"Бирге окуйбуз" долбоору📚
"Бирге окуйбуз 📚" Долбоору. ✨•Билим алуунун эрте кечи жок!📍 ✅•Чектелген кыска ойлор адамды жаркын жашоого жеткирбейт. ✨•Изден,өнүк, ордуңду тап!🍃🕊 ✅•Чогуу китеп окууга чакырам📚 ✨•Бүгүнкү окурман эртеңки башкаруучу
إظهار المزيد2 223
المشتركون
-524 ساعات
-277 أيام
-12230 أيام
- المشتركون
- التغطية البريدية
- ER - نسبة المشاركة
جاري تحميل البيانات...
معدل نمو المشترك
جاري تحميل البيانات...
Сен китепсиң, а мен сүйгөн окурман,
Бар убактымды сага арнап окуган.
Кээ бир кезде түн уйкуну узатып,
Сени окуп ак таңды да атырам.
Гүлүм 🫀❤🔥 4
Өмүр өтүп бара жатат акылдуум,
Сени ойлоп, дагы бир таң атырдым...
Гүлүм 🫀❤ 6
Photo unavailableShow in Telegram
Ассаляму алейкум! 🏵🏵🏵
Таалим алып, тарбиялуу жакшыдан, Жан дүйнөңөр өзгөчө го башкадан. Жараткандын жакшы көргөн пендеси, Силерсиңер бул дүйнөдө ЖАКШЫ АДАМ...ЖУМА маарек болсун! Жакшыларым ❤🌹
❤🔥 3
Басып өткөн издеримди барактай,
Азын эмес, көбүн чийдим жаратпай.
Өтсөм деймин зыян бербей эч кимге,
Эл алдында - жүзүмдү жер каратпай.
Мен алдаттым, сен алдатпа, чеберде,
Жаштыгыңды күлкү, оюнга чегербе.
Аттиң, туура пайдаланып калмакмын,
Ал учурду кайрып берсе эгерде.
Жаштыгыңды куру кетирбей билим ал,
Напсиндин эмес, акылыңдын тилин ал.
Жөлөп, таяп колдоп турган ата - энең,
Тирүүсүндө - сен күчтүүсүң билип ал!
к. Мухаммад Абилов❤ 4👍 2😭 2
Китеп окуй бер...📚
Бир күнү шакирт устатына келип:
- устат, бул китепти толук окуп чыктым, бирок эсимде эч нерсе калган жок, деди.
- Устат бир даана курма берип, "муну же" деди да, бир аздан соң мага "курма жегенин үчүн чоңоюп калдыңбы?" деп сурады.
- Жок,
- Бирок бул курма сенин денене сиңип, тулку боюна эт, сөөк , тери, чач жана тырмактарга айланууда.
Ошондо түшүнүп жеттим, мен окуган китептер да менин аң сезимиме сиңип, өзүм билбеген түрдө сөз байлыгым артып, зээним тунукташып, адебимди кооздоп, сүйлөө стилимди да оңдоп түзөп жаткан экен...
Андыктан эч качан китеп окуудан токтобоңуз, таштабаныз...
#китепоку
✍ Мухаммад Абилов
❤🔥 7
Photo unavailableShow in Telegram
Ойлонуп көр, түшүн мейли түшүнбө.
Сыноо үчүн, оор жутунуп үшкүрбө.
Бизге чейин, тагдыр жолу жазылган.
Тагдыр үчүн көңүлүңдү түшүрбө...
😍 6
Толгон эмгек - жолуң татаал сен баскан,
Татаалынан акыл жетпей адашкан.
Бороон-чапкын, алааматтан коргогон,
Бир өзүңсүң, атам, менин тоо-аскам.
Аталарыбыз аман болсун💚🔥 6
Ичиңе жуткандардын баары эле тамак боло бербейт. Бирок кээде тоюп кетесиң!
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 7
اختر خطة مختلفة
تسمح خطتك الحالية بتحليلات لما لا يزيد عن 5 قنوات. للحصول على المزيد، يُرجى اختيار خطة مختلفة.