Китепкөйүм__🤍__
Ir al canal en Telegram
Ас-саля́му 'алейкум , кош келиңиз 🥰 Каналдан таба аласыз ⬇️ - 250+ электрондук китептер 🔊📚 - 35+ аудио китептер 🎧 - Логикалык суроолор 🧠 - Мотивация сөздөр 🫂🔥 Пайда тапкан болсоңуз Аллах Таала ыраазычылыгы бизге дуба кылганды унутпаңыз 💗🙌
Mostrar más2 693
Suscriptores
Sin datos24 horas
-227 días
-10730 días
Archivo de publicaciones
2 693
Кыялым тушуп сага
билек болсун,
Кудай жалгап ниеттерим
тилек болсун.
Китептерди чогултуп
окуй жургун,
Кенен бөлмө ,текче толо китеп болсун 🤲🤲🤲
2 693
Кыргызча жаңы чыккан китептердин pdf варианттары болбойт , анткени алар автордук укуктар менен корголгон . Бирок окуган жаңы кыргызча китептер тууралуу кыскача жазып турганга аракет кылам 😊
2 693
Амансыздарбы китепкөйлөрүм ! 🤍😊
Бул жерге анонимдүү билдирүү калтырсаңыздар болот. Каалоолор , сунуштар жана суроолор ( кыргызча ) .
t.me/anonaskbot?start=Bn_40q_b3b8y43J
Каналды активдүү алып барганга мотивация алып , сиздердин канал тууралуу ойлоруңуздарды билгим келет 🙂
2 693
10 реакция болуп калыптыр айтып берейин эми 😃 көп да күттүрдүм окшойт ,ал жагын кечиресиздер :)
• Биринчи OZONду телефонго көчүрүп аласыздар .
• Каттоодон өтөсүздөр ,
телефон номерин жазып .
• Каалаган китепти издеп таап сатып алуу дегенди басасыздар .
• Андан кийин банк картасын кошосуздар , сөзсүз VISA карта болушу шарт
• Үйүңуздөргө жакын жайгашкан Ozonду тандап коёсуздар китепти ошол жерге алып келип беришет 😍
• Төлөм жүгүзөсүздөр .
❗️Эң башкысы жеткирип берүү АКЫСЫЗ ❗️
2 693
Ас-саляму алейкум китепкөйлөрүм ! 🤍
Кутман кеч ✨
Бүгүн сиздерге орусча китептерди кайдан арзан жана сапатуу аларымды айтып берейин :)
Мен оручса китептерди озондон буйрутма кылам 🙂Бул ыңгайлуу , сапатуу жана баасы студенттин капчыгына ылайыктуу . Эгер көп реакция келсе кантип буйрутма кылуунун жолун чыгарам ☺️
2 693
Repost from Лâ Адри (لَا أَدْرِي)
Кыргыз тилинде так сүйлөй албасаң да кыргыз тилинде так унчукпаганды үйрөнчү! Сен сүйлөп баштаганда эле акылдуу көрүнгүң келгени билинип калып жатпайбы, чырагым. Табигый, дээринде бар акылдуулар сен экөөбүздөй болбойт, алардын сөздөрү жүрөктөн, айланага даанышмандыктын жытын буркурата жайылтып сүйлөшөт.
Сөз сүйлөө күмүш болсо, унчукпоо алтын деп жатпайбы. Экөөбүз унчукпай эле коёлучу, ошондо көптү билген адамдай көрүнөбүз балким.)
Ии анан Исламды жамандаш мындай турсун ал тууралуу такыр эле сүйлөбөй коё аласыңбы мүмкүн болушунча? Сөзүңдүн салмагы кетип калат экен ого бетер. Ислам тууралуу канча китеп бүтүрдүң десем такыр бир китеп бүтүрбөдүм дедиң го. Изилденип анан сүйлөсөң бир жөн. Мен сага караганда 3-4 китеп бүтүргөм, дагы эле кээ бир мусулмандардын арасында өзүмдү тупой сезем.
Анан Чубак ажыга эмнеге сөз тийгизесиң дейм да. Ал киши Меккеде күн ысыкта тонналаган китеп окуган. Ал ким, сен ким? Сага анын атын аташ макүрү болуп калышы мүмкүн. Чүшшш болду эми унчукпай, тик тогуңду чукула! 💆🏻♂️
2 693
Ас-саля́му алейкум китепкөйлөрүм 🤍😊
Сиздерди ыйык Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул берекелүү күндөрдө үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жүрөгүңүздөргө нур, жашооңуздарга молчулук жана ийгилик каалайм. Орозо Айт ар бириңизге сабыр, ырайымдуулук жана бактылуулук тартууласын!
Айтыңыздар маарек болсун! ✨📖
2 693
"Безмолвный пациент" (The Silent Patient) – Алекс Михаэлидистин психологиялык триллер жанрындагы романы.
Бул китеп 2019-жылы жарык көрүп, тез эле дүйнө жүзүндө бестселлерге айланган. Анын негизги сюжеттик линиясы – Алисия Беренсон аттуу жаш жана таланттуу сүрөтчүнүн окуясы. Ал өзүнүн сүйүктүү күйөөсүн атып өлтүрүп, ошол күндөн баштап бир дагы сөз айтпай, эч ким менен сүйлөшпөй калат.
Окуянын дагы бир негизги каарманы – Тео Фабер аттуу психотерапевт. Ал Алисияны сүйлөтүүгө жана анын сырын ачууга кызыгып, аны менен иштешүүнү чечет. Китептин жүрүшүндө Тео акырындык менен Алисиянын башынан өткөн окуяларын, анын ички дүйнөсүн жана чыныгы чындыкты ачып баштайт.
Бул роман окурмандарды башынан аягына чейин чыңалууда кармап, күтүүсүз бурулуштар менен таң калтырган чыгармалардын бири. Психология, табышмак жана детектив жанрын жактыргандар үчүн абдан кызыктуу китеп.
Сиз бул китепти окуп көрдүңүз беле? Же азыр окууну пландап жатасызбы?
