cookie

Utilizamos cookies para mejorar tu experiencia de navegación. Al hacer clic en "Aceptar todo", aceptas el uso de cookies.

avatar

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Программалоо боюнча маалыматтар! Flutter боюнча, Web иштеп чыгуу боюнча, IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда Биз менен байланышыңыз: https://turatalybaev.taplink.ws

Mostrar más
Publicaciones publicitarias
1 387
Suscriptores
Sin datos24 horas
-77 días
-2830 días

Carga de datos en curso...

Tasa de crecimiento de suscriptores

Carga de datos en curso...

Mostrar todo...
АйТидеги жазылбаган эрежелер - Айдай Өмүрбекова

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

🤩 2
🥳 Курс башталат! 📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бизде жаңы поток үчүн курстарга кабыл алуу башталды. Бул ирет биз курстардын масштабын чоңойттук. ✅ Июль айынын 10у бизде төмөнкү 3 группанын окуусу башталмакчы: 1. Flutter курсу айымдар үчүн. Бул группабызды биздин My Quran мобилдик колдонмобуздун програмчысы Айдай Өмүрбекова менен Жумгал Маркет мобилдик колдонмобуздун Flutter програмчысы Айпери Орменбекова экөө жалаң айымдардан турган группабызды окутмакчы. 2. Flutter курсу эркектер үчүн. Биздин компаниябыздын Flutter програмчысы жана Тата дев компаниясынын Флаттер програмчысы Адилбек Курманбеков агай менен Руслан Асанов агайыбыз эркектерден түзүлгөн группабызды окутмакчы. 3. Front End курсу. Бул курсту sayapker.com сайтыбызды жасаган Апп АйТи компаниябыздын директору жана Фронтенд програмчыбыз жана ошол эле Саяпкер сайтыбыздын програмчысы Гүлзина окутмакчы. 📌 Биз бул курстарда адаттагыдай эле өзүбүз билген гана кесипти үйрөтөбүз, диплом бербейбиз, сертификат бербейбиз, жумуш менен камсыз кылбайбыз, болгону өзүбүз билген кесипти чын дил менен үйрөтөбүз, 6 айлык окуудан кийин 3 айлык акысыз стажировка менен камсыз кылабыз. 3 айлык стажировкага катышуу үчүн сөзсүз түрдө 6 айлык курсту толук аягына чыгаруу гана жетиштүү. Курс жалпы 6 ай окутулат, жумасына 5 күн, 2 сааттан сабак өтүлөт. Сабактар КР сааты менен 22:30 да башталат. 📌 Урматтуу окурманым, программист болуп келечектин кесибине ээ болуңуз. Азыр кандай кесип ээси болсоңуз дагы, кайда, эмне иш кылып жаткан болсоңуз дагы, АйТи дүйнөсүнө кызыккан болсоңуз сөзсүз азыр окуп програмчы болуп кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. 📌 Сурооңуз болсо + калтырыңыз, сизге толук маалымат беребиз. ✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. 30-июнь, 2024-жыл.
Mostrar todo...

3
Акыркы күндөрү абдан ой басып жатат мени, бир нерсени баштап жиберет окшойм. Эмне деп ойлойсуз? Оюңузду айта кетиңиз.
Mostrar todo...
Mostrar todo...
Акак жана Өмүрбек АйТи түгөйлөрдүн маеги - Турат Алыбаев

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

01:23
Video unavailableShow in Telegram
Кечээ кечинде Бишкектин четиндеги бир чакан айылга барып келдик. 1 көчөгө десем деле болот. Ачекей көчөсү, Ачекей айылы. Садык Шернияз агабыз негиздеген, сонун айыл экен.
Mostrar todo...
Ачекей.mov61.37 MB
Mostrar todo...
17-сабак Flutter Dice App logic - Элдияр Алмазбек

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

🔥 1
https://youtu.be/me9TZvNoA7g 17-акысыз сабагыбыз Йутубга чыкты.
Mostrar todo...
17-сабак Flutter Dice app UI жасалды - Элдияр Алмазбек

#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык

😇 “Билимдүү Жаштар” акысыз АйТи долбоору эсиңиздеби? 📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансыздарбы? Мындан бир жарым жыл мурун коомубуздагы белгилүү бизнесмен, көп жакшы иштерди кылып жүргөн мыкты жигит Билим Майнаев досубуз менен биргеликте “Билимдүү Жаштар” акысыз АйТи долбоорун уюштурганбыз, эсиңиздеби? Азыр дагы айрым учурда ошол долбоор жөнүндө сурап калышат. 📌 Анда ошол долбоор боюнча кенен айтып берейин. ✅ “Билимдүү Жаштар” АйТи долбоорунун ээси Билим Майнаев, а биз болсо бул долбоорду ишке ашыруу максатына жардам кылдык. ✅ Биз 6 ай окутуунун милдетин толугу менен мойнубузга алдык, Билим мырза болсо долбоорду каржылап берди. Бизде курстун баасы жалпы 120 миң сом болчу, албетте Билим мырзадан толугу менен алган жокпуз, орточо бир баага келишим кылдык, биздин да салымыбыз болсун деп. ✅ “Билимдүү Жаштар” долбооруна жалпы 3 этап тандоо менен кабыл алдык. 1. Алгачкы тандоодо 1500 дөй адам катышты, эң жөнөкөй тапшырма берилди. Жөн гана жмайл аккаунт ачышы керек, болгону өз аккаунтунун аягына биз белгилеген белгини кошушу керек болчу. 2. Ал эми 2-тапшырма болсо биз жиберген атайын форманы толтурушу керек, форманы толтуруу шарты сөзсүз биз ачтырган жмайл аккаунту менен толтуруш керек болчу. 3. Акыркы 3-тапшырма болсо, бир аз татаал болду албетте, өзүбүз Флатерди ноутбукка орнотуу боюнча видео сабак тартып, аны атайын ачылган Телеграм группага жибердик. ✅ Ушул 3 этап тапшырмадан 1500 адамдан 125 тей гана адам өтө алды. Ошентип 125 адам менен 6 айлык окуунун жолун баштадык, бирок тилекке каршы, бекердин тузу татыбайт дегени чынбы билбейм, 6 айды 25 тей гана адам аягына чыгара алды. ✅ Эми ошол 25 адамдын алгачкылары жумуш орду менен камсыз болуп, жакшы ийгиликтерге жете баштады, калгандары дагы жумуш издеп аракет кылып жатышат. Мурун жумушка киргендери, кийинкилерин дагы жумушка тартып жатышат. 8 адам Flutter програмчы катары эмгек жолдорун улантып жатышат. Бардыгына ийгилик каалайбыз жана Билим Майнаев мырзага дагы Алла ыраазы болсун дейбиз. 📌 Кудайым буюрса ушул бүтүрүүчүлөр менен алдыда дагы акысыз окутууларды кылабыз деп үмүт кылабыз. Ар күнү өзүбүздү жана өлкөбүздү өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. ✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 10-июнь, 2024-жыл.
Mostrar todo...

👍 3
IT-okuudagy-kyjynchylyktar-zhana-any-chechueuenuen-zholdoru.pdf8.21 KB
Elige un Plan Diferente

Tu plan actual sólo permite el análisis de 5 canales. Para obtener más, elige otro plan.