УТРК News
前往频道在 Telegram
УТРК – Күндүн маанилүү саясий, экономикалык, маданият, спорт, музыкалык ж.б. ыкчам так маалыматтарды чагылдырган маалымат булагы. Биздин веб сайт: https://www.utrk.kg
显示更多2 982
订阅者
-124 小时
-127 天
+4130 天
帖子存档
2 982
Кечээги таштанды полигону, бүгүн жарык өндүргөн завод
Бишкектеги эң чоң таштанды полигонунун ордунда азыр таштандыны электр энергиясына айландырган заманбап завод иштөөдө.
Бул жерде дээрлик 8 ай аралыгында 257 миң тонна катуу тиричилик калдыгы кайра иштетилди. Натыйжада 136 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлдү. Эми бул ири долбоордун экинчи этабы да башталды.
Анда суткасына 2000 тоннага чейин таштанды кайра иштете турган экинчи блок жана кубаттуулугу 60 мегаватт болгон заманбап энергетикалык комплекс курулат.
Ал ишке берилгенден кийин завод жылына болжол менен 307 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Бул 100 миңге жакын үйдү электр энергиясы менен камсыз кылууга жетиштүү болот.
2 982
AQP_D81WB8hLU5cgbBJqz0sFJWaR-VQDDZQ6qii6__qaWXoAHQGlBHhPNGoplP8L2-QrzWXkUv-7_b37NNgtJB8vFqECS9c_MF2NuH-BCaqT6Q (1).mp4
2 982
Жоламан Шаршенбеков жаракатынан кийин килемге кайтып, алгачкы беттештерин жеңди
Балбан Улан-Батордогу рейтингдик мелдеште алгач ирандык Эрфан Жарканини, андан кийин индиялык Санни Кумарды 5:1 эсебинде жеңди.
