KABAR KG
Кыргыз жергесиндеги гана емес буткул дуйнодо болуп жаткан акыркы коомдук, маданий, саясий, шоу-бизнес кабарлары бул жерде👇 Релклама @Ads_Kyrgyz_bot
Mostrar más1 530
Suscriptores
-824 horas
-657 días
-1130 días
- Suscriptores
- Cobertura postal
- ER - ratio de compromiso
Carga de datos en curso...
Tasa de crecimiento de suscriptores
Carga de datos en curso...
00:00
Video unavailableShow in Telegram
Интернетте психолог, косметолог Айнура Сагынбаева брокерлерге алданган адамдарга юристтерди сунуштаган жарнама тарады. Чындай көрүнөт, бирок бул – дипфейк. Шылуундар жадакалса президенттин дагы атын колдонууда. Дүйнөдө жасалма интеллект кандай колдонулуп жатат? Анын пайдасы же зыяны кандай видеодон көрүңүз
Photo unavailableShow in Telegram
#жума маарек болсун
17-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Нарында +23…+28, Талас, Ысык-Көл аймактарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +25…+30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
04:20
Video unavailableShow in Telegram
Кыргызстанда кыргыз тилине ыдык көрсөткөндөр бар. Кыргызча сүйлөөгө тыюу салган кофе канага эскертүү берилди.
Чүйдө Wildberries платформасынын логистикалык борбору салынмакчы
Казанда "Россия — Ислам дүйнөсү: Kazan Forum" иш-чарасында маркетплейстин башчысы Татьяна Бакальчук, Чүй облусунун башчысы жана Кыргызстандын Экономика министринин өкүлү жолугуп, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.
"Ири долбоор ишке ашса, жаңы чакан жана орто ишканалар өнүгүп, эл иш менен камсыз болот. Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет", — деди Экономика министрлиги.
Ведомство азыр маркетплейсте 17 миңден ашык кыргызстандык сатуучу катталганын, Бишкек менен Ошто анын эки сорттоочу борбору, 130дан ашык буйрутма жеткирүү пунктулары бар экенин белгиледи.
02:30
Video unavailableShow in Telegram
🟩Жаңы үлгүдөгү акчаларды текшерүү үчүн "Кыргыз сом" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты
Тиркеме жаңы 5-сериядагы банкноттордун коргоо элементтерин жарыкка салып кароодо, жантайтып кароодо жана чоңойтуп көрсөткөн айнек (лупа) менен кароодо кантип текшерип алууну көрсөтөт.
Photo unavailableShow in Telegram
Тажикстанда зыяратчыларды салтанаттуу тосуп алууга тыюу салынды
Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунун 12-беренесинде үйлөнүү үлпөт тою экиден ашык өткөрүлбөй турганы, үйлөнүү үлпөтүнө байланыштуу башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы белгиленген.
Photo unavailableShow in Telegram
16-май - Тынч жашоонун эл аралык күнү
2017-жылдын 8-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен 16-май Эл аралык тынчтык жашоо күнү деп жарыяланган.
Мунун максаты жер бетиндеги адамдардын тынчтык, сабырдуулук, тилектештик, өз ара түшүнүшүү үчүн жасалган аракеттерди колдоо болуп саналат.
❗️Жаштар арасында күч алган баңгилик! Бишкекте "Дени сактык – модалуу" аттуу жөө жүрүш өтөт
18-майда саат 10:00дө баштала турган иш-чарага каалоочулардын баары катыша алат.
Акциянын максаты – жаштар арасында баңгизаттарды жайылтуу көйгөйүнө көңүл бурдуруу.
Катышуучулар Манас проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин, Орозбеков көчөсү менен Чүй проспектисинен Турдакун Усубалиев атындагы аянтка чейин басышат.