ch
Feedback
ИСЛАМ БУЛАГЫ

ИСЛАМ БУЛАГЫ

前往频道在 Telegram

Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид. Таухид- бул Исламдын булагы. ✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

显示更多
3 960
订阅者
无数据24 小时
-137 天
-5630 天

数据加载中...

吸引订阅者
9月 '26
九月 '26
+18
在0个频道中
八月 '26
+40
在0个频道中
Get PRO
七月 '26
+34
在0个频道中
Get PRO
六月 '26
+29
在0个频道中
Get PRO
五月 '26
+86
在0个频道中
Get PRO
四月 '26
+43
在0个频道中
Get PRO
三月 '26
+179
在0个频道中
Get PRO
二月 '26
+94
在0个频道中
Get PRO
一月 '26
+251
在1个频道中
Get PRO
十二月 '25
+57
在0个频道中
Get PRO
十一月 '25
+32
在0个频道中
Get PRO
十月 '25
+32
在0个频道中
Get PRO
九月 '25
+32
在0个频道中
Get PRO
八月 '25
+45
在0个频道中
Get PRO
七月 '25
+53
在0个频道中
Get PRO
六月 '25
+61
在0个频道中
Get PRO
五月 '25
+82
在0个频道中
Get PRO
四月 '25
+56
在0个频道中
Get PRO
三月 '25
+183
在0个频道中
Get PRO
二月 '25
+212
在0个频道中
Get PRO
一月 '25
+345
在0个频道中
Get PRO
十二月 '24
+223
在0个频道中
Get PRO
十一月 '24
+89
在0个频道中
Get PRO
十月 '24
+121
在0个频道中
Get PRO
九月 '24
+63
在0个频道中
Get PRO
八月 '24
+259
在2个频道中
Get PRO
七月 '24
+67
在0个频道中
Get PRO
六月 '24
+75
在0个频道中
Get PRO
五月 '24
+105
在1个频道中
Get PRO
四月 '24
+218
在1个频道中
Get PRO
三月 '24
+415
在1个频道中
Get PRO
二月 '24
+356
在1个频道中
Get PRO
一月 '24
+409
在1个频道中
Get PRO
十二月 '23
+207
在1个频道中
Get PRO
十一月 '23
+102
在1个频道中
Get PRO
十月 '23
+266
在1个频道中
Get PRO
九月 '23
+235
在0个频道中
Get PRO
八月 '23
+275
在0个频道中
Get PRO
七月 '23
+279
在0个频道中
Get PRO
六月 '23
+433
在0个频道中
Get PRO
五月 '23
+295
在0个频道中
Get PRO
四月 '23
+246
在0个频道中
Get PRO
三月 '23
+281
在0个频道中
Get PRO
二月 '23
+130
在0个频道中
Get PRO
一月 '23
+120
在0个频道中
Get PRO
十二月 '22
+118
在0个频道中
Get PRO
十一月 '22
+86
在0个频道中
Get PRO
十月 '22
+91
在0个频道中
Get PRO
九月 '22
+65
在0个频道中
Get PRO
八月 '22
+127
在0个频道中
Get PRO
七月 '22
+52
在0个频道中
Get PRO
六月 '22
+38
在0个频道中
Get PRO
五月 '22
+65
在0个频道中
Get PRO
四月 '22
+177
在0个频道中
Get PRO
三月 '22
+84
在0个频道中
Get PRO
二月 '22
+105
在0个频道中
Get PRO
一月 '22
+40
在0个频道中
Get PRO
十二月 '21
+69
在0个频道中
Get PRO
十一月 '21
+20
在0个频道中
Get PRO
十月 '21
+40
在0个频道中
Get PRO
九月 '21
+240
在0个频道中
日期
订阅者增长
提及
频道
28 九月+1
27 九月+1
26 九月+1
25 九月0
24 九月+1
23 九月0
22 九月0
21 九月+5
20 九月0
19 九月0
18 九月+2
17 九月0
16 九月0
15 九月0
14 九月0
13 九月0
12 九月+1
11 九月+2
10 九月+1
09 九月0
08 九月+1
07 九月0
06 九月0
05 九月0
04 九月0
03 九月0
02 九月+1
01 九月+1
频道帖子
АЛЛАХКА КАЙТ — ЭЙ, МОМУН! Аллах Таала мындай дейт: ﴿وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَا الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾ «Эй, момундар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла! Балким, ийгиликке жетерсиңер». (Нур сүрөсү, 31-аят) Бул — жөн гана буйрук эмес. Бул — Раббибиздин бизге болгон чексиз мээриминин чакырыгы. Күнөөгө баткан пендеге: «Сен бүттүң, сага жол жок» деп айтылган жок. Тескерисинче: «АЛЛАХКА КАЙТ!» — деп айтылды. Канча күнөө кылба, канча жолу жаңылба — эгер чын жүрөктөн Аллахка кайтып, тообо кылсаң, Аллахтын кечириминен үмүт үзбө. Аллах Таала мындай дейт: ﴿قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا﴾ «Айткын: “Эй, өздөрүнө каршы чектен чыккан пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Чындыгында, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет”.» (Зумар сүрөсү, 53-аят) Кандай гана күнөө болбосун, чын ыкластан кылынган тообо менен Аллахка кайтууга эшик ачык. Бирок адамдын эң чоң алдамчысы — «кийин тообо кылам» деген ой. «Дагы жашайм…» «Кийин намазымды оңдойм…» «Кийин күнөөнү таштайм…» «Карыганда тообо кылам…» Ал эми өлүмдүн качан келерин эч ким билбейт. Аллах Таала: ﴿وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّىٰ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ﴾ «Тообо — күнөөнү жасап жүрүп, өлүм келген кезде: “Эми тообо кылдым”, — дегендер үчүн эмес…» (Ниса сүрөсү, 18-аят) Ошондуктан тообону эртеңге калтырба. Бүгүн сенин жүрөгүң согуп турат. Бүгүн сенин тилиң «Астагфируллах» деп айта алат. Бүгүн сенин маңдайың саждага тийе алат. Бүгүн сен Аллахка кайта аласың. Эртеңчи? Аны сен билбейсиң. ⸻ АЛЛАХ ТОБА КЫЛГАН ПЕНДЕСИН СҮЙӨТ Аллах Таала: ﴿إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ﴾ «Чындыгында, Аллах көп тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт». (Бакара сүрөсү, 222-аят) Ойлонуп көр… Сен күнөө кылдың. Андан кийин өкүнүп, Аллахка кайтып келдиң. Аллах сени жөн гана кечирбестен, сени жакшы көрөрүн айтты. Демек, шайтан сени: «Сен өтө көп күнөө кылдың. Аллах сени кечирбейт» деп үмүтсүздүккө түртүп жатканда, сен Раббиңдин сөзүн бекем карман: «Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө». ⸻ ТОБОНУН ЭҢ КООЗ ЖЕРИ Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Аллах пендесинин тообосуна, силердин араңардан бирөө чөлдө төөсүн жоготуп алып, кийин аны таап алгандагы кубанычынан да көбүрөөк кубанат». (Сахих Муслим) Бул хадис Аллахтын пенделерине болгон ырайымын кандай гана күчтүү көрсөтөт! Сен Аллахка бир кадам менен кайтып барсаң, Раббиңдин ырайымы сен үчүн ачык. Ошондуктан: КҮНӨӨ СЕНИ АЛЛАХТАН АЛЫСТАТПАСЫН — КҮНӨӨ СЕНИ АЛЛАХКА КАЙТУУГА СЕБЕП БОЛСУН. Күнөө кылып алсаң — токто. Өкүн. Истигфар айт. Аллахка кайрыл. Күнөөнү ташта. Жана кайра башта. Эгер кайра жыгылып калсаң — кайра тур. Эгер кайра жаңылсаң — кайра тообо кыл. Анткени жеңилүү — жыгылып калуу эмес. Жеңилүү — жыгылгандан кийин Аллахка кайтуудан баш тартуу. ⸻ БИЗГЕ ЭМНЕ КАЛДЫ? Көп нерсе эмес. Бир гана — Аллахка кайтуу. Намазыбызды оңдойлу. Күнөөлөрүбүздү таштайлы. Бирөөнүн акысын жеген болсок — кайтаралы. Бирөөгө зулумдук кылсак — кечирим сурайлы. Жашыруун кылган күнөөлөрүбүз үчүн жашыруун көз жаш төгөлү. Аллах менен болгон мамилебизди оңдойлу. Анткени адамдан жашырылган нерсе Аллахтан жашырын эмес. Жана бир күнү бизге: «Эмнеге тообо кылбадың?» деп өкүнүп калбаш үчүн, бүгүн: «Оо, Аллах! Мен Сага кайттым» деп айтышыбыз керек. Аллах Таала бизге: ﴿وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَا الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾ деп кайрылууда. «ЭЙ, МОМУНДАР! БААРЫҢАР АЛЛАХКА ТООБО КЫЛГЫЛА! БАЛКИМ, ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕРСИҢЕР». Демек, чыныгы ийгилик — байлыкта гана эмес. Чыныгы ийгилик — Аллахка кайтып, Анын ырайымына жетүүдө. БҮГҮН ТОБОО КЫЛ. ЭРТЕҢГЕ КАЛТЫРБА. АЛЛАХКА КАЙТ. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF

2
没有文字...
664
3
ЖУБАЙЫҢДАН КЕМЧИЛИК ИЗДЕБЕ — ЖАКШЫЛЫГЫН КӨР Жубайыңдын кемчилигине эмес, сага кылган жакшылыгына кара. Балким, сен жактырбаган бир сыпатында Аллах сен билбеген чоң жакшылыкты жашыргандыр. Сабыр кыл, кечир жана жакшы мамиле кыл. Анткени бактылуу үй-бүлө — бири-биринин кемчилигин санаган жерде эмес, жакшылыгын көрүп, сабыр кылган жерде курулат. Бул тууралуу Аллах Таала айтат: «…Аялдар менен жакшы мамиледе болгула. Эгер аларды жактырбай калсаңар да, сабыр кылгыла. Анткени силер жактырбаган нерседе Аллах көп жакшылык кылып койгон болушу мүмкүн.» Куран, Ниса сүрөсү 29-аят. Кээде бир үйдө жашап жүрүп, бири-бирибиздин жакшылыгыбызга эмес, кемчилигибизге көбүрөөк карап калабыз. Кечээ сүйүп караган адамыбыздын бүгүн бир сөзү көңүлүбүздү оорутат. Анын бир кемчилиги көзгө чоң көрүнүп, биз үчүн кылган жүздөгөн жакшылыгы унутулуп калат. Ошол учурда шайтан жүрөккө: «Сен мындай адам менен кантип жашайсың?» — деген ойлорду салат. Бирок момун адам токтойт… Жана Аллахтын ушул сөзүн эстейт: «Силер жактырбаган нерседе Аллах көп жакшылык кылып койгон болушу мүмкүн.» Сен анын жүрөгүндө эмне бар экенин толук билбейсиң. Сен бүгүн жактырбаган мүнөзүң эртең сен үчүн кандай жакшылыкка себеп болорун билбейсиң. Сен анын бир кемчилигин көрдүң — бирок Аллах сен көрбөгөн көптөгөн жакшылыктарды билет. Ошондуктан жубайыңдын бир кемчилиги үчүн анын бардык жакшылыгын өчүрүп салба. СЕН ДА КЕМЧИЛИКСИЗ ЭМЕССИҢ. Сен да кээде катуу сүйлөйсүң. Сен да жаңыласың. Сен да түшүнбөй каласың. Сен да кечиримге муктажсың. Анда эмне үчүн өзүңө кечирим каалап туруп, жубайыңдан кечиримди аяйсың? Үй-бүлөдө кээде «мен туура болдум» деп жеңгенден көрө, «үй-бүлөм сакталсын» деп кечирген жакшы. Кээде жооп кайтарбай унчукпай коюу — алсыздык эмес. Кээде биринчи болуп кечирим суроо — намысты түшүрүү эмес. Кээде жубайыңдын кемчилигине көз жумуу — жеңилүү эмес. БУЛ — ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТОО ҮЧҮН САБЫР. Эсиңде болсун: СЕН ЖУБАЙЫҢДЫ ТАНДАГАНДА АНЫН КЕМЧИЛИКСИЗ БОЛУШУН ЭМЕС, АНЫ МЕНЕН ӨМҮР ЖОЛУН БИРГЕ УЛАНТУУНУ ТАНДАГАНСЫҢ. Ошондуктан ар бир кемчиликтен кийин ажырашууну ойлобо. Адегенде сабыр кыл. Жакшылыгын эстеп көр. Аллахтан жардам сура. Анткени сен бүгүн «эмнеге мындай?» деп ыйлап жаткан нерсеңдин артында, балким, эртең «Аллахым, ушул адамды мага бергендигиң үчүн Сага шүгүр» деп айта турган чоң жакшылык бардыр. СЕН БИЛБЕЙСИҢ. АЛЛАХ БИЛЕТ. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 274
4
👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 039
5
ҮЙ-БҮЛӨ – КӨЗДҮН КУБАНЫЧЫ ЖАНА ТАКЫБАЛЫКТЫН МЕКТЕБИ Ыйык Курандын Фуркан сүрөсүнүн 74-аяты – ар бир мусулмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан, үй-бүлө куруунун жана урпак тарбиялоонун эң бийик максатын көрсөткөн улуу дуба. Бул аятта Аллахтын сүйүктүү пенделеринин сыпаттары айтылып, алар Аллахтан эмнени тилээрин баяндап мындай дейт: «Алар: “Оо, Раббибиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл!” — дешет». 📖 Куран, Фуркан, 74. Аяттын өзөгүн эки улуу маани түзөт: 1️⃣ «Көзүбүзгө кубаныч тартуула»: Бул жөн гана сулуулук же дүйнөлүк ийгилик эмес. Чыныгы «көздүн кубанычы» – жубайыңдын жана балдарыңдын Аллахка моюн сунуп, түз жолдо жүргөнүн көрүү. Үйгө киргенде сени мээрим менен тосуп алган жубай, сага карап жылмайган, адептүү, намазкөй перзент – бул дүйнөдөгү эң чоң бакыт жана жүрөктүн бейпилдиги. 2️⃣ «Бизди такыбалар үчүн үлгү кыл»: Бул жерде мансап же атак-даңк суралган жок. Бул – жакшылыкта, такыбалыкта жана адилеттүүлүктө алдынкылардан болууну тилөө. Жубайына үлгү болгон күйөө, балдарына өрнөк болгон ата-эне гана коомду оңдой алат. Эгер биз үйдө такыбалыктын үлгүсү болсок, артыбыздан ээрчиген урпак да түз жолдон адашпайт. Бул аят бизди жөн гана дуба кылып отура бербей, ошол дубага татыктуу болууга чакырат. Себеби, көздүн кубанычы болгон үй-бүлө – бул чоң эмгектин, сабырдын жана мээримдин жемиши. Жубайыбызга сыймык, балдарыбызга үлгү бололу, ошондо үйүбүз бейиштин бир бурчуна айланат. Бул аят — жөн гана тилек эмес, бул кыяматка чейин жашай турган момундун жүрөк кагышы. Бул дубаны кылган пенде Жараткандан мындай деп сурап жатат: «Оо, Раббим! Бул дүйнөнүн ысык аптабындай болгон сыноолорунда, менин үй-бүлөм жаныма салкындык, жүрөгүмө тынчтык берсин. Аларды көргөндө көзүмдөн кубанычтын жашы аксын». Аяттын бизди титиреткен ачуу чындыгы ушунда: 1) Жан дүйнө бейпилдиги: Дүйнөнүн бүт байлыгын бутуңдун астына жыйып койсо да, үйүңдө мээрим менен ыйман болбосо, ал үй — алтын капас. Балаңдын сага кылган кызматы эмес, анын Аллахка кылган ибадаты гана сенин көзүңдү кубанта алат. 2) Түбөлүк өрнөк болуу: «Бизди такыбаларга лидер (үлгү) кыл» деген сөз, мансап талашуу эмес. Бул — «Менин артымда кала турган изим ушунчалык таза болсун, атүгүл мени көрбөй калган урпактарым да менин баскан жолум менен сыймыктанып, Сени тапсын» деген сөз. Биз балдарыбыздын чөнтөгүн дүйнө менен толтурууга шашылып, жүрөгүн ыйман менен толтурууну унутуп жатабыз. Бул аят — бизге эскертүү. Эгер сен артыңда такыба коом калтыргың келсе, анда алгач өзүң жубайыңдын көзүнүн кубанычы, балаңдын өмүрлүк үлгүсү бол. Дуба — бул аракеттин башталышы. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев
1 559
6
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 254
7
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ﷺ ТУУЛГАН КҮНҮН (МАВЛИДДИ) МАЙРАМДОО — БИДААТ ЖАНА АРАМ Эй, мусулмандар! Пайгамбарыбыздын ﷺ туулган күнүн ма
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ﷺ ТУУЛГАН КҮНҮН (МАВЛИДДИ) МАЙРАМДОО — БИДААТ ЖАНА АРАМ Эй, мусулмандар! Пайгамбарыбыздын ﷺ туулган күнүн майрамдоо — бир нече жагынан жалган, динде негизи жок жана арам иш: 1️⃣ Бул — диндеги бидаат. Ар бир бидаат — адашуу. Аны туура деп эсептегендер шарияттан буга далил келтире алышпайт. 2️⃣ Бул — христиандардын Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоосуна окшоштук. Ал эми бизге аларга окшошууга тыюу салынган. 3️⃣ Мавлид мааракесинде көп учурда ар кандай арам иштер жана күнөөлөр жасалат. Эң чоң күнөөлөрдүн бири — ширк. Пайгамбарга ﷺ жалбарып, андан жардам сурашат. Ошондой эле ширкке толгон ырларды, мисалы, «Касыда Бурда» ж.б. окушат. 4️⃣ Исламда болгону эки гана майрам бар: Орозо айт жана Курман айт. Ким үчүнчү майрамды ойлоп тапса, анда ал Ислам динине кирбеген нерсени ага кошкон болот. 📚 Шейх Салих Фаузан: «Хутбалар жыйнагы», 1-том. من كتاب الخطب المنبرية / ج 1 ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 653
8
АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ — АЛЛАХТЫ ЭСКЕ АЛ Кээде адамды бирөөнүн сөзү оорутат. Кээде жакын адамың көңүлүңдү калтырат. Кээде сага адилетсиздик кылышат. Ошол учурда жүрөк: «Жооп бер! Сен да анын көңүлүн оорут!» — деп түртүшү мүмкүн. Бирок Аллах Таала бизге мындай жолду үйрөттү: «Кечиримдүүлүктү карман, жакшылыкка буйру жана наадандардан жүз бур». Бул — алсыздыктын белгиси эмес. Тескерисинче, өз ачуусун жеңе алган адамдын күчү. Ар бир сөзгө жооп берүү шарт эмес. Ар бир талашка кирүү зарыл эмес. Кээде эң чоң жеңиш — жооп бере ала туруп, жооп бербей коюу. Кээде унчукпай коюу — жүрөктү күнөөдөн сактаган эң туура чечим. Бирок адамдын жүрөгү алсыз. Ошондуктан кийинки аятта Аллах Таала бизге эскертет: «Эгер шайтан тарабынан сага кандайдыр бир азгырык келсе, анда Аллах менен сактан. Чындыгында, Ал — Угуучу, Билүүчү». Анткени адамды ачуулантып, кечирбөөгө, өч алууга жана талашты күчөтүүгө түрткөн нерселердин артында шайтандын азгырыгы болушу мүмкүн. Ибн Касир (рахимахуллах) бул аятты түшүндүрүп жатып, шайтан адамды ачуулантып, наадандын жоругуна сабыр кылуудан жана аны кечирүүдөн тосууга аракет кыларын айтат. Ошондуктан ачууланганда дароо жооп бербей: «Аъузу билляхи минаш-шайтанир-ражим» деп, Аллахка баш калкалайлы. Сенин жүрөгүңдү ким оорутканын Аллах билет. Сенин айтылбай калган сөздөрүңдү да Аллах билет. Сенин сабырыңды да Аллах көрөт. Ошондуктан ар бир таарынычты өч алуу менен эмес, сабыр менен жең. Ар бир жаман сөзгө жаман сөз менен жооп бербе. Ар бир наадан менен талашпа. Ар бир ачууну жүрөгүңө киргизбе. Кечиримдүүлүктү ал. Жакшылыкка буйру. Наадандардан жүз бур. Ал эми шайтан сени азгырууга аракет кылса — Аллах менен сактан. Анткени кээде адамды жеңүү — аны жооп сөз менен басынтуу эмес. Чыныгы жеңиш — өзүңдүн ачууңду жеңүү. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 639
9
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 262
10
«ИНША АЛЛАХ» ДЕП АЙТУУНУ УНУТПА! «Инша Аллах» деп айтуунун мааниси жана сабагы тууралуу Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: «Сулайман ибн Дауд : “Бүгүн түнү жүз аялымдын же токсон тогуз аялымдын баарына барам. Алардын ар бири Аллахтын жолунда согуша турган бирден жоокер төрөйт”, — деп ант берди. Ошондо анын жанындагы адам ага: “Инша аллах (Аллах кааласа), деп айт”, — деди. Бирок Сулайман (алейхиссалам) «инша аллах» деп айтпай койду. Натыйжада аялдарынын эч бири кош бойлуу болгон жок. Алардын ичинен бир гана аял бала төрөдү. Бирок анын баласы толук калыптанбаган, денесинин бир бөлүгү кем төрөлдү. Аллахтын Элчиси ﷺ: “Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Эгер ал “инша аллах” дегенде, алардын баары Аллахтын жолунда атчан жоокерлер болуп согушмак”, — деди». Бул хадисти имам Бухари жана имам Муслим риваят кылышкан. Башка риваяттарда: «Алардын ичинен бирөө гана толук эмес, денесинин бир тарабы жок бала төрөдү», — деп айтылат. Дагы бир риваятта: «Алардын эч бири бала төрөгөн жок, бир гана аял жарым адамга окшош бала төрөдү», — деп келген. ХАДИСТЕГИ АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН МААНИСИ «Бүгүн түнү жүз аялымдын баарына барам» деген сөз — Сулайман (алейхиссалам) бир түндө аялдарынын баары менен жакындык кыларын билдирет. «Толук эмес төрөлгөн бала» деген — дене түзүлүшү толук калыптанбаган, кем төрөлгөн бала дегенди билдирет. ОКУЯНЫН МААНИСИ Сулайман (алейхиссалам) — Аллах тарабынан жиберилген пайгамбар жана адилеттүү падыша болгон. Аллах Таала ага жер жүзүндө чоң бийлик берип, өзгөчө падышалык тартуулаган. Аллах ага шамалды, жиндерди, куштарды жана башка көптөгөн нерселерди баш ийдирген. Мындай бийлик ага чейин да, андан кийин да эч кимге берилген эмес. Бирок Сулайман (алейхиссалам) бул чоң бийликти жөн гана дүйнөлүк байлыкка, атак-даңкка же жеке кызыкчылыкка жетүү үчүн каалаган эмес. Анын максаты — Аллахтын өкүмдөрүн жер жүзүндө орнотуу, Анын сөзүн бийик кылуу, Аллахтын жолунда күрөшүү жана адамдарга акыйкатты жеткирүү болгон. Бул хадистеги окуя да Сулайман (алейхиссаламдын) жүрөгүндө Аллахтын жолунда күрөшүүгө болгон чоң каалоо болгонун көрсөтөт. Ал бир күнү аялдарынын ар биринен бала төрөлүп, аларды туура тарбиялап, эр жүрөк, күчтүү жоокер кылып өстүрүүнү жана Аллахтын жолунда кызмат кылышын каалап, бир түндө жүз аялынан бала болорун айтты. Ошондо жанындагы адам ага: «Инша аллах деп айт», — деп эскертет. Бирок Сулайман (алейхиссалам) бул сөздү айтууну унутуп койот. Кийин Аллахтын каалоосу менен аялдарынын ичинен бир гана аял бала төрөдү. Бирок ал бала толук калыптанбаган абалда төрөлдү. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ бул окуяга байланыштуу: «Эгер Сулайман “инша аллах” дегенде, анын каалоосу ишке ашып, аялдарынын баары Аллахтын жолунда күрөшө турган атчан жоокерлерди төрөмөк», — деп айтат. ОКУЯДАН АЛЫНУУЧУ САБАКТАР Бул хадисте көптөгөн пайдалуу сабактар бар. Биринчиси — бардык иштерди Аллахтын каалоосуна байланыштыруу. Адам келечекте бир ишти жасоону ниет кылганда: «Муну эртең кылам», «муну сөзсүз жасайм», — деп кескин түрдө айтпастан: «Инша аллах» — «Аллах кааласа», — деп айтышы керек. Анткени адам бир нерсени каалайт, пландайт жана аракет кылат. Бирок анын ишке ашышы Аллахтын каалоосуна байланыштуу. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: ﴿وَلَا تَقُولَنَّ لِشَيْءٍ إِنِّي فَاعِلٌ ذَٰلِكَ غَدًا ۝ إِلَّا أَن يَشَاءَ اللَّهُ﴾ «Эч нерсе жөнүндө: “Мен муну эртең сөзсүз жасайм”, — дебе. “Аллах кааласа”, — деп айт». (Кахф сүрөсү, 23–24-аяттар) Пайгамбарыбыз ﷺ да өз сөздөрүндө көп учурда иштерди Аллахтын каалоосуна байланыштырып айткан. Мисалы: «Инша аллах, Курайш менен согушамын», — деген. Ошондой эле Табук согушунда сахабаларына: «Инша аллах, силер эртең Табуктун булагына жетесиңер», — деген. Бул бизге «инша аллах» — жөн гана тилге көнүп калган сөз эмес, жүрөктөгү Аллахка болгон көз карандылыктын белгиси экенин үйрөтөт. Адам себептерди кылат, пландайт, аракет кылат. Бирок натыйжаны Аллах берет. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 513
11
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 077
12
Аль-кахф сүрөсү 24-айат إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ وَاذْكُرْ رَبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلْ عَسَىٰ أَنْ يَهْدِيَنِ رَبِّي لِأَقْرَبَ مِنْ هَٰذَا رَشَدًا «Аллах кааласа (жасаймын)», - дегин. Эгер унутуп калсаң, Эгеңди эстээриң менен: «Эгем мени мындан да тууралыкка жакыныраак жолго салууңдан үмүткөрмүн», - деп айткын.
202
13
ШАЙТАНДЫН КЫЯМАТТАГЫ АЛДООСУ ЖАНА КЕЧ КАЛГАН ӨКҮНҮЧ Кыямат күнү эсеп-кысап бүтүп, тозоктуктар тозокко, бейиштиктер бейишке бөлүнүп жаткан эң оор көз ирмемде, шайтан өзүнүн убадаларына ишенип, артынан ээрчиген адамдардын алдына чыгып «кутба (кайрылуу)» кылат. Бул тууралуу Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт: «Иш бүткөндөн кийин шайтан айтат: “Чындыгында, Аллах силерге акыйкат убада берген. Мен да силерге убада берип, бирок убадамды аткарбай калдым. Негизи, менин силердин үстүңөрдөн (күч менен баш ийдире турган) эч кандай бийлигим жок эле. Болгону мен силерди (азгырдым) чакырдым, силер болсо менин (азгырыгыма) чакырыгыма жооп бердиңер. Ошондуктан мени жемелебестен, өзүңөрдү жемелегиле. Мен силерди куткара албайм, силер да мени куткара албайсыңар…”» (Ибрахим сүрөсү, 22-аят). Бул улуу аят Курандагы эң таасирдүү жана коркунучтуу абалдардын бирин сүрөттөйт. Ал убакта шайтан өзүнүн артынан ээрчигендердин баарын таштап, качып кетет. Бул аяттын негизинде төмөнкү маанилүү далилдерди жана сабактарды билүүбүз зарыл: 1. Шайтандын бийлиги жок, ал тек гана азгырат Аяттан көрүнүп тургандай, шайтан адамды күнөө кылууга күч менен мажбурлай албайт. Ал болгону жаман ишти кооздоп көрсөтүп, сунуштайт. Тандоо жана каалоо — адамдын өзүндө. • Ибн Касир бул аяттын тафсиринде: «Шайтан күнөөкөрлөрдүн өкүнүчүн дагы да арттыруу үчүн ушул сөздөрдү айтат. Ал өзүн актап, күнөөнү адамдардын өзүнө оодарат», — деп жазган. 2. Күнөө үчүн жоопкерчилик ар бир адамдын өзүндө Шайтандын «мени эмес, өзүңөрдү жемелегиле» дегени — кыяматта эч ким өз күнөөсүн башкага (ал тургай шайтанга да) жүктөй албастыгынын далили. Ар бир инсан кылган ишине өзү жооп берет. • Бул тууралуу башка аятта да эскертилет: «Ар бир жан өзү кылган ишинин барымтасында калат» (Муддассир сүрөсү, 38-аят). 3. Шайтандын убадасы — жалган, Аллахтын убадасы — акыйкат Шайтан бул дүйнөдө адамдарга «кийин тообо кыласың», «өмүрүң узун», «бул күнөөдөн эч нерсе болбойт» деп жалган убадаларды берет. Бирок кыяматта өзүнүн жалганчы экенин моюнга алат. • Куранда айтылат: «Шайтан аларга убада берет жана үмүттөндүрөт. Бирок шайтандын берген убадалары курулай алдоодон башка эч нерсе эмес» (Ниса сүрөсү, 120-аят). Кыскача: Бул аят — тирүүлүктө шайтандын тузагына түшпөй, өзүбүздү түзөөгө берилген чоң эскертүү. Кыямат күнү азаптуу өкүнүчтө калбаш үчүн, бүгүн шайтандын чакырыгына эмес, Аллахтын жана Анын Элчисинин акыйкат чакырыгына кулак кагышыбыз керек. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев
1 633
14
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 424
15
ЖҮРӨГҮҢ ТАШКА АЙЛАНЫП КАЛГАН ЖОКПУ? Ааламдардын раббиси болгон Улуу Аллах Таала Өзүнүн Сөзүндө адам баласынын эң назик, ошол эле учурда эң кооптуу мүчөсү болгон жүрөк тууралуу эскертет. Куранда мындай бир касиеттүү аят бар: «…СИЛЕРДИН ЖҮРӨГҮҢӨР ТАШ СЫЯКТУУ ЖЕ АНДАН ДА КАТУУРААК БОЛУП КАЛДЫ. АНТКЕНИ ТАШТАРДЫН АРАСЫНАН СЫЗЫЛЫП АГЫП ЧЫККАН БУЛАКТАР БАР, АЛАРДЫН АРАСЫНДА ТАШТЫ ЖАРЫП ЧЫККАНДАРЫ ЖАНА АЛЛАХТАН КОРККОНУНАН ТӨМӨН КУЛАП АККАНДАРЫ ДА БАР. АЛЛАХ СИЛЕРДИН ЖАСАП ЖАТКАНЫҢАРДАН ЭЧ КАЧАН КАБАРСЫЗ ЭМЕС». (Бакара сүрөсү, 74-аят) Бул аят – жөн гана тарых эмес. Бул – бүгүнкү күндүн, ар бир доордун жана ар бир инсандын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Келиңиздер, бул улуу аяттын тереңине чогуу сүңгүп көрөлү. Аллахтын астында эриген таштар Жаратуучу Аллах бул аятта табияттын эң катуу, эң туруктуу затын – ташты мисал келтирет. Бирок, таң калыштуусу, ошол биз «жансыз, катуу» деп билген таштардын үч түрлүү касиетин ачып берет: Өмүр берүүчү таштар: Кээ бир таштар бар, алардын кучагынан адамдарга, жан-жаныбарларга өмүр тартуулаган тунук булактар сызылып агып чыгат. Эрки күчтүү таштар: Кээ бир таштар жарылып, ичинен улуу дарыялар оргуп чыгат. Алар айланасына береке чачат. Моюн сунган таштар: Ал эми үчүнчү түрү – Аллахтын улуулугунан, Ошол Жаратуучудан коркконунан бийик тоолордон төмөн карай кулап түшкөн таштар. Караңызчы, биз жансыз деп ойлогон таш дагы өзүн Жараткан Аллахтын улуулугун сезет, Анын астында титирейт жана моюн сунат! Таштан да катуу жүрөктүн трагедиясы Аяттын эң коркунучтуу жана ойлондурган жери – адамдын жүрөгүнүн таштан да катуу болуп калышы. Эмне үчүн таштан да катуу? Анткени эң катуу таш дагы суу менен жибийт, Аллахтын улуулугунан тоголонуп кулайт. Ал эми катып калган адамдын жүрөгүнө Курандын аяттары да, жашоонун сыноолору да, өлүмдүн акыйкаты да таасир этпей калат. Мындай жүрөк: Күнөө кылганда өкүнбөйт; Башкалардын кайгысын көргөндө сыздабайт; Жакшылыкка кубанбайт, жамандыктан тыйылбайт. Бул – адамдык касиеттин жоголушу. Жүрөктүн мындай абалга келиши – инсан үчүн эң чоң кырсык жана эң жаман оору. Анткени катып калган жүрөк Раббисинен алыстайт. Жүрөктү эмне таш кылат? Жүрөк бир заматта ташка айланбайт. Ал акырындап, байкатпай катат. Буга адамдын өзүнүн кылган амалдары себеп болот: Токтоосуз жасалган күнөөлөр: Ар бир күнөө жүрөккө түшкөн кара так. Ал тазаланбаса, убакыттын өтүшү менен жүрөктү бүтүндөй каптап, катырып салат. Аллахты унутуу (Гафлат): Жашоонун убактылуу убарасына берилип, Жаратуучуну эстебей калуу жүрөктүн өлүмүнө алып келет. Ач көздүк жана дүйнө кумарлыгы: Дүйнөнү гана ойлоп, акыретти унутуу сезимдерди соолутат. Үмүт жана Эскертүү Аяттын аягында Аллах Таала: «Аллах силердин жасап жатканыңардан эч качан кабарсыз эмес», — деп эскертет. Биздин ар бир соккон жүрөгүбүз, ички ниетибиз, жашыруун кылган ишибиз Аллахка белгилүү. Бирок бул аят бизди үмүтсүздүккө эмес, ойгонууга чакырат. Эгер жүрөгүбүз катып баратканын сезсек, анда ага «ыклас суусун» куюунун убактысы келди. Көз жаш менен кылынган тообо, Аллахты эстөө (зикир) жана Куран окуу – эң катуу жүрөктү да жибитип, андан ыймандын булактарын агызып чыгууга кудуреттүү. Оо, Аллах! Жүрөгүбүздү Өзүңдөн корккон, Сенин аяттарыңды укканда титиреген жана Сага гана моюн сунган жумшак, тирүү жүрөктөрдөн кыла көр! ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 934
16
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 391
17
КАЧУУГА МҮМКҮН БОЛБОГОН АКЫЙКАТ: ӨЛҮМ ЖАНА АНДАН КИЙИНКИ УЛУУ ЭСЕП Ар бир тирүү адамдын жүрөгүн титиреткен, ошол эле учурда бул дүйнөнүн убактылуу экенин эң таамай эскерткен бир чындык бар. Ал — өлүм. Бул тууралуу Аллах Таала Ыйык Курандын Жума сүрөсү, 8-аятында адамзатка мындай деп кайрылат: «قُلْ إِنَّ الْمَوْتَ الَّذِي تَفِرُّونَ مِنْهُ فَإِنَّهُ مُلَاقِيكُمْ ۖ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ» «Айткын: "Силер качып жаткан өлүм сөзсүз силерге жолугат. Андан соң силер кайыпты да, көрүнгөндү да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар. Ошондо Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабар берет"». Бул аят — тек гана эскертүү эмес, бул адам баласынын жашоосундагы эң улуу мыйзам ченемдүүлүктү ачып берген илахий акыйкат. 1. Өлүм артыбыздан куубайт, ал алдыбыздан тосот Аалымдар аяттагы «ал силерге жолугат» деген сөздүн маанисине абдан терең көңүл бурушкан. Кадимки жашоодо адам бир нерседен качса, андан узакташат. Ал эми өлүмдөн канчалык качпайлы, биз андан узактабастан, тескерисинче, ага жакындап бара жатабыз. Улуу тафсирчи аалым Имам Ибн Касир бул тууралуу мындай дейт: «Өлүм адамдын артынан куубайт, ал алдынан тосуп чыгат. Силердин ар бир таштаган кадамыңар өлүмдөн качуу эмес, тескерисинче, өлүмгө жакындашуу болуп саналат». Курандын башка аятында да бул маани бекемделет: «Кайда гана болбогула, атүгүл бекем курулган чептердин ичинде болсоңор да, өлүм силерди таап алат» (Ниса сүрөсү, 78-аят). Демек, заманбап медицина, коопсуздук чаралары же байлык адамдын өмүрүн бир секундга да узарта албайт. 2. Саляфтардын жүрөгүн титиреткен сурак Аяттын экинчи бөлүгүндө: «Андан соң силер кайыпты да, көрүнгөндү да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар» деп айтылат. Ислам тарыхындагы алгачкы такыба муундар (саляфтар) бул сөздөрдү окуганда денеси титиреп, өздөрүнө эсеп берип башташкан. Имам ат-Табари бул аятты чечмелеп: «Бул дүйнөгө берилип, кылган күнөөлөрү үчүн жооп берүүдөн коркуп, өлүмдү жек көргөндөр баары бир Билүүчүгө кайтарылат», – деп эскертет. Аллах пенделердин көзгө көрүнгөн ачык иштерин гана эмес, жүрөктүн түпкүрүндөгү эч ким билбеген сырларды, ниеттерди да билет. Али ибн Абу Талиб (радиаллаху анху) өмүр менен өлүмдүн байланышын мындай деп түшүндүргөн: «Адамдын ар бир дем алганы — анын өлүмгө карай таштаган кадамы». Жыйынтык: Бул аят бизди эмнеге чакырат? Жума сүрөсү, 8-аят — бул адамды үмүтсүздүккө же кайгыга салуучу аят эмес. Бул — ойгонуу аяты. Ал бизди өлүмдөн коркуп, андан качуунун ордуна, өлүмдөн кийинки улуу суракка даярдык көрүүгө чакырат. Улуу аалым Абдуррахман ас-Саади айткандай, баарыбыз бир күнү Аллахтын алдына барабыз жана Ал бизге кылган ар бир кичинекей же чоң, жакшы же жаман ишибиздин эсебин көрсөтөт. Ошондуктан, бүгүнкү өткөн ар бир күнүбүз, ар бир демибиз — акыретке жакшы амалдарды камдап алуу үчүн берилген акыркы мүмкүнчүлүк. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 959
18
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 241
19
КЫЯМАТ КҮНҮ — АР БИР ИНСАН ӨЗҮ МЕНЕН АЛЕК БОЛГОН КҮН Кээде адам дүйнөдө: «Мен жалгыз калсам эмне болот?» деп коркот. Бирок Куран бизге андан да оор болгон бир күндү эскертет. Ал — Кыямат күнү. Ал күнү адам бүгүн өзүнө эң жакын болгон адамдардан да качат. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: «Ал күнү инсан өз бир тууганынан качат, өз энесинен жана өз атасынан, өзүнүн өмүрлүк жарынан жана балдарынан да качат. Ал күнү алардын ар бирине өз түйшүгү жетиштүү болот». («Абаса» сүрөсү, 34–37-аяттар) Ойлонуп көрөлү… Дүйнөдө сен үчүн жанын бергендей болгон ата-энең бар. Сени менен бир үйдө жашаган жубайың бар. Кучагыңа алып өстүргөн балдарың бар. Кыйынчылыкта жаныңдан табылган бир туугандарың бар. Бирок ошол күнү адам алардын эч бирине карап: «Мага жардам бер!» деп кайрыла албай калат. Анткени ар бир адамдын өзүнүн эсеби, өзүнүн коркунучу болот. АЛ КҮНДӨН БҮГҮН КОРГОНУУ КЕРЕК Адам дүйнөдө көп нерсени унутуп коёт. Намазды кечиктирет. Тообону кийинкиге калтырат. Күнөөнү кичинекей деп эсептейт. Бирөөнүн акысын жейт. Ата-энесин капа кылат. Жубайына зулум кылат. Бирөөнү ушактайт. Көзүн харамдан сактабайт. Анан: «Кийин тообо кылам» дейт. Бирок «кийин» деген убакыт бизге кепилденген эмес. Аллах Таала башка бир аятта мындай дейт: «Эй ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана ар бир жан эртеңки күнгө эмне даярдаганына карасын». Куран, Хашр сүрөсү, 18-аят. Демек, акылдуу адам Кыямат күнүн күтүп олтура бербейт. Ал бүгүн даярданат. БҮГҮН СЕНИН ЖАНЫҢДА БОЛГОНДОР — АЛ КҮНДӨ СЕН ҮЧҮН ЖЕТИШТҮҮ БОЛБОЙТ Ата-энең сени сүйүшү мүмкүн. Жубайың сени сүйүшү мүмкүн. Балдарың сени жакшы көрүшү мүмкүн. Бирок булардын баары Аллахтын алдында сенин ордуңа эсеп бербейт. Аллах Таала: «Эч бир адам башка бирөөнүн жүгүн көтөрбөйт». Куран, Анъам:164. Ошондуктан бүгүн өзүбүзгө эң маанилүү суроону беришибиз керек: Мен ошол күнгө эмне даярдадым? Канчалаган күнөөлөрүм бар? Канча намазым бар? Кимдин акысын жедим? Кимди таарынттым? Кимге зулум кылдым? Кимден кечирим сурашым керек? Аллах менен болгон мамилем кандай? Кыямат күнү оор болот. Бирок Аллахтын ырайымынан үмүт үзүүгө болбойт. Пайгамбарыбыз ﷺ Кыямат күнү Аллах Өзүнүн көлөкөсүнө калкалай турган жети топ адамды айткан. Алардын арасында Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш, жүрөгү мечитке байланган адам, жашыруун садака берген адам, ошондой эле жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнө жаш алган адам бар. Демек, бүгүнкү жалгыздыгыңда Аллахты эстеп төгүлгөн бир тамчы жаш эртең сен үчүн чоң куткарууга себеп болушу мүмкүн. Бүгүн эч ким көрбөгөн жерде окуган эки рекет намазың эртең сага пайда бериши мүмкүн. Бүгүн жашыруун берген садакаң эртең сен үчүн көлөкө болушу мүмкүн. Бүгүн эч ким билбеген күнөөңдү таштап, «Оо, Раббим, мени кечир» деп тообо кылышың — эртең сенин куткарылышыңа себеп болушу мүмкүн. АЛ КҮНДӨ АДАМГА ЭҢ КЕРЕКТҮҮ НЕРСЕ — АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫ Пайгамбарыбыз ﷺ билдирген хадисте Кыямат күнү Аллах Өзүнүн көлөкөсүнө жети түрдүү адамды калкалай турганын айткан. Ошондуктан бүгүн үйүбүзгө, кийимибизге, мал-мүлкүбүзгө, адамдардын биз жөнүндө эмне деп ойлогонуна кам көрбөйлү. Жүрөгүбүзгө кам көрөлү. Анткени бир күнү бул дүйнөдөгү бардык нерсе артта калат. Үй калат. Мал калат. Достор калат. Туугандар калат. Жада калса адамдын эң жакындары да өз түйшүгү менен алек болот. Сен болсо Аллахтын алдына жалгыз барасың. Ошол күнгө чейин сенде бир гана мүмкүнчүлүк бар: Бүгүн намазыңды оңдо. Бүгүн күнөөңдү ташта. Бүгүн ата-энеңдин көңүлүн ал. Бүгүн бирөөнүн акысын жеген болсоң, кайтар. Бүгүн Аллахка чын жүрөктөн тооба кыл. Анткени эртең келгенде «дагы бир күн берсең, оңолмокмун» деп айтууга мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн. Аллах Таала Куранда Кыямат күнүндөгү адамдардын эки түрдүү абалын сүрөттөп, айрым жүздөрдүн жарык, күлүп-кубанып турарын, ал эми башка жүздөрдү чаң басып, караңгылык каптай турганын айтат. Аллахым, ошол күнү жүзүбүздү жарык кыл. Аллахым, эсеп-китебибизди жеңил кыл. Аллахым, бизди Өзүңдүн көлөкөңө калкаланган пенделерден кыл. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 709
20
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF
1 142