган жагдайды сактап калгысы келет. Чоңоюп келет жаткан адам өзүн жана дүйнөдө өз ордун табышы керек. Бул оңой эмес. Виталий Пукаев, психолог, гештальттерапевт: - Кризистик абал ар бир адамдын жашоосунда болот, көп учурда кайталанып турат. Бул негизинен ушундай болушу керек. Андан качуу же азыраак болтуруу мүмкүн эмес. Кимдир бирөөдө көп, кимдир бирөөдө аз болот дегендей. #оспурумдор #атаэнелерге #өспүрүмдөр #атаэнегекенеш
Mostrar todo...
Өспүрүмгө кризис менен күрөшкөнгө кантип жардам берсе болот? Ата-энелер үчүн сунуштар

Өспүрүм куракта балдар жашоосундагы эң маанилүү жана оор кризистерди баштарынан өткөрүшөт. Kaktus.media психологго кайрылып, ата-энелер менен балдар канткенде өспүрүмдөр кризисинен ийгиликтүү чыга аларын сурады.

"Балаңыз көбүрөөк эркиндик каалап жатканда, сиз анын коопсуздугун сактагыңыз келет. Өспүрүм бой жеткен сайын ага тандоо эркиндигин бериңиз. Көз карандысыздыктын жогорулашы көбүрөөк эркиндикти камсыз кылат, бул өз кезегинде өспүрүмдүн өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө болгон ишенимди арттыра жана туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болот", -деп белгилейт адис. #оспурумдор #атаэнелергекенеш #өспүрүмдөр
Mostrar todo...
Өспүрүмгө чечим чыгарганды кантип үйрөтсө болот? Адистен кеңеш

Өспүрүм курак – адамдын кийинки бүткүл жашоосуна чоң таасир тийгизген мезгил: ал жашоосунда болгон окуяларга кандай мами

03:51
Video unavailableShow in Telegram
2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы менен жаңы майрам - Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнү түзүлгөн (ошондон бери ал жыл сайын 11-февралда белгиленип келет). Ал эми 2020-жылы ЮНИСЕФ кыздарга илим, инженерия жана математика жаатында ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган "илимдеги кыздар" программасын ишке киргизди. Бул жаатта гендердик теңсиздик барбы? Эмне үчүн аялдар менен кыздарды илимде жана өзгөчө технологияны өнүктүрүүдө колдоо керек? Бул коомго эмне берет?
Mostrar todo...
videoplayback (5).mp414.82 MB
23:24
Video unavailableShow in Telegram
Семетей Аманбеков зомбулукка каршы концепция менен стратегияны иштеп чыгууга чакырат. "Мына биз, журналисттер сексуалдык билим темасы боюнча тынымсыз коңгуроо кагып келебиз. Коомдун бир бөлүгү мунун маңызын такыр түшүнбөй эле батыштын үлгүсү жана салттуу эмес баалуулуктарды жайылтуу деп атап, каршы болуп келишет. А бирок бүткүл прогрессивдүү дүйнө буга чейин эле кадам таштаган. Баланы тарбиялоого биз эле эмес, мугалимдер, психологдор да катышышы керек. Анткени биз ата-энебиз, мугалим эмеспиз. Макул, кесибине байланыштуу сексуалдык зордук-зомбулук боюнча белгилүү бир тажрыйбасы жана билими бар адамдар балдарына маалымат бере алышат. Ал эми бул теманы кантип козгоону билбеген же эч качан мындай көйгөйлөргө туш болбогон ата-энелердин балдары эмне болот? Андай ата-энелер балдары менен бул маселени сүйлөшүү маанилүү экенин түшүнбөшү мүмкүн. Алар: "Мунун эмнесин айтыш керек? Бул ансыз деле жаман нерсе экени түшүнүктүү болуп жатпайбы" деп ойлошу мүмкүн".
Mostrar todo...
videoplayback (3).mp447.95 MB
Тилекке каршы, зордук-зомбулуктан эч ким корголгон эмес. Бирок тобокелдиктерди олуттуу кыскартууга мүмкүнчүлүк бар. Kaktus.media өзүнүн сценарийи (каалоосу) боюнча жашоосун кура турган көз карандысыз жана бактылуу аялзатын кантип чоңойтуу керектиги тууралуу психологдор, ийгиликтүү айымдар жана кыздардын аталары менен маек курду. Макаладагы кеңештердин көбүн кыздарды да, балдарды да тарбиялоодо колдонсо болорун жана зарыл экенин белгилейбиз. Бирок биздин өлкөдө көбүнчө кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка кабылгандыктан, биз аялзаты жөнүндө кеп кылабыз.
Mostrar todo...
Канткенде күчтүү, көз карандысыз жана бактылуу кызды өстүрөбүз? Таржымалдар жана пикирлер

Тилекке каршы, зордук-зомбулуктан эч ким корголгон эмес. Бирок тобокелдиктерди олуттуу кыскартууга мүмкүнчүлүк бар.

12:37
Video unavailableShow in Telegram
“Кыздардын ийгилигине ата-энеси таасир этет” . "Ата-энелердин ар биринин өздөрүнүн ролу бар, бул жагынан менин ата-энем бири-бирине төп келишчү. Атам биздин аракеттерибизди кубаттаса, апам баштаган ишибизди аягына чыгарганга жардам берчү. Атам дайыма дем берип: "Жасагандан коркпо! Баары ойдогудай болот" дечү. Ал эми апам тартипти катуу кармачу жана кайталагандан тажачу эмес: "Ишти баштаган соң аны мыкты деңгээлде аткаруу керек" дечү. Жашоодогу кээ бир майда-чүйдө иштерди да 5+ менен аткарыш керек деп эсептечү", - дейт депутат Аида Исатбек кызы.
Mostrar todo...
videoplayback (2).mp426.94 MB
Elige un Plan Diferente

Tu plan actual sólo permite el análisis de 5 canales. Para obtener más, elige otro plan.