Лâ Адри (لَا أَدْرِي)
الذهاب إلى القناة على Telegram
Уктап жаткандарды ойготуу үчүн гана эмес, ойгокмун деп ойлоп жүргөндөр терең уйкуда экенин билдирүү үчүн!
إظهار المزيد498
المشتركون
لا توجد بيانات24 ساعات
-47 أيام
-1630 أيام
أرشيف المشاركات
Жигиттер, кыздар!
Баарыбыз Кыргызстандын жаштарыбыз. Келечек чын эле жаштардын колундабы?
Ооба, келечек биздин колдо. Буга чындап ишенгиле, ар бирибиз коомго таасир эте ала турган адам боло алабыз. Улуу муундан үмүттү үзгүлө болду. Мындан бул жагына ар бирибиз жоопкерчиликти өз колубузга алышыбыз керек. Бул убакка чейин ишенип жүргөн аалымдарга, күчтүү деп ойлогон адамдарга таянууну, ошолор чечиши керек деп жоопкерчиликти бөтөнгө өткөрүүнү бүгүнтөн таштагыла. Өзүбүз күчтүү болушубуз керек экенине көзүбүз жетти. Газадан кийин дүйнөнүн абалын көрдүк, бычакка сап боло турган бир мусулман жок экен! Бүтүндөй элдин тагдырын баарыбыз өз колубузга алып, ошого жараша өзүбүздү өнүктүрбөсөк болбойт. Бизди куткара турган, бизди коргой ала тургандар азыр жок экен. Демек, биз баштайбыз ошондой болууну!
Эсиңерде болсун, биз каапырлардан жеңилип баштаганыбызга 100-150 эле жыл болду. Ага чейин дүйнө каяша айта алчу эмес бизге. Осмондор 623 жыл дүйнөнү титиретип турган. Мамлюктар 267 жыл. Сельчуктар 271 жыл Аббасийлер 767 жыл! Айта берсең толтура!
Канчалык күчтүү болгонубузга бир эле мисал берейин жетиштүү болот. Франциянын падышасы Франсуа I мусулмандарга зулумдук көрсөтө баштаганда, Осмон султаны Сулейман кат жөнөтүп:
“Эгер токтотпосоң, Парижге кирип барам!”- деп эскерткен!
Бул катты окуп, эртеси күнү Франция мусулмандарга болгон мамилесин өзгөртөт!
Мына ушундай даңктуу мусулман өлкөлөрү болгон. Бул өлкөлөрдүн ичинде жашаган ар бир мусулман өзүнүн динин мыкты билген. Аял өзүнүн, эркек өзүнүн укук-милдетин так билген. Үй-бүлө институту өтө бекем болуп, чыныгы мусулмандар тарбияланып чыккан. Энелер балдарын согушка жөнөтүп жатып мынтип айтчу экен: “Эгер бир күнү бул өлкөдө мечитте азан токтоп кала турган болсо, сүтүм сага адал эмес!”
Мына, энелер балдарын кандай эркек кылып тарбиялаган, негизги мүдөөсү өзүнүн кызыкчылыгы эмес, тескерисинче элдин кызыкчылыгы, өлкөңдүн кызыкчылыгы деп мээсине сиңире алышкан! Тарыхта ушундай энелер болгон үчүн мыктылар төрөлгөн экен да көрсө!
Азыркы энелер кандай? Багымдатка азан айтылат, ширин болуп уктап жаткан баласын ойготууга кыйбай, намазга тургузбайт! Аны эмнеге аяйсың? Ал табына келип, бышып жетилүүсү үчүн кыйынчылык көрсүн, кыйналсын! Бөлмө суук болсо да, суу муздак болсо да туруп Аллахтын буйругун аткарсын!
Түшкө чейин балдары уктайт. Ойгонгондо колуна телефон карматат. Ошону менен 18 ге чыкканда элге пайдасы тийбеген брак бирөө ортого чыгат!
Качан биз дин менен жашаганды таштаганда жеңиле баштаганбыз. Мусулман өлкөлөрдүн кулоосунун акыркы жылдарын байкасак мусулмандар динди экинчи орунга жылдыра баштаган.
Азыркы Газадагы болуп жаткан окуя жөөттөрдүн 100-150 жылдык пландарынын жыйынтыгы. Булар “Израиль деген мамлекет курабыз, күчтүү болобуз” деп 1 кылымдык планды түзүп жатканда мусулмандар ич ара согушуп жүргөн. Элдердин намазы жок, ибадатын аткарбай жүрсө аалымдар “Сакалды коюш керекпи же койбош керекпи” деген майда маселелер менен алектенип калган. Биз Газага дароо жардам бере албайбыз. 100 жыл мурунку мусулмандар алдын алышы керек болчу.
Демек, эми азыр биз да жипти алыска ташташыбыз керек. Ал жип ташталган! “Заманынын теңдеши жок”бир аалым тарабынан пландар коюлган) Биз болгону ошол план менен кетишибиз керек!
Биз окуу менен гана күчтүү боло алабыз, башка айла, чыгуу жолу жок. Аллахтын адамзатка кайрылган эң биринчи сөзүн эстегиле. “Оку” деген аят болчу. Оку! Негизгиси оку! Канча окуйсуң маанилүү эмес, окуп башта!
“Мен башкалар сыяктуу акылдуу эмесмин”, “Менде башкалардай жөндөм жок” “Жалкоомун” деген мээдеги рамканы экинчи кайтып келбей турган жакка ыргыткыла! Ар бириңерге кайрылам, окуп эле баштасаң жолдор, эшиктер ачыла баштайт! Аллах бирөөгө жөндөм берип, экинчисине бербесе адилетсиздик болуп калат го. Демек, сага башка тараптан жөндөм берген. Аны табыш үчүн окуш керек!
Илим-технология өнүгүп, адамзат жаңы деңгээлге чыга баштады. Келечек окугандардыкы болот! Аракетти башта, замандаш!
Ба.Са Келечекте бул каналда ыйман акыйкаттары келе баштайт. Башкаларга тараткыла, акыйкатты чогуу жаялы!
https://t.me/bilbeymm
Эртең акыретте Аллах Таала “Жөөттөр Газаны талкалап, наристе-аялдарды өлтүрүп жатканда сен эмне менен алек болуп жаттың эле?” деген суроосуна жооп издеп жатасыңарбы?
https://t.me/bilbeymm
Акыр заманга кош келдиң!
Баалар көтөрүлгөн. Намыс арзан, буюм кымбат. Мечиттер бош. Аялдар жылаңач. Аллахтын буйруктары эң акыркы орунга жылган. Заалымдар төрдө, баатырлар көрдө. Уурулар эркиндикте, мужахиттер камалган. Зына, сойкулук оңой, үйлөнүү кыйын. Үй-бүлөдө аял башкаруучу!
Мусулмандардын жерлери басылып алынса, өздөрү терең уйкуда. Жигиттер чылымды айбаттуулук, кыздар жоолуксуздукту эркиндик деп ойлоп, кетип бараткан жол туңгуюк. Кыз намыссыз, жигит максатсыз.
Кедейлер жамгырда бут кийимсиз, байлар кол чатыр менен унаада. Жахилдер таанымал, такыба жигиттер “тормоз” адепсиздер сый үстүндө, аалымдар жеңил көрүлгөн. Негизги максат кекиртек менен кара курсак. Ыйманга кызмат, ыйман куткаруу-эскичилик. Коомдун эң жийиркеничтүүлөрү көңүл чордонунда, адептүүлөр “цивилизациядан” тышкары. Сабатсыздар майлуу-сүттүү орунда, даанышмандар базарда.
Аялдашкан эркектер. Уятсыз аялдар. Коркок мусулмандар!!!
https://t.me/bilbeymm
Repost from Палестина Видео/Сүрөт
Газалык жаш жигит социалдык баракчасынан мусулмандарга акыркы билдирүүсүн жөнөттү:
"Бир канча сааттан кийин Газа жок болот... Бизди бир гана бейиштен таба аласыңар. Кош бол, эй, тарых көргөн эң заалым үммөт..."
Таанышып алгыла, үммөттүн арстандарынын бири - Юсуп Темирханов!
2000-жылдары Орусиянын куралдуу күчтөрү Чеченстанга кирип барып, элди кырып, бейкүнөө адамдардын канын төгүп чоң зулумдук жасаган.
Ошол зулумдуктун башында турган орус полковниги Юрий Буданов жаш бир чечен кызды уурдап кетип, каалагандай зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп салган. Бул кылмыш дүйнө жүзүн титиреткен, бирок орусиялык сот системасы Юрий Будановду актап, абактан бошотуп салган.
2011-жылы Юсуп Темирханов өз элинин кызынын намысын коргоп Юрий Будановдун мээсине атып, тиги дүйнөгө жөнөтөт. Орусиянын сот системасы аны өмүр боюга эркинен ажыратат. Түрмөдө ага жетиштүү медициналык жардам берилбегендиктен ооруп көз жумат. Анын жаназасына Чеченстандын булуң-бурчунан элдер агылып келген.
Дал ушундай окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) убагында да болгон. Ал мындайча:
Мединалык бир сахаба айым жүзү жабык боюнча жөөт зергердин дүкөнүнө зер буюм алганы кирет. Жөөттөр аялдын жүзүн ачууга аракет кылышат, бирок аял жүзүн ачпай коёт. Аңгыча жөөттүн бири аялга байкатпай, арт жагынан келип, отурган жеринен кийиминин этегин көтөрүп тикенек менен бел жагына байлап коёт. Аял ордунан турганда денеси ачылып калат.
Жөөттөр көңүл ачып каткырышат. Ызасына чыдабаган аял боздоп ыйлап кирет. Ал жерден өтүр бараткан бир мусулман чыңырыкты угары менен жетип келип тиги жөөттү өлтүрөт. Муну көргөн ал жердеги жөөттөр жабалактап Мусулманды шейит кылышат. Ушундан кийин Пайгамбарыбыз жөөттөр менен согуш баштап, 15 күндө аларды жеңип, жөөттөрдү ал жерден чыгып кетүүсүн буйруган!
Аср-ы Саадеттин убагындагы мусулмандардын аялына эч ким кол тийгизе алчу эмес. Бир аялга бир намыссыздын колу тийсе башка мусулман тарабынан набыт кетерин билишкен.
Эми биздин учурда кандай болуп жатат? Күн алыс зордуктап кетти, өлтүрүп кетти деген жаңылыктарга көнүп деле калдык окшойт.
Биз бүгүн өз кыздарыбызды өз колубуз менен кордоп жатабыз. Мурунку постто жазып кеткендей аял-заты биздин келечегибиз! Бирок бүгүн көчөдө ала качып, күчкө салып, зордуктап, өз эжебизди, өз карындашыбызды өзүбүз басмырлап жатабыз! Бул өтө чоң ШЕРМЕНДЕЧИЛИК! Ушундан улам да азыр кыздар биз эркектерге ишенбей калды. Өздөрүн өздөрү коргогонго аргасыз болушууда. Ошол себептен акыркы жылдары Кыргызстанда феминизм күч алууда. Коргош керек болгон эркек тескерисинче өзү басмырлап жатса, албетте анан аял өзү коргонууга өтөт да. Анан “Эй буларың феминист болуп кетти” деп таң калабыз.
Эй, жигиттер! Силер кимсиңер? Максатыңар эмне? Эмне болуп баратканыбызды сырттан бир көз жүгүртөлүчү. Ырахат издеген роботтун эле дал өзү болуп калдык. Ишенбесеңер өзүбүздү бир текшерип көрөлү, напсибиз эмне десе ошону кылып жүрөбүз, напсинин кулубуз. Ачык эле сөз! Болбосо ар бир эркекте үммөткө тете күч бар! Потенциал бар! Аны өнүктүргөнгө, ачканга аракет да кылбай жатабыз!
Зордуктоолор кайдан чыгат? Ырахат издегенден! Напсини тарбиялабагандан. Напсини тарбиялаганды билбесең ал сени дайыма жамандыкка түртөт. Ошон үчүн напси менен күрөшүп, жүрөк менен ойлонуш керек болуп жатат.
Эркек болуу - зордуктап, басынтуу эмес, коргоо! Эркек болуу - жоопкерчилик алуу! Кыскасы аял-затын коргош керек!
Аллахым Юсуп Темирхановду өзүнүн ырайымына алган болсун.
Жогоруда айтылгандар биринчи өзүмдүн напсиме тиешелүү!!!https://t.me/bilbeymm
- Алар анан күйөөлөрүнө баш ийбей баштайбы?
- Албетте! Башында майда нерселерден башталат. “Сен кимден кемсиң? Эмне үчүн баш ийишиң керек?” – деп акырын жарага туз себебиз. Эркек менен аялдын ролун алмаштырууга аракет кылабыз. Эркекти алсыз, аялды үстөм кылууга жетишишибиз керек. Үй-бүлөнү эркектер эмес, аялдар башкарып калышы керек.
- Эгер аял күйөөсүн сыйлабаса, үй-бүлө ыдырайт…
- Дал ошондой! Бузулган аял – бузулган үй-бүлө, бузулган үй-бүлө – бузулган коом. Бир муун өтсө эле, Исламдын күчүнөн эч нерсе калбайт
- Биз аялдарды аң сезимин өзгөртүү, аларды бузуу менен алектенип жатканда алардын эркектери эмне жөн гана карап турушабы? Алар бизге каршы турат да!
- Эркектер бизге эч маселе эмес. Ооба, аларга кыйынчылык келгенде арстан болуп чыга келишет. Аларды күчтүү кылган нерсе бул- кыйынчылыктар, көйгөйлөр. Ошондуктан аларды биз комфорт жашоо образына салып коёбуз. Аялдардын артынан чуркоо, кумар ойноо, шарап ичүү. Натыйжада бул сонун жашоону жоготуп алуу коркунучу менен алар эч кандай маселени чечкиси келбей, тынч жашап жүрө беришет. Кичине ойгокторуна болсо дүйнөнү сүйдүрөбүз. Мал мүлк топтоо менен гана алек кылдырып коёбуз! Ушуну менен алар балдары менен аялдарына көңүл бурушпайт..
Тыңчы дагы да дыккаттуулук менен угуп жатты.
- Ошентип аял үй-бүлөсүнөн эмес ишинен ырахат тапса, анын динине берилүүсү начарлайт. Ал күчтүү эне болбойт, бала тарбиялоого кызыкпай калат. Ушинтип жаңы, “Мен мусулманмын” деген бирок Исламдын негиздерин билбеген адамдар пайда болот)
Тыңчы жылмайып:
- Анан алар бизге каршы турбайт)
Жөөт көзүн кысып:
- Жана алар бизге кызмат кылат)
Тарыхта мындай конкреттүү диалог болгон эмес. Ошентсе да, жогоруда айтылган пландар сионисттердин көп жылдык иш-тажрыйбасы болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Бизге белгилүү болгон пландарын колдонуп анан бул нерселер эсиңерде жакшыраак калышы үчүн окуя-диалог иретинде жазып койдум. Уландысы бар…
..күндөлүктөн@bilbeymm
Бисмиллах.
Стамбулдун көчөлөрүнүн биринде Англиялык тыңчы менен жөөт сүйлөшүп баратышты. Тыңчы мынтип даттанды:
-Осмон империясын кулатып, максатыбызга жетүүбүз үчүн Султан Абдулхамидди тактан кулатышыбыз керек болуп жатат. Ал биздин пландарыбызды четинен жок кылып кыйратып жатат. Ошондо жөөт тыңчыга мындай дейт:
-Сен Абдулхамидди жок кылганың менен Анадолунун ичиндеги энелер миңдеген Абдулхамиддерди тарбиялап жатат. Аны тактан кулатсаң да ал такка экинчи бир Абдулхамид келип олтурат.
- Анда эмне кылууну сунуштайсың?
Жөөт олуттуу түрдө тыңчынын көзүнө карап:
- Мусулмандарда эки тирөөч бар- аялдар жана эркектер. Эркектер жанын берсе берет бирок динин, мекенин сөзсүз сактап калат. Аялдар болсо ошондой эркектерди тарбиялайт. Биз бул мусулман үммөтүнүн аялдарын жолдон чыгарышыбыз керек. Аларды кичинекей кезинен Исламдан алыс чоңоюсун камсыздашыбыз шарт. Убагы келип эне болгондо балдарын Ислам менен тарбиялай албай калышы керек.
- Кичинекей кезинен Ислам менен өсүп-жетилген кызды такыр максатыбызга колдоно албайбызбы?
- Ооба, мусулман ахлагын үйрөнүп чоңойгон кызга биздин күчүбүз жетпей калат. Ал уят-сыйды, сабырдуулукту, тазалыкты жана динге бекем ишенимди бала чагынан эле үйрөнүп чоңоёт. Мындай аялды азгыруу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай аял намысын тебелеткенге караганда өлүмдү тандайт.
- Анда биз биринчи кезекте жаш кыздардын тарбиясын бузушубуз керек экен да?
Жөөт тыңчыны азаматсың дегендей далына таптап:
- Дал ошондой. Азыр бул үммөттүн кыздарынын негизги күчү жана өзгөчөлүгү- алардын уялуу сезиминде. Демек биринчи ишибиз жаш кыздардын уялуусун колдон алабыз!
- Кантип?
- Ишибиз алгач оор болот, кийинчерээк бул кыздар өзү бизге жардам берет. Алгач алардын жоолугун чечебиз! Оронуу бул эркиндикти чектегендик деп түшүнүп калышсын. Жоолугун чечип, өзүн эркин сезип, жашоонун жаңы ырахатын татып жатам деп ойлогон кыздар чындыгында биздин тузагыбызга түшөт. Биз жоолугун чечүү менен уятын кошо чечебиз.
Андан соң биз заманбап жашоону, “аялдын эркиндиги” “эркекке муктаж болбой акча тап” “кыздардын да каалагандай жашоого укугу бар” деген сыяктуу ойлорду таңуулап, сиңдиребиз. Мына ошондо жаш кыздардын аң сезими өзгөрө баштайт. Алардын жүрөгүндө уят, намыс, динге берилгендик деген түшүнүктөр солгундай баштайт.
Көздөрү кубанычтан жайнаган тыңчы:
- Сонун план экен. Бирок муну ишке ашыруу көп убакытты талап кылат да?
- Бир муун жетиштүү. Азыркы муун бир аз каршы чыгат, бирок аракетти токтотпосок кийинки муун толук биздин нукка түшөт. Алар өзүбүздүн саясатыбызды өздөрү коргой баштайт.
- Түшүндүм окшойт, биз ошондо аларды куралы жок эле согушсуз жеңебиз ээ?
- Ооба, эң күчтүү курал- аң сезимди башкаруу. Эстеп кал эркектердин эмес, аялдардын аң сезимин башкарабыз!
- Эркектер бизге коркунуч туудурбайбы?
Жөөт майыгынан жылмайып:
- Алар баары бир аялдын таасири астында болот дайыма!
- Түшүндүм. Макул, аялдардын аң сезимин өзгөрттүк. Бирок бул Исламды үстүнөн жеңишке жетүүбүзгө кантип салым кошот?
- Шашпа, жолубуз узун, баарын айтып берем. Жоолугун чечкенден кийин биз Мусулмандардын өтө бекем болгон үй-бүлө институтуна сокку урабыз! Мамлекетти бузуу үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөнүн негизи, куту да аял! Ошондуктан кайра эле биздин ишибиз аял менен болот.
- Кантип, мусулман аялдар күйөөсүнө баш ийет. Алар биздин сөзүбүздү угабы?
- Мына маселе ушул жерде. Биз аялдарга “Үй кожойкеси” деген намыска тийген наам ыйгарабыз. Натыйжада үйдө отурууну уят иш катары көрүп калышат. Буга альтернатива катары аларга “өзүн-өзү таануу” идеясын сунуштайбыз. Аларга күйөөсүн угуу эски түшүнүк, үй-бүлөгө кызмат кылуу кулчулук деп түшүндүрөбүз.
-Андан кийинчи?
- Анан карьераны, акчаны, атак-даңкты үй-бүлөдөн жогору коюшун камсыздайбыз. Мусулман кыздарга “Үйдө отура бергенден көрө иштеп, өз алдынча бол!” деген ураандарды сыймык катары көрсөтөбүз. Ошондо алар акырындык менен үй-бүлөдөн алыстай баштайт
- Бирок, менин оюмча жогорку адеп-ахлакка ээ болгон мусулман аялдар бат азгырылбайт го.
- Кыжаалат болбо, биздин сонун белегибиз бар. Аларга биз мода, сулуулук, көңүл ачуу, шоу бизнести тартуулап аң-сезимине киребиз!
Бир күнү “Бейиштин түсү” аттуу фильмди тартуу сапары менен жүргөндө, мага ассистентим келди. Бул токойдо болчу. Ал мага мындай деди:
-Мажит, тиги чоң жолдо жүк ташуучу унаа, ичиндеги буудай менен оодарылып кетиптир.
-Анын эмнеси бар экен, баргыла да данды топтошуп жардам берип койгула.
-Кеп анда эмес!
- Анда эмне болду?
- Айтайын дегеним, ал жерге аарылар келип алышты. Дандан алышып, токой тарапка ташып жатышат.
- Койчу тамашаңды, аарылар дан менен азыктанбашы баарына белгилүү да
- Аллахка касам ичем. Керек болсо биз фотоаппаратка тартып алдык.
Мага экрандагы дандын жанындагы аарыларды көрсөттү. Аңтарылган унаанын жанына келгенибизде дандардын айланасында 5-6 аары учуп жүргөнүн чындап эле көрдүм. Алар буудайды алып токойду көздөй жөнөштү. Бул буудайды алар эмне кылат экен деп кызыгып аарыларды күзөттүк. Алардын артынан жүрүп олтурдук. Ондогон кадам жүргөндөн кийин бизге бир үн угула баштады. Үн тарапка жакындаган сайын дагы да катуулай баштады. Акыры үн чыккан жерге жетип келдик. Ал жерде көргөнүбүз бизди ушунчалык таасирлентти, эч качан унутпайбыз. Жерде чоң эмес, жаралуу бир чымчык жатыптыр, аарылар болсо дандарды ташып анын курсагын тойгозуп жатыптыр.
СубханАллах, Улуу Аллах кичинекей бир чымчыктын ырыскысын берип тойгузуу үчүн чоң жүк ташуучу унааны оодарды. Мындай кыйын күндө эң Адилеттүү Аллах сүйгөн бир макулугун жалгыз, жардамсыз калтырат беле?
Дайыма эсиңерден чыгарбагыла, силердин ырыскыңарды Аллах гана берет. Силердики болгон нерсе сөзсүз силерге келет. Өмүрүңөргө бир күн калган болсо да!
Интернеттен которулду..
@bilbeymm
- Сиздин диниңиз менен террористтердин дини бир экенин билүү кандай сезим жаратат?
- А сиздин диниңиз менен Гитлердин дини бир экенин билүү кандай сезим жаратат?
@bilbeymm
Бул жылы Айт намазы аянтта эмес, мечиттерде гана окула турган болду. Анткени, аянт деген өтө кооптуу жер да! Айрыкча, эл жыйналганда…
Бирок бир нече күн мурда ошол эле аянтта миңдеген адамдардын коштоосунда Нооруз майрамдалганда эч кандай коопсуздук маселеси болгон жок. Бирок Айт намазына келгенде, кырдаал таптакыр башкача экен! Бир маалда эле аянт намаз үчүн кооптуу аймакка айланып чыга келди.
Демек, логикага таянсак, сахна коюлуп, ыр-бий болуп, шаң-салтанат коштолсо – коопсуз, ал эми эл тынч эле жамаат болуп намаз окуса – кооптуу. Ушул ойго жетеленип, эртең мечитке бара жатканда ырдап-бийлеп барсаң, балким, коопсуздук маселеси чечилип кетет ээ ыя, ким билет?
Майрамда – коопсуз, намазда – кооптуу. “Коопсуздук” деген сөзгө жаңы түшүндүрмө киргизилеби?
Адамдар Ислам менен кандай тарзда күрөшсө да бир аз натыйжага жетишет, бирок акыр аягы жеңилүүгө учурайт.
İslâmiyet güneş gibidir, üflemekle sönmez; gündüz gibidir, göz yummakla gece olmaz. Gözünü kapayan, yalnız kendine gece yapar.
Исламият күн сыяктуу, үйлөө менен өчпөйт. Күндүз сыяктуу, көздү жумуу менен караңгы болбойт. Көзун жумган өзүнө гана караңгы кылат!
(Рисале-и Нур. Муназарат 171)
@bilbeymm
Эй, адамдар!
Өткүнчү, кыска жана пайдасыз өмүрүңөрдү түбөлүктүү, узун, пайдалуу жана жемиштүү кылгыңар келеби? Андай болсо, чыныгы Түбөлүктүү Заттын жолуна багыттагыла. Анткени Түбөлүктүү Затка багытталган нерсе анын түбөлүктүүлүгүнө ортоктош болот.
Ар бир адам узак өмүрдү катуу каалайт, түбөлүктүүлүккө ашык. Ал эми бул кыска өмүрдү түбөлүктүү жашоого айлантуунун жолу бар жана аны руханий жактан абдан узун кылып өткөрүү мүмкүн. Демек, адамдык сапатын жоготпогон киши бул жолду издеп, аны иш жүзүндө колдонууга аракет кылат.
Мына ошол жол мына бул:
Аллах үчүн иш кылгыла, Аллах үчүн жолугушкула, Аллах үчүн аракет кылгыла.
Бардык ишиңерде Аллахтын ыраазылыгын көздөп жашагыла. Ошондо өмүрүңөрдүн ар бир көз ирмеми жылдарга тете болот.
Булак: Рисале-и Нур (Лемалар 17)
@bilbeymm
Мен согуш башталганга эки ай калганда үйлөнгөм, анан согуш учурунда түндүктөн түштүккө чейин көп жолу көчүп жүрдүк. Акыры Дейр-эль-Балахка жеттик.
Ишемби, 10-август күнү, оор кесарево операциясынан кийин жубайым аман калып, эки балабыз жарык дүйнөгө келди — эгиздерибиз: кызым Асиль, уулум Асер. Биринчи наристелерибиздин төрөлүшү жүрөгүбүздү кубанычка толтурду, толкундануубузду сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле.
Шейшемби, 14-август күнү эртең менен бактылуу бойдон эки баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алганы кеттим. Кубанычым койнума батпай, күбөлүктөрдүн сүрөтүн жубайыма WhatsApp аркылуу жөнөттүм. Бирок ал жооп берген жок. Ошол маалда кошунам чалып, менин аман-эсен экенимди сурады. Мен «ооба, албетте» деп жооп берсем, ал: «Силер ижарага алган батир бомбалоого кабылды», – деди.
Жанымды коёрго жер таппай, үйгө шаштым. Жүрөгүм калыбынан тез согуп, үй-бүлөмдүн тагдыры үчүн катуу коркуп жаттым. Больницадагы кабылдаманын эшигине жеткенде эле айрым кошуналарымдын титиреп отурганын көрдүм. Алар көз жашын тыйбай: «Алар өлүк сактоочу муздаткычта», – дешти.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү колума алганымдан 10 мүнөт өтпөй, мен аларга өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алып жаттым. Жыгылдым…
(Газалык Мухаммед Абу Аль-Кусам)
“Газанын 17 385 баласы силердин режимиңердин курмандыгы болду. Алардын 825и бир жашка да жеткен жок. Бүгүн 35 055 бала жетим калды.
Алардын каны силерди өмүр бою ээрчийт, ошондо да эл аралык кылмыш соту эмне үчүн силерди айыптап жатканын сурайсыңарбы?
Биньямин Нетаньяху, сенин көз карашың кандай, келечекти кандай көрөсүң? Сен 30 жылдан бери дүйнөнүн сериялық киши өлтүргүчүсү болуп келдиң” (Интернеттен которулду)
Бул сөздөр Израилдин парламентинде депутат Айман Одех тарабынан Израилдин примьер-министри Беньямин Натаньяхуга айтылган. Бул коркунучтуу сүйлөмдөр айтылып жаткан учурда камера Беньямин Натаньяху отурган тарапты көрсөтөт. Жүзүндө бир да өкүнүүнүн белгиси байкалбай “Ушундай эле болуш керек, бул нормалдуу нерсе” деп айтып тургандай абал тили.. Ал адамдарда абийир, адамдык сыпат деген нерсе калган эмес. Басып жүргөн 2 буттуу жырткыч айбан сыяктуу.
Бүгүнкү түн чоң ыктымалдуулук менен Кадыр кечеси. Бүгүн колдон келишинче адаттан тышкары ибадаттарыбызды аткарышыбыз керек. Ар бир кылынган амал 83 жыл кылынды деп жазылат. 2 рекет тахаджуттун аягында Газадагы бир туугандарыбыз үчүн да “Аллах алардын ар биринин жүрөгүнө коркпостук, баатырдык салсын” деп дуа кылалы. Себеби ал жактагы маселе биз ойгонмоюнча чечилбейт…
@bilbeymmАйланабыздагы эң күнөөкөр деп ойлоп жүргөн адам балким бир нече ай/жылдан кийин тообо кылып Аллаhтын сүйүктүү кулу болуп калат. Балким азыр напсинин айынан күнөөлөрүнөн кутула албай, бирок ошонусуна катуу өкүнүп жүргөндүр. А мен ага жардам берүүнүн ордуна “Бул күнөөкөр, Жараткандын тыюуларынан тыйылбай жатат” деп ката кылып жаткандырмын. Менчи мен? Мен такыр күнөө кылбаймынбы? Бирөөнү күнөөкөр деген көз караш менен карагыдай мен киммин..?
@bilbeymm
Акыркы жаңылыктардан:
Бишкекте СМА диагнозу коюлган үч бала үчүн акча жыйноо аяктады. Бир инъекциянын баасы 2 миллион доллардан ашат. Элден айланса болот экен. 2 жумада 6 млн доллар чогултуп салышты.
Эми бааашына кайталы. Бул ишти кимдер баштады? Акциянын демилгечилери “САКАЛЧАН” эки сөзүндө “Кудай” деп сүйлөгөн жаш жигиттер. Ыктыярчы жаш кыздардын көпчүлүгү оронгон кыздар болчу. 6 млн доллар бул чоң акча. Мындай кайрымдуулук боло элек буга чейин. Бирок, эмне үчүн бул чоң иш тууралуу эч ким унчукпайт, жаңылык баракчалары бул тууралуу үн катпайт?
Оор кылмыштуулук боюнча кармалган жигиттер сакалчан болсо, кабарлар дароо “Мына мусулмандар ушундай болушат” “Хиджапчан кыз ушундай кылды” деп жайнап кетишет.
Ал эми алар маанилүү иштер менен алектенгенде, баары жымжырт. Эмнеге? Жооп жөнөкөй эле. Биздин ММКлар кыргыздын, мусулмандардын кызыкчылыгына иштебейт! Ошолорго кайрылат элем. Баарыңар эки жүздүүсүңөр!!!
Мына сакалчандар, хиджапчандар өтө сонун кайрымдуулуктун үлгүсүн көрсөтүштү, мына дин менен жашаган карапайым мусулмандар 6 млн доллар чогултуп салышты!!!
Ии баса, “Кыргызстан Афганистан болгону калды” деген теңирчилер ошол акча чогултуу демилгесинде көрүнбөдү го
@bilbeymm
Дайыма таңкы намаздан кийин бул дуаны айтып жүрүңүз:
اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ شَرِّ النِّسَاءِ
1. Оо Аллах, бизди аялдардын жамандыгынан сакта!
اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ بَلَاءِ النِّسَاءِ
2. Оо Аллах, бизди аялдар алып келген балээден корго!
اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ فِتْنَةِ النِّسَاءِ
3. Оо Аллах, бизди аялдардын фитнасынан (сыноосунан, азгырыгынан) куткар!
Бул дубалар аялдарга каршы эмес, тескерисинче, алардын себепчи болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктардан, сыноолордон коргоону тилеген сөздөр. Ошондуктан, контекстти туура түшүнүү маанилүү.
@bilbeymm
