cookie

Utilizamos cookies para mejorar tu experiencia de navegación. Al hacer clic en "Aceptar todo", aceptas el uso de cookies.

avatar

КР Президенти

КР Президентинин расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Президента КР

Mostrar más
Publicaciones publicitarias
7 327
Suscriptores
-624 horas
+2197 días
+18130 días

Carga de datos en curso...

Tasa de crecimiento de suscriptores

Carga de datos en curso...

Photo unavailableShow in Telegram
Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Алжамбаев Фархат Абды-Хамитович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. *** Фархат Алжамбаев назначен мэром города Каракол Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, в соответствии со статьей 47 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления», Алжамбаев Фархат Абды-Хамитович назначен мэром города Каракол Иссык-Кульской области Кыргызской Республики.
Mostrar todo...
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Катманду шаарында Непал өкмөтү тарабынан уюштурулган “Тоолор, адамдар жана климаттын өзгөрүшү” Эл аралык эксперттик диалогго катышты. Өз сөзүндө Динара Кемелова тоолор планетабыздын 13% калкынын (1,1 млрд. адам) мекени, ошондой эле уникалдуу экосистемалардын мекени болгон планетабыздын маанилүү жаратылыш ресурсу экенин белгиледи. Тоо кыркалары таза суунун булагы, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу, туруктуу айыл чарбасы, гидроэлектроэнергиясын өндүрүү жана экосистемалык кызматтар катары негизги ролду ойнойт. Ошол эле учурда, тоолор климаттын өзгөрүүсүнүн оорчулугун көтөрүп жана табигый кырсыктардан кыйроо коркунучуна дуушар болгондуктан, тоолуу жамааттар эл аралык, консолидацияланган колдоого муктаж экендиги белгиленди. https://president.kg/news/all/25363 *** Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации «Пятилетия действий по развитию горных регионов» Динара Кемелова приняла участие в Международном экспертном диалоге «Горы, люди и изменение климата», организованном Правительством Непала в Катманду. В своем выступлении Динара Кемелова отметила, что горы являются важным природным богатством нашей планеты, где обитает 13% населения мира (1,1 миллиарда человек), а также располагаются уникальные экосистемы. Горные массивы играют ключевую роль в качестве источника пресной воды, способствуют смягчению последствий изменения климата, поддержанию устойчивого сельского хозяйства, производству гидроэлектроэнергии и предоставлению экосистемных услуг. Она обозначила, что в то же время, горы несут на себе тяжесть климатических изменений и сталкиваются с угрозой разрушения из-за стихийных бедствий, при этом жители горных районов нуждаются в международной консолидированной поддержке. https://president.kg/news/all/25363
Mostrar todo...
06:10
Video unavailableShow in Telegram
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушту * 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с руководителями органов безопасности и специальных служб государств - участников СНГ
Mostrar todo...
Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат. https://president.kg/news/all/25362 * Президент Садыр Жапаров встретился с руководителями органов безопасности и специальных служб государств - участников СНГ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 мая, встретился с членами Совета руководителей органов безопасности и специальных служб государств-участников Содружества Независимых Государств (СНГ). В Бишкеке проходит 54-ое заседание Совета руководителей органов безопасности и специальных служб государств - участников СНГ. https://president.kg/news/all/25362
Mostrar todo...
өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка аймактарынын туруктуулугуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган - эл аралык терроризмге каршы туруу экенин белгиледи. Ал ошондой эле негизги көңүл КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунучтарды баалоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга жана аларды зыянсыздандыруу боюнча атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулаары болжолдонуп жатканын баса белгиледи.
Mostrar todo...
Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат. Жыйындын катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы КМШ мындан 30 жыл мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр учурунда түзүлгөнүн белгиледи. "Шериктештик бизди жалпы баалуулуктардын негизинде бириктирип жатканы жана Уюмдун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган, баарынан мурда достук жана коңшулаш мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо үчүн өзүн негизги инструмент катары көрсөткөнү кубандырат. Өткөн жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылды, анын ийгиликтүү өтүшү Шериктештиктин бардык уставдык органдарынын жыйындарынын жүрүшүндө белгиленди", - деп, Садыр Жапаров төрагалыктын алкагындагы иште негизги басым региондогу ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи. Президент КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга Кыргызстандын умтулуусун ырастап, Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңеши түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча баа жеткис иштерди аткарып, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жемиштүү көп тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү куруу боюнча практикалык кадамдар жасалып жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров коопсуздук тармагындагы терроризм жана экстремизмдин эң курч көйгөйүн айтты. Ал Кыргызстан өзүнүн масштабы, күтүүсүз жана кесепеттери боюнча кооптуу коомдук-саясий жана моралдык көйгөйлөрдүн бирине айланган терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүү түрдө айыптай турганын баса белгиледи. “Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү терроризм коркунучу менен жалгыз күрөшө албайт. Акыркы убакта жаңы террористтик тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болгонун, эң чоң коркунуч кибер кылмыштуулук жана кибертерроризм экенин белгилей кетүү керек. Бул контекстте менин кесиптештерим менен биргеликте 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуу программасы маанилүү ролду ойнойт, ал абдан керектүү жана актуалдуу болуп саналат. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынган”, - деп Мамлекет башчысы баса белгиледи. Өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрүнө кайрылып, Садыр Жапаров атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши бүгүнкү күндө барган сайын кеңири кулач жайып бараткан экстремисттик-террордук коркунучка каршы күрөштө маанилүү түзүмдөрдүн бири экенин баса белгиледи. Дүйнөдө өсүп жаткан белгисиздик, башаламандык жана чыр-чатактар менен мүнөздөлгөн өзгөрүүлөр, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” көп сандаган курмандыктар менен коштолгон акыркы трагедиялуу окуялар, атайын кызматтардын ролун, алардын ишин жакшыртуу жана мамлекеттерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү. Мамлекет башчысы мындай шарттарда Кеңештин чечимдери КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуунун ачкычы экенин баса белгиледи. Аягында Президент Садыр Жапаров Кеңештин 54-отурумунун жыйынтыгы биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөөрүнө ишеним билдирди. Жыйынга төрагалык кылган Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү иш-чаранын негизги темасы - КМШ
Mostrar todo...
Photo unavailableShow in Telegram