es
Feedback
ЖАҢЫЛЫКТАР

ЖАҢЫЛЫКТАР

Ir al canal en Telegram
1 796
Suscriptores
-524 horas
-207 días
-5630 días
Archivo de publicaciones
💼 Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды Энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо
💼 Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды Энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

💼 Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду
💼 Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду

💼 Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды Иминов Ф
💼 Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды Иминов Фархат Ажмуханбетович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.

▪️Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу 10-июнда өтөт Ички иштер министри болуп эмгектенген, милициянын отставкадагы генерал-лейт
▪️Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу 10-июнда өтөт Ички иштер министри болуп эмгектенген, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты. Коштошуу зыйнаты эртең, 10-июнда саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

☔️ Шашылыш билдирүү 9-июндан 12-июнга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.

📍Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Ал эми 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш көчкү түшүп, жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда. Учурда бир тараптуу жол ачык, каттам бар.

⭕️ Садыр Жапаров: "Памперстен баштап толтура уяттуу нерселер бар экен"

❗️Садыр Жапаров Караколдогу турак жайдын чатырынан суу акканы боюнча үн катты Президент Караколдогу турак жайдын чатырынан суу агып жатканы тууралуу жакында болгон окуяга токтолуп, ал көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.
“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да”.
Бул контекстте ал мамлекет өзү 30 жылдан бери дээрлик эч нерсе курбаганын айтты. Акыркы беш жылда гана жолдорду, көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка объектилерди өз күчүбүз менен активдүү кура баштадык.
“Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”.

✈️ 1-июлдан тартып Шаржа-Бишкек-Шаржа багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар кайрадан жанданат.

📍5-июнда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Ысык-Көл районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 92-95-чакырымдарында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Министрликке караштуу №7 Жол тейлөө ишканасы атайын техникаларды тартып, сел калдыктарын тазалоо жана жолду калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүштү. Аткарылган иштердин натыйжасында 6-июнда саат 01:10до аталган тилке толугу менен тазаланып, жол кыймылы кайрадан ачылды. Учурда унаалардын өтүүсү үзгүлтүксүз камсыздалып, жол кадимки режимде иштеп жатат.

▪️Ысык-Көлдө селде калган 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды ➡️ SEREP MEDIA

❗️Мэрия: Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду Бүгүн саат 15:40та шаардагы линияларда бөлүүчү автоматика иштеп кеткендиктен, Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду. Саат 17:00гө карата жабдуулар текшерилип, эч кандай бузулуулар аныкталган жок. Учурда иш режимин калыбына келтирүү иштери башталды.

💡Энергетика министрлиги Бишкекте жарыктын эмне себептен өчкөнүн билдирди 110 киловольт “Парковая” - “Ала-Арча” линиясындагы
💡Энергетика министрлиги Бишкекте жарыктын эмне себептен өчкөнүн билдирди 110 киловольт “Парковая” - “Ала-Арча” линиясындагы 23-опора менен 24-опораны ортосундагы аба чубалгысын Хово жүк ташуучу унаасы үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Учурда энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда өлкө аймагында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Бардык курулуш компаниялардан суранабыз, электр тармактарынын жанында корук зоналарын сактаңыздар.

🤼 Жоламан Шаршенбеков килемге кайтты Улан-Батор шаарында (Монголия) спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнир өтүп жатат. 10 айдан кийин алгачкы жолу Кыргызстан курама командасынын атынан эки жолку дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков катышууда. Ал 63 кг салмак категориясында медалдар үчүн күч сынашууда. Бул салмакта жалпысынан 7 спортчу катталып, алар эки топко бөлүнгөн. Биринчи беттешинде кыргызстандык балбан Ирандын өкүлү менен күрөшүп, жеңишке жетти. Шаршенбековдун кийинки атаандашы Индиядан келген балбан болот. Турнирдин эрежесине ылайык, спортчулар айлампа системасы боюнча күрөшөт: ар бири үчтөн беттеш өткөрөт, ал эми эң мыкты эки балбан жарым финалга чыгат.

🚗 Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштырууга 1-сентябрга чейин мөөнөт берилди ➡️ SEREP MEDIA

🚫 Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды ➡️ SEREP MEDIA

❗️Кыргызстан алгачкы ирет БУУнун Коосуздук кеңешине мүчө болуп шайланды ➡️ SEREP MEDIA

❗️БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Тынчтык Шайназаров 8 добуш менен Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова бир добуштан Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты. ➡️ SEREP MEDIA

📍ИИМ: Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет 4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт. Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган: - Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу); - Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин; - Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин; - Байтик Баатыр көчөсү.

👩🏻‍🏫 Агартуу министрлиги: "2026-2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды" Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилди. Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында 6-11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда. Ал эми 1-5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат.