ch
Feedback
🌐BATKEN_TV

🌐BATKEN_TV

前往频道在 Telegram

🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы! 🌎 Жаңылыктар биздин каналда! 📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @batken_tvbot

显示更多
737
订阅者
-124 小时
-57
-2530
帖子存档
+1
Офицердик наам ыйгаруу аземи шаңга бөлөндү Бишкекте Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрүнө диплом жана алгачкы "лейтенант" наамы тапшырылды. Быйыл окуу жайды 7 курсант артыкчылык диплому менен аяктап, алардын үчөө президенттик стипендияга ээ болду. Салтанатта жаш лейтенанттар "Офицердик вальс" бийлеп, айрым бүтүрүүчүлөр сүйүктүүлөрүнүн колун сурады. Жигиттердин баары "ооба" деген жооп алып, азем шаңга бөлөндү.

Баткенде сел унааны агызып кетти Соцтармакка тараган видеодо сел Daewoo Nexia автосун агызып баратканы айтылды. Унаанын ичинде айдоочу бар-жогу азырынча белгисиз. ӨКМ бир аздан чоң маалымат берерин билдирди.

📌Бүгүн, 19-июнь күнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстанда мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жаңы, катаалдаштырылган
📌Бүгүн, 19-июнь күнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстанда мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жаңы, катаалдаштырылган жаза чаралары күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ирактын түрмөлөрүндө 40тай кыргызстандык бар экенин Дастан Бекешев билдирди Депутаттын айтымында, алар кылмыш кылгандар эмес, болгону согушка кеткен күйөөлөрүн издеп баргандар. Бекешев Башкы прокуратурага кат жолдогонун жана ТИМге турмөдөгүлөргө укуктук колдоо көрсөтүп, аялдарды мекенине кайтарууга кол кабыш кылышын өтүнгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда жаңы тренд. Ишкерлер ЖРТдан көп балл алгандарга унаа белек кылышууда Алгач Базар-Коргон району боюнча мыкты бүтүрүүчүгө “Чанган” үлгүсүндөгү жолтандабас убадаланды. Көлүк акыркы жыйынтык чыккандан кийин, болжолу 29-30-июнда тапшырылмакчы. Ал эми ЖРТга даярдаган академиялардын бири өзү окуткандардын ичинен көп балл алган балага Hyundai Sonata унаасын бермей болду. Бүтүрүүчү 232 балл алган.

ШКУ: Ысык-Көлдөгү Медиафорумда балдардын маалыматтык коопсуздук маселеси көтөрүлдү “Балдарыбыз китептен мурун гаджет кармап чоңоюп жатышат. Мунун жакшы же жаман экенин ар ким өзүнчө баалайт. Бирок баланын маалыматтык коопсуздугу азыркы тапта өзгөчө мааниге ээ”, — деди Россиянын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Екатерина Ларина. Ал ошондой эле жаңы технологиялар баланын өнүгүшүнө тоскоол болбошу керектигин белгиледи. Ошол эле учурда жасалма интеллект адамга кызмат кылып, өз алдынча субъектиге айланып кетпеши маанилүү экенин айтты.

Кыргызстандык киночулар “Бриллиант көпөлөк” киносыйлыгына катышууга чакырылды Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматын
Кыргызстандык киночулар “Бриллиант көпөлөк” киносыйлыгына катышууга чакырылды Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Москвада өткөн сыйлыктын алгачкы аземинде Кыргызстанан беш тасма көрсөтүлгөн. Ал эми оператор Талант Акынбеков “Кара, кызыл, сары” тасмасы үчүн “Мыкты оператор” номинациясында жеңүүчү болгон. Салтанат 2026-жылы Москвада өтөт. Жеңүүчүлөргө 5 миңге жакын бриллиант менен кооздолгон атайын “Бриллиант көпөлөк” статуэткасы тапшырылат.

ЖРТдан 239 балл алган Сезимай Акматова: акыркы эки жылда 50дөн ашык сынамык тест тапшыргам Баткен облустук мектеп-гимназия ин
+2
ЖРТдан 239 балл алган Сезимай Акматова: акыркы эки жылда 50дөн ашык сынамык тест тапшыргам Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү — ЖРТдан эң көп балл алган эки окуучунун бири. Ал мындай жыйынтыкка жетүү үчүн эки жыл бою даярданган. “Алтын сертификат алуу мүмкүн эместей сезилчү, бирок ошол эле учурда өзүмө ишенчүмүн. Атам биринчи укканда ишенбей койду. Кийин маалымат каражаттарына чыга баштаганда гана ишенди”, — деди бүтүрүүчү. Ал ЖРТга даярдануу үчүн күнүнө 4-5 сааттан, айрым учурда 10 саатка чейин сабак окуган. Акыркы эки айда жумасына төрт жолу сынамык тест тапшырып турган. “Акыркы эки жылда 50дөн ашык сынамык тест тапшыргам. Ар бир тесттен кийин каталарымды талдап, алардын үстүнөн иштеп жүрдүм”, — деди ал. Бүтүрүүчү келечекте АУЦА же "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырып, колдонмо математика же IT багыты боюнча билим алууну пландап жатканын билдирди. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG

Өзбекстандын ак калпакчан күйөрмандары. Кыргыздар дүйнө биринчилигинде Өзбекстан курамасын колдоп жатат Команда бүгүн Колумбия менен беттешип, оюн 3:1 эсебинде америкалык команданын жеңиши менен аяктады. Өзбекстандын тарыхындагы Дүйнө чемпионатындагы биринчи голун Аббосбек Файзуллаев киргизди. Өзбекстан — Борбор Азия өлкөлөрүнөн мундиалга катышкан алгачкы команда. 23-июнда Португалия, 27-июнда Конго курама командасы менен беттешет.

❗️ЖРТнын жыйынтыгы чыкты, эң жогорку балл быйыл — 239 Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын министрлик маалымдады. Ага ылайык, бул жылы 55 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болгон. Эң жогорку балл 239ду түзүп, мындай көрсөткүчкө эки окуучу жеткен. Экинчи орунду 236 балл алган төрт окуучу ээледи. 1. Айдай Абылаева (239) — Нарын облусу, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби; 2. Сезимай Акматова (239) — Баткен облусу, Баткен облустук мектеп-гимназия интернаты; 3. Беназир Бактыбекова (236) — Бишкек шаары, "Брайт" Эл аралык мектеби; 4. Акмат Бердибеков (236) — Чүй облусу, Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби; 5. Иса Мамытов (236) — Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи; 6. Айлин Салимбекова (236) — Бишкек шаары, "Прайм Спектрум" мектеп-комплекси; Толук тизмени бул шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот.

Чычканда момпосуй жүктөгөн фура оодарылып калган Жол сакчыларынын айтымында, Бишкек — Ош жолунда 34 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай калган. Жүк ташуучу унаада 20 тонна кондитердик продукция болгон.

📌Кыргызстандык белгилүү мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Кытайда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда Италиянын спортчусун ишенимдүү жеңип, мелдештин кийинки баскычына жолдомо алды. Бул тууралуу Бокс федерациясынан билдиришти.

📌Баткендеги Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы дары-дармек кампасы курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо
📌Баткендеги Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы дары-дармек кампасы курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. 👉 @batken_tv 👈

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлүп, маданияттуу кызматкерлерге кошумча сый акы төлөнөт Вице-мэр бул чечим жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү менен байланыштуу экенин билдирди. "Чынында бул чечимди кабыл алуунун негизги себептеринин бири — жол эрежелеринин бузулушу. Айдоочулар накталай төлөм болгон учурда кошумча киреше табам деп эреже бузуп айдашат. Ошондуктан накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. 15 пайызы буга чейин көтөрүлдү, дагы ошончого көбөйтөбүз", — деди Рамиз Алиев. Мындан тышкары, айдоочулардын тартиби жана жүргүнчүлөргө болгон маданияттуу мамилеси үчүн кошумча төлөм каралары белгиленди.

📌Баткен шаарында интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды.
📌Баткен шаарында интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды.

Сокулукта самокатчан өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу колго түштү Окуя 16-июнда Батаев көчөсүндө болгон. Toyota Vitz унаасынын айдоочусу кийин Сокулуктун Арал айылынан кармалган.

📌Бишкек шаарында Каралаев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу турак үй узак убакыттан бери пайдаланууга берилбей, үлүш ээлеринин нааразычылыгын жаратып келген. Курулуш министрлиги

Күкүк аталар менен энелер эми алименттен кача алышпайт Кыргызстан Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Армения жана Азербайжанда алимент төлөбөй жүргөн кыргыз жарандарынан каражат өндүрүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети жактырды. Ага ылайык, аталган өлкөлөрдө алимент өндүрүү боюнча сот чечимдерин аткаруу механизми күчөтүлөт. Башкача айтканда, сот буйруктары аталган 7 өлкөгө ыкчам жөнөтүлүп, анын аткарылышы камсыздалат.

Кыргызстанда айрым жаштар салттуу той өткөрбөй, чыгымдан качып, никени жөнөкөй жол менен каттоону тандап жатышат. Айрыкча акыркы жылдары той чыгымдарынын көбөйүшү көпчүлүк жигит-кыздарды башка альтернатива издөөгө түртүүдө. Кээ бир учурларда жигит сүйгөн кызын үйүнө алып келип, ата-энесинин батасын алып, андан соң расмий түрдө никесин каттатуу менен эле үй-бүлө куруп жатышат. Мындай кадам ашыкча чыгымдан сактап, жаштарга тезирээк өз алдынча жашоо баштоого мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда коомдо бул көрүнүшкө карата ар кандай пикирлер бар. Айрымдар салт-санааны сактап, той берүү керек десе, башкалары эң негизгиси — эки жаштын макулдугу жана бактылуу жашоосу деп эсептешет. Адистердин айтымында, үй-бүлө курууда эң маанилүүсү материалдык жагы эмес, өз ара түшүнүшүү жана жоопкерчилик болуп саналат. Той — бул болгону салт, ал эми бекем үй-бүлө куруу — эки жаштын аракетине байланыштуу.

❗️Баткенде чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандарга карата курал колдонулду Түндө эки жаран Курук-Сай аймагынан 17 уй жана бир жылкыны Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Алар алдын ала чек арадагы зымды кесип салышканы аныкталган. Кармоо учурунда чек арачыларга каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам чек ара нарядынын башчысы асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарып, каршылык токтобогондо курал колдонууга аргасыз болушкан. Натыйжада алардын бири бутуна ок жеп, жаракат алган. Жабыркаган адам Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчиси ИИМге өткөрүлүп берилди.