ТИЛМЕЧ
📈 Análisis del canal de Telegram ТИЛМЕЧ
El canal ТИЛМЕЧ (@tilmech) en el segmento lingüístico de Kirguís es un actor destacado. Actualmente la comunidad reúne a 11 257 suscriptores, ocupando la posición 7 955 en la categoría Religión y espiritualidad y el puesto 159 en la región Kirguistán.
📊 Métricas de audiencia y dinámica
Desde su creación el невідомо, el proyecto ha mostrado un crecimiento acelerado, reuniendo a 11 257 suscriptores.
Según los últimos datos del 29 agosto, 2026, el canal mantiene una actividad estable. En los últimos 30 días la variación de miembros fue de -143, y en las últimas 24 horas de -2, conservando un alto alcance.
- Estado de verificación: No verificado
- Tasa de interacción (ER): El promedio de interacción de la audiencia es 23.80%. Durante las primeras 24 horas tras publicar, el contenido suele obtener 8.29% de reacciones respecto al total de suscriptores.
- Alcance de las publicaciones: Cada publicación recibe en promedio 2 679 visualizaciones. En el primer día suele acumular 933 visualizaciones.
- Reacciones e interacción: La audiencia responde de forma activa: el promedio de reacciones por publicación es 0.
📝 Descripción y política de contenido
No se ha proporcionado la descripción del canal.
Gracias a la alta frecuencia de actualizaciones (últimos datos recibidos el 30 agosto, 2026), el canal mantiene la vigencia y un amplio alcance. La analítica demuestra que la audiencia interactúa activamente con el contenido, lo que lo convierte en un punto de referencia dentro de la categoría Religión y espiritualidad.
Carga de datos en curso...
| Fecha | Crecimiento de Suscriptores | Menciones | Canales | |
| 29 agosto | +2 | |||
| 28 agosto | +1 | |||
| 27 agosto | +5 | |||
| 26 agosto | +4 | |||
| 25 agosto | +2 | |||
| 24 agosto | +2 | |||
| 23 agosto | +1 | |||
| 22 agosto | +4 | |||
| 21 agosto | +1 | |||
| 20 agosto | 0 | |||
| 19 agosto | 0 | |||
| 18 agosto | 0 | |||
| 17 agosto | +1 | |||
| 16 agosto | +1 | |||
| 15 agosto | +4 | |||
| 14 agosto | 0 | |||
| 13 agosto | +1 | |||
| 12 agosto | +3 | |||
| 11 agosto | 0 | |||
| 10 agosto | +2 | |||
| 09 agosto | +2 | |||
| 08 agosto | +1 | |||
| 07 agosto | 0 | |||
| 06 agosto | +2 | |||
| 05 agosto | +3 | |||
| 04 agosto | +5 | |||
| 03 agosto | +2 | |||
| 02 agosto | +2 | |||
| 01 agosto | +2 |
| 2 | ➤➤ https://t.me/tilmech | 612 |
| 3 | 🔵 ЖУМА НАМАЗЫНА ЖӨНӨГӨН АДАМ АЛЛАХТЫН ЖОЛУНДА БОЛОТ
❏ Язид ибн Абу Мариям, радыяллаху анху, айтты:
«Мен жумага жөө баратсам Ибая ибн Рифаът, радыяллаху анху, артымдан келип: «Сага сүйүнчү! Чындыгында, сенин бул кадамдарың Аллах жолундагы кадамдар. Абу Аббастын мындай деп айтып жатканын уктум: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кимдин буттары Аллах жолунда чаң болсо, анда ал буттар тозокко арам болот». (Тирмизи)
❏ Имам Бухаринин риваятында мындай деп келет:
«Ибая айтты: «Мен жумага баратсам Абу Аббас мага жетип келип: «Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Кимдин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда аны Аллах тозокко арам кылат» – деп айтып жатканын уктум» – деп айтты».
❏ Башка бир риваятта: «Кайсы пенденин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда ага тозок оту тийбейт» – деп келет. Бул риваятта Ибаянын Язидке айткан сөзү айтылбайт.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech | 1 101 |
| 4 | Sin texto... | 988 |
| 5 | 🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ
Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:
«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.
Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.
► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.
► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech | 1 217 |
| 6 | Sin texto... | 1 088 |
| 7 | ➤➤ https://t.me/tilmech | 1 530 |
| 8 | Аларга дуба кылууну унутпа! Алар сенин дубаңа муктаж. Тирүүлөрдүн өлүктөргө кылган эң чоң жакшылыгы — аларга дуба кылуу, Аллахтын кечиримин, ырайымын тилөө.
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech | 1 894 |
| 9 | Өлүккө кылынган жакшылыктардын эң жакшысы – ал үчүн дуба кылуу, анын күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим тилеп истигфар айтуу.
📿 Сиз дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыңызга акыркы жолу качан дуба кылдыңыз, качан алар үчүн Аллахтан кечирим сурадыңыз?
Аларга азыр дуба кылыңыз! Дуба кылууда сөзсүз эле дасторкон салыш же такыя кийиш же даараттуу болуш же алакан жайыш шарт эмес. Кандай абалда болсоңуз да, кайсы жакта болсоңуз да, ошол абалыңызда сыртыңыздан же ичиңизден дуба кыла бересиз.
⚠️ Эгерде эмне деп дуба кылам деп билбей жатсаңыз, анда ушундай дуба кылсаңыз да болот:
– Оо, Аллах! Дүйнөдөн өтүп кеткен баланча тууганымдын же ата-энемдин ж.б. адамдардын күнөөлөрүн кечир! Аларга ырайым кыл! Сурагын жеңил кыл! Бейишке кирген адамдардын катарына кош! Алардан жакшылыгыңды аяба, аларды Өз ырайымыңа бөлө! Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин да, алардын да күнөөлөрүн кечир!
➤➤ https://t.me/tilmech | 2 737 |
| 10 | Sin texto... | 1 960 |
| 11 | ▷ Аль-Асмаи айтат:
«Бир жолу чөлгө барып калдым. Ошондо ушунчалык бир сулуу аялды көрдүм. Бирок анын күйөөсү өтө түрү суук адам экен. Анан мен ал аялдан:
– Ушундай адамдын алдында болууга кантип ыраазы болуп жүрөсүң? – деп сурасам, ал мага карап:
– Эй, сен укчу! Балким ал Аллах менен болгон мамилесинде такыбалык кылганы үчүн мени ага сыйлык катары бергендир. А балким мен Аллах менен болгон мамилемде кемчиликтерди кетиргеним үчүн аны мага жазакатары бергендир. Аллах мага Өзү каалап бергенине кантип нааразы болоюн?! – деп жооп бергенде мен эч нерсе дей албай туруп калдым». 📚 "Ихья улуму ддин"
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Адам Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Ал ага күтпөгөндөй сыйлыктарды берет. Адамдар сенин сырткы сулуулугуңа карап мамиле кылса, Аллах сенин ички сулуулугуңа карап мамиле кылат. Аллах эч качан адамдын сулуулугуна жана байлыгына карабайт, Ал адамдын жүрөгүнө, ниетине жана иш-аракеттерине карайт жана ошого жараша сыйлыгын же жазасын берет.
═════════
➤ https://t.me/tilmech | 2 045 |
| 12 | Sin texto... | 2 189 |
| 13 | Sin texto... | 2 025 |
| 14 | 🔴 ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?
«Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожийм» – мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?
Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбалыгы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:
– Эгерде бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.
– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.
– Ал кайра эле асыла берсечи?
– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.
– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.
Бул окуядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз бардык ааламдын Ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Мариям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:
«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» – деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят)
Аллах анын дубасын кабыл кылды. Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу. Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Араф сүрөсү, 199-200-аяттар)
Дагы бир аятта:
«Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын». (Муминун сүрөсү, 97-аят)
Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech | 2 780 |
| 15 | Sin texto... | 1 903 |
| 16 | ➤➤ https://t.me/tilmech | 2 675 |
| 17 | 🔴 САГА АРЗАНЧЫЛЫКТА ЫРЫСКЫ БЕРГЕН АЛЛАХ КЫМБАТЧЫЛЫКТА ДА ЫРЫСКЫ БЕРЕТ
⠀
Күндөрдүн биринде адамдар улуу аалым Саламат ибну Динарга келип: «Оо, Абу Хазим! Караңызчы, кымбатчылык болуп кетти го?» – деп айтышканда, ал: «Мунун эмнесине кабатыр болосуңар?! Бизге арзанчылыкта ырыскы берген Аллах кымбатчылыкта да ырыскы берет» – деп жооп берди. ("Хильятул Аулия", 3/239)
⠀
Бүткүл айып-кемчиликтерден аруу жана улук Аллах пенделерине ырыскы берүүнү Өз мойнуна алган. Жер бетинде кандай жандык болбосун, ага ырыскыны Аллах гана берет. Андыктан адам баласы үчүн ар бир ишинде Аллахка гана таянуу, Андан гана үмүт кылуу, ырыскысын Андан гана суроо милдет болуп эсептелет.
Кайсы гана адам болбосун, ырыскысына толук жетмейин дүйнөдөн өтпөйт, ага жазылган ырыскы кандай жол менен болсо да, акыры ага келет. Ажал аны кандай кууса, анын ырыскысы да аны кууп жүрөт. Ал бешенесине жазылган ырыскыга сөзсүз жетет. Эгер ал нааразы болуп кайгырса, анда бул анын Аллахка болгон ишениминин алсыздыгынан кабар берет.
➤➤ https://t.me/tilmech | 2 875 |
| 18 | 🔴 УШУНДАЙ АДАМ БОЛ!
● Сени көргөн адам «мен да ушул адамдай болсом экен» деп тилек кылгандай адам бол!
● Сени билген адам «ушул адамга Аллахтын жакшылыгы болсун» деп дуба кыла тургандай адам бол!
● Сен тууралуу укса «ушул адамга бир жолуксам экен» деп эңсей тургандай адам бол!
● Сенин мүнөзүңдү, жүрүм-турумуңду көрүп «мен да ушул адамдай кулк-мүнөздүү болсом экен» деп өзүн оңдогонго себепчи болгондой адам бол!
● Кайда жүрсөң да, ким менен болсоң да, дайым адамдарга туура жол көргөзгөн, ыйманга үндөгөн, калыс сөз сүйлөгөн үлгүлүү адам бол!
● Бүткүл абалда Аллах каалагандай адам бол, мына ошондо Аллах сенин каалооң менен болот.
● Аллахка жүзүңдү бур, мына ошондо Аллах адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.
● Аллахты жүрөгүңө киргиз, мына ошондо Аллах дүйнөнү колуңа салып коёт.
● Аллахтын өкүм-буйругун аткар, мына ошондо Аллах өмүрүңө, ырыскыңа береке берет.
● Аллах тыйгандан тыйыл, мына ошондо Аллах Сени Өз мээримине бөлөйт.
● Аллах сени менен дайым бирге болушун кааласаң, анда сен дагы дайым Аны менен бирге бол.
● Аллах аткар дегенди аткар, ташта дегенди ташта, мына ошондо Аллах сени менен бирге болот. Эгерде Аллах сени менен бирге болсо, анда сага ким зыян бере алат? Эч ким! А эгер Аллах сага каршы болсо, анда сени Аллахтын азабынан ким куткара алат. Эч ким!
Андыктан Аллах каалагандай адам бол, ошондо Аллах сенин ар бир каалооң менен болот, сенин ички жана сырткы дүйнөңдү оңдойт жана адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз | 3 149 |
| 19 | Бардык күнөөлөр үч нерседен пайда болот:
▷ Текеберленүүдөн, анткени текеберлик Иблисти Аллахтын каргышына алып келди.
▷ Напси каалоодон, анткени напси каалоону ээрчүү Адам атаны бейиштен чыгарды.
▷ Көрө албастыктан, анткени көрө албастык Адам атанын баласы өзүнүн бир тууганын өлтүрүүсүнө себеп болду.
Кимде-ким мына ушул үч нерсенин жамандыгынан сактанган болсо, анда ал бүткүл жамандыктардан кутулат.
— Каапырлык текеберликтен пайда болот.
— Күнөөлөр напсинин каалоосунан пайда болот.
— Зулумдук кылуу жана чектен чыгуу көрө албастыктан пайда болот.
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech | 2 827 |
| 20 | Sin texto... | 2 710 |
