• АЯЛ БАКЫТЫ ❤️
الذهاب إلى القناة على Telegram
❤️ АЙЫМДАР ҮЧҮН КАНАЛ...🕊 💌 • Бактылуу айым сырлары. 💌 • Аял эркек мамилелери. 💌 • Кайнене келин мамилеси. 💌 • Самооценка . 💌 • Сулуу болуу техникалары. Канал негизделген кун - 04.02.2024 🤍
إظهار المزيد2 563
المشتركون
+324 ساعات
-37 أيام
-4530 أيام
أرشيف المشاركات
2 563
Эгер Жаратуучунун сүйүүсүнө бөлөнүп, Анын ыраазычылыгын тапкыңыз келсе, улуу аалым Ибн ал-Каййим белгилеп кеткен ушул 10 маанилүү кадамды жашооңузга киргизиңиз:
📖 1. Куранды терең ойлонуп окуу
Куранды жөн гана тамгаларын ариптеп окубастан, анын ар бир аятынын маанисине терең ой жүгүртүү. Падышадан келген маанилүү кат сыяктуу кабыл алып, ар бир буйругун жашоодо амал кылууга аракет кылуу.
✨ 2. Нафил ибадаттар менен Аллахка жакындап баруу
Парз ибадаттарды кемчиликсиз аткаргандан кийин, кошумча (нафил) намаздарды, орозолорду жана садакаларды көбөйтүү. Хадисте айтылгандай, кулу нафил ибадаттар аркылуу Аллахка жакындаган сайын, Аллах аны сүйүп калат.
📿 3. Дайыма Жаратканды зикир кылуу
Тил, жүрөк жана аракет менен Аллахты ар бир учурда эстеп жүрүү. Зикир кылган жүрөк — тирүү, ал эми эстебеген жүрөк — өлүк сыяктуу. Тилде «Субханаллах», «Альхамдулиллах» сөздөрүнүн турушу жүрөктү нурга бөлөйт.
❤️ 4. Өз каалооңдон Аллах сүйгөн нерсени артык көрүү
Эки жолдун тандоосу келгенде, напсиңиз каалаган нерсени эмес, Аллахка жага турган чечимди биринчи орунга коюу. Бул — чыныгы ыймандын жана сүйүүнүн белгиси.
🌿 5. Аллахтын аруу ысымдары менен сыпаттарын таануу
Аллахтын сулуу ысымдарын (Асма ул-Хусна) үйрөнүү, алардын мааниси тууралуу ой жүгүртүү. Жүрөк Раббисин канчалык жакшы тааныса, Аны ошончолык ашыкча сүйөт жана Ага болгон ишеними бекемделет.
🎁 6. Сансыз немат-жакшылыктарга шүгүр кылуу
Жараткан берген ар бир демге, саламаттыкта жүргөн ар бир күнүңүзгө, ырыскы менен тынчтыкка чын жүрөктөн шүгүр кылуу. Жакшылыкты сезе билүү жүрөктөгү сүйүүнү арттырат.
🤲 7. Аллахтын алдында жүрөктүн толук моюн сунушу
Текеберлик, менменсинүүдөн толугу менен арылып, Аллахтын улуулугунун алдында өзүңдүн алсыз, Муктаж кул экениңди сезүү. Бул — момундун эң аруу абалы.
🌌 8. Жалгыз калганда истигфар айтып, сырдашуу
Эч ким көрбөгөн, түндүн акыркы бөлүгүндө жалгыз калып, Жаратканга карай колуңду жаюу. Өткөн ката-күнөөлөр үчүн өкүнүп, истигфар айтуу жана Аны менен сырдашуу.
🤝 9. Салих, жакшы адамдар менен бирге болуу
Аллахты чындап сүйгөн, ыйманы бекем адамдар менен чөйрө куруу. Алардын адеп-ахлагынан үлгү алып, пайдалуу аңгемелеринен шыктануу — жүрөктү жамандыктардан коргойт.
🛡️ 10. Жүрөк менен Аллахтын ортосуна тоскоол болгон нерседен алыс болуу
Күнөөлөрдөн, арам нерселерден жана Аллахты унутууга себепчи болгон пайдасыз адаттардан качуу. Жүрөктү таза кармоо — Жараткандын сүйүүсүн киргизе турган зарыл шарт.
🍃 Бул улуу даражага умтулуңуз!
Аллахтын сүйүүсү — бул дүйнөдөгү жана акыреттеги эң чоң сыйлык. «Аллах бир коомду сүйсө, аларды Өзүнө жакындатат жана туура жолго баштайт».
📚 Булак: Ибн ал-Каййим, «Мадариж ас-Саликин», 3/18–19.
2 563
Аллах Таала Кураанда айткан:
“Эмне үчүн алар Кураан тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары барбы?”
{Мухаммад, 24}🤍
2 563
САБЫР ЖАНА НАМАЗ – МОМУНДУН КҮЧҮ
Аллах Таала Куранда: «Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Албетте, Аллах сабырдуулар менен бирге» деп буюрат (Бакара, 153).
Бул аят момун адамга жашоодогу бардык сыноолордо эки улуу тирекке таянууну үйрөтөт: сабыр жана намаз. Сабыр — кыйынчылыкта нааразы болбой, Аллахтын өкүмүнө ыраазы болуу. Намаз болсо — пенденин Раббиси менен түз байланышы, жүрөктүн тынчтыгы жана руханий күч булагы.
Дүйнөлүк же диний иштерде тоскоолдукка учураганда, адам жалгыз эмес. Сабыр кылып, намазга бекем болсо, Аллахтын жардамы жакын болот. Анткени Аллах Таала сабырдуулар менен бирге экенин убада кылган.🌿🤍
2 563
МИНИ-ГАЙД: Мусулман айымы үчүн стилдүү кийинуу
1. Этек-жеңдин кеңдиги жана кездеме:
Кийим дененин формасын көрсөтпөй, эркин (оверсайз же А-силуэт) болушу керек.
Жука, денени көрсөтүп койгон (прозрачный) кездемелерден качып, ичи көрүнбөгөн жана туруктуу формада турган кездемелерди тандаңыз.
2. Түстөрдү айкалыштыруу:
Базалык тондор: Пастель (ачык бежевый, роза сымал), боз, кочкул жашыл, оливковый, күрөң жана молочный түстөр абдан сыпайы жана стилдүү көрүнөт.
Бир образда 2-3төн ашык түстү аралаштырбаганга аракет кылыңыз. Жоолук менен кийимдин түсү бири-бирин толуктап турганы оң.
3.Жоолук жана аксессуарлар:
Жоолуктун (хиджаб/шарф) кездемеси мезгилге жараша болушу керек: жайында малин, зыгыр (лен), жибек сыяктуу жеңил; кышында трикотаж же кашемир.
Өтө ачык же кооздолгон бөрк-сөйкөлөрдүн ордуна минималистикалык саат, жыйнактуу сумкаларды тандаңыз.
2 563
Кээ бир амалдар бар — алар үчүн эч ким кол чаап мактабайт, адамдар да аларды чоң жетишкендик катары көрүшпөйт. Бирок Аллахтын алдында алар жазылып турган аракет болуп саналат.
Күн сайын кайталанган чарчоо...
Көтөрүп жүрүп, кайра сооротулган бала...
Жыйналган соң кайра эле мурдагыдай болуп калган үй...
Даярдалган тамак...
Аткарылган муктаждык...
Жана ушул бардык түйшүктөрдүн арасынан жүрөк Куранга орун табууга аракет кылганы...
Кээде күндөр өтүп, адам «эч нерсе жасаган жокмун» деп ойлоп калат. Себеби кылган иштеринин көбү өлчөп боло турган, көзгө көрүнгөн из калтырбайт.
Бирок Аллах Таала — Мактоого татыктуу жана жакшылыкты баалоочу Зат — бардык аракетти билет.
Ал амалдан мурунку ниетти, аны коштогон чарчоону, ага керектелген сабырды, напсиңе каршы күрөшкөн учурларыңды, чарчап турганыңда аткарган ибадатыңды жана кылган жакшылыгыңды баары унутуп калса да билет.
Аллахтын ырайымынын бири — Ага алып баруучу жол жоопкерчиликтерден толугу менен бош болгон жашоону талап кылбайт.
Эгер ниетиң Аллах үчүн болсо, күнүмдүк жашооңдун бардык майда-чүйдөсү да акырет үчүн болгон амалдар менен толушу мүмкүн.
Ошондо тамак жасоо — жакшылык кылууга, бала тарбиялоо — аманат аткарууга, үй-бүлөгө кызмат кылуу — ибадатка, сабыр кылуу — Аллахка жакындоого себеп болгон амалга айланат.
Ал эми түйшүктүү күндүн арасында Куранды ачып окууга тапкан ошол аз гана мүнөттөрүң Аллах менен болгон эң чын ыкластуу көз ирмемдериңдин бири болуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан сен менен Аллахтын ортосундагы жашыруун аракетти эч качан кемсинтпе.
Балким, ыкластуу ниет менен жасалган кичинекей бир амал Аллахтын алдында көптөгөн чоң амалдардан артык болуп калышы мүмкүн. Балким, өзүң кадимки күн деп ойлогон бир күнүң Аллахтын алдында ибадатка толгон күн катары жазылгандыр.
Оо, Аллах! Аракетибизге береке бер, ниеттерибизди Сен үчүн таза жана ыкластуу кыл. Күндөрүбүздүн бардык көз ирмемдерин Сага моюн сунуу менен көрктөндүр. Жашыруун жана ачык кылган амалдарыбызды кабыл ал. Сенин ыраазылыгың үчүн кылган эч бир эмгегибизди текке кетирбе. Дүйнөнүн түйшүгү менен алек болуп жүргөнүбүздө да акыретти унутпаган жүрөктү насип кыл. Аракетибизди кабыл болгон аракеттен, амалдарыбызды кабыл болгон амалдардан кыл жана акыркы демибизди Сенин ыраазылыгың менен Бейишке жеткир. Оомийн, эй Түбөлүктүү, бардык нерсени кармап туруучу Зат! 🤲🏼
2 563
🌿 Дүйнө жана акырет
Шейх Салих аль-Фавзан حفظه الله:
«Чындыгында, бул дүйнө артыбызда калып, кетип баратат. Ал эми акырет бизге жакындап, келе жатат.»
Имам Ибн аль-Каййим رحمه الله айтты:
Жүрөктүн ооруларынын белгилеринин бири — ага пайдалуу болгон нерселерди таштап, зыяндуу нерселерди тандашы.
Жүрөк үчүн төрт нерсе бар:
• пайдалуу азык;
• шыпаа берүүчү дары;
• зыяндуу азык;
• өлүмгө алып баруучу дары.
Дени сак жүрөк зыяндуу нерседен көрө пайдалуу жана шыпаа берүүчү нерсени тандайт. Ал эми оорулуу жүрөк тескерисин кылат.
Жүрөк үчүн эң пайдалуу азык — ыйман.
Ал эми эң пайдалуу дары — Куран. Экөөндө тең жүрөк үчүн азык да, дары да бар.
Жүрөктүн соо экенинин дагы бир белгиси — анын дүйнөгө байланып калбай, акыретке умтулушу.
Адам бул дүйнөгө жолоочу сыяктуу келет: өзүнө керектүүсүн алып, кайра өзүнүн чыныгы мекенине — акыретке кайтып кетет.
Пайгамбар ﷺ Абдуллах ибн Умарга:
«Бул дүйнөдө бөтөн адам же жолоочу сыяктуу бол», — деген.
Али ибн Абу Талиб رضي الله عنه айтты:
«Бул дүйнө артыбызда калып, кетип баратат. Ал эми акырет бизге жакындап, келе жатат. Экөөнүн тең өзүнө таандык адамдары бар. Силер акыреттин адамдары болгула, дүйнөнүн адамдары болбогула. Бүгүн — амал бар, эсеп жок. Эртең — эсеп бар, амал жок.»
Ошондуктан жүрөк канчалык таза жана соо болсо, акыретке ошончолук көбүрөөк умтулат.
Ал эми жүрөк ооруп, дүйнөгө байланып калган сайын, адам бул дүйнөнү өзүнүн түбөлүк мекени сыяктуу көрө баштайт.
🌱 Чыныгы соо жүрөк — дүйнөдө жашап, акыретке умтулган жүрөк.
📚 Булак: Ибн аль-Каййим, «Иғасатул-Лахфан мин масаидиш-шайтан».
2 563
Исламий адеп жана ички сулуулук үчүн (Мини-гайд)
1.Күндү ыраазычылык менен баштоо: Эртең мененки ойгонууда Аллахка шүгүр айтып, күнүмдүк зикирлерди адат кылуу жүрөккө тынчтык жана береке тартуулайт.
2. Ички тазалык жана ниет: Ар бир жасаган жакшы амалды, үй-бүлөгө же жакындарга болгон камкордукту бир гана Жаратуучунун ыраазычылыгы үчүн жасоого умтулуу.
3.Адептүүлүк жана сыпайылык: Маектешүүдө жумшак, адептүү сүйлөө, ушак менен куру сөздөрдөн тилди коргоо — аялзатынын көркү.
4.Билим алуу жана өнүгүү: Дин жана дүйнө илимин катар алып баруу, руханий жактан дайыма өсүп-өнүгүүгө аракет кылуу.
5.Үй-бүлөдөгү нур: Жакындарына мээримдүүлүк көрсөтүү, жылмаюу жана жылуу маанай тартуулоо — сүннөт жана чоң сооптуу иш.✨🤍
2 563
Бир күнү Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) динди жайылтуу жана муктаждарга жардам берүү үчүн сахабаларын садага берүүгө чакырат.
Умар ибн ал-Хаттаб (р.а.) ичинен: "Бүгүн Абу Бакрды өтүп кетем, анткени менин мал-мүлкүм аябай көп" — деп сүйүнүп, үйүндөгү жыйган байлыгынын салмактуу жарымын алып келип, Аллахтын элчисине берет.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Умардан:
— "Үй-бүлөңө эмне калтырдың, оо Умар?" — деп сурайт.
Умар:
— "Мүлкүмдүн жарымын калтырдым" — деп сыймыктануу менен жооп берет.
Ошол маалда Абу Бакр (р.а.) да келип, өзү менен бир топ байлык алып келет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан да:
— "Үй-бүлөңө эмне калтырдың, оо Абу Бакр?" — деп сураганда, Абу Бакр эч ойлонбостон:
— "Аларга Аллахты жана Анын Элчисин калтырдым!" — деп жооп берет.
Ал үйүндөгү болгон мүлкүн, бир дагы тыйын калтырбай толугу менен алып келген эле. Бул жоопту уккан Умар (р.а.) көзүнө жаш алып: "Мен сени эч качан, эч бир иш боюнча өтө албайт экенмин..." — деп анын улуулугуна дагы бир ирет баш ийет.🤍
2 563
Азирети Али (р.а.) халиф болуп турганда согушта колдонуучу баалуу соотун жоготуп алат. Бир канча убакыттан кийин аны Куфа базарынан бир христиан кишинин колунан көрүп калат.
Мамлекет башчысы болгонуна карабай, Али соотту күч менен тартып албай, казыга кайрылат.
Сот учурунда казы Алиден: "Бул соот сиздики экенине далилиңиз же күбөңүз барбы?" — деп сурайт. Али уулу Хасанды күбө катары көрсөткөндө, казы баласынын атасы пайдасына берген күбөлүгү өтпөстүгүн айтып, далил жетишсиз болгондуктан соотту христианда калтыруу тууралуу чечим чыгарат.
Халиф соттун чечимине нааразы болбой, унчукпай басып кетет. Мамлекет башчысынын мындай адилеттүүлүгүнө жана кичипейилдигине таң калган христиан киши чыдай албай, артынан чуркап келип: "Ислам чынында эле адилеттүү дин экен! Мамлекет башчысы өзү дайындаган казыга баш ийди... Чынында соот сиздики болчу, мен аны жолдон таап алгам" — деп, дароо Ислам динин кабыл алат.
Сүйүнгөн тиги киши кийин Алинин эң ишенимдүү аскерлеринин бирине айланат🥹
2 563
Асаляму Алейкум кандайсыздар нап назик бейиштин аялдары ✨🕊️
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллям) менен Айша энебиздин ортосундагы мамиле — ааламдагы эң сулуу, аруу жана жубайлар үчүн эң сонун үлгү... 🌙🤍
Бир чыныдан суу ичүү: Айша энебиз суу ичип чыныны сунганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллям) атайын эриндери тийген жерди таап, дал ошол жеринен суу ичер эле, ал тургай эт жегенде да Айша энебиз тиштеген жерден тиштеп жеген (Сахих Муслим).
2 563
<< Мага курма алып келдиң, бирок данегин тазалабадың>>
Бул сөздү укканда Умар көз жашын тыя албай:
<<Оо Абу Бакр! Сенден кийин келген халифалар үчүн сендей болуу кандай гана оор...>> — деп айткан экен.
2 563
Таң намазынан кийин Азирети Абу Бакр ас-Сыддык күн сайын Мадинанын четиндеги бир кичинекей үйгө барып, бир нече сааттан кийин гана кайтып келчү.
Азирети Умар ибн аль-Хаттаб анын көп иштерин билчү. Бирок ушул адатынын сырын эч ким түшүнө алган эмес.
Күндөр өттү. Абу Бакр ал үйгө барганын токтоткон жок. Бир күнү Умар анын эмне үчүн барып жүргөнүн билүүнү каалап, Абу Бакр чыгып кеткенден кийин ошол үйгө кирди.
Үйдө көзү көрбөгөн улгайган аял жашачу. Анын үй-бүлөсү да, жардам берчү эч кимиси да жок эле. Өз алдынча басып-тура алчу эмес.
Умар андан:
— Сага күн сайын таң эрте келип турган ал киши эмне кылат? — деп сурады.
Карыя аял мындай деп жооп берди:
— Аллахка ант болсун, анын ким экенин билбейм. Ал келип үйүмдү жыйнап-тазалап берет, тамагымды даярдап берет да, эч нерсе айтпастан акырын чыгып кетет.
Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ал карыяга кызмат кылууну өз мойнуна алды.
Бир күнү карыя аял күтүүсүздөн:
— Досуң каза болуп калдыбы? — деп сурады.
Умар таң калып:
— Муну кайдан билдиң? — деди.
Аял мындай деп жооп берди:
— Мурда ал мага курма берерден мурун сөзсүз данегин алып салчу. Бүгүн болсо данегин алган жок...
<<Мага курма алып кел
2 563
رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
«Оо, Эгебиз! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздин урпактарыбыздан да Өзүңө баш ийүүчү кыла көр. Ибадат кылуу жолдорун үйрөт. Биздин тооболорубузду кабыл кыла көр. Албетте, Сен тооболорду Кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!»
аль-Бакара сүрөсү, 128-аят
2 563
"Балдарыңарга тарбия
бербей эле койгула, анткени алар баары бир силерди тартышат. Алгач өзүңөрдү
тарбиялагыла.”🫂✨
©️Чубак ажы Жалилов
2 563
Бир тууганым! Эгерде сиз, Пайгамбарыбыз Мухаммад (салаллооху алейхи уа салламды) түшүңүздө көрүп калсаңыз эмне деп айтаар элеңиз?
Жаза кетиңиз. Балким сиздин жүрөк менен айткан, кандайдыр бир сөзүңүз бизге таасир берээр.
